Пример HTML-страницы

Периштенин көз жашы 21 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 21 бөлүм.

 

Кечинде атасы жумуштан келди. Өңү, көздөрү нурсуз болуп соолуп жаткан уулуна боору ооруп, тиктеп калды.

– Асия эртең кетет,- деди ал оор үшкүрүп.

– Кетсе кете берсин.

– Сен баары бир адилетсиздик кылып жатасың.

Бир аздан кийин Айдар туруп келди.

– Ата, эртең канчада кетет?

– Учагы саат таңкы алтыда.

– Мага дарегин бер,- деди Айдар. Апасы жаткан мейманкананын дарегин алды да, жөнөп калды. “Жолугушум керек” деди ичинен. Мындан башка жолу апасы менен жолугуп сүйлөшүүсү мүмкүн болбой каларын сезип турду.

Асия кийим-кечесин даярдап бүтүп чай ичип жаткан. Капысынан эшик тыкылдады.

“Ким болушу мүмкүн?” деп таң кала түштү. Эшикти ачканында маңдайында кепка кийген узун бойлуу жигит турган экен.

– Сиз кимсиз?- деп баратып жигит көзүн көтөргөндө уулу Айдар турганын тааный койду. Оозуна сөз келбей, бири-бирин тиктеп туруп калышты. Мезгил экөө үчүн токтоп калгандай сезилди.

– Кирсем болобу?- деди Айдар көз жашын араң кармап.

Асия үн каткан жок, боюн качыра жол бошотту. Мейманкананын конок үйүндө эне-бала үн-сөзсүз отурушту. Айдардын ушунчалык көп сөзү бар болчу. Жылдар бою жыйылган суроолору бар эле. Эч бири башына келбеди. Алдында турган арыкчырай сулуу аялды тиктеп отура берди. Асия дендароо. Эмне дээрин билбейт.

– Кат жазыптырсың, өзүңдөн угайын дедим.

– Эмнени?

– Мени эмнеге таштадың? Эмне үчүн ушунча жыл бир кайрылган жоксуң?

– Мен катка жаздым, уулум,- деди Асия араң сүйлөп.

– Менин бүтүндөй жашоомо болгон жоопкерчилигиңди ушул алакандай баракка гана батырдыңбы?

– Айдар, мен…

– Сен! Мен сени канча күттүм, билесиңби? Келбесиңди билсем да үмүтүм үзүлбөй, канча күттүм? Балдар үйүндө калдым, үшүсөм үстүмдү жапкан, капа болсом башымдан сылаган адам жок бул кең дүйнөдө жалгыз калдым. Сен кенедей бала үчүн дүйнөдө жалгыз калган кандай болорун билесиңби? Мени бул жарык дүйнөгө алып келгенден кийин жоопкерчилик сезишиң керек беле?

– Негизи мен кең дүйнөдө жалгыз калган кандай экенин эң жакшы билем. Мен да жалгыз калдым. Аргасыз калдым. Жаш болчумун. Мындай болорун кайдан билдим?

– Кийин эмнеге келген жоксуң?

– Кийин балам бар экенин айта албадым. Мага ушунчалык ишенген адамдын ишеничин сындыра алган жокмун. Андай болгондо да Абдул мени коё бермек эмес. Ал өлкөдө башкача жашоо. Сен аны түшүнө албайсың.

– Анда эмнеге келдиң? Мен эми сени жүрөгүмдө көмө баштаганда кайра жараатымды сыйрыштын кереги бар беле?

– Мен жалгыз калдым.

– Ха, демек, жалгыз калганда бир уулуң бар экени эсиңе түштүбү? Сен мени эстеш үчүн жалгыз калышың керек беле?

– Мен сени унута албагандыктан келдим. Сени унуттум деген күндө да унута албадым. Эгер унута алсам, өтмүшүмдү чийгенге эрким жетсе, Кыргызстанга келбейт болчумун.

– Келдиң. Эми эмне болот?

– Тынч өлөм. Сени көкүрөгүмдө сактайм. Жинденгенде атаңа окшоп каштарың кыймылдап кетерин жылмайып эстейм. Жүзүңдөгү мээримиңди элестетип уктап, элестетип ойгоном. Бул өлөрүмө чейин жетет. Мен бактылуумун.

– А мен бактысызмын. Сага бул эч нерсе эмеспи?

– Баары жакшы болот, балам. Айгерим сени жакшы көрөт экен. Демек, кечирет. Балдарың болот. Сен жакшы ата болосуң. Атаң экөөбүздүн катабызды кайталабайсың.

Айдар ордунан турду.

– Кетесиңби?

– Ооба.

– Кофе ичелиби?- деди Асия. Үнү ушунчалык башкача эле, уулунун жүрөгү селт этип кетти. Эч качан айрылышпагандай, эч нерсе болбогондой жай сунуштаганы да таң калтырды. Үнсүз баш ийкеди. Ошол түнү эне-бала уктаган жок. Кофе кайнатып ичишти. Сүйлөшүштү, кучакташып ыйлашты, армандарын, таарынычтарын айтышты. Учак убактысы жакындап калганда Асия ордунан турду.

– Такси чакырайын.

– Жок, мен жеткирем.

Чемодандарын салып, үнсүз кетип бара жатышты. Айдардын жүрөгү туз куйгандай ачышып жатты. Жүрөгү дал кичине кезиндегидей коркунучтан тез-тез согуп жатты. Энеси билеттерин тапшырганга бет алганда чыдабай кетти.

– Кетпе!.. Мени кайра таштаба… Сен мага керексиң. Азыр чоңойдум, бирок сен мага 4 жашымда кандай керек болсоң, ошондой керексиң. Мен сени кечирбейм, өмүр бою кечирбейм. Бирок энеге муктаждыгым бар, дал могу жеримде сага муктаждыгым бар,- деди уулу жүрөгүн көрсөтүп.

– Уулум…

– Кетпе!

Асия ый аралаш күлүп жатты. Уулу суранып жатат. Айдар “кетпе” деди. Мындан артык бакыт барбы?

– Кетпейм, уулум. Сен кааласаң, кантип кетип калмак элем?

Айдар апасын кучактай калды. Ыйлап, күлүп, экөө кайра таң алдында Бишкек шаарына кайтып келе жатышты…

 

Өз жашоосунда Айдар мынчалык бактылуу болбосо керек. Апаң бир айга кетсе же бир жума жок болсо ээнсиреп кетесиң. Ал эчен жыл ошол сезим менен жашады. Өксүгү толукталгандай, ызасы жок болуп кеткендей сезилди. Мына, апасы жанында. Күндө жүзүн, жылмайганын көрө алат. Кээде апасы кичине кезиндегидей чачын уйпалап коёт. Акырын батынбагандай бул кыймылында сүйүү жатканын сезет Айдар. Мындан артык бакыт барбы? Көздөрү кайгылуу, көз карашы терең. Ушундан уламбы, апасы ушунчалык сулуу сезилет. Жылмайганы аяр, назик, куду күлгөнгө акысы жоктой күнөөлүү жылмаят.

Эрнистин чакан үйүндө ага бөлмө бөлүп беришкен. Эртең менен туруп апасынын ага арнап бир нерселерди даярдап жатканын сезет. Сезет да жуурканына кирип жылмайып алат. Кээде атасы экөөнүн тиричилик тууралуу кобурашып жатканын угуу андан да ырахат. Үй-бүлө бакыт тура, жөн эле ушул тиричилик тууралуу сөздөр, идиштердин каңгырашы сонун тура. Эртең менен тамагын ичип алып Айдар Айгеримге жөнөдү. Билет, ал аны кечирбейт. Балким, жүзүн деле көрсөтпөйт, бирок баары бир жолугушу керек.

– Айгеримге барасыңбы?- деди атасы.

– Ооба, бүгүн келбесем, милицияга кабар бергиле, анткени колуна тийсем аман чыкпашым мүмкүн,- деди Айдар тамашага бургусу келип.

– Акыры сени кечирет,- деди атасы да күлө. Айдар чыгып кеткенден кийин Эрнис Асияга суроолуу карады.

– Качан айтасың?

– Билбейм.

– Апасын эчен жылдан соң тапкандан кийин кайра жоготуу ага канчалык оор болорун билесиңби? Араң өзүнө келди, бул соккуну көтөрө алабы? Сен анын сырткы күчтүү турушуна алданба, ал экинчи жолкусуна туруштук бере албай калышы мүмкүн.

– Калбашым керек беле?

– Эми…

– Мен да кетишим керек экенин билем, бирок ал «апа, кетпе» деди. «Өмүр бою ушул жеримде өксүк бар, сенсиз бүтүн боло албайм» деди. Аз болсо да бүтүн болушун кааладым, баасы канча болсо да болсун, мен ага карызымдан кутулбай кете албайт элем. Мен уулума карызмын. Эч кимдин энчисине баласына карыз болууну жазбасын. Бул оор жаза, жүк. Мен кете албадым, билем, кайра эле бул чыккынчылык, пастык, өзүмчүлдүк. Бирок кете албадым. Адам кээде аз көз ирмем үчүн көп нерсеге көз жумат экен.

– Эми эмне болот?

– Жашап көрөбүз. Сен капа болбо.

– Сага айткан жеңил, сени көрүп бир күндө жүз жолу өлүп, кайра тирилип жатам.

Асия биринчи жолу Эрниске тике карады, мээрим төгө карады. «Баары жакшы болот, ишен мага» деди ичинен.

ХХХ

Эшикти ачып, маңдайында Айдар турганын көрүп Айгерим селт эте кетенчиктей берди. Алгач киргизбей туруп жүзүнө эшикти жаап салайын деди. Жабайын деп баратып колдору шалдая түштү. Аргасыз үйгө киргизди. Бөлмөгө кирген Айдар анын жалгыз экенин көрдү.

– Жалгызсыңбы?- деди ал.

– Таежем базарга кеткен.

Кыз терезени тиктеп, далысын салып турду. Арыктап кетиптир. «Акмакмын мен, бул кызга такыр татыктуу эмесмин. Келесоо Айдар» деди өзүнө-өзү.

– Эмнеге келдиң?

– Билбейм, жөн эле…

Кыз ага жалт карады. Көзүнө толуп турган жаш мөлт этти. Ошол жаш менен кошо жигиттин жүрөгү үзүлүп кеткендей сезилди. Жетип барып кучактамакчы болду эле, кыз чегине берди.

– Жакындаба, тийбе мага. Сөзүң болсо алыс туруп сүйлө.

– Сөзүм деле жок, жөн эле келгем…- деди жигит шалдайып.

– Менин сөзүм бар.

– Айт…

Кыз жигиттин жанына келди да, болгон күчү менен жаакка чапты.

– Айка…

– Ооруйт бекен? Менин жүрөгүм да ооруду. Мени куурчак кылып көнүп калгансың, өзүм да күнөөлүүмүн. Күчүктөй артыңдан ээрчип, оозуңду тиктеп, эмне десең ошого макул болдум. Жетишет! Мындан ары куурчагың жок, уктуңбу? Мындан ары мурунку Айгерим жок. Муну алдагы мээңе киргиз.

Кыздын жалтыраган көздөрүн карап Айдар чын эле коркуп кетти. Анткени кызда мурун көрбөгөн бир күч бар болчу. Эмне дээрин билбей калды.

– Мени түшүн, апамды көргөндө өзүмдү жоготуп жибердим. Арак ичтим, көрүнгөн жерде түнөдүм, жок болуп кетким келди.

– Ошол учурда бир жолу “Айгерим байкуш эмне болду?” деп ойлодуңбу?

– Ойлогон жокмун. Анткени өзүмдү жоготуп жибердим. Мен…

– Дагы да болсо сен! Сенин атаң, апаң, жоготуп алган карындашың. А мен экинчи же үчүнчү пландамын. Балким, мен планыңда такыр жокмун. Мени күттүрсө болот, мени ыза кылса болот, мени тоюмда таштап кетсе болот. Ал эми кечирим сураса болбойт, ээ? Качан мен сенин биринчи планыңа кирем? Жок, айтпа, мен эч качан кирбейм. Ошондуктан биздин жолубуз эки башка.

– Айка…- деди Айдар акырын. Бир нерсе дей турган болуп барып токтоду. Анын айткан бардык сөзү туура. Бир эле нерсе жаңылыштык болчу. Айдар бул кызды өтө аяганы үчүн, ага оордук келтирбөө үчүн, өзүндөгү ыза, өксүк, бактысыздык ага тийбеши үчүн алыс кармачу. Арткы планда калтырганы да аяганынан. Жүрөгүнүн эң аялуу жеринде болгондуктан, кээде өзүнөн да коргочу. Эми азыр буларды кантип түшүндүрө алат? Селдейип эшик тарапка басты. Кыз анын аркасынан тиктеп турду…

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE