Пример HTML-страницы

Периштенин көз жашы 16 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 16 бөлүм.

 

Асман атасынын палатасынын жанында креслодо отурду. Эчен күндөн бери ушул жерде. Болгону апасы келгенде эле кетип калат. Калган учурда атасынын жанында.

– Кыйын кыз экен, атага мынчалык күйүмдүү кыз көрбөгөм,- деп күбүрөнүп жатышты медайымдар.

– Берки сары кызы бир-эки жолу келди, бирок кайра кетип калды. Бул байкуш күнү-түнү ушул жерде.

– Комадан чыгышы деле кыйын го.

Бул сөздөрдү уккан Саниянын ичи от менен жалын болуп кетти. Эч көргүсү келбеген, түшүнгүсү келбеген чындык өзүнөн-өзү калкып чыкты. Асман менен атасынын ортосундагы байланышты эч түшүнө алчу эмес. Эми гана атасы аны эмне үчүн ушунчалык жакшы көрөрүн түшүндү. Ал башкача кыз болчу. Сүйгөн адамы үчүн тоону ашып өтө алгандай күчтүү, мээримдүү, жан дүйнөсү таза кыз болчу.

– Асман, сен үйгө бар, эс ал. Мен бул жерде болом,- деди акырын гана.

Ошол учурда атасынын палатасынан медайым чыга калып врачты көздөй чуркады.

– Эмне болду?

– Атама эмне болду?

Дүрбөлөң болгон аялдарды түртүп врач палатага кирип кетти.

Асмандын бут алдынан жер көчүп турду.

“Ата, мени таштаба, суранам, ата, сенден башка эч кимим жок. Ушунча нерсенин арасында жалгыз таштаба мени” деп жалбарып ийди ичинен. Кыздын дубалары кабыл болгон жок. Канча аракет кылганы менен, Сулаймандын токтоп калган жүрөгү кайра соккон жок.

ххх

Айгеримге Айдардан “Кичинекейим, бүгүн жолугалы” деген кат келди. Жаны кашайып кетти. “Кичинекейим” деген сөзү үчүн асманга чыгып, жерге түшүп турду. Мына кайрадан кыйноо башталат. Эми гана

“мейли, өз алдымча турмушумду көрөйүн, аны унутайын” деп аракет кылып алаксып баштаганда бир кат келет. Ушуну эле күтүп тургансып кайрадан жетип барат. Жылдар бою Айдардын аркасынан күчүк болуп чуркап келе жатат. Ал керек кезинде чакырат, керек эмес кезинде телефонун албай коёт.

– Акмак! Сени сүйгөн мен да келесоо,- деп туруп телефонун ыргытып жиберди кыз. Телефондо эмне күнөө? Бир аздан соң кайра алып жазганын окуду. “Кичинекейим”. Ал эч качан минтип жазчу эмес. Эркелетчү да эмес. Демек, бир нерсе болду. Демек, ага чындап керек болуп жаткан учуру. Кыз алтынчы туюмуна ишенди. Бул жолу барбай коёюн деп чечти. Чындап керек болсо таап келсин. Дарегимди деги билет. Бир сааттан кийин телефон чала баштады. Анда да жымыйып туруп акырын өчүрүп койду.

– Айдар мырза, биз дагы телефон албай койгонду билебиз,- деди ичинен кекенип. Жүрөгү тыпырап эчен жолу колу созулуп баратса да албай жатты. Түшкө жетпей иштеген жерине жетип келди.

– Кандайсың?- деди ал кыздын көзүнө тиктеп. Ал калтырап кетти. Мына ушул капкара каректеринин бир күчү бар. Эзилип эле тиктеп тура бергиң келет. Түбүнө чөгүп кеткиң келет. Жалынына жылынгың келет.

– Айгерим дейм!

Кыз селт этти. Өзүн жоготуп тиктеп калганын сезип, ого бетер ыза болуп кетти. Көздөрүн ала качты.

– Эмне болду?

– Эмне болуптур?

– Телефон чалсам жооп бербейсиң?

– Эмне, жооп беришим керекпи?

Айдар туттугуп калды. Кызды колунан кармап өзүнө каратты.

– Тынч элеби баары?

“Жок, тынч эмес, сен менин жашоомо киргени эч нерсе тынч эмес. Дүрбөлөң, хаос” деп бакыргысы келди кыз. Бирок салкын гана колун бошотуп алды.

– Эмнеге издеп калдың, деги эле издечү эмес элең?

– Сага жаңылыктарымды айта элекмин да. Сен эч нерсени билбейсиң. Мен… Мен Аруукени таптым!

– Ыя де…

–Карындашымды таптым! Элестет, жанымда эле жүргөн экен. Мен…- жигит ушунчалык берилип бир нерселерди айтып берейин деп бара жатып кыздын кайдыгер жүзүн байкап тык токтоп калды. Буга эмне болуп калган?

– Айгерим?

– Ии?

– Сага эмне болгон? Менин сөздөрүмдү укпай жатасың го.

– Менин да жаңылыгым бар сага. Эрге тийгени жатам!

– Эмне-е?

– Атамдар болбой жатат. Мен дагы макул болдум. Сенин аркаңдан чуркап жүрүп мына 24 жашка келип калдым.

– Болгону 24. Карып кеткендей айттың го.

– Курбуларымдын баары турмушка чыгышты, балдары бар. Жолукканда балдары тууралуу сүйлөшүшөт. Мен итим тууралуу айтып берейин десем ал дагы жок. Жашоомдо негизи эч нерсе жок. Сени бар деп ойлоп жүргөм, чындыгында сен да жоксуң. Макул болдум, эмнеси бар экен?

Айдар тиктеп турду, оозуна сөз келбей калды. Чындап айтып жаткандай. Биринчи жолу бирөөнүн алдында ыйлап жибере жаздады. Кетиш керек болчу. Бир саамга өзүнө келе калды.

– Макул, туура чечим. Бактылуу бол, башка эмне дейин? Болгону шашып кетпе, күйөө боло турган жигитти жакшылап байкаштыр,- деди эч нерсе болбогондой үн менен.

Ушуну гана айтты да, басып кетти. Айгерим аркасынан тиктеген боюнча калды. Бул немеден башка эмнени күтсө болот эле? Башка реакция кылышы мүмкүн беле? Чындап эле ушунча кайдыгерби? Ыза, сүйүү, жек көрүү кыздын көкүрөгүн думуктуруп баштады. Макул, демек, тагдыр ушундай. Айдар маңдайына жазылбаса ушул да. Эми чындап күйөө издеши керек!

Машинасын мындайыраак айдап чыгып жолдун жээгине токтоду. Арууке тууралуу сүйлөшө алган адамы бир гана Айгерим болчу. Ал дагы минтип жүз буруп кетти. Башка эрге тиет имиш, жаны кашайып кетти. Башка бир жигиттин колунда кичинекейин элестеткенде көкүрөгү күйүп өрт болуп кетти. “Демек, мени сүйбөйт. Калп эле сүйөм деп ойлоп алган. Кыйынчылыкка чыдай албайт. Куду атам апамды сүйөм деп өмүр бою өзүн алдап жүргөндөй келжиректик. Сүйүү жок. Болсо менин ата-энем эч нерсеге карабай сүйүшүп ээрчишип кетип, аз убакытта сүйүүлөрү өчүп калмак эмес!” деди оюнда. Анда эмнеге жүрөгү мынчалык сыздап жатат? Эмнеге бүтүн дүйнөнүн суру качкандай супсак? Биринчи жолу баарына кол шилтеди. Ошол күнү Айдар өмүрүндө биринчи жолу арак ичти. Үйгө теңтуштары жеткирип кетишти. Эки жагынан экөө сүйрөп келе жатканын көргөндө Эрнистин жүрөгү атып кетти.

– Эмне болду? Аман-эсенби деги?

– Аяш ата, жакшы баары, коркпоңуз. Бир аз ичип алыптыр.

Өмүрү ичкен жигит эмес эле. Эрнис таң калып туруп калды.

Үйгө алып кирип жаткырып, теңтуштары чыгып кетишти. Атасы тиктеп турду. Келбети, жүзү өзүнүн жаш кези. Бирок мүнөзү, жан дүйнөсү апасыныкы. Сыртынан катуу болгону менен, өтө назик. Же назик көңүлүн катуулук менен жашырабы? Күчтүүлүгү да апасыныкы, ал эми ак көңүлдүгү өзүнүкү. “Хм, биз өзгөчө баланы жарык дүйнөгө алып келдик. Жок дегенде сүйүүбүздөн ошол калды. Мага дайыма кызык эле, биздин ааламды аласалдырган сүйүүбүздөн эмне чыгат болду экен деп ойлочумун. Шүгүр, Айдар калды”. Бул аял көңүлүнүн жарасы болчу. Эч качан кетпей турган, өлөр өлгүчө дабасы табылбай турган чоң жара эле. Мындан айыга албады. А балким, айыгууну каалабагандыр.

Ал эми Айдар уктап жатты. Түшүнө Айгерим кирди. Алыстап баратканын сезип-көрүп эле турат, бирок эч эле токтото албайт. Колу-буту байланып тургандай кыйналып жатты…

 

Асман палатадан чыккан дарыгердин жүзүн көрүп жүрөгү селт этти.

– Аман алып кала алган жокпуз.

– Атам кана? Эмне болду атама?- деди Асман бул сөздөрдүн маанисин түшүнбөй. Палатага чуркап кирди. Жүзүн жаап жатышыптыр.

– Жок, атам дем ала албай калат. Жаппагыла,- деп тиги кишинин колун кагып жиберди. Атасы купкуу, муздак экен.

– Кеткиле, мен атам менен жалгыз калам.

– Чоң кыз, андай болбойт да.

– Аз убакыт…- кыздын кескин үнүнөн баары чыгып кетишти. Алакандары менен атасынын сакалы өскөн жүзүнөн сылады. Кичинесинде алакандары менен жүзүн сылап уктачу. Атасынын жыты! Тамеки аралашкан атасынын жытын эми эч унута албас. Жүзүн тиктей берди. Мемиреп уктап жаткандай. “Дагы канча жыл жашайм, балким, эсимден чыгып кетет” деп ойлоп алды. Ушул абалында эстеп калгысы келди.

– Ата, мен сени жакшы көрөм. Мен кандай болбоюн сенин кызыңмын. Жакшы укта, тынч укта. Эч кабатыр болбо. Үй-бүлөбүздү мындан ары мен карайм. Айжанды да, өзүмдү да карайм. Күчтүү болом, ата,- деп колдорунан өптү. Бир аз убакыттан кийин эсинен танып калган кызды палатадан алып чыгышты.

Эсине келип эки жагын карады. Ордунан турганга аракет кылды. Оюна биринчи келген ысым Айдар болду. Бирок телефону өчүк экен. Шалдайып туруп калды. Аны ушул абалында бир гана Айдар түшүнмөк. Кайда ал? Кыска убакыттын ичинде агасына аябай байланып калганын сезди.

ххх

Ордунан турса Айдардын башы ооруп калыптыр. Түндө элес-булас эмне болгонун эстегенге аракет кылды. Эшик ачылганда төшөктү чүмкөнө калды.

– Тур эми, уялыштын кереги жок. Муздак айран алып келдим, ич.

– Эч нерсе барбай жатат, ата.

– Ич дейм.

Атасынын өкүм үнүнөн улам аргасыз айранды ичти. Дароо окшуп жибере жаздады.

– Эмне болуп кетти? Мынча эмне ичтиң?

– Эч нерсе.

– Аруукеге бир нерсе болдубу? Тарынышып кеттиңерби? Эмне деди?

– Жок, ага тиешеси жок.

Ошондо гана Асманды досунукуна жайгаштырганын эстеди. Телефонун издеп баштаганда атасы чөнтөгүнөн алып берди.

– Ме, муну издеп жатасыңбы?

Телефонун күйгүздү. Асман чалыптыр. Көп жолу… Жүрөгү шуу дей түштү. Дароо чалды.

– Аруш, эмне болду?

– Сен кайдасың?- деди карындашы ыйламсырай. Кечээтен бери ала албай жатам.

– Эмне болду сага?

– Атам каза болду. Комадан чыкпай калды. Бүгүн жерге берилет.

Айдардын көзү чекчейе түштү. Эмне дээрин билбей туруп калды.

– Айдар байке, мен жалгызмын. Келчи…

Айдар анын сөздөрүн угуп ыйлап жибере жаздады. Шашып кетти.

– Кайдасың сен? Азыр барам. Мына азыр баратам. Сен чыдап тур.

– Эмне болду?

– Атасы каза болуптур. Сулайман байке комадан чыкпай кечээ көз жумуптур. Мен жууна калайын, ата, сен кийинип тур. Аруукенин жанында болушубуз керек.

Айдарды көрөрү менен Асман “өх” деди. Жигит жетип келип эле карындашын үн катпай кучактап калды.

– Жакшыбы баары?

– Чыдайм мен,- деди кыз акырын гана. Эки ооз сөздө чоң нерсе бар эле. Асман кайраттуу турду. Эмне суроолор жаралса Асманга кайрылып жатышты. Анткени аялы, Айжан бир нерсе кылганга алсыз болчу. “Мен кийин ыйлайм, мен атамды жоктоп өмүр бою ыйлайм. Бирок азыр эмес” деп жатты кыз ичинен.

Узатуу аземи аяктаганча ичинен ушуларды айтып жатты.

ххх

Бир апта өттү. Асман үйдө болчу. Телефонуна келген чалууга көңүл бурду. Кутман Асанбеков деген атасынын оң колу болчу. Юрист, бир чети атасынын досу эле. Көңүлсүз алды.

– Асман, бүгүн сени офисте күтөм.

– Эмнеге?

– Атаңдын керээзи боюнча.

Атасынын керээзи. Дагы деле атасы бир жакка чыгып кетип кайра келчүдөй сезимдер менен жашап жүргөн.

– Апамдар да барыш керекпи?

– Аларга чалдым, апаң, Айжан бул жерде болушат.

– Кутман байке, балким, сиз билбейт чыгарсыз. Бирок мен… Мен атамдын өз кызы эмесмин. Менин эч бир…

– Сени күтөм, Асман,- деди да коюп койду.

Кыз түшүнбөй телефонду койду. Эртеси офиске барды. Апасы менен Айжан ошол жерде экен. Чакан кабинетке кирген соң Кутман сөзүн баштады.

– Сулаймандын дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткени баарыбыз үчүн оор жоготуу. Бирок жашоо уланууда. Андыктан анын мурасы тууралуу сөз болушу керек. Мыйзам боюнча жубайы катары бардык кыймылсыз мүлк сиздин атыңызга жазылган,- деди ал Санияга карап.

– Бир гана компания Асманга таандык.

Үчөө тең селдейди. Бири-бирин карап туруп калышты.

– Бул жаңылыштык болуш керек. Асман эмес, Айжан компаниянын ээси болушу керек. Айжан анын өз кызы… Сиз деле билесиз да, Асманды биз багып алганбыз.

– Бардыгын билем. Бирок бул Сулаймандын башынан берки чечими болчу. Башка эч бир нерсеге Асмандын тиешеси жок. Менимче, адилеттүү чечим.

– Кандайча адилеттүү чечим бул?- деп кыйкырып жиберди Сания.

– Айжан дедим го өз кызы! Канынан жаралган кызы турса, бакма кызына эмнеге өткөрсүн?

– Тилекке каршы, мындай суроону бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Маркум кандай кааласа ошондой болду. Мыйзам түрүндө чечилген иш.

Ызылдап жатышты. Сания кыйкырып, Айжан апасын жоошутканга аракет кылып жатты. Нес абалда бир гана Асман. Эмне деп сүйлөөрүн билбей отурду.

ххх

– Элестет, атам компанияны мага таштаган экен. Билбейм, эмнеге мындай кылды. Бул нерсе колумдан келбейт. Мен жөнөкөй турмушту каалайм. Тынч, эч ким менен ишим жок жашоону элестетем. Психолог болууну кыялданып жүргөм. Адамдардын жан дүйнөсүн дарылагым келет. Бул таптакыр менин ишим эмес, Айдар байке.

– Түшүнүп жатам. Бирок атаңдын каалоосу.

– Айжан анын өз кызы.

– Аруш, сен каалабаган ишти кылууга мажбур эмессиң. Баш тарт.

– Ошентишим керек. Айжанга өткөрүшүм керек. Мен чет өлкөгө кетем. Окуйм, башка жашоо баштайм. Эркин, эч кимге көз карандысыз, тынч жашоону каалайм.

– Бизди да таштайсыңбы?

– Кимди силерди?

– Атамды, мени…

Асман жылмайып алды. Эрнистин мээрим төккөн көздөрү качан болсо ээрчип карап жүргөнүн сезбей коймок беле, сезет. Бирок эмне кыларын билбейт. Атасы ушул адам экенин деле араң моюнуна алат. Каны тартат деп коюшат го. Андай нерсенин шооласы да сезилбейт. Биологиялык жактан атасы экени чындык. Ошол жүз, ошол келбет (Айдар экөө тең чоңойгон сайын Эрнистин көчүрмөсү болуп бара жатышкан эле). Бирок жүрөгү эч нерсени сезбейт, өзүнүн атасына (баккан атасына) болгон куса эч нерсе менен тең келбечүдөй. Кээде үнү угулуп кетчү. “Кызым, Асманым” деп чакырып жаткандай болчу. Кулак түрө калса эле жок. “Жок” деди Асман башын чайкай. Эрнис эч качан анын атасы боло албайт. Кайсы бир учурда ал өзүн бул укуктан ажыраткандыр, демек, бул анын тандоосу. Эми ал эч качан Асманга ата боло албайт. Мына ушуларды ойлоп турду кыз…

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE