Өкүнүчтөрүм көбөйгөн сайын,уламдан улам,алдыга, келечекке умтулбай,артка, өтүмүштөрүмүмө кетенчиктечү болдум.Балким, бул кылыгыма таң калаарсыз,бирок, алдыга умтулуп,дагы бармак тиштеп өкүнгүм келбей,жүрөк ооруткан өтүмүштөрүмдүн өкүнучтөрү менен жашаганым оңбу дейм-деп көзүнөн аккан буурчак жашын аарчып,маңдайымда олтурган айымга боорум ооруп турду.Жанаарак айым менен жолугушууга келе жатып,дүкөндөн алган суумду ачып,колуна кармата калдым.Бир аз эс алгандан кийин,мени карап кайгылуу жылмайып алды.
-Сиз меникиндей окуялардын көбүн уксаңыз керек.Сиз үчүн баары бирдей болсо керек.
-Жок..жок..андай ойлобоңуз.Мен көп окуяларды жазып,элге тартуулаганым менен,ар бир каарманыма ар башкача мамиле кылам.Ар биринин окуясын чын журөгүм менен угуп,жардам кылгым келет-дедим мен.-Канча жаштасыз?
-Жыйырма учто.Билем,сиз таң калаарсыз.Чынын айтсам ушундай жашоого кантип келип калганымды билбейм.
Мен үй бүлөөдө эки кыз,эки уулдан кийин келдим.Кичүүсүмүн, эркесимин.Мектепти бүтүп,шаарга келип,Орус-Славян университетинде окуп калдым.Саясатчы болуу кыялым эле.Экинчи курсту окуп баштаганымда, өзүмдөн үч жаш улуу Самаган менен таанышып калдым.Бою узун,татынакай, мүчө келбети келишкен жигит.Экөөбүз бат эле тил табышып,аз убакыттын ичинде кыз-жигитке айландык.Ал да мен окуган окуу жайда окуйт.Ээрсишип келип,ээрчишип кетебиз.Бизге ар бири суктанышчу. Айрыкча,кыздар мени жаман көздөрү менен карап калышканда, өзүмдү ушул жигиттин жанында жүргөнүмө,ал эми ал досторунун, дегиле дайыма колумдан кармап,жетелеп басканыбызда менден өткөн бактылуу адам жок эле.Анын ата-энеси бай,колунда бар,шаар ичинде көрүнүктүү адамдар.Кудайга шүгүр менин ата-энем да колунда бар.
Кыз-жигит болуп,бир жыл өткөндө,мени ата-энеси менен тааныштырды. Дароо эле апасына да,атасына да жагып,баш кошууга тойго даярданып,дүңгүрөтүп той берип,баш коштук.Келиндик кызматымды жакшы деле кылган жокмун.»Окууңду таштабайсың» деп Самаган экөөбүз күндө эртең менен үйдөн чыгып кетебиз.Ал кезде ал окуусун бүтүп иштеп баштаган.Мени окууга жеткирип коюп,өзү жумушка кетет,а кечинде болсо мен ага тамагымды жазап алып күтүп турам.Ошондой бактылуу күндөрүбүздүн баары бир күндө кайып болуп кетти.
Адаттагыдай, мени окууга жеткирип коюп,Самаган жумушка кеткен.Коштошуп жатып,»бүгүн окууга барбай эле сени менен барайынчы жумушуңа» деп жалбарганыма, кыткылыктап күлүп,»менин эрке кызым го,бактыма жолкккан сага ыраазы берекем менин»деп, бир топко жаш баладай алдына алып олтуруп алып,чачымдан сылап,жыттап, отуруп кеткен болчу.
Экинчи сабак бүткүчө эле,жүрөгүм уйгу туйгу болуп,көкүрөк тушум талыкшып ооруп чыкты.»Бул эмнеси?»деп өзүмдү кармайын деп аракет кылам,»Жаным, жакшысыңбы?Үнүңдү уккум келди»деп Самаганга кат жазсам жооп жок,сабак бүтөөрү менен чалсам,»телефону өчүк» деди,жумушуна чалсам да жооп болбоду.Ого бетер беймаза болуп,такси кармап,үйгө келдим.Эшиктин алдында машиналар көп,дарбаза чооң ачылып турат.Кирип баратсам,алдымдан чыккан адамдар «Арты кайрылуу болсун!Сабыр кылгыла»деп сүйлөп коюшат.Мен түшүнбөй,оюмдун баары эле,үйдүн ичине жетип Самаганды көрүү болчу.Үйдүн ичине кирээрим менен эле,аялдардын ыйлагаг үнү угулуп баштады,конок бөлмөгө баш баксам эле,төрдө кайынэнем кара жамынып ыйлап жатыптыр,аялдардын сооротконуна карабай.Мени көрүп эле «Нурайыыыым. ..Нурайыыыым. ..Самагандан ажырадым…Нурайыыым. .»деп башын ургулап кирди.Мен турган ордумда катып эле,»Самагандан ажырадым…» деген сөз кайталана берди.Бир аздан кийин гана,тизелеп барып эле кыйкырып кыйкырып алдым.Андан кийин эс учумду жоготуп коюптурмун. Ойгонсом,Самаган экөөбүздүн бөлмөбүздө жатыптырмын. Эшикте эбак эле караңгы кирген.Бөлмөдөн чыгып,биринчи кабатка түшөйүн десем,эжем(кайынэнемдин сиңдиси)алдымды торой калып,кучактап эле бөлмөгө кайра алып кирди.»Кайрат кыл,кызым.Ким ойлоптур жапжаш кетээрин» деп букулдап ыйлап киргенимде, кучактап,сооротуп бир топко олтурдук окшойт.Көрсө, Самаганым менден кеткенден кийин,Камаз менен сүзүшүп авария болуптур.Жадакалса, ооруканага жетпептир,алтыным.
Турмушка чыкпай,бир айдын ичинде кара кийинип калам деп күтпөгөн элем.Ажал келсе,даярсыңбы, жокпусуна карабай алып кетет тура.Самаганымды жерге бергенден кийин,мен өз бөлмөмдөн чыкпай калдым.Канчалык аракет кылсам да,анын ар бир кыймылын эске салган бул үйдө басып жүрө албадым.Сүрөтүн анын жаздыгына коюп алып сүйлөшө берчү болдум.Бир күнү апам келди.»Кызым, билем сага кыйын болуп турат.Кагылайын, жок дегенде Самагандын ата-эненсин кыйнабачы,алтыным. Алар да.жалгызынан айрылып,күйүткө батып турушат.Сабыр кыл кызым»деп кетти.Ошондо гана эсиме келип,бөлмөмөн чыгып,бир аз да.болсо кайын энем менен атамдын көңүлүн көтөргөнгө аракет кылганга өттүм.Бир кунү эшиктен кирип келе жатсам,кайын атам чыгып бара жатыптыр.Ал өткүчө,башымды ылдый салып,ийменип туруп калсам.»Сен күнөөлүсүң, уулумдун өлүмүнө»деди. Ал сөздөн жалт этип,башымды көтөрүп карасам,жек көргөн көзү менен мени жекирейе карап туруптур.» Атаа..»дедим көзүмө жашым толо.»Өлүмүнө дал сен жооп бересиң.Сен! «деп колун кезеди да,чыгып кетти.Ошол күндөн баштап,экөөбүз бет маңдайлаш келип калганда,» Уулумдун өлүмүнө сен жооп бересиң.Сен күнөөлүсүң» деген сөздөрдү айтмайынча, кетпес болду.Ансыз да жалгызымдан айрылып,азап чегип жүрсөм,кайынатамдын сөздөрдү ого бетер мени чүнчүтүп жиберди.Арыктагандан арыктап,бир да аш тамагымдан өтпөйт,түнү болсо Самаганымдын сүрөтүн бекем кучактап алып,ыйлап жатып,таң атырам.
Кыркылыгы болуп өткөндөн кийин,тууган уруктар тарап,өзүбүз эле чоң тамда жалгыз калдык.
Ошол күндөрдө кайын энемдин жүрөгүнөн приступ берип,ооруканага жатып калды.Күндө тамак жазап алып барып,кайра келчүмүн.Бир күнү келсем,кайын атам конок бөлмөдө олтуруптур. Учурашып,» тамак ичесизби?» деп сурасам,» жок»деди.Мен өз бөлмөбүзгө чыгып,адатымдай эле Самагандын сүрөтүн кучактап алып,сүйлөшүп жатып уктап кетиптирмин. Бир маалда дем жетпей,кысталып жатып,ойгонуп кетсем,кайын атам күшүлдөп,үстүмдөн чыгып,кийимдеримди чечкенге аракет кыла баштаптыр.» Апааа…»деп кыйкырып жибердим.Аны менен алышып,дегиле үстүмдөн оодара албайм.Акыркы эки айда аябай арыктап алсыз болуп калыпмын,күчум жетпей койду.Колдорумду катты кайрып алып,»Ата. ..ата…бул эмне кылганыңыз. Эсиңизге келиңизчи.» дегениме карабай,башка- көзгө ургулап,» Уулумдун өлүмүнө сен күнөөлүсүң» деп кыйкырып жатып,өзүнүн ыплас ишин бүтүрүп,бөлмөдөн чыгаарында, «бир кишиге үн чыгарсаң,өлтүрүп коём»деди да,чыгып кетти.Мен алсыз,күчүмдүн баарын ыйдан чыгарып,» Эмнеге?Кайсы күнөөм үчүн?Менде кандай өчүң бар эле?»деп сыздап жаттым.Самаганымдын сүрөтүн издеп,айланамды карасам,жерде айнеги сынган бойдон жатыптыр.
Айым ошол маалда,чөнтөгүнөн сүрөт алып чыгып,мага сунду.Сүрөттө ак жуумал,жакшынакай жигит жылмайып карап турду.
-Андан кийинки жашоом элес булас.Көп эстей албайм.Балким, баары кошул ташыл болуп,мээме доо кетсе керек,айтоор, билбейм.Күүгүм тартыш болуп калганда,үйдөгү кийимим менен,ата-энемдин үйүнө бардым.Эшикти ача берген апамдын.» Ээ Нурайым,кейпиң кантет?Эмне болду,кызым? Кийимиңди эмне тыттың?»деген сөздөрүн билем.Андан кийин эле эч ким менен сүйлөшпөй,өзүм менен өзүм болуп жүрүп,бир күнү үйдө эч ким жокто,шкафта турган аракты ичип алыр,ошондон аны менен дос болуп алдым.Алсыз экенмин.Күчтүүмүн го деп ойлочумун.Эрксиз экенмин.
Мен курактуу кыздар үй бүлөө күтүп,же карьера кылып,курбу- достору менен журсө,мен минтип,таштанды менен аралашып,бир күн менен жашап калдым.
-Ата-энеңизчи? Алар сизди карабай койдубу?
-Жок,карашты, албетте.Доктурларга да көрсөттү,бирок, мен баары бир эле оңолбой койдум.Алдыга Самагандын сүрөтү гана калды андан.Жок дегенде.боюмда. болуп калса эмне,ошол наристеге болгон мээримимди төгүп жашайт белем.Тирүүлүктөгү адамдардан да,түшүмдөгү Самагандын түшүмдө мени карабай таарынып турганы кыйнай берет.Бирок, …..Тээтиги дүкөндүн-деп, кабат үйлөрдүн катарынан кабыл алган кичине дүкөндү көргөздү.-Ошол жердин бош айнек бөтөлкөлөрүн тазалап,жууп берем.Акысына бир аз жегенге тамак аш менен арак куюп берет.
-Мени кайдан тааныйсыз анан?-дедим
-Өткөндө,тиги дүкөндөн газетадан көргөм сүрөтүңүздү. Капар деле алган эмесмин.Кече болсо,дал маңдайымдан чыгып,кайыр сурасам,акча бере калганыңыздан, жашоомду айтып,балкии, бир аз да болсо элге сабак болобу дедим.Эч качан мендей болуп калбагыла.Күчтүү болгула дейт элем.
Экөөбүз бир азга жымжырттыкта туруп
-Иштейсизби? -дедим.
-Кайдан,мени мындай ырайым менен ким алмак эле..
-Жок,мен таап берейин,иштейсизби? Үй жыйнап..Азыр. .күтө туруңуз-деп бир тааныш эже бар болчу,эки кабат үйүн той топур,банкеттерге арендага берчү.Дароо эле ага чалып,жагдайды айтсам,»макул, алам»деп эле шарт макул болду.Базарга барып,бир азга үстүн жаңыртканга акча карматып,андан кийин тааныш эженикине жеткирип койдум.Буюрса, оңолуп,жашоодо өз.ордун табат дегенге ишенемин.
P.S.Мен досумду чынында аябай сыйлайм.Боорукер дагы.Өткөн жекшемби күнү эле,ошол досумдун туулган күнү болду.Тааныш эжесинин үйүнө барып,өткөрдүк. Алматынын чет жагында экен.Мурун бул окуяны окурмандардай мен да журналынан окуган жайым бар эле.Туулган күндө сыртта,досум экөөбүз турсак,ашканадан жакшынакай сулуу кыз чыгып калды.Досум
«Нурайым, кандайсыз.Жакшы жүрөсүзбү?Жагып жатабы?»деп сүйлөшкөнүндө гана ошол мен окуган окуянын каарманы Нурайым экенин түшүндүм.Эмнеси болсо да,жашоосун жакшы нукка буруп алганына,себепчи болгон досума ыраазы болуп турдум.
Дагы бир нерсе,орус тилинен кыргызчага которуп жаздым.Катачылыктарга коз жумуп коюнуздар










