Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Пресс хата 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

8-болум.

 

Баалбай колго тушуп, аны ОРМОН-ХАН — эркин сындырчуумун деп, бир жыл оорго салып, Кундун беттин коргозбой камап жатты: андан эмне майнап чыкты?

Кайра ошону кектеп, БАЛБАЙ батыр чабышта, бутту сынып жолдо калган ТОРОГЕЛДИни колго тушуруп, жаман алачыкка бактырып, сыртынан сакчы коюп бакылатып, не деген кордукту корсотподу?

Жаныдан камдашып, бутуп келаткан бутун оморуп сындырып, ит корбогон зоордугун салды. Буга кимди кунолойсун: ?

«Кыргыздын каны мен гана болом!» -деп опурлаган Ормондубу, же, жакшылардын тилине кирип, куру намыс талашып, тынч жаткан эки ууру элдин малын талап, эр олтургон, айыл — айылды кызыл кереге канга бологон баатырладыбы? Тек! Заманын тушкур! Кабырган ката элек чырымтал кезинда балам. Болбосо, несен-нечен окуялардын тубун тушуро айтып бербес белем. Бир созумду кулагына илсен, бешоо илинбей жаткан чыгаар. Аман болсом, кулагына эчен ирет куярмын, эли жериндин тарыхын. Эми, Балбай тууралу баяандын аягына чыгайын. Ошого ынтызар болуп турасын бейм. Жана айтпадымбы: бир элдин мандайына жазылган уул туулар -да кандайдыр бир аян болот деп?

Элде соз бар:

БАЛБАЙ баатырды, анын батыр тууларын ким билип коюптур -ай-кунуно жакындап калган энеси , жолборстун журогуно талгак болуптур.

Эки турдуу соз бар. Бирлери айтат:

БАЛБАЙдын атасы жонунда тугу бар, эл оозуна кирген адам экен, байбичесинин талгагын калтырмакка жигиттерди ой тоого чапкылатып, жолборс издетиптир. А, кезде айрыкча Туптун чеке бели, тоо ордоп оскон карагайлуу токой арасында , уну курулдогон чаар жолборс, нечен туркун баренде, бакырган элик, маралын ээрчиткен кулжа эсепсиз болуптур дешет. Кол жээгинен тоо этегине чейин , бакылдаган камыш, кылкылдаган ак чийлер созулуп, арасында ордок, каз быкбырдай болуп жатчу тура. Жан- жаныбарлардын куну тууган доору ошол жылдар экен. Ошентип бирлери аныз кылат:

Эл кобойуп, жан жаныбарлардын жери тарып, жолборс онду жырткычтар жер которуп кеткенби, иши кылса уудан жолу кайтпай жигиттердин. Апталап, чаар кашабан жорткон онут буйгалардын жамысын калтырбай акмалашат.

 

Байбиченин болсо, ай — кунуно жетип, коз жарганга мооноту чукулдап калды. Не арга кылышат? Кур алаккан кайтууга беттери чыдабай мергенчилердин. Акыры бир бутумго келишиптир: Ооздон чыгорбоого шерт кылышып, бир кашкулакты атып алышат да, ошонун журогун , жолборстун журогу деп айылга алып бармакчы болот. Айткандарындай жасашат. Ай, ким билет, кашкулактын журогун жолборстун журогу деп жеген байбиче алданып калдыбы, не, кумонсудубу? Балким, жигиттердин айыбын ачпайын деп тим койгондур. Жолборстун журогуно талгак болуп, ак эткенден так эткен байбичеге кашкулактын журогун жегенден кийин талгагы канып калды дейсинби. Кайдан?

Ошентсе да ченебеген баатыр чыгыптыр, БАЛБАЙ. Оз заманына жараша. Баатырдын омуру кыска белем. Эки уурунун касташуусунан гана мерт болду ал. Аягында, бугулардын артынан айкаалаган ураан чакырып, тупоктуу найзаны мелтирете сунган баатырын оз жээк жааттары кармап беришип, орустарга.

—Орустаргабы?

—Ооба, балам орустарга… .Орус туптуу эл. Биздей азган-тозгон, чачылган эл эмес. Чоон чон шаарлары, курал жасоочу зооттору бар, эли мин-сан, талаа, токой, туздуктору мелтиреген зор мамилекет эмеспи Орусия. Ошону билген эместир БАЛБАЙ. «Баатыр» десе эле, кокурогун дагдайып, эноолугуно салгандыр. Баатыр мин кырдуу болушу заарыл бейм. Созго да чечен, карым-катнаш мамиле тузгонго элчил, жоо келсе -айбатты куч, кембагал жарчыларга, мээрбан, доогурсуробогон айкол болуш керек го.

 

Антпесе болобу? Муштумдай элди чон чон жоо кууратаар, сай-сайлатып мукуратар. Озум чет жакасын коруп калган уркундуу кара. ? Ашып кетсе, беш-алты гана жазолоочу отряд келгендир, Орусиядан. Ок атуучу куралы жок, азганаттай элди, Кытайга чейин сурбодубу. Канча кыргыздын олугу комулбой тоо ташта калды. Пай-пай.!

—Ата. Эмнеге Балыбай батырды кармап беришти?

—Эмнеге кармамак эле?….Бугу менен сары багыштын чабышы даалай жылга созулган эмеспи. Ормондуу Балбай олтурот. Ээ, балам, адам канына забыл болгон жан соо калчу беле? Ормон хан олгондон кийин, чабыш токтоочу беле, ого бетер кучобос бекен. ..

«Колду уч айланта чапкыла!» -деп олоорундо керээзин айтып кеткен имиш Ормон. «Кыргыздын кеги кырк жылда» -деген соз бар элде. Кунун кууп оч алабыз деп , сарыбагыштар ары жагында умтулса, бериден бугулар….

Эки элдин ыркы кетип, тынч жаткан айылдар, болунот. Малын тынч жайа албай, кундузу деле, тундосу деле, кулак туруп, саксактанган эл. Ушуу да жашообу?….Аягында уруш-чабыштан жадаган бугулар жерден тукум курут боло электе комок сурайлы, ылаажы болсо, Орустардын ыктыярына баш ийели деп, элчи жиберген имиш, Орустарга. Орустар жакшы кабыл алышкан имиш кыргыздын элчилерин.

Ар кандай айтышат кыргыз элде: Барган элчилердин баарыга орустардын пашасы наам, сыйлык, тартуусун берип, кызыл жугурогу кармап элчиликке баралбай, озунун ордуна бой тарткан баласын Балбай кошуп ийсе, анысы куру кол кайткан имиш. Бирлери айтат: , Балбайдын озуно тапшыр деп моор басылган наам беруу жонундогу жолдомо кагазды баласына бекитип берсе, жолдон жоготуп жиберген дешет.

Кайсы бирине ишенесин?

Иши кылса, Балбай каттуу таарынат. Айыл аралап, журбой калат, Сарыбагыш менен болгон уруш-чабышта канын кокоорго куюп, жанын оозуна тиштеп, оз уурусунун атын чыгарып, найзасын сунуп, наамыс алып жургон ага наам тийбей, торундо май чайнап, баатырларды кокутуп коюп жайбаракат жаткан манаптар кадыр-баркка ээ болуш керек?

Буу орустарында деле калыстык жок экен го? Ээ, балам, бул да болсо Балбайдын пенделик кыска ойлогону. Баатырга наам, бийликтин кереги не? Жигиттерди сонунан эрчитип, элин жоодон кайтарып, «баатыр» атанып жургондон артык сыйлык барбы? Акыл ошондо бир тумандаган экен да жарыктык кишинин. Болбосо, орустар менен келишим тузулуп , ортодо кан тогуусуз тынчтыктын орногону пайда эмей эмине?

 

Элдин бейпилдиги анын бейпилдиги эмес беле. Ангыча болбой:

«Орустардын онкой тороолору, офицерлери баш болуп, кол башын мейманчылап келатышыптыр! -деген кабар «дуу» дей тушот. Мына ушул жерден да бир ката кетирген Балбай баатыр. Элдин эртенки келечегин ойлобой, керт баашынын тарынычын туткан баатыр , карозгой оюн ишке ашырмак болот.

Озуно ишенген жигиттерин эрчитип, бейкапар жолдо келаткан орустардын кочуно капилеттен кол салып, бирин да тируу калтырбай, тыптыйпыл кырып салат. А, дейбиз, бу, дейбиз, бул да баатырдык онокот эмес, -беймарал келаткан тынч адамдарга кол салган. Эзелтээн белгилуу иш го.: кан-канды чакырат. Ошол набыт болгон адамдардын убалы, ошолордун аялдары, бала-чакасы, туугандарынын коз жашы кимге? Боодо бироонун канын токконду Кудай Таалам озу жазалайт. Тагдыры эмне болду Балбай батырдын? Оз туугандары орустарга кармап бермек болгондо, Текес тарапкка качты.

—Ата, Текес деген каякта?

Кытайга жакын жер….Ошол жерде ар кайсы буйгага сакчы койдуртуп, келаткан кыштын заарынабы — кызыл жугургу кармап, оно бою кыймылдабай, кыйналып жаткан кези болот. Сары изине чоп салып кубалаган Боронбай болуштун жигиттери уктап жаткан сакчыларды байлап-матап, жоон тобу баатыр ооруп жаткан боз уйго шапа-шупа кирип келишет.

—Балбай баатырды кармап алышабы?

—Кармабай анан….Издеп журушкон да. Каран кун ошентип тушот баатырдын башына. Бир убакта астынан кыя отпогон жигиттери эми озун туткундап, айылга, томон жакка алып барышат.

—Анан эмне болду ата? Олтурушобу? ….-кара коздору жалжылдап жуз баккан небересинин илгерки баатыр бабасынын кыйчалыш тагдырына зээни кейип жатканын ичтен тукшмолдой, баланын ангемеге кут койгон зээнине ичи жылый, бирок анысын сыртына чыгарбай кебин улайт чон атасы.

 

Балбай баатыр кыргыздарга мейманчылап келаткан орустун ак соок торолорун коштогон жан жоокор, аскерлери менен кырып салбадыбы. Бугу элинин жакшысы Боронбай болуш.

«Эми, анык алаамат орустардан болот. Бул кесепеттуу Балбайды орустарга кармап берип кутулбасак, катуудан казан, жумшактан кулду гана калтырып, бугу аттууну тукум курут кылбайбы орустар!» -деп зар какшаптыр. Балбайды тируулой кармап бермекке орус жакшылары менен жен ичинен убадалшкан бутуму да бар имиш дешет болуштун.

 

 

Иши кылса , Балбай акыры колго тушту, капканга чабылган оозу кандуу борудой болуп козун жалдыратып терен ордо жатат. Азыр Алма-Ата деп калышпадыбы, мурун Верный деп койушчу — Балбайдын кармалганы тууралу кабар кетти. «Балбайдан башка баатырлар тугоп калыптырбы? Кыргыз аман турса, да бир эне баатыр уулду тороор. Андан коро, орустар калайманды сала электе, Балбайды колдоруна салып берип, озунун башын, кыргыздардын башын арачалап калган он.». Мына ушундай тыйанака келгендир бугунун жакшылары. Бир карасан, андан болок кыргыздын аргасы жоктой.

 

Пример HTML-страницы

-Орустар эмне кылды Балбайды, ата? -чыдамсыздыгы доошунан билинген бала сурап ийет.

—Эмне кылсын?….Элдин айтуусунда, буту-колуна кишен салып, орустун абагындагыларды ошентчуу тура — жоо жалан айдап жоношуптур Верныйга. Казак-орустар атчан, баатыр жыланайлак, жылан баш. Коз алдыма азыр озум коруп тургансып элестейт:

Касиеттуу Ысык-Колдун бою менен кулунчактай кезинен туланына оронуп, булагынан суу ичкен кен Ала-Тоонун арасы менен баратып, койкашка баатыр нени ойлоду экен? Пендечилик куноолору, кимдир буроонун канына забын болгондору эсине тушту беккен? Же болгону , орустарга кармап берген туугандарын кектеп, козунон кан тутоп, зардеби ичинен кайнап, пенделик оюна жендирген чыгаар. Колдон отуп, азыркы Туптун тушунан откондо, толкуну шарпылдап, артта калып бараткан Ысык-Колду кылчая карап. «Ай! Эми корбой калдым го?!» -деп, ичинен коштошуп, далысын салып коштошуп кеткендир. Эй, кайран баатыр!

Башы ылдый салынган. Энеси жолборстун журогуно талгап болуп, Кудай Тааладан аян берип, озунун баатыр болуп туулуп эл-жер коргогон тагдырын каргап баратабы, ким билсин. Кезегинде колго тушкон Торогелди баатырды кыйнап, эки-уч мерте бутун капшыра кармап сындырганы эсине келип жатпасын? Эки уруу элди чабыштырып коюп, оздору болсо ээн-элкин кымыз ичип, жаш тайды сойдуруп жеп жыргалга мас болгон жакшылар эсине тушуп, эки ортодо боодо набат болгон жигиттердин элестери туйшолтуп журбосун?

Оомалуу — Токмолуу дунуйо дегенин ушул экен го? «Ат башына кун тушсо — ооздугу менен суу ичет, эр башына кун тушсо — отугу менен суу кечет» — деген создун аныгы ушул белем.

Озун карай элейип, ангеменин уланышын куткон Рысбектин коз карашын туюп, Акматбай карыя кебин жугуртот;

—Ошентип, ВЕРНЫЙ, азыркы Алма-Ата эмеспи, чон турмосуно апарып камашат.

Кыргыз — «абак» деген эмне экенин билип коюппу? Турмо деген тушуно да кирген эмес да.

Ырас, ти Кытайга уркуп барып, кайткандар айтчу: «Ой-ий, шумдугун кур — Кытайдын турмосу тиру укмуш болот экен! Мойнуна камыт кийгизип, зындан окшогон, же, бурула албайсын, турсан, тобон тийген таар жерге камап койот» -деп.

Анысы кандай, кыргыз эзелтен турмо дегенди билген эмес. Уруу-кескилерди аксакалдар эле чечип: айылдан кочуруп жиберишчуу, же, да бир чечимин чыгарышту. Баатырга кыйноонун эчен турун коргозушуптур. Кийин, соогун алып келебиз деп барган ага туугандары айтышыптыр. Балбайдын денесинин тамтыгы жок экен. Баарына чыдап, оруксунуп «кынк» этип ун чыгарбаптыр. Анын чыдамкай, коктугу баштатан белгилуу эмеспи…

Ормон хан менен жоолашып жургондо, сарыбагыштардын айлын акмалап барып колго тушуп калган да, кулагын кестирип ийген бир катынга. Кулагын тубунон шак кестирип ийсе да, ий деген ун чыгарбай жагынан канын шорголотуп, жолборстукундай балбылдаган коздорун ар кимге кадап, туруп берген, берен ушул эмеспи! Уу коргошунду тамагына аз-аздан салып, берип журуптур деп айтышыптыр. Ууландырып олтурмок болушкан го чамасы., абакта жаткан кезинде. Ашказаны ошого да тутуптурго чиркин!

«Кыргыздын бир доосу колго тушуптур! » Тырнагынын астына ийне сайып, кызытылган темирди этине басса да, кынк, этип ун чыгарып, колун тартып албайт экен!» -дегенди угуп, орустун Верныйда жашаган бир тороосу атайын кормокко абакка барган имиш. Тулку боюн мындай кой, балбылдаган, эч ким даап карай албаган коздорун коруп, тан берип, баш чайкаган дейт тороо:

«Пай-пай!

Адамдын да ушундай жан туулат экен го? Муну олтуруго болбойт; мин жылда бир туулат буга окшогон адам. Бул адамдын сырттаны! » Очошуп калган душман койчубу, кыйноосун уланта беришкен имиш турмонун кызматкерлери. Чачын устара менен шыпыртып, башына уу сыйпашыптыр баатырга. Кыйнап олтурмок болгон сыягы.

Уу коргошунга чыдаган себебин минтип да тушундурушот экен бирлери:

Курсагында Балбайды которуп жургондо, жолборстун журогуно талгак болгон энеси да жоо киши эместир. Курсагындагы баласы тенин эместигин, нечен оор сыноолордон оторун туюп, алдын — ала коп иштерди жасаган дешет. Тырнактай кезинен баланын ичтейин уу коргошунга кондуруп, тамагына коштуруп берген имиш. Уу коргощундун дарылык касиети бир тан болгон тура. Ушинтип кеп кылышчу откон карылар.

—Ата, Балбай баатыр эмне болду анан?

 

—Олдубу? деген суроо карегинден чагылып турса дагы тили ошол суук созду айтууга дити барбай турганын небересинин жалоорунку, ыйлап ийчуудой буулуккан кебетесинен туйду. Акматбай карыя. Айтып аткан окуясы аягы кайгылуу болсо, колунан эмне келмек, болгон чындыкты баланын дилине жеткируу зарылдыгын сезди карыя.

—Адам темир эмес да,….Кечирим сурап, жан соголаса да, уу коргошундан ичи эзилип кеткендир, баатырдын олгондугу тууралу кабар, ага-туугандарына жетти. Балбай баатырга кечирим берээр деген ниетте, губернатор торолордун эшигин сагаалап, бир маал турмону айланчыктап, жакын санаалаштары ошол кезде Верныйда журушкон экен, суук кабар кулактарына «шак» дей тушот.

Баатырдын соогун сурап кайрылышат. Канча бир алакеттен кийин соогун чыгарып беришиптир. Ким билет, орустар — Балбайдын коп кыйноодон отуп жанчылган денесин туугандарынын корушун каалаган эместир, ошентсе да, кыргыздын отунучун аткарыптыр.

Кайран кыраан! Бир элдин бактысына жаралган эр! Акыры, бешенесине жазылган тагдыры ушул экен го; орустун абагында, дини болок, дили болок элдин желдеттеринин колунан кыйноо тартып олду. Эми эмне кылышат? Жол узаак. Жайдын саратан маалы. Ысык, Кол тургай, мындай алып чыгараары менен кундун ысыгынан колкулдоп жыттанып кетпейби. Арасынан бироо кенеш салат. Этин шылып, жерге коомуп, соогун алып кетууну айтат. Бул создун канчалык чындыгы бар экенин ким билсин, айтоор, баатырдын согун кол башына алып жоношкон экен.

Аманчылык берсе Кудай, Туп багытына жол журуп калсак, Балбай баатырдын кунбозун сага кргозоормун. Сары булак айлынан ары Тупко жетпей, жолдун устундо. Ата-баларынды биле жур. Ары-бери откондо, куран окутуп тураарсын.

Элиндин тарыхы, оо, кыйма-чиймелуу, коп жолдорду баскан эски тарых. Ийгилигинен жанылышы арбын, жыргалынан тозогу коп тарых.

Тарых-кузгу, . Элиндин кечээки жолун коруп турасын. Озуно керектуусун аларсын. Туткасынан бекем кармасан, тарых-чырак сынары. Келечек жолунду айкындап тураар. Анткени, данышман карылардын накыл создору, элге кылган жакшылык иштери эскирбейт эч качан. Кундузгудой жолунду жарык кылып тураар. Тарых бул откон мезгилден сабак.

Чон атасы бир маалда тизесин копшойт..,туруга ынтылгансып.

—Ии, балам, кичине суйоп кой, тарт колдон? Оо, баракелде! Бут кургур болбой калган тура, тушамыштаган аттай болуп. Кеттик балам, тиги, энен….чайын кайра-кайра ысытып кутуп олтургандыр. Менсиз бир будур тамагынан отпойт. Тек!…Жаш ылдыйлап калганда, ушинтип ынак бири-бирине куйумдуу болуп калат турбайбы. Ал байкуш мен эмне жесем, ошону жеп, эмнени ичсем, ошону ичип журуп, омурун кечиртти. Эми барганда, экообузду тен каарып-кууруп жемелейт: «Эмнеге кечке жоголосунар? » — деп. Коросун го?…

—Эмне эле жемелей берет сени чон энем?

—Тек!…Эркелеткени го кыязы. карыганда кемпирдин эрмеги — чалы болуп калат турбайбы….Керелден кечке уйдон чыкпай олтурса, ии, анан, кочугу жер жыттабай талаа кезип жургон чалын эрмектейт да….

—А, мен айтам: «Атам мага Балбай баатырды айтып берди» — деп.

—Айта кой….

—Балбай атамдын кыйналып олгону жаман болуптур ээ, ата?

—«Ата» деген тилинден кагылайын! Балбай — атан….

—Ээ, балам, ар ким бешенесине жазылганды корбойбу. Най-засын коломочтонтуп суйроп журуп журуп отуп кетсе, коптун бири катары эл жадынан чыгып калмак, . Тек журо албаган, оз билгенин бербеген, кок бет баатыр турбайбы. Акылман карыялардын акылына кулак тошоп, элинин чамачаркын байкап, иш кылган жакшы. Пенделиги коп болсо да, артыкча туулган уул болучу-Балбай атан.

 

Кол жээгинен кары адам менен жаш бала кыбырап журуп олтурушса, Бирликке чейин итапкан жол. Чолпон-Атанын жогор жагын «Бирлик» деп коюшат.

—Суунун кучун кара! Жердин баарын бучук кишинин мурдундай онурайтып, булуп-булуп таштаптыр-кубуронуп койду абышка озунчо. Небереси — чон атасынын ооз ачышын эле кутуп тургандай туурадан жирип кетти:

—Ата?…Ата?.. .Эмикиде кайсы баатырды айтып бересин?

—Эмикиде…-мулун эте кулуп койду чон-атасы. -Коонуно баатырлар эле жагып калган экен. Дагы бирин айтып берээрмин. Кыргыз баатырларга — бай. Эзелтен корунгон душман тытмалап, же, ич ара батыша албай уруш-чабыш жургузуп келген эл эмеспи. Саа…эр Табылды тууралуу айтып бере элек болсом керек.?

—Жок ата айтып бере элексин. Качан айтып бересин?

—Деминди ичине алып тур Рысбегим. Кези келгенде, угасын Чуйгун тамакты кундо эле четинен узуп жей берсен кунары качат. Ошол сынары, угуттуу созду убакыт откоруп айтса, синимдуу болот.

Чон атасы менен небереси кыбырап, кыян жеген арык четин бойлоп, чоп оспой, тамандарга тапталган жалгыз аяк жол менен кете беришет.

Чон атасын этегинен калбай текилдеп чуркаган Рысбек качандыр бир убакта акыйкатсыз себептерден улам, илгерки бир заманда откон Балбай баатыр сыяктуу бабасынын омурун кайталап, темир торлуу абакты коруп, жаны кыйналаарын билмек эмес.

 

* * * * *

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE