Пример HTML-страницы

Өкүл ата

https://kyrgyzcha.site/?p=52652&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өкүл ата

 

 

Тойго бай, берекелүү күз айы. Алма-бак шагын ийип, кампадан жер-жемиштердин жыты буркурап, дыйкандар эгин-тегинин сатып капчыктары тыйынга толуп, көңүл деген жайдары. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, мен да үйлөнүү тоюңун камын жеп жүрөм. Даярдык аста-аста. Кечээ эле жеңелерим Дордойго барып тойго белек-бекчегин, кудаларга кийит алып жетип келишти. Аюу фирмасында иштеген досум менен арак-шампанын арзаныраак сүйлөшүп, акчаны болушунча үнөмдөп жатам. Тааныш тамада таап, үч жүз доллар дегенин эки жүз долларга түшүрүп, акчаны дагы үнөмдөп калдым. Туура да, тойго сүйлөгөнгө тилин, микрофон кармаганга колун көтөрүп келгени болбосо тамаданын эч нерсеси коробойт. Тойду Токмоктогу ресторанда тойломок болдук. Арзан, экинчи жагы үйгө жакын. Ал жактын жасалгасын да жайгарып, үйгө келатсам алдымдан агам тосуп:

— Чакыруунун баарын таркаттыңбы?-деди.

— Ооба, үйүнө чейин, жумушуна чейин жеткирдим, колум жетпегенине сүрөтүн тартып, вотсаптан жөнөттүм. Баарысына тең “тамада сиз келгиче тойду баштабайт” деп эскерттим.

— Өзүм дегенде өгүздөй эле күчүм бар деп бекер айтпайт да, бул жагын келтирипсин,- деп дароо чуркап кетти атама отчет бергени. Каякты караба, агама окшоп чуркаган эле адам.

 

***

 

​ Баягы, Талант касапчы байлоодогу жылкы баласын ноктосунан жетелеп, “Батага жүргүлө!” деп көлөкөдө олтургандардын шаштысын алып, алманын ичине чакырды. Союшка бата кылган соң аксакалдарды чайга киргиздим. Бир заматта куурдак даяр болду. Эки жоон чыкты жакшы байланган мал экен! Кошуналар чучук жасоого киришти, женди чыканакка чейин түрүнүп, ары-бери мурч-сурчун даярдай салып, той алдынан дедим да бирди бузуп, жүздөн алдырып жаткам. Атам чакырып калды. Колум чылкылдаган казынын майы, салааларымда кызыл-тазыл мурч. Мурдумду шуу тартып ички үйгө баш баксам, Бакайдай болуп, төрдө малдаш куруп атам отурат.

— Колунду чайкап келчи, сүйлөшчү сөз бар, — деди каадалуу кеп козгочудай.

— Шашылышпы, ата!? Очокканада чучук жасап жаттык эле.

— Чучукту түйчү адамдар толуп атат… — Төрдө апам да олтуруптур.

— Ооу, ата. Жайчылык элеби?!

— Жайчылык, жайчылык… Апаң экөөбүз сени менен өкүл атаң жөнүндө сүйлөшөлү дегенбиз. Кеңешип көрүп, сага Жолдош аяш атаңды өкүл ата коймок болуп жатабыз, не дейсиң, сенден бир ооз сурап коюш биздин парз.

— Апей, Ата!….

— Сен сөздү бөлбөй, биринчи уксаң! Беш күн мурун Жолдош экөөбүз чогуу мончодо болгонбуз. Кызып калдымбы же ээрип кеттимби билбейм, “Сени өкүл ата коем” деп ага убада берип койдум. Жолдош дагы жетине албай “Сенин уулуна өкүл ата болуш оңой бекен. Ушунча адамдын ичинен мени тандапсың, Туке дос!” деп жетине албай олтургандарга арак-шарабын алып, жууп да жиберди. Элдин көзүнчө балаңа батирдин ачкычын берем деп сөз берди. “Тойдо элдин алдында ачкычын тапшырам, ырас болду, аяшыңар тогуз ай көтөрүп толготпой эле балалуу болду” деп кубанычы койнуна батпайт байкуштун. Эмне, Жолдош деген жаман адамбы? Таап алышсынчы андай өкүл атаны!..

— Ата, кеп анда эмес. Менин өзүм шайлап алган өкүл атам бар. Мен, Айбекке канча жыл мурун сөз берип, кол алышып койгом — деп чалкаман кеттим.

— Көп сүйлөбөчү, Айбегиң эмне, ал эне сүтү оозунан кете элек бир жаш бала! Анын биринчи өзүнүн үй-бүлөсүн тыңыраак багып алсынчы. Жолдош болсо эртең министр болгону турат. Тааныштары дагы көп. Жокинди өкүл ата койсоң, эртең ошо Айбегиң эшигиндин алдына карыз акча сурап, өзү келет. Түшүнүп жатасыңбы? Апаң экөөбүздү угуп туруп, иш кыл, балам!..

— Ата, мен акчаны биринчи орунга койбойм. Каерден болсо да жарты нан табылат. Мага адамдык намыс керек. Эртең эле досторум айтып чыгат да. Жолдошту кызматына карап өкүл ата коюп алды деп. Силер дагы мени түшүнгүлө!..

— Кандай сен кеп укпаган немесиң! Мен Жолдошко мончодон балдардын көзүнчө убада бергем. Жууганбыз. Ал сага батирдин ачкычын берем деп жатат. Кандай түшүнбөгөн немесиң, буга эмне болгон, ия?! Атам улам сен да сөзгө кошул деп апама карап коёт.

— Түшүнүп жатам, ата! Айбек экөөбүз студенттик күндөн ынак өскөнбүз. Ошондо эле аны өкүл ата коймок болгом. Өкүл атам болосуз деп андан канча жолу акча алдым, кызыма жолугаарда гүлгө дагы тыйын алчумун. Сизден эмес Айбектен акча алчумун. Канча жолу жардам берди, кайсы бетим менен сөзүмдү артка алам!. Отурган ордуман тегеренип кеткендей болом.

— Эй, бала! Мен сага Жолдошту татыктуу ата болуп, тарбиясын берсин деп жатам.

— Мага, сиздин берген тарбияңыз жетет! Ашыкчасы менен!..

— Ой, бул эмне дейт?! Эмне, атаңды уят кылайын деп жатасыңбы? Жолдоштун колунда бар. Бай. Миллионер. Көтөрөт сени!..

— Ата, азыр Жолдошко караганда жаштар Айбекти сыйлашат. Айбекте Жолдош акчага сатып ала албаган нерселер бар.

— Мени угуп, Жолдошту өкүл ата коёсуң, болду, сөз бүттү!

— Кантип? Айбекке он жыл мурун сөз берип койсом. Аны баары билет. Эртең анын бетин кантип карайм!?

— Мен дагы Жолдош досумдун бетин кантип карайм. Баласына сөзү өтпөй калган экен дебейби. Атаңды ойлосоң, Айбекти дагы койбо, Жолдошко дагы жок! – деп ызааланган бойдон сыртка атып чыкты.

Жанатан бери адатынча демин ичине алып, атамды үндөбөй угуп отурган апам баш көтөрүп:

— Э-ээ, балам, атаң менен той алдында бекер кер-мур айтыштың. Аны уксаң болмок… Бөлөк-бөтөнгө эмес, өз канынан жаралган баласына күйүп атат да, бекер кылдың… — деп башын чайкап, отурган жеринен туруп кетти. Мен гана соксоюп жалгыз калып, “Кудайга шүгүр дагы, тандаган колуктумду да биз тандаганга үйлөнөсүң деп аны чанып, ага каршы чыгышса эмне демек элем?..” деген ой башыма келип, бүткөн боюм чымырап кетти.

 

 

***

 

Беште башталат деген той жетиден өтүп барып башталды. Баягы тизмеде жазылган меймандар жуп-жубу менен ээрчишип кирип орун алып жатышты. Арасында Жолдош аяш атам менен Айбек ага досум дагы бар. Экөө тең окуянын чоо-жайын түшүнбөй эле калды. Түркүн даамга толгон дастаркон үч жүз кишиге даярдалган. Чогулган коноктор ортодогу сакалчан тамаданын айтканы менен болуп, биринчи тыныгуу дагы башталып, ортого чыгып, өмүрлүк жарым менен жеңил бийге түшкөнү жатсам Жолдош аяш атам экөөбүздү кучагынан чыгарбай: “Сүрөткө чогуу түшүп алалы” деп демилге көтөрдү. Кайдан-жайдан шуулдап пайда боло калган сүрөтчү “чырк” деп тартып, кайра зуулдап топту аралап кетти. Жолдош аяш атам басып келип, мени колтуктан алып сөзүн баштады. Кызып калган экен. “Балам, бактылуу бол! Ачыгын айтсам, мени өкүл ата коём дегендер четтен чыгат. Сен менден баш тартып койгонуңа таңгалдым. Чынын айтсам, сага өкүл ата болоюн деген ниетим бар болчу. Бир өкүл балам журналист болсо деп кыялданчу элем. Эми болоору болду. Кеп анда эмес. Балким, сенин дагы чындыгың бар. Эми биз бүгүнкү жаштардын ою кандай экенин түшүнбөйбүз да. Мисалы, азыр менин он эки өкүл балам бар. Ойлосом, анчаны эмне кылам. Пайдасы деле жок. Кээ бирөөсүн тааныбайм деле. Кыялбайт экенсин “жок” дегенге, баш тарта албай макул боло бергем. Үйлөнсө нике шакегин алып берем, кудасына барам дегендей. Балалуу болсо дагы бир нерсесин сатып берем. Албетте, чөнтөккө эле күч келет. Бир күнү жиним келди. Айылдагы сарайга барсам, малдын кыгы тоодой үйүлүп кетиптир. Өкүл балдардын вотсабына бирден жазып чакырдым. “Эртең айылдагы үйдө саат онго чогулуш” деп. Эртеси таң атпай “Тыңчылыкпы?!” деп жетип келишти. “Баары жайында болгону мобу кыкты жүктөп чыгып, талаага төгөбүз” дедим. Баары бир-бирин тиктеп, күлүп калышты. Бажыда иштеген өкүл балам “ Ата, бирөөнү жалдап эле бүтүртүп алыңызчы” деп чөнтөгүнөн сегиз мин санап берди. Беркилер эки минден чогултуп, колума карматышты. Эмне кыласың? “Силердики да туура, деп чай үстүндө саясаттан кеп козгоп тараганбыз. Бирок, балам сенин бир сөзгө турган көктүгүң мага жакты. Эч качан байлык, бийлик, мансабына карап мамиле кылба. Анын баары бүгүн бар, эртен жок. Көрүп жатабыз го.

Өкүл ата болом деп өпкөсү көөп, ою ордунан чыкпай калган Жолдош аяш атам аркы четте жердин мээсин түшүрө тепкилеп, бийдин сазайын берип жаткан топтун бирине кошулуп кетти. Мен жанатан бери жаштар ортого алып, биринен сала экинчиси менен бийлеген болочок келинчегимди белинен имерип, турмуш жолуна өзүбүзчө аттанган сымал чарк айланып бийлеп кеттик…

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE