Пример HTML-страницы

Периштенин көз жашы 13 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 13 бөлүм.

 

Эрнис ички калтыроосун араң басты. Тиги киши бейкапар сүйлөй берди.

– Жакшы сүрөтчү чыгат. Сүрөттү Сулайман Абировдун кызы тартты.

– Бул сүрөттү тарткан кыз ким? Канча жаштарда?

– Билбейм, жаш кыз, 19-20 жаштарда болсо керек. Студент иши кылып. Атасынын сыймыгы.

Эрнистин кулагы чуулдап, акылы алдастап кетти. “Жараткан, жардам бер. Балким, бул Аруукедир. Бир ишарат көргөз, эгерде менин кызым болсо бир нерсесин билейин” деди ичинен.

– Мага бул сүрөт жагып калды. Мен бул кыз менен таанышайын дегем. Өзүм да сүрөт тартам. Сүрөтчү эмесмин, бирок жаман эмес сүрөттөрүм бар. Мен бул кызды кайдан тапсам болот?

– Атасы менен устаканасында болот көп учурда. Өздөрүнөн сурап көрөм, дарегин бере бер десе берейин сизге,- деди тиги киши. Эрнис кайра барды сүрөттүн жанына. Көпкө тиктеп турду. Жүрөгүндө бир үмүт жанды. Курган жүрөк кабынан чыга тургандай дүкүлдөп согуп жатты.

ххх

– Уулум, кайдасың?

– Жумушта. Ата, эмне болду?

– Билбейм, мен…

Мукактанган атасы сүйлөй албай алдастап жатты. Айдардын жүрөгүнө да куру үмүт жандыргысы келген жок. Бирок ичинде бул жаңылыкты сактай албай койду.

– Ата, эмне болду сизге?

– Мен сүрөт көргөзмөсүнө бардым. Анда… Билбейм, менин көзүмө көрүндүбү же окшоштургум келдиби, айтор, бир сүрөт бар экен. Анда Арууке экөөң тартылгандай. Эмне деп ойлоорумду билбей жатам. Сен бул жакка келе аласыңбы?

– Барам, ата. Азыр барам.

Айдар дароо жетип барды. Атасы короодо турган. Экөө жетелеше жанагы сүрөттүн жанына келишти. Турат сүрөт. Анда өспүрүм бала боз талаада аркасында бир кичинекей кызды мингизип алып келе жатат. Айдар дендароо боло түштү. Бул сүрөт көп нерсени айтып турган эле. Ал алгачкы жолу тапкан 500 сомун, ошондогу көөдөнүн жарып сала тургандай сүйүнүчүн эстеди. Талаада кыйкырып кубанып чуркап келе жаткан Айдар. Ушунчалык даана элестеди ошол ирмем. Ыйлап жибере албай калтырап туруп берди.

– Ата, бул чын эле биз. Мен биздин айылда бир байкенин талаага суусун жыкканга жардамдашып, ал мага 500 сом берген. Эч чарчабай дикилдеп үйгө Арушту жонума көтөрүп келгеним эсимде. Бул эмне? Демек, бул… Ата, бул сүрөттү тарткан кыз Арууке.

– Эрте сүйүнбөйлү,- деди Эрнис өзүн токтото.

– Ата, ким тартыптыр?

– Жүрү, үйдөн сүйлөшөлү.

Экөө көпкө отурушту. Ичтеринде бир сүйүнүч бар болчу. Бирок сүйүнүчтөрүн да чыгара албай жөн эле отурушту.

– Сүрөтчү Сулайман Абиров деди, ээ?

– Ооба, ошентип айтты.

Компьютеринен карап изилдей баштады. Медиамагнат дешет экен көбү. Бир нече телеканалы, сайты, гезиттери бар имиш. Бирок өзү эч бир жерге интервью бербептир. Үй-бүлөсү тууралуу дээрлик маалымат жок. Сүрөтүн карап туруп бир жерден көргөндөй болуп жатты. Кайдан көрдү эле бул кишини?

– Эмне, балам, бир нерсе бар бекен?

– Эч нерсе азырынча. Эртең менен өзүнө барам.

– Коё туралы. Шектентпейли, Айдар. Андан көрө устаканасынын дарегин табалы.

– Жок, шек алдырбай эле жөн эле жолугууга барам. Сен камсанаба, ата, мен бир ыңгайын табам.

Эрнис уулун далыга таптады. Айдар ошол түнү такыр уктаган жок. Таңга маал гана көзү илинип кеткен экен. Түшүнө Арууке кирди . “Абака” дейт адатынча. Эч бир ортосунда айрылуу болбогондой жакын.

“Сени издебедимби, Аруш” деп айткысы келет. Бирок тамагы кысылып айта албай жатып ойгонуп кетти.

Таң атпай жумушуна барды. Сулайман Абировго жолугушу керек. Кеңсесин издеп таап, кабылдамасында отурду.

– ТИМден бир кызматкер келиптир. Сизде шашылыш жумушум бар дейт.

– Кирсин.

Айдар чоң кабинетке кирди. Орто жаштагы адам каршы алды. Айдар кызматташуу, эл аралык долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча сунуштарын айтып жатты.

– Мен ойлонуп көрөйүн,- деди Сулайман чарчаңкы.

– Ойлонуңуз.

– Баса, аты-жөнүң ким дедиң?

– Эрнис уулу Айдар.

– Экөөбүз бир жерден таанышкан жок белек мурун?

– Мүмкүн.

– Добушуң тааныш сезилип жатат.

– Балдарыңыз барбы?- деди капыстан Айдар.

– Эмне болду?

– Балким, балдарыңыз менен тааныштырмын.

– Жок, кыздарым бар. Эркек балдарым жок.

– Ысымдары ким?

– Кимдин?

– Кыздарыңыздын…

Канчалык шек туудурбайын деген менен Айдар эмоциясын токтото албай жатты. Сулайман бейтааныш жигитти таң кала тиктеп турду. Жүзүнө караганда гана жүрөгү селт эте түштү. Көздөрү окшош эле. Асман менен бул жигиттин көздөрүндө таң каларлык окшоштук бар болчу.

– Эмне болду, мени кайсы жерден көргөнүңүздү эстедиңиз окшойт.

– Жок, андай деле эмес. Макул, жигит, сенин сунушуңду ойлонуп көрөлү,- деди шашкалактаган ал. Жигиттин көздөрү куду бир нерсени издегенсип карап турду. Ордунан турду да, чыгып кетти.

– Мүмкүн эмес!- деди Сулаймандын чар-жайыт ойлору. – Жөн эле окшош көрүндү мага.

Адам бир нерседен качкысы келгенде эч нерсени эстегиси келбей калат эмеспи. Ал дагы эсинен чыгарганга аракет кылды. Бирок өчөшкөндөй тепчий караган көз караш эч эсинен кетпей койду. Аз убакта Айдарды анын кишилери изилдеп баштады.

Ошол эле күнү кечинде болгон маалымат Сулаймандын столунда жатты.

Сулаймандын көзүнө Айдар дагы балдар үйүндө болгону илинди. Асманды алган балдар үйүндө болгон экен. Демек, шектенүүсү бекер болбогон экен. Шалдайып отуруп калды. Ал кызды алып жатканда агасы бар экенин чын эле билген эмес. Кийин билди. Айдар изине түшкөнүн да билди. “Жок, силер аны таба албайсыңар” деди өзүнө-өзү.

ххх

Кыз сүрөт тартып отурду. Көзүн көтөрүп сыртты карады, кеч кирип калган экен. Атасы күтүп жатканын эстеди. Тез жыйналып, машинесине отурду да, үйгө келди.

– Атам келдиби?- деди үй кызматчысынан.

– Жок, келе элек.

– Айжан кайда?

– Апасы менен бир жакка кетти.

Адатынча экөө конокко кеткен экен. Апасы ар дайым Айжанды ээрчитет. Ага деле капа болбоду. Болгону кезектегидей жүрөгүн бир нерсе кырчып өткөндөй болду. Эшик ачылып атасы кирип келди.

– Атооу, эмне кеч келдиң?

– Билбейм, кызым, иштерим бар болчу.

Кыз менен ата маңдай-тескей отурду. Сулайман кызын маңдайынан өөп койду.

– Чет өлкөгө окуу тууралуу айттым эле, ээ, кызым?

– Ооба, бирок сен мени эч кайда барбайт дегенсиң.

– Келечегиң үчүн чет өлкөгө окуган жакшы эмеспи, кызым?

– Ата, мен бул жакта эле окуюн. Чындап көңүлүм жок.

– Сен дагы бир жолу ойлонуп көрчү.

– Апам дайым мени чет өлкөгө кетиргиси келчү, а сен жок дечүсүң. Эми эмне болду?

– Сен анда кичине элең. Азыр чоң кыз болдуң. Мен сага ишенем, кызым.

Кыз ойлуу отуруп калды. Эч кеткиси жок эле. Бул үйдү, бул шаарды жакшы көрчү. Бирок так кесе атасына кетпейм деп айта албай койду. Сулайман мунун баарын билип турду. Ошентсе да аргасыз болчу. Асманды чет өлкөгө кетириши керек.

– Социалдык тармактарга катталгансыңбы, кызым?

– Жок.

– Катталба, кереги жок.

– Сиз бүгүн башкачасыз.

– Мен аябай чарчадым, кызым. Өмүр бою жүрөгүңдө жүк көтөрүп жүргөндөй жашаган оор эле. Көп күнөө кылдым. Көп кишиге залал келтирдим. Мен өз жашоомду такыр мындай болот деп ойлогон эмесмин. Мен сүрөтчү болчумун. Беш тыйыны жок сүрөтчү элем…

 

– Бирок колума бир күнү ийгилик келди. Бир күнү колума бакыт келди. Алар чындап меники эмес экенин билсем да аларды меники деп ойлодум.

– Ата…

– Кызым, артыма карасам бир гана чоң шедевр жаратыптырмын. Ал сен! Келечегиң бар, талантың бар. Мендей орто заар таланттуу эмессиң. Ошол үчүн сен дагы окушуң керек.

– Ата, сиз бир аз ичипсиз, ээ?

– Ооба, бирок апаңа айтпа.

– Ден соолугуңузга болбойт да сиздин.

– Билем, бирок бүгүн ичким келди. Сен апаңа айтпа. Мен жатып калайын.

– Макул.

Сулайман өз бөлмөсүнө бет алды. Кызы аркасынан карап турду.

– Ата, мен сени жакшы көрөм.

Сулайман укту. Ыйлагысы келди. Кызды алып жатканда эч кимге билгизбейм, бул сырды эч ким билбейт деген. Бир өмүр саксактап жашады. Кызынын “сизди жакшы көрөм” деген сөзү бардык азапты жууп кетти. “Периштем” деди ичинен.

ххх

– Ата, мен көрдүм ал кишини. Оңой менен жеңиле турган адам эмес. “Кыздарым бар” деди. Эки кызы бар экен. Бири Арууке менен жашташ.

– Айдар, балким, ал биздики эмес.

– Жок, ал адамдын көзүнө тиктегенимде көздөрүн ала качты. Шашкалактап кетти. Бир жашырганы бар.

Куду ичине жалын түшүп кеткендей экөө тең кыйналып жатышты. Эрнис эртеси кайра көргөзмөгө барды. Кайра баягы сүрөттүн жанында турду. Аны байкаган көргөзмөнүн уюштуруучусу басып келди.

– Сиз бул сүрөткө аябай кызыгып калдыңыз?..

– Ооба. Хм… Балдарымдын бала чагын эстетти… Ошондон…

– Ооба, бала чак сонун кез эмеспи.

– Тарткан кызга жолуктуңузбу?

– Жок, жолуга албадым.

– Анда телефонуңузду берип коюңуз. Мен сиздин сүрөткө кызыгып калганыңызды айтып, кааласаң байланыш деп берип коём. Асман бул жерге көп келет.

– Мейли, жакшы болот.

Эрнис чөнтөгүнөн телефонун алып, номерин берейин деп жатканда тиги киши токтотуп койду.

– Керек болбой калды, тигине Асман өзү келе жатат.

Жаш кыз келе жатты. Алакандары тердеп, жүрөгү дүкүлдөп кетти Эрнистин. Кыска күрмө, бутунда спорттук бут кийим. Бойлуу экен. Чачтары түз. Аруукеники бир аз тармал эле да. Жүзүн даана карай албай жатты. Бир сүрөттү карап турду да, бурулуп түз эле эки адам турган жакка басты.

– Кандайсың, Асман?- деди тиги киши.

– Жакшы байке, өзүңүз?..

– Бул адам сен тарткан сүрөттү жактырып калды. Сени менен таанышам деп жүрдү эле.

– Ошондойбу?

Кыз түз тиктеди. Эрнистин жүрөгү жарылып кете жаздады. Мончоктой жылтыраган тептегерек көздөрү өзгөрбөптүр. Каштары, мурду, апакай жүзү… Бул Арууке болчу. Нес боло тиктеп тура берди. Асман ак чач бойлуу адам өзүн түшүнүксүз тиктеп турганына таң кала түштү. Бир саамга тиктешип калышты. Адамдын көздөрүндө терең кайгы бар болчу.

– Арууке!- деди Эрнис көмөкөйү кургап. Ичинен кыйкырды. Айтып алдым деп чочуп кетти.

– Эмне болду сизге?

– Мен…

Эрнис дагы деле турат. Бир нерсе айтайын дейт, акылына эч нерсе кирбеди.

– Мен тарткан сүрөт…

– Ооба. Кызым, бул тарткан сүрөт мага жакты. Булар кимдер?

– Билбейм, кичине кезимде бир китептен көрсөм керек. Жөн эле отуруп тартып койгом. Атама аябай жаккан үчүн бул көргөзмөгө койгонбуз.

– Мындагы эки бала… Китептен көрдүм дедиңби?

– Ооба. Же окудум бекен? Эсимде жок.

Эрнис чарасыз тиктеп турду. Эсинде эч нерсе жок.

– Дагы сүрөттөрүң барбы? Мен да сүрөт тартам.

– Көп эле.

– Асман,- аркасынан бирөө чакырып калып, кыз аны көздөй басты. Эрнис туруп калды. Эч нерсе деген жок. Сүйлөй албады. Токтото албады.

ххх

– Мен көрдүм аны…

– Кимди?

– Аруукени…

Айдар чакчайып тиктеп туруп калды. Оозундагы чайга чакап да кетти.

– Сен аны мага азыр айтып жатасыңбы? Кайсы жерде? Кана? Жүрү, ата…

– Кайда барасың? Отур.

– Ата, кайдан көрдүң?

– Албы же ал эмеспи, билбейм (Эрнис калп айтты). Асман деген кызды көрдүм. Сүйлөштүм. Жанында турдум. Эй, сен титиребей өзүңө келчи.

– Ал эмеспи деген эмне деген сөз. Сен өз кызыңды тааныбай калдыңбы?

Айдар чын эле колдорун караса титиреп туруптур. Деми буулуп кетти. Галстугун алып ыргытты. Көөдөнүндөгү муштум эт жарып чыкчудай дүкүлдөйт.

– Айдар, менде толтура суроолор бар. Биринчи ошолорду чечүү керек. Туура, ал биздин Арууке болушу мүмкүн. Бирок сен эч нерсе кылбайсың. Сен бул жолу жөн эле турасың. Түшүндүңбү? Мен кызыма жакындашканга аракет кылам.

– Ата, эмне деп жатасың?

– Болгону 4 жашта болчу ал. Бала бул жашта эмнени эстейт? Эмне эсинде калат? Тарс деп биз сенин атаң менен агаңбыз деп айта алабызбы? Кыздын жашоосун астын-үстүн кылып алабызбы? Баарын шашпай отуруп ойлонуп чечишибиз керек.

– Ата, эмне деп жатасың? Сен түрмөдө отурганда ал кызга мен ата да, ага да болдум. Мен аны сенден жакшы билем. Ал мени көргөндө баарын эстейт.

– Айдар!

– Сен ага да, мага да ата болгон жоксуң! Биздин атабыз да, энебиз да болгон жок. Түштөн кийин келип алып ээлик кылба. Сен кызың тууралуу эч нерсе билбейсиң. Мени унутуп калды деп жатасыңбы? Эч унутпадым.

Буркан-шаркан түшүп кетти жигит. Атасына өмүрү айтпайм деген сөздөр оозунан чыгып кетти. Жылдар бою чогулткан ызасы, жоготуулары эми жол тапкандай сыртка шиленип жатты. Болгонун кыйкырып алып сыртка чыгып кетти. Эрнис отурган жеринде нес болуп кала берди.

ххх

– Асманды чет өлкөгө окууга жиберем,- деди аялына Сулайман. Алыс эч кайда жиберчү эмес эле. Аялы таң кала түштү.

– Эмне болду?

– Окусун дедим. Эл көрсүн, жер көрсүн.

– Ошол элеби себеп?

Шектене сурады. Сулайман үшкүрүп отура калды. Ичиндеги бурганакты бөлүшпөсө болчудай эмес.

– Анын агасы келди.

– Эмне-е?

– Акырын! Агасы келди дейм.

– Сен атасы издегенде эле бардыгы бүттү деп айтпадың беле? «Баарын бүтүрдүм. Эч шеги жок» дегенсиң.

– Ооба, бул жолу агасы келди. Көздөрү окшош экен. ТИМде иштейт экен. Тың жигит көрүндү. Эгерде бир шек билсе… Андан көрө шаардан алыс жиберишибиз керек. Чет жакта Асманга жакшы болот, бизге дагы тынч.

– Сулайман…

– Ии?

Аялы аяп карап турду. Асман ал үчүн баарынан кымбат экенин билчү. Кээ бир убак болот, жакын адамыңа жаныңды бергиң келип турса да анын дартын өзүңө ала албайсың. Күйөөсүнө канчалык оор болуп жатканын билип турду. Бирок эч нерсе дей албады.

– Жакшы болот баары,- деди жөн гана.

– Албетте, сен капа болбо.

ххх

– Ата?

– …

– Сен кечир мени!

– Жат төшөгүңө…

– Мен токтоно албай кеттим. Мен жылдар бою Аруукени табам деп жашадым. Биздин жакындыгыбызды сен түшүнбөйсүң. Анан

«өзүм чечем» дегениңде көп нерсе оозумдан чыгып кетти. Мен сени…

– Ал менин да кызым. Жаман ата болсом да менин кызым. Ушуну унутпа!

– Макул, сен айткандай болсун. Бирок бир жолун таап мен аны көрүшүм керек. Жок дегенде алыстан…

– Кайсы жерде кайсы факультетте окуурун билдим. Эртең…

– Рахмат, ата.

Экөөнө тең оор түн эле. Эртеси эле айтылган окуу жайдын короосунда Айдар машинесинде отурду. Мынча элдин арасынан кантип таанышын деле билбейт. Сулайманова Асман, психология факультети деген нерсе бар акылында. Шарт түшүп, окуу жайга кирди. Ар бир басыгы оор боло баштады. Башы айланып жатты. Жер таяна отура калды…

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE