Пример HTML-страницы

Пресс хата 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

6-болум

 

Кара Баткакты мен билип койуптурмунбу, кийин, эр жеткенде уксам, корсо, ал Туптон сал жогору, тоо арасындагы жер тура. Ат араба отчу жалгыз жол бар, бир тарабы аскага кептелип,экинчи тарабы балчылдаган кара баткакка такалган жер тура жарыктык! Сормо сааз сынары, омур кургабаган, ыйлак коздонуп суусу чыгып эзилген жер экен.

Туптон жогору, тоо ичинде беш-алты айыл бар эмеспи. Бечара кыргыздарды тоо гана койнуна жашырып, баласындай алпештеп, суук коздон калкалап келген турбайбы. Ачыкка чыкса, бир найзасы, чочморунан болок куралы жок кыргыз- ок атар куралдар, алыска атуучу замбиректер, менен шайма-шай куралданган аскерлерге бута болуп калат тура. Ойда, мойсоптур орустун жазалоочу отряды, бейкапар келаткан айылды. Кийин, коргондор, айтышты: боо-боо тушуп жаткан олук дейт. Сол жакка качайын десе-аска, он жакка качайын десе-айтылуу сормо баткак, башын калкалап жатып бериптир кайран кыргыз!

Катын бала дегенди да аябаптыр аскерлер. Бир айылдын эли заматта изи очуп, какшаган булактай соолуптур. Ошону уктук, жолдо келатып. Ошол бир айыл элди тугол кырган аскерлер замбректеринин ооздорун унуройто бизге каратып, кайсы бир онуттон кутуп тургансып, зирилдеп, жаныбыз чыкканча корктук. Атамдын озубузчо ээн калганда, кайра-кайра бизге эскерткени эсимде. Жарыктык киши, минтип

«Непада, орустар бет алдыбыздан карпа-курпа чыгып калса, мага карабагыла балдарым? Ошол эле жерден «чу» дегиле , жанынарды сактагыла. ? Уктунарбы? Мен тууралуу кам жебегиле?» Ушинтип улам улам, эскертет атам.

Аа, байкуш атанын ою,! Коп жылдар откондон кийин, ата сакалы ээгиме чыкканда, билип жатпаймынбы атамдын илгерки оюн корсо: Мен жашаарымды жашап, ичээримди ичтим, силер аман калып, урук-тукумумду узбой , улап, кеткиле деген тура. Аны биз кок баш билебизби. ? Туптон кыйгай салып отуп, Жыргалан суусунун боюна чыктык. Дал, Жыргалан суусунун колго куя турган тушуна. Анткенибиздин жону бар сыяктуу: Аскерлер менен отчуу ачык жер менен отпой, Жыргаландын бою карагай-бадал, чырканак эмеспи, ошого далдааланып, журуп олтуруп, жогору, Тургонго жетип, андан ары — Бороондуу Турук, Сары Жаз аталган, бабам жайлаган, Кытай менен чектеш жер бар, ошол жакка жетип алуу. Жыргаландын суусу колго кошулган жээгинде оргоп жатканбыз. Атам сонку мезгилде сыркоолоп жургон. Демигип, жузу кара кок тартып чыналып, дем жетпей кетчуу . Корсо, ошондо омурунун калган-каткан саналуу саатарын жашап аткан тура. Кайдан жайдан билип болбойт, биз ошентип жай баракат, кол жегинде эс алып жатканыбызда;

 

 

Эки кайык пайда болду. Олчойгон, чоон орус кайыктар. Ар бир кайыкта — учтон-тортон адам. Арасында — сары чачын селпилдеткен аял да бар окшоп калды.

 

Антип — минтип, эсибизге келгичекти болбой, кайактардан бизди карай атылган тарсылдаган мылтык уну, анан, татыраган ун угулуп калды,. Анан, жанталашып, качканды коруп ал! Алдастап, каякка бет коёрун билбей, плёмоттун огуна озу туруп бергендер болду. Жарым, бир саат отпой, элдин тенинен кобун октору тугонгончо сулатып-сулатып баса беришти.

Булар карательный отряд эмес эле, ушул жерде, кыргыздын суусун ичип, жерин тепсеп, аштык оруп, биз сыяктуу кун откоргон мужуктар окшоп калды.

Пендечилик! Россиядан азып-самсып, арабага анча мынча жугун салып келди эле., кыргыздын жеринен чыккан нанын жеп тоюнуп алгандан кийинки кылыгы тигине! Эмне кылабыз ? Орустар кайра келип кырып кетпесин дегенчелик кылып., олукторубузду шаша-буша суйроп, жогорулай чыгып барып, коз жаш кылып, корумдай салып жонодук.

Атам болбой калды, демигип басалбай. Коздору чонуройуп, ичке кирип, эки кундун ичинде солдору эле калды. Элдин кобу астыга кеткен. Бир жакын тууганыбыз бар эле Катаган.

Катагандын ичинен — Акулактан. Отуздардан откон, шаптай болгон жигит,. Аты эсимде калбаптыр. Ошону чакырып алды. Тортообуз: уруулаш агабыз, он учтогу мен, он бирдеги, тогуздагы эки иним болуп тегеренип олтурабыз. Бир жудогон кунандан башка колубузда тук жок. Ошонун тердигин атамдын астына салганбыз., жыйым-терим аяктап, жер суук тиштей баштаган. Атам чыканактаган калыбында, суйлопатат,.

 

 

Берки тууганыбыздын атын айтып кайрылды. Корсо акыркы керез — мурасын айтып атыптыр . «Балдарыма коз болуп кой? Кытайга булар жетпейт, балдар эмеспи, орустар деле тийе койбос, озун балдарды Кара-Колго карай багыттап коюп, топтон калбай, бара бер ? Мен болсом озун коруп турасын, абалым начар. Жылдыз толоор — толгончо узулом. Суранаарым, ошого чейин мусулмандык, туугандык парзынды отоп, жанымда бол, — балдардын эси чыкпасын ? Менин козум жумулган дан кийин, алдагы кемер жарды кордунбу, эшилип , тез казылат, ошону чукурайтып казып, комуп кой. Жерге жашырам деп ойлобо. Тон тиштеп калды жер, каза албайсын, анын устуно, сапарындан кеч каласын, эптеп, жар тубуно жашырып койсон болду мени. Бекуноо жузум

ачык калбасын. Мобу АКМАТБАЙЫМА эс кирип калды, беркилери кичинекей, Кудайым аманат, тукумум узулбостур, Кудай арбак учун буларды карап кой?!» -деди атам.

Тууганыбыз унчукпай, башын ийди. Биз болсок, коз жашыбызды колдотуп турабыз. Айткандай эле, атам озу бекер киши эмес да, жылдыз асманга толгон кезде узулду. Кезек -кезек демин басып, суйлоп аткан, бир кезде унчукпай калганынан карасак, жузу момурап, ак шапак тартып, денеси, созулуп, кетип баратыптыр.

Чукурап эле басып жыгылдык. Бир заматтын ортосунда, уч бала, (турмуштагы, эжемди кошпогондо), томолой жетим калдык. Акыры суйоноор таянчыбыздан ажырадык. Атам оз бейитин озу камдап айткан боюнча, жар тубунон ыйлап — сыктап жай каздык. Журогубуз эзилип, ыйлаганыбызды айтпа! Кундун мурду кылтыйа электе, атамды эсине тапшырдык. Тууганыбыз, карачы кашайып атын унутуп калганымды — кубуронуп куран окумуш болду, бетибизге бата тартып, ошол жерге олтуруп алмак белек, жар боюндагы домпойгон бооз топурак, атамдын жайын кылчак — кылчак каранып алып, узуун жетим жолго туштук,. Инилеримди карасам, байкуштарым козумо ошондой корундубу — кадмикидей эсейе тушкондой. Мени эле жал жал тиктешет. Атамдын козу отту, эми мен бирден бир таянычы болуп калбадымбы.

 

—Андан кийин каяка жол тарттынар ? Караколгобу ? Берки тууганынар эмне болду?

—Ал кетти. Кунанды ага бердик. Баары бир, бироо болбосо, бироо тартып алып корймок. Ал жигитти ошол бойдон коргон жокмун. Кытайга аман эсен жеттиби, билбейм, элдин жеткени жетип, жетпей жолдо олгону коп болуптур го? Ээ, багар короору жок, ата-энесиз томолой жетимдикти Кудай башка уйбосун.! Айрыкча кыргыздын башына тушкон мушкулдуу ошол заманда. Бизге окшогон азган — тозгондор Караколдо четтен табылат. Бай орундуу копостордун балдары биринчи эле куну — биз шаарга киргенибизде, иттерине талатып коё жаздап, андан, салабаттуу, кийингени копостордой эмес, кызматчыга окшогон кырктардагы орус киши арачалап, алып калды. Колун жансап, бирдеке деп балдырап койду эле орусчалап- Кудай жалгап тигилер басылып калды. Биздин жаныбызды алып калган орус киши мугалим экен, чыйгыйып копостордун балдарын мектепте окутат окшойт, жана, бир кыйкырганда эле басылып калганына да ошол себептуу. Бизди уйуно киргизип тамак берип, курсагыбызды тойундуруп, жон жайы , ата-энесиз сагырлар экенибизди уккандан кийин, короосунда -асты жер, кыясы, кор- жер сакталчуу немеси окшойт, ошол жаман тамына жаткырып койду.

 

Астыга самандан калындап салынып устубузго берген эски-уску таар-саар ондуу тошончусун жамынып, туну бою уйку корбогон жаныбыз уйкуга коошуп баратып ойлоп койгом: «Ий, Кудай жалгагыр кишиге жолукканбыз бейм. Ырайымдуу орус экен!». Балалык жаным, мушкулдун баки-жогу тээ, астыда жатканын элеске албапмын да. Корсо, ал багаар — короору, артынан издеп алаары жок тентимиштердин бекер эмгек кучуно кызыгып, каалагандай жумшап, кызматын кылдырмактын амалын ойлогон тура. Аны биз кийин билип журбойбузбу. Кожойунубуз урул-бурулдо ойготот….Менин кызматым: тан атпай, тээ алышка барып, малды сугарып келуу. Озум да ушуга кондум. Бир ирет кеч ойгонуп калып, кундун мурду чачылып калган экен, менден кырдуу копкон орус балдар суу жээгинде аттуу-жоолуу, арабачан болуп турушуптур, мени коро сала, мазактап, топурак, таш ченгелдеп уруп, айламды туготушту. Мына ошондон кийин, жерге жарык кире элек тан куланоок тартканда, кожойундун жылкыларын кудурото айдап жонойм. Сугарып, кайра айдап келгенден кийин да, жаным тынбайт. Ую болобу, жылкысы болобу, айрылап чоп сузуп ыргытып, астыларын тазалайм. Инилерим эмне болсун, тежемел, каруу-кучко кире элек, майда-чуйдо, жумушка киришип, тарбаландап иштемиш болушат, кожоюнум эле аларды козунун кыйыгы менен карап, жактырбай кункулдоп журду: ким билсин, балким, аяк бошоторлор дейби ?

 

Не, кыш куроо жакындап калды, жыйым-терим, негизги талаа жумуштары бутуп, кыш бою учоон багып, башыма эмне куч келиптир дейби, айтоор, кожойундун кабагы салынкы. Чынында малды козомолдогонго озум жалгыз жетишип журдум, эки иним кичинекей эмеспи, аяйм, жумшабайм, жада калса, эртенменен тан атпай ойготкондон тартынам. Бала эмеспи, уктап алышсын деп ойлойм. Кожойун тамакты олчоп, ачкадан олбогудой кылып берет. Кобунчо, борщ, аткулактын жалбырагындай бирдемени толтуруп, анда-мында бир картошкосу бар шылдыр сорпо. Каниет алыбыз ошого, Айла канча ? Бир куну, токочту кенен берди кожойун. Тамакты уч табакка толо куйдуруп, ар бирибизин алдына койду. Сыпайы, кылуу мамилесине тан калдым. Мурун, мындайын коргон эмесмин. Эн кичуу тогуздагы бобогумо кайталап тамак куйдуруп берди. Курсагыбыз ошол куну кенен кесири тоюп, каттуу уктап калганбыз. Кичуу иним уйку суроо аралаш чабалактап, онтолоп, тынч алалбай чыкты. Бирде апамды, бирде атамды чакырат. Бир-эки ирет баш которуп, анчалык таназарга алган эмесмин. Чала тоют болуп жургон эме бир катуу тойгонго купту болуп жатса керек деп ойлогом.

Эртеси….адаттагыдай эрте ойгонуп козумду ачып, эки инимди карадым. Журогум бир жамандыкты сезгендей булкуп алды. Тунку сууктан бурушуп адетеринен мойундашып, бири-бирине ыгып жатчу эки бир тууганымдын жатышы болок. Ортончу иним болсо, бышылдап уктап атат. Кичуусу…. Буту-колу шалдайып, терезеден тушкон алсыз шоолага карабай, ботончо жууган шейшептей жузу агарып, денеси созулуп калыптыр. Энкейип алаканымды бетине тийгизсем; таштай муздак…

Эчак кетип калыптыр. Менин колумдан эмне келмек: окуруп-бакырдым ыйладым. Ангыча болбой, кожойунум ойгонду. Кошунабыз татар киши болучу, ал келди. Шаар четинде корустон бар экен, мусулмандардын, балакатка жете элек балага не шам, тизе боюндай бир чункурду каза салып, соокту жашырып, кайра кайттык. Ошентип бир кундо бир оорумдан айрылып калдым. Ал го ал дечи,,. Бир жума отпой берки бобогум олду. Эртен менен ойгонсом, баягы. Оорубай-сыктабай эле, шум олумго эки бирдей бир тууганымды колдон жулдуруп ийгениме эсенгиреп, жинди болуп кете жаздадым. Кичинекей болсо дагы, боорубуз бир, жаныма тээк болуп журчу эмес беле экоо. Дагы эле болсо, кошуна татар адам жардамдашты: соокту жуганга, жай казганга. Минтип айты корустондон кайтып келаткан жолдо:

«Карагым жаш экенсин, убалына жетип койбосун жанакы кожоюунун, кабырган ката элек, ушунчанда, кыш куроо келе электе кетип калсанчы бир жакка.? Кожоюнун ичи жаман адам, тубуно жетип койбосун, эки бир тууганындын да олуму бекерден эместир!» Ушинтип айтпадыбы кошуна татар. Чын конулунон мага боору оруп, кенеш берди. Татар кишинин айтканынан кийин, эсиме келип олтурбаймынбы; ырас эле, сопсонун туруп эле эки иним кете берди. Демек, эс тартып калган мени гана жумушка жарактуу деп озуно имерчиктетип калтырып тамагына уу кошуп берип, эки бир тууганымды биринин артынан бирин коздорун тазалаган турбайбы ! Айлам кетип калды, ишенесинер. ! Эми , эмне кылчуумун ? Кетем десем дагы, койо бербечудой кожойунум. Биротоло жаш жанымды туткундап, каалаган жумушун жасатып, кулагы кесик кулдай омур бою кызмат кылдурчудай кыязы бар. Моюн толгосом, берки инилеримдей жик билгизбей олтуртуп коё турган. Зирилдеп корктум. Кудай билет, ошондон бир апта, эки аптадай оттубу, азыр эсимде жок — аттарды сугарганы эртелеп сууга барсам, менден мурун бир кыска тончон, ичинен ошол кезде ак пашаага кызмат кылгандар кийчу ак кителдин жакасы баш багып турат — эрдинин устундо ичке, капкара муруту бар, отуздардагы казак жигит жакшы жасалгаланган трашманке арабасын токтотуп, арабага чегилген кош атты суу ичкенин ойлуу карап, донсодо туруптур. Мурут сакалы бапайып оозу-мурдун жапкан айдоочусу этеги чубалган тонун купшуйтуп, аттардын жанында .

Кызматчы торо саяктанган адамдардан ийменип,, четке туруп калдым эле, казак жигит соомойун ийсендетип, мени тушуна чакырды. Суйлогондо казак экенин ошондо билдим.

—Не истеп журосун шырагым?

—Мен жон — жайымды, айттым; КАНТИП УШУЛ АБАЛГА ТУШ БОЛГОНУМДУ, атамдын, инилеримдин олгонун. Мээримдуу кыязын бузбай, бир топко ойлонуп туруп, муну айты казак жигит;

—Казак жергесине мени менен кетпейсинби ? Бул жерде журсон, кууруп каласы гой шырагым ? Не дейсин буга баурум?

—«Барум» деген созго, жылуу мамилесине ичим ,жылып, эреркеп кеттим корунот, дароо макул болдум.

—Кожоюунум кетээримди билип калса, коё бербейт,-деп, чынымды айттым.

—Биз эртелеп кетебиз эки-уч тырашманке менен. Мейман уйун билет чыгаарсын, аа, корунуп турбайбы, азанда кожоюунуна билдирбей келе кал, мына бу тырышманкени кордунбу, ичине кирип, сыртка баш бакпай олтура бер, анан кетебиз. Эшитинби боурым? -деп кулак кагыш кылды казак жигит.

Мен башымды ийкедим. Журогумдун дикилдегенин айтпа ! Эптеп эле бул жерден кетууну, кара башымды куткарып, коз карандысыз жашоону кааладым. Туну эмненин уйкусу? Тан азандан малды сугарганы айдан баратсам, айткандай эле, мейман уйунун алдында уч тырашманке турат. Ортодогусу — мен тааныган тырышманке.

 

Журогум туйлап кетти — менсиз кетип калчуудай болуп. Шашып-бушуп, аттарды сугарып, уйго айдап келсем, кожоюнум да жумушка жоноогону камданып калыптыр. Шашкан жаным анын уйдон чыгуусун кутомбу, жынайлак, жыналбаш бойдон мейман уйуно безелдендим. Уч тырашманке турат. Сыртка чыккан жан жок, бирок, айдоочулар шапалактарын уйлоп, астынкы, бийик олтургучта. «Култ» эткен бойдон, тырышманкенин ичине кирип, бурчуна ыгып калдым. Кожоюнум байкап калган окшойт, карасам, колундагы таягын булгалап: «Ах зараза!» —деп мени коздой келейтат. Дуйно астын — устун болуп кети козумо! Кожоюунума жеткирбей, тырашманкеден тушо качып, жанталашып, мейман уйуно кирдим заргып. Артымдан кууп келаткан кожоюнум козумо эки баштуу желмогуздай эле корунот.

-Атам КОНОЙДУ-аркасы бар адам деп коюшчу элде,-майегин улайт АКМАТБАЙ карыя. -Атама байланыштуу бир икеяны эл арасында коп айтып журушчу, кийин-кийин унутулуп кетти. Ошол учун айтылган турбайбы: «Атам олсо-олсун, атамды коргон олбосун!» -деген кеп. Ошол сынары, атамды коргон-билгендер, кеп-созун эшитип, жанына жандоочу болуп, жургондордун коздору отту. Ошол окуясын айтайын:….

 

Атам КОНОЙ озу малдуу, жандуу киши экен. Кырктарды чамалап калган кези бейм,, малын анын ичинде жылкысы бар, койлору бар-Чуй тарапка орлортуп айдап жонойт. Апрель, май айларыго чамамда. , узун сары маалы, узумчулук, жерге жаныдан кок баш багып, мал тоюна элек, жылаан топуракка тойбой ач, курт-кумурска кыбырап, баки жогу кор тириликтин камында. Атам жалгыз-жалам коччу беле: малын жай бою ирдентем дегендер чогуу.

 

Чолпон-Атадан- -Боом капчыгайына сексен чакырымдай бар эмеспи. Ал кезде, азыркыдай молчулуук заман эмес та……Азыр карасан: жашы деле карысы деле шашат кайдадыр. Илгери эмне, бир коктуну ээлеп, ар кай жерге бооз уйлорун жумурткадай- жумурткадай кылып тигип салып, беймарал тутун булатып жата бермей. Кымыз уулап, ботон киши деп жээрибей,ти, казак туугандарга чейин мейманчылап ат бастырып кетип калмай. Чоочун бироо улагына келсе, чоочуркабай, аты-жонун сурамжылабай туруп, чылбырдан аласын: «Туш эле туш? Кудайы конок келген турбайбы! «-деп суйунуп. Жалгыз козун капшытта маарап турса дагын, Кудай арбака багыштап туруп, мууздап, казанга салганча шашасын.

 

Пейил деген ошол мезгилде кенээн болгон экен. КОНОЙ атамдар, анын замандаштары ошол учун коркуп-уркпой, узаак жолдон ууру-борудон журоксубой, ач калам, ток калам менен иши жок-малын орлотуп журуп кетишчуу тура. Коч журуп баратканда: бышалуу ашын, суусундугун белендеп, эчкинин терисинен ашатылып ийленген чаначтарына буркураган кымыз толтуруп, жол жээгинде жигиттер кутуп турушат. Ар бир айыл ушинтип жарданып тосчу тура. «Ооу! Кимдин айылы,кайсы коч?»-деп, бири-биринен сурашса: «Чолпон-Атадан экен. Кызыр даарыган жерден келатышыптыр. Коч башы КОНОЙ экен!» Анда ага жооп кылышып,, «Аа, рас, рас экен-КОНОЙ болсо! Атанын баласы эмеспи!» -деп, айыл аксаклдары оз ара кеп чоюшат. Балыкчы шаарынын, андан шарт тугул изи жок мезгил болуш керек: кун батышты караганда Кызыл Омпол тоосу бар эмеспи-шанкайган? Ошого утурлай беришет. Боом капчыгайын аралап откон жалгыз таман жол. Ал жерге деле жакындашпаса керек, жан боорлотуп, кыялап, айдап журуп олтурушат малды. Ал кездин койлоруда заманына жарашабы, кийик сымал болчу эмес беле? Азыр колхоздун койлорун кара, кыштан оло-тала зорго чыгат. Журуп олтурушуп, оо, бир топ ченге келишет. Жайыгыраак бир тушка келишип, эми, оргумок болушканда, атамды — жанындагы жолдошу карууга туртот: «Ии, КОНОЙ , козун курч эмеспи, тээ чокунун башын карачы, чандай тушкондой болду, ал эмнеси? Куюн ондуу бир деме кокко шунуп, чандап калгансыды?»

 

КОНОЙ атам колун чекесине серепчилей, жолдошу корсоткон жакка дит багып алып, алаканын шак чабат; «Кокуй алат кун! Боодо олум боло электе, сактангандын камылгасын кылалы? Баягы, уйдон чыгарда алган жаны кетмен кайда -Жусуп устага жасаткан? Бол эми, энтендебей, ти, ок жылаан тура . Бизди карай багыт алган окшоду. Кетменди мен алайын, ортодо озум, экоон эки жагыма тургула….Кетмендин кунго чагылышкан башын коруп, дал тобомо келип урунат, ошондо кетменди тосойун. Жан таслим болгонун ошондо коросунор. Болгула! Тез!» -деп шаштырган экен атам. Кун жаркырап, шашке чен, ок жылааны кайдан учуп келатат, билип болбойт, каректери кундон карыгып. Иши кылса, атамдын айтканындай болушат: эки ыптасына эки жолдошу корголошот. Жылкы жаныбар сезгич эмеспи, бир бааленин болорун сезгенсип, тыбырчылап, кошкуруп, селтилдеп, тынчы кеткен экен — анан калса. Жаны эле устанын колунан чыккан, узуун саптуу, мизи жер жыттай элек кетмен дейт — атамдын колундагы. Атам аны тик кармап башын калканч кылып, тобосуно колокосун тушуруп, ойдо карай беттеп турган имиш. Бир маалда, ызгып келип, урунган бир соккудан атамдын колундагы кетмен солк дей тушуптур. Ал эмне дегенчекти болбой, атамдын жанынан мындайраак, эки уч кадамдай жерге, топуракка бурдаланып, бирдеме кулады дейт.

 

Караса, туйунчоктой тырышып, тыбырчылаган бирдеме. Ок жылаан экен.! Кетменди тешип ото албай, жан таслим болуп, олоор астында кыйналганы бейм. Жолоочулар жакаларын карманып, тообо кылышат. «Кудайга, тообо! Тээ, алда кайда учуп чыккан чандын ок жылаан экенин туйган КОНОЙго да, шертинен кайтпай кетменге урунган ок жылаандын кайбарлыгын айт.! Ырас эле, айылдагылар кеп кылгандай, алдын-ала бир окуяны туйган КОНОЙдун коргочтугу чын тура!» Сапарлаштары жон турбай, жол улап кетишет, бирок, атамдын коп касиетеринин бир, жолдон ок жылаанды кетмен менен тосуп, озун, жолдошторун аман-эсен сактап калгандыгы тууралу аныз калк арасында копко чейин айтылып калат. Чет жакасын силер да угуп калган чыгаарсынар? -АКМАТБАЙ каш алдынан имере карап койду олтургандарды.

 

—Ооба! Ооба! Атан ченебеген киши экен да! Мен да атамдын оозунан, айылдагы аксакалдардан коп тандагам.

 

Силер канча бир тууган сынар?

 

—Тортообуз.. ..Улуу эжебиз КАНЫШ уркундун астында, «Атайке» деп койчу эмес беле, Кеминдин Ак-бекетинде, КАЗЫБЕК деген байда турмушта. Андан кийин, мен-он уч жашта тестийермин, менден кийин МУКАНБАЙ-он бир жашта, андан кийин тогуз жашаар бир иним бар. Апам уркундун астында каза болду. Эжем турмушта, КАЗЫБЕК байга токол., кибиреген учообуз атамдын колунда калдык. Атам ыраматылык- мунушкоор, мергенчи адам эле. Буркут, куш салып, тайган агытчуу. Канаттууга кактырбай., тумшуктууга чоктурбай, энебиздин жогун билдирбей бакты-байкуш атам.! Жегенибиз — андын эти, атам ан уулап, жумалап, уйго тунобойт. Эне деген эне эмеспи, биз эмес, атам озу да, куйпойуп, баарыбыз жудой туштук. Эненин баркы ошондо бир билинет тура! Анан…Улуу уркун башталды….- кебин аялдатта, самга тымыды АКМАТБАЙ карыя. Бул тынуу-жолоочу ор талаша жалгыз аяк жол менен келатып, демин басмакка орто жолдон аялдай калган ирмемдей кеп эле. Жолоочу кандай болсо, ангемечи да ошондой. Ангеменин оору да ушул жер белем. Аны бир жолоочу, ангемечи билет

 

-Кызыл алаамат уркун! — курсунду АКМАТБАЙ карыя,. Эки создун бири: «Орустар келатат!, «Орустар- Барскоондон жогору, Жууку ороонунон качып бараткан элдин жаш каарысын ылгабай кырыптыр! Кан суудай агыптыр! Аёо болбосун, дептир ак падыша!»

 

Каншаар устуно каншаар….Урой учурган кептер…Эми каякка барчубуз? Казактарга барып корголойлубу? Туптон ары, Кеген аркылуу барсак, жолду — сакалы бапайган, найзасы сороктоп, бар куралы шарактаган казак-орустар буубайт деп, ким кепилге ото алат.? Элдин айласы тугонду. Ары чабылды, бери чабылды. Акыры, бизге да кезек келди окшойт, касийеттуу ЫСЫК-КОЛДУН кунгой тарабы козголуп, эми, Сары озоон, Чуй аркылуу эмес, «Уч-Турпандын» орустар замбирек менен тосуп жатыптыр! » деген каншаарды кулактары чалып, жол ортолооп калганына карабай, Сары Жаз аркылуу Кытай тарапка ашабыз дешип, колдуу жээктеп, Тупту коздой сурулдук. Кези келгенибиз кунанга экиден, учтон учкашып, инилерим, атам болуп торт киши , самсыган топтун арасында келебиз. Киндик кан тамган Чолпон-Ата жерибизди кыя албай, коздон жаш сыгып, имерилип, кылчактап, кетип, баратабыз. Аттуу, жоолуу болуп, самсып бараткан эл. Чан уюлгуйт. Азыр да эсимде, атам байкуш жашы энкейип калган эме — коп ичинен адашып калбасын деп эле, элендеп бизди карайт. Эгиз козулардай эрчишип, биз келетабыз. Тупту чукулдай бергенде, угуп калдык: «Орустар — Кара Баткактан кыргыздарды тып тыйпыл, бирин тируу койбой кырыптыр!

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE