Көчөдө өтүп бара жаткан бирин-бири тааныбаган адамдар кандай кайдыгер көз карашта болсо, Эрнис менен Асман да ошондой өтүп кетишти. Издеп жүргөнүн байкабаган ата, атасы жанынан өтүп кеткенин сезбеген кыз. Кол сунсаң жете турган жерде өтүп кетишти. Эрнис балдар бакчасына күзөтчү болуп орношкон. Бирок кызынын документтерин эч тапкан жок. Болгону ошол жылы ошол айда үч кыз багып алууга берилгенин тактады. Бирин казак улутундагы адам багып алган экен, экөөнү кыргыздар. Эмнегедир казактарга кетти окшойт деп ойлонуп туруп алды. Айлап изин сүрдү, бирок таба албады. Айласы кеткенде жергиликтүү гезиттерге, телеге кайрылып көрөйүн деп чечти.
ххх
Сүрөттө кичине кыз менен 10 жаштагы бала. Бири-бирине ыктап турат. Сулаймандын көкүрөгү мыкчылып кетти. Дагы жакшы, кокустан бул макала көзүнө илинип калды.
– Жоготкула бул макаланы,- деди ал башкы редакторго.
– Кандайча?
– Чыгарбайсыңар. Бул сүрөттөгү кыз тууралуу бир да жерде сөз болбошу керек. Эч бир жерге чыгарбагыдай кыл. Бул сенин колуңдан келет.
– Макул.
Сулаймандын деми кысыла түштү. Тынчы кетип калды. Асманды эч качан бирөөнүн кызы деп ойлогон эмес. Бир көргөндөн баштап аталык мээрими менен жүрөгүнүн түпкүрүндө кабыл алган. Төрт жашында ооруп каза болгон кызынын ордуна келди деп кабыл алчу. Ал үчүн мындан башка чындык жок эле. Бирок чындыктын үстүнө канчалык жамаачы жамаса да, ал чындык калкып чыгып каларын түшүнгүсү келбей койду. “Асман менин кызым! Дүйнө бир жагына жылса жылып кетер, бирок бул нерсе ушул боюнча калат” деди оюнда. Бирок баары бир коркуу турду жүрөгүндө.
ххх
Айдар жумушунда эле. Ал тейлеп жаткан адамдар чет өлкөлүк эки адам жана эки кыргыз болчу. Байкаса, тигилердин айтып бергенин түз которо албай котормочу кыйналып жаткандай. “Менин ишим эмне?”
деп турганы менен, тигинин кыйналып жатканын көрүп чыдабай кетти. Жанына барып англис тилин жакшы билерин айтты. Кокусунан эле келип калганбы, тигил байкуш макул боло башын ийкеди. Илгиртпей которуп жатты. Эл аралык мамилелер факультетинде окугандыктан бир нече тилди жакшы билчү. Таятасы тажабай ташып жүрүп окуткан эмгеги кайткан эле. Айдардын жөндөмдүүлүгүнө баары ыраазы болгондой отурушту.
– Мына, жигит, акың,- деди көз айнекчен адам.
– Рахмат, жөн эле коюңуз. Мен жардам гана бердим.
– Жок, албайм.
Тигил адам таң кала тиктеп туруп, чыгып кетти.
– Бул адам ким, билесиңби?
– Жок.
– ТИМде иштейт.
Айдар ошол жерден көзгө илинди. Аны министрликке чакыртып алышты. Алгач майда барат иштерди кылып жүрүп, кийин улам тепкичтен жогорулай баштады.
ххх
– Мен кайда гана барбадым. Эч кимисинен майнап чыккан жок,- деди Эрнис башын чайкай.
– Ата, эс ал. Баары жакшы болот. Өзүңдү аябай кыйнап койдуң,- деди уулу. Бою узун, аппак чач адамды бала кезинен эле аябай жакшы көрчү. Анын айласыздыгын, анын жан оорусун жакшы түшүнчү. Эми кызым деп бир жылдан бери чуркаган далалатынан эч нерсе чыкпаганын көрүп аяп кетти.
– Мен…
– Ата, сен күнөөлүү эмессиң. Тагдырыбыз ошондой болду. Бир күнү табабыз.
– Айдар, сен мени апаң үчүн да күнөөлөбөйсүңбү?
– Эмнеге күнөөлөшүм керек? Баласын таштап коюп кабарсыз кетти. Бир жолу аркасына кылчайган жок. Сага таарынса да мени таштаганга акысы жок болчу. Эгерде бул жерде кимдир бирөөнүн күнөөсү болсо ал…
– Антип айтпа, сен эч нерсени билбейсиң.
– Ата, мен баарын билем. Кектеп отуруп ала турган адам эмесмин. Бирок карыган ата-энесин, баласын таштап бир кайрылбай кеткен адам үчүн сен өзүңдү күнөөлүү сезбе.
– Макул, бул нерселерди эстебейли,- деди Эрнис. Мен айылдагы үйдү сатайын деп жатам.
– Эмнеге?
– Оюмда бир бизнес турат. Ошону баштайын деп жатам. Ушинтип батирлеп жүрө бербей үй алалы. Сен үйлөнүшүң керек. Мен чоң ата болушум керек.
Экөө күлүп калды. Күлкү алардын жашоосунда аз боло турган. Ошол үчүн да алардын бактылуу көз ирмемдери эстеринен чыкпай тургандай сакталып калчу.
ххх
Күндөр айга алмашып, жылдар жылып бара жатты. Арадан дагы беш жыл өттү. Айгерим улам саатын карап коюп, Айдарды күтүп жатты. Алыстан көрүнгөндө кубанып кетти.
– Сени күттүрдүмбү?
– Ооба.
– Кечир.
Жигиттин жылмайганына туруштук берүү кыйын. Үшүп кетсе да ичинде бир жылуулук аралап кетти. Бул кыздын ушунчалык жакшы көрүп караганына жигиттин ичи эзилип кетет.
– Жүрү машинага…- деди ал.
– Оо, жаңы алдыңбы?
– Алдым.
– Жаңы машина деги алдың, жаңы үй алдың. Үйгө келинчек качан кирет?- жини келген кыз.
– Шашпай.
– Качанкыга чейин шашпай?
– Айта албайм.
– Анда коё бер да мени. Күчүктөй болуп артыңдан ээрчип жүрөм Бишкекке келгенден бери. Апамдар «кара далы болдуң» деп жатышат.
– Айгерим!
– Эмне Айгерим?! Жакпасам коё бер да, мен да өз жашоомду ойлоноюн.
– Сен менден башка жашоону ойлоно аласыңбы?- деди жигит тамашалай.
– Ойлоном эле. Дүйнө жүзүндө жалгыз эркек болуп сен калсаң да.
– Анда ойлоно бер,- деди жигит жүзү сустая. Айгеримдин оозу ачылып калды. Мындай болот деп эч күткөн эмес. Бир саамга сүйлөй албай туттуга түштү. Көзүнөн жаш агып кетти.
– Эй, сен эмне ыйлап жатасыңбы?
– Ыйлаган жокмун.
– Көзүңдөгү жашың эмне?
– Бир нерсе кирип кетти.
Айдар машинасын токтотуп бир саамга ойлонуп калды.
– Мен муну сага башында эле айтсам болмок. Чындап сага туура эмес кылдым. Менби…
– Эмне, гейсиңби?- деди кыз көздөрүн бакырайтып.
– Эмне-е? Жинди го…
– Башка эмне болушу мүмкүн?
– Беш жыл бою мага жабышпадың деле. Сүйөм деп да айткан жоксуң. Бирок мен билчүмүн мени сүйөрүңдү. Мени карагандай эч кимди карабайт деп ойлочумун.
– Сени кантип карайт экем?
– Башкача…
Жигит башын чайкады. Эмне деп түшүндүрөт бул кызга? Аны ушунчалык жакшы көрүп туруп, артка чегиндирген эмне экенин айта алса. Гей… Оюн кара мунун. Жинденип ыйлай албай же күлө албай отуруп калды.
– Сенин жашооңдо менден башка эч бир аялзаты жок экенин билем. Буга көңүлүм ток. Бирок эмнеге аялдыкка алгың келбейт?
– Эх, кыздар, кайда баратасыңар? Ошондо сен азыр мага сунуш киргизип жатасыңбы?
– Мен түшүнгүм келип жатат. Биздин мамилебиз эмне? Сүйөсүңбү же жөн эле күчүктөй кылып артыңдан ээрчитип жүрөсүңбү?
– Сүйөм.
Айгеримдин оозу андан бетер ачылды. Айдар бул сөздү оңою менен айтпасын билчү. Көздөрүн бакырайта тиктеп отуруп калды.
– Жашоодо сүйүү менен баары чечилип калбайт. Айгерим, эгер аял ала турган болсом, сенден башкасын көрбөй элемин. Сени биринчи класска барганыңдан бери сүйөм. Катуу сүйөм. Бирок азыр үйлөнө албайм. Андыктан мен сенин бактыңды байлагым келбейт. Чын эле убактың өтүп баратат. Сен менден жакшысына татыктуусуң. Мен азыр үйлөнө албайм. Анткени… Себеби… Менин бир карындашым бар. Мен аны издеп жүрөм. Аны таба аларымды деле билбейм. Бирок көкүрөгүмдө бул жара турганы турган. Ал жара айыкмайынча мен сени бактылуу кыла албайм. Биз балдар үйүнө өткөрүлгөнбүз. Ошол жерден айрылыштык. Мен 10 жашта, ал 4 жарым жашта эле. Жок! Эч таба албадым. Бирок тапмайынча өз жашоом менен жашай албасымды билем.
Жигит биринчи жолу Аруукеси тууралуу бирөө менен бөлүштү. Бөлүшө алды…
Кыз үн катпай калды. Жөн гана таң калды. Мынча букту, сагынычты бул жигит кайсы жагына катып жүргөн? Куду бүтөлүп турган сууну жарып жибергендей сезим болду Айдарда. Сүйлөй берди. 4 жашынан апасы таштап кеткен элес-булас элестерден баштап бүгүнкү күнүнө чейин төкпөй-чачпай айтып берди. Айгерим ыйлап калды.
– Эмне болду?
– Жөн эле. Чыдабай кеттим.
– Ыйлаба, мен бардыгын жеңдим го. Көрөсүң, буюрса, мен Арушту да табам. Атам, мен, Аруш болуп кайра биригебиз,- деди жигит кыялдана.
– А мен эмне болом?- деди кыз көз жашын сүртүп.
– Сен эч нерсе болбойсуң.
– Мен сенсиз жашай албайм. “Биринчи классыңдан тартып сүйдүм” деп айттың го. Мен сени, балким, андан да эрте сүйгөндүрмүн. Жашоомдо бир гана сен болдуң. Мен сенсиз эмне кылам?
Кыздын жаштуу көздөрүн тиктеп калды. Мындай көз карашка чыдаш мүмкүн эмес эле, Айдар ыйлагысы келип кетти.
– Айка, билбейм. Чындап билбейм. Сени өзүм менен кошо сүйрөлткүм келген жок.
– А мен сени күтөм десем…
– Канчага чейин экенин өзүм да билбейм да. Канчага чейин күт деп айта алам сага?
– Мейли, тишим түшүп, чачым агарганга чейин күтөм. Мейлиби?
Айдар аргасыз күлдү. Бооруна бекем кысты. Эч коё бергиси жок, бекем кучактап отура берди. Кыз ичинен күтөм деп сөз берип жатты.
ххх
– Айжан, чайыңды ич,- деди апасы.
– Асман ичпейт экен, мен да ичпейм.
– Кичинесиң сен. Ал университеттен тамак ичип алат. А сен?..
Сары кыз уккан жок. Чачтарын тарап жаткан эжесин суктана карап отура берди. Дайым Асманга окшош болгусу келчү. Эжесине бир өзгөчө жакындыгы бар эле. Ал эмне кылса ошону кылгысы келчү, бирок дайым эле аныкы эч окшошпой калчу.
– Айжан, чурка, тамагыңды ич,- деди эжеси.
– Сен бүгүн эрте келесиңби?
– Эмне кыласың мени?
– Билбейм, сен жок үй кызыксыз.
– Иштерим көп, жаным. Эгерде бошоп калсам сага чалам, экөөбүз, балким, бир жерге барып тамак ичебиз.
– Урее.
– Чүш-ш, апама айтпа.
Асман шыңгыр күлүп койду. Кантип сүрөттөө керек бул кызды? Сырткы сулуулук көп адамда болушу мүмкүн, бирок ички дүйнөсү жүзүнөн билинип нур чачырап турган адамдар бар го. Кыз ошондой болуп чоңойду. Кенедей арамзалык, ыза, атаандаштык жок эле дүйнөсүндө. Бир билгени жакшылык болчу. Жашоодо жалаң гана жакшылык бардай ишеним бар эле көздөрүндө. Дүйнөсү таза болчу. Кайсы бир учурда балдар ата-энесинин күнөөсүн жууш үчүн төрөлөт дешет. Эрнис менен Айгүлдүн күнөөсү үчүн, балким, бул наристе ушундай өзгөчө жаралып калгандыр. Ким билет?
Сулайман кыздарынын бөлмөсүнө кирип Асманды, анан Айжанды өптү.
– Бүгүн экөөбүз сүрөт көргөзмөсүнө барабыз. Унутпа,- деди улуу кызына.
– Макул, атаке,- атасынын бетинен чоп эттире өпкөн кыз сыртка жөнөдү. Апасына эч көңүл бурбады. Айжан аркасынан кетти.
– Ушунун баары сенин айыңдан,- деди Сания бултуңдап.
– Эмне кылдым дагы?
– Экөө тең сен үчүн мага баш бербей калды.
– Тобо, кызыксың го. “ Апаңарды уккула” дегенден башка мен эмне деп жатам?
– Сөз менен айтпайсың, кылыгың менен менин эч ким эмес экенимди билдиресиң.
– Көп сүйлөбөчү.
– Асманды эмнеге дайым бөлүп сүйлөйсүң? Экөөнө тең айтсаң болбойбу? Айжан өз кызың сенин!
– Эсиңди жыйчы, эмне болуп жатасың?
– Дайыма ушундай. “Асман, жүрү, Асман, кеттик, Асман, сен азаматсың!” дейсиң да турасың. Сен Айжанды такыр көрбөйсүң. Сенин айыңдан ал өз жолун таппай жатат.
– А сен улуу кызыңды көрүп жатасыңбы? Көрбөгөн тууралуу сөз кылсаң сен эле утуласың. Андан көрө бул теманы ачпа.
– Мен аны өз кызымдай өстүрдүм. Ошого рахмат айтсын.
– Эч убакта экөөнү өзүмдүкү же башканыкы деп бөлбөдүм. Мен аны алган күндөн тартып ата болдум. Айжан төрөлгөндө деле мен аталыктан баш тарткан жокмун. Өзүмдүкү, өзгөнүкү деп 16 жылдан бери сен бөлүп келе жатасың. Уктуңбу? Жанымды кашайтпа сен.
– Сен чындап эле экөөнүн айырмасын сезбейсиңби?
– Эмне айырма бар экен?- деп бакырып жиберди чыдамы кеткен күйөөсү. Бири менин канымдан, экинчиси башканын канынан жаралганы үчүнбү? Эй, мен ошол каныңды урганым да жок. Жүрөгүмдө экөө тең меники. Асманда менин каным болбошу мүмкүн, бирок ал менин жаным! Алып келгенде моюнумдан кучактап, колумду кармаган кыз. Ошондо эч качан анын колун бошотпойм деп чечкем. Айжанда менин каным жүгүрүп турса, Асман менин жашоомдо жүрүп турат! Түшүн ушуну… Экинчи бул теманы мага ачпа.
– Сени жек көрөм!
– Менден эмнени каалайсың, бай болгур?
– Өз кызыңды көрүшүңдү каалайм. Асмандын аркасында көлөкө болуп калышын каалабайм. Ал дагы атасынын сүйүүсүнө татыктуу.
– Мен сага окшоп экөөнүн бирин артык көрбөйм. Айжан үчүн да жанымды берем. Асманга көп көңүл буруп жаткан болсом ал да сенин айыңдан. Байкуш кызды аябайсың такыр. Качан кучактап бооруңа кыстың, өзүңдүн да эсиңде жок.
– Кетчи бар.
– Сания, бул тема жабык! Кыздар үйдө болгондо бир да сөз болбосун.
– Барчы, кетчи.
Күйөөсү чыгып кеткенден кийин аял шалдырап отуруп калды.
ххх
– Сулайман байке, сиздин жана кызыңыздын тарткан сүрөттөрүн да коюп коёлу көргөзмөгө.
– Билбейм, жаккандары болсо эмнеге болбосун, ээ, Асман? Бир-эки сүрөттү берсек болот.
– Макул, ата.
– “Жолдогу бала” аттуу сүрөттү берелиби? Менимче, сенин ошол сүрөтүң сонун.
Жарк эте баш ийкеди кызы. Жүрөгү зырп этти. Анткени ар бир көз карашында ушунчалык чоң ишеним, атага болгон сүйүү боло турган. Эгерде кайсы бир күнү билип калса эмне дейт?.. Экинчи ага минтип кайрылып, минтип карабай калса керек. Өзүнүн атасын табат. Кан тартат дешет го. Издеп жүргөн өз атасын көрсө Сулайманды минтип карабаса керек. Мейли, ал түрмөдө отурсун, мейли, ал адам өлтүрсүн, баары бир аны жакшы көрсө керек. Ошондо Сулайман эмне кылат? Асман атасын карап калды.
– Эмне болду, ата?
– Эмне болуптур?
– Мен бир жакка кетип жаткандай кыйбай карадыңыз.
– Мен сени дайым ошентип карайм, кызым. Бир күнү кетесиң.
– Кайда?
– Турмушка.
– Сени таштабайм, ата, ала кетем,- деди кыз күлүңдөп.
– Тапканын кара мунун. Мейли, сен бактылуу болсоң болду.
Ата менен кыз. Бири-бирине жанын бергенге даяр. Буларды жашоонун кайсы бир чындыгы ажыратышы мүмкүнбү? Ал дагы белгисиз болчу.
ххх
Эрнис сүрөттү жакшы тартчу. Кээде көргөзмөлөргө кирип карап калчу. Түрмөдө анын Сүрөтчү деген лакап аты бар эле. Кокусунан кирип калды бул жолу. Бардыгын карап жүрүп бир сүрөттү көргөндө оозун ачып калды. Ээн талаада аркасына наристе көтөрүп келе жаткан өспүрүм бала. Жүзүндө анчалык окшоштук болбошу мүмкүн, бирок турушунда, кийимдеринде, чачтарында Айдарга окшоштук бар эле. Анан калса дайыма Аруукени ушинтип аркасына көтөрүп жүрчү. Аркасында кээ бир учурда уктап калчу. Нес болуп тиктеп турду. Баланы аркасына көтөрүп келе жаткан өспүрүмдүн турушунда ушунча тааныш нерсе бар эле. Сыртка чыгып кетти. Акылын токтотуп, балким, көзүмө көрүндүбү деп кайра кирди. Кайра ошол сүрөттүн жанына барды. Турат! Түшү эмес экен.
– Жигит, мен бул сүрөттү ким тартканын билсем болобу?
– Мен билбейм, тетиги жерде Кумар деген байке турат. Ошондон сурасаңыз.
Жанына жетип барып аптыга сурады.
– Иничек, тетиги сүрөттү ким тартканын билсем болобу?
– Болот.
Эрнистин колдору титиреп кетти…
Уландысы бар…..