Пример HTML-страницы

Окурмандан келген кат

https://kyrgyzcha.site/?p=10194&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кун куркуроп, жарк—журк, эттип каттуу дабыш чыгарып адамдын үрөйюн учуруп бир заматта аяба каттуу шамал башталды. Жаан нөшөрлөп төгүп кирди. Сыртка жайган жуулу кийимдердин баарын ылайга булады. Жанатан бээри шамалдан коркуп бир четте турган Арийет женесинен таяк жээрини билип эки көзун жумуп , жерде жаткан кийимдерди чогулта баштады. Бирин алса экинчиси учат . Бир кыйла жүдоттү. Далбаластап , жамгырдан чагылгандын унунөн коркуп ыйлапта алган. «Коркконго кош корүнөт »— деген сыяктуу кечиндеги түрү суук добулдун жамгырдын каттуулугу ананда очошкондой тагасы менен тайженесинин жоктугу Арийетти абдан коркутту. Баарын чогултуп келип , уй ичиндеги жыйылбаган көрпөчөнүн үстүно атты да терезеге келип шатырата жаап жаткан жамгырды карап ойлуу тиктеп туруп калды. Күүгум кирди, караңгылык ааламды өз кучагыга бөлөдү. Сыртка чыгып улам улам женесин , тагасын кутот . Курсагы ачып, озогу өртөнүп , жутунуп кошунасы Адыл байкенин уйунөн чыккан даамдуу тамактын жыты мурдун кытыгылайт. Жылуу кеседеги эттүү тамак коз алдына тартылып култ эткизип шилекейин жутуп алды. Копко турду эки көзу жолдо , алыстан бир караан корунду умуттуу коздорун ушалап жакшы карады жок ал бөлөқ эле кошунасы болуп чыкты. Башын жерге салып, артын карай уйго бет алды. Ангыча жанып турган жарыкта өчуп калды. Коркуп көрпөчөсүнө барып жатып, төшөнчүсүнө башын катып уктап кетти.

 Арийет уктап жатып түш көрдү. Түшүндө алыста Москва шаарында иштеп жургон апасы колунан жетелеп, балмуздак, алып берип мандайынан өөп , эркелетип жургөн. Арийет абдан бактылуу ангыча артынан келип каардуу колдор көзун бекитти. Ал атакеси болчу.

—— ата ,,,,! Ата сиз кайдан келдиниз? Ата ! Атасы биринчи кетип, артынан апасын чакыртып алган болчу.

—— Келдим уулум! Жарк эткизип мандайындагы аппапакай тегиз маржан таштай тизилген тиштерин көргөзүп күлүп , Арийетти бооруна кысты. Уулунун чекесинен өөп , жыттап турган атасына Арийет суйлоп кирди.

,—— Ата эми кетпечи, бизди таштап кетпечи ,?

——Жок, жок уулум эми эч жакка кетпейм . Кетсемда сенсиз эч жакка барбайм. Сагындым сени.

——— Ата мен сизди жакшы кором. Сиз жакшы дуйнодогу эн жакшы атасыз деп ыйлап жатты.

Ангыча көчугунө каттуу тийген соккудан көзу жана түштү. Ыссып турган , корпочосун ачып , каардуу жек көргөн көздөрү менен теше тиктеп женеси турган болчу.

——Акмак аары жок ! Сийип коюпсунго! Сыртта суук болуп жатса кантип кургатамын баары жок сасып кетти. Тур аары ! Чоноюп мектепке бара турган бала болдун дагы эле сийип койосун ! Жетиге чыгасын жакында! Сен менен тен балдар окуп жатышат !

Козун жалдыратып, ыйлай да албай ушугөнүнөн ээги ээгине тийбей калчылдап бир бурчка барып кадалды.

Тамекисин тутотуп тайекеси кирип келди:

—— Орозгул ай болду кыл. Тундө тилинди тыйчы кошуналар укса эмне дейт. Ушунчасына чыдадык аз калды апасы келсе алып кетет.

———«Келем , келем ! Ана келем ! Мына келем »—деп карындашын да тойгозду . Келип эртерек алып кетпейби ?!

——Ээненди сени иттин катыны оозунду жап! Тилинди тый ! Бир баланы бага албайсың эптеп кудайымда ошого сага бала бербейт!

——Ырас болуптур! Шумшук ! Апаң алып кетип баксын , тигине байкен баксың шумшуйуп менин мандайыма алып келип бербей ошол кезде айтпайт белең!! Бага албайм мен деп!

———Ээ ит ! Карындашым салган акчаны алып жыргап журдунго бакканыңа ар айда акча сурап аа! Бекер бактыңбы ? Чоңоюп калган бала озу тамак жейт , тегеле жаның кыйналбады. Арийетке деп атап ыссык тамак кылганыңы такыр эстей албаймынго теги.

——Ай болду болду сеники туура ! Сага теңелген мен акмак ! — деп тайженеси оозун жапты. Кобуранып тагасы сыртка чыгып кетти.

Столдун устундо кара баштыкча турат, ичи толо эт, конфеттер . Ариеттин көзу өтуп шилекейи куюлат. Ыйлай да албай жалдырап , баштыктан көзун албайт. Көрпөчолорүнү алыштырып, жылүү жай салып , бутуп тайженеси :

— сыртка чыгып келип жат. Дагы сийип койсон козунду ойом—деп кунк этти.

Коркуп , бужуроюп сыртка чыгып келип жатып калды.

Тагасы сырттан кирип келип:

——Ээ балага бир демке бердиңби?

——Курсагы ток !

—Эмне дейсин?

—Курсагы ток болсо керек!

——Ээ манкурт ! Айбан ! Эрте менен чыгып кеткенсин шайлоо деп ! Балага ит келип тамак береби ээ ? Тур ! Тур ордундан тамак бер!

––Мен жүгүрүп жүрүп канча акча чогултук аа ?

–– Ээ баарына жаман көрүнүп кайдагыны баштадың? Эртен акча алып шайлабай коюшса төлөймүң. Ит болобуз!!

––Шайлоо күнү барып карап турамын. Баары мага көргөзүшүп анан салышат.

Ордунан туруп козу бакырайып жаткан Арийетке баштыктан эт алып чыгып кесип , конфет майда чуйдону алдына коюп озу жатып алды. Тагасы менен тайженеси суйлогон сайын арактын жыты буркурайт. Абдан жагымсыз жыт! Арийет ойлуу тамактанып жатты. Коз алдына апасы атасы тартылат. Эркелетип мандайынан ооп ,жыттап жаткан кези .

Сагынды кичинекей наристе апасын ,атасын сагынды куса болду. Сагыныч сай сөөгүнү сыздатып, көп ооруй турган болду, арыктай да түштү. Бекинип кун алыс ыйлап та алат.

 

Эртеси уйгө коноктор келишти . Абдан көөп адамдар. Эки кой союлуп, казанда шорпо кайнап эти менен экинчи казанда аш демделип жатты. Кара иномаркада чыкыйып кийинген кишилер келип , айыл апаларга акча таркатып жаттышты . Баары ыраазы . Акчаларды алып суйунуп ман дайында кулку баарынын.Жайылган даторкондо түркүн тамактар, жемиш жашылчалардан алып жээшип жанны эле келген адамды мактап жатышты.

Аксакалдар эттен туурап жеп, ар бир сөзүндө баттасын берип каало тилектерин айтып жатышат.

Арийет эч темкеге акылы жетпей баарын таныркай карап курсагы тойгонуна суйунуп журөт. Апасынын «Эр Манас» жөнундө айткан уламышы көз алдына тартыла түштү. Оюнда бул киши «Эр Манас» . Ичинен мен да чонойсом ушундай баатыр акчасы көөп киши болом деп ниет кылды. Ангыча ойноп жатып жолго чыкты. Арткы кочодо да ушундай эл чогулуп майрам кылып жатышат. Ал жакты да карап , оз ойюну менен алек. Тээ адыр жактан келе жатканда эки туп алма бар. Ошол алманын дарактын астында Бакай чон ата озу олтурат. Элге да кошулбай озу менен озу. Ал кишиден бардык айыл апа , эркеги да аялы да тайсалдайт. Той топурларда баарын көзөмөлдөп , башкарып турат. Арийет жугургон бойдон ал кишинин астына барды.

—Ассаляму алейкум! Бакай чон ата.

——Ва алейкум ассаляму алейкум уулум.

— биздин уйго журунуз . Той болуп жатат. Аш бышырышты, кой сойду. Уйго кара унаасы бар баатыр байке келди.

 

—Кайдагы баатыр! Ал жеп чычаар ! Элдин акчасын тоноп кайра мына акмактарды алдап өздөрунө таркатып жедирип жатат ! Эртең кайра кан соргучтай эки эссе төлөтүп алат….А бул акмактар Мин сом учун оз балдарынын ырыскысын кыйып, келечигин сатып жатышат! Акмактар ! Мындай адамдарды чекеден атып салыш керек. Тартип жок! Ыйман качты ! Чындык жок ! Канчалаган эр азамат уулдарыбыз , кыздарыбыз тентип чет өлкөдө туалет жууп , көчө шыпырып, кор болуп журушөт. Ошол жерде өлуп кеткени канча. Келе албай калып кеткени канча !!! –деп тиштенип муштумун түйдү.

— Анда бул киши ким ? Эмнеге тагамдарды алдап жатат.

— Бул кишилер президентке шайланып жаткан харам тамактар!

— Чон ата « президент» —деген ким?

— Сага кандай тушундурсом. Президент бул уйдогу« ата» деген болот. Ал ошол уйдогулорду башкарат. Баар жокту камсыздайт. Уулдары , аялы анын айтканын аткарышып, тапканын үнөмдөп , уйдөгу кичинкей балдарын тойгузуп карайт. Ата уйдө акылдуу, кучтуу, каардуу , сөзу өткөөл болсо , чындыкты сүйлөп үй бүлөөсүн токчулугун, бутундугун , тынчылыгын ойлосо үйдө уруш жанжал болбой , баары баш ийип бир жен,бир жакадан баш чыгарышып ынтымактуу бир уй булоо болушат. Четтен келген бир да адам батынып таш эмес сөз да ата албайт.

Ушундай балам. Президент бул элдин адамы , өлкөнун атасы болот. !!

Азыртан элди алдап акча берип элди сатып алып жатабы демек ал адам эртен элди да кудум азыркыдай кылып , жерин суусун кошуп сатып кетет.!!! Кыргызымды жок кылат!!

Мындай акмактарды шайлабаш керек ! Кыргыз деп соккон журокту шайлашыбыз керек.

——Чон ата ушундай инсан барбы арасында.

— Албетте уулум бар. Мен ошол инсанды шайлайм,!!

Азырынча мен жеке озум !

— Чон ата менин апамда атамда келе жатат. Аларда ошол кишини шайлайт. Атакем менен апакем жакшы сиз айткан инсады шайласа Москвага да барышпайт. Менин жанымда журушот.

——Туура уулум акылына балли!

Арийет алыстан тагасын көруп Бакай карыя менен коштошуп жугуруп жөнөп кетти. Тагасы телефон кармап кулуп жээнин тосуп алды.

— Мээ атан телефон чалды.

— Ало ! Ало ата! Атоо

—— Оо уулум амансынбы?

——Ооба .

—Чоон жигит болуп жатасынбы?

——Ооба .

Мен апанды алып эртен самолёт менен учуп барабыз уулум бир кун чыдай тур.

— Макул ата. Стильздерди сагындым кутуп жатамын. Телефон дун артынан апасынын жалынып садага кетип жаткан созун угуп турду.

—— Аа жакшы уулум жакшы. Сага эмне алып барайын?

——Ата келип шайлоого катышыныз . Кыргыз деп соккон журокту шайланыз.

—— Ээ уулум эмне дейсин? Ха ха ха аа ата уул чоноюптур менин уулум эр жетиптир.

Макул уулум , биз албетте татыктуу эр азаматты шайлайбыз… Макул аман тур. ….тут туут тут.

Телефон очту….

Арийет этке да жаш балдарга берип жаткан оюнчуктарга да карабай эринин кессе тиштеп ,чонойсом мен «Президент» болом деп жапжаш журогуно колун койду. …… аягы.

 

 

 

Жаштын тилегин берет эмеспи! Ариет эр жетип кыргыз элиме кереги тийген эр азамат болсун!!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE