Пример HTML-страницы

Мыкаачы өгөй эне 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=35461&preview=true Кызыктуу окуялар.

?МЫКААЧЫ ӨГӨЙ ЭНЕ

6 — БӨЛҮМ

 

 

Ал бир куну журогун ойуп,конулуно, ой-санаасында жургон максатын айткысы келди.Бирок кантип айтат,сиз суйуу дегенди айтпанчы,тек гана досторчо,озубузду жакын сезген бир туугандарча журолучу деп,олтурган ордунан туруп,бурула басып кеткен.Ушул учур эсинде.Аны кацдан унутсун.Атайылап Токтогул паркына ээрчитип барып,ары-бери басып конул ачып,суйлошуп, ички туюмунда кыйналып жургон оюн айта албады.

 

Ошентип кундор ото берди.Бутуруу экзамендери башталган учур да келип жетти.Коптон берки оюн тактап,озунун кыйышпас,сырдаш досун,анын жакшы коргон кызын алып,акыркы экзаменди тапшырып конулдуу болгон кезинде курортко баруу,колул ачып келуу,ушул шылтоону негиздеп,андан ары уйуно сызып жоноону максат этти.Ушуну менен конулу тынчыды.Бардык кунтун коюп экзаенге даярданып,жалан торт-беш деген баалар менен диплом алууну коздоду.Бул оюн турмушка ашыра алабы?Эмки соз ушунда калды.

 

Бардык башка студенттер сыяктуу эле Сейитбектин ар бир экзаменди тапшырып чыгышы кайталангыс кубаныч болуп жатты.»Ме, мына бул акчага озун жактырган гулду ал,менин дагы дос-душмандарым бар,кана жакшы коргон кызын утурлап тосуп албады го дейт,душман шылдындайт, достор ички туюмунда кейип,сузтайып калат» деп алдын ала тапшырма берип коет.Адегенде анаргул мунусун кабыл алгысы келбей,уялып, курсташтарын шылдын этеби деген болчу.Озунун, анан калса Сейитбектин жакын достору туура таап,»бир эле сен бекенсин,студенттик мезгилде бул корунуш кайталанып, салт катары эле келе жатпайбы,анын эмнеси бар экен,эгиз козудай болуп ээрчишип жургонунор жалганбы,андан эмнеге корунасын» дешип жонго салышкан.Биринчисин откоргон сон кадимкисиндей эле конуп калбадыбы.

 

Куттургон мезгил жетип,заматта айылына,андан ары мектепке барып,сабак берип калчуудай болуп алып учуп турган кез.Баардыгынын конулу жай алып,эркин куштай дилгирип,дипломдору колунда.Кимиси кайда барат,жолдомо кайсы районго берилет,али белгисиз.Баардыгы эртенки кундун камылгасын коруп,туулуп оскон айылына,ата- энесине,туугандарына барып кубанычын кандайча болуштуроорун элестетет.Ал эми Сейитбектин ою болсо таптакыр башкада.Ооба, Анаргулдо,аны кантип ала качат,кантип эшигин аттатып жоолук салдырат? Ушул суроо устундо кыйнала баштады.

 

«Эми эмне кылуу керек?.. Токточу,баягыда силер беш-он кун мурда окууну аяктап,жайкы эс алууга чыгасынар,а биз болсо гос.экзамен тапшырабыз, сен менин экзаменим аяктагыча кутуп тура аласынбы дегенде дароо эле ананчы,куто алам дебеди беле.Ооба,ушул созундо туруп менин ички куйутумду кучотпой отунучумо караганда сунушумду кайт кылбаса керек.Курортко барып эс алап келели,анан айылына озум узутып коем десем макул болот.Токточу макул болбосочу?.. Анда зордоп машинеге салам да алып кете берем…»

 

Сейитбек оз алдынча отуруп,ар кайсы ойго чарпылды.Бул заматта эле пайда боло калган ой эмес,экзамен башталган кундон берки ой.Эш тутуп,ишенген досу Бекназарга да бул оюн айтып ортого салган.Ал Анаргулду кондуроорун, айылдаш,курсташ кызы Нуржамал экоо алып барышары туурасында макулдашып коюшкан.Ошентсе да Сейитбек оюн,максатын ишке ашыра албай кала тургансып санааркап жатпайбы.Анткени, Анаргул да мурдагы мамилесинен бир аз озгоруп, чочулап жугонун байкап калган.Мамилеси мээримдуу болгону менен бир созундо турган,айтканын аткарган кыз.Мунусун Сейитбек жакшы билет,ошондон улам чочулап жатпайбы.Экзамендин аякташына чейин кутом деп соз берип коюп аргасыз онтоп жургонун да сезген.

 

-Эми Анаргул дипломду жууйлу,тигиНуржамал менен Бекназар бизди кутуп отурса керек,-деди Сейитбек дипломду алган куну эртен айылга кетем деген ойдо кийим-кечесин чемоданына салып,иреттеп койгон учурунда созго салып,-бул диплом менин келечегим,кутунгон ой-максатым, бактым,тилегим. Ак жолтой диплом болсун ээ,сен кошуласынбы?

 

-Албетте,кошулам, кудай буйруса мен дагы ушундай диплом алам,сиз сыяктуу кубанам,сыймыктанам!

 

-Ошол учурда мен атайылап келем,куттуктайм, озун сыяктуу ар экзаменин учурунда келип гул менен тосуп алып турам.

 

-Анте албайсыз,жар кутосуз,бала- чакалуу болосуз,турмуш туйшугун тартып,мени бутундой эстен чыгарасыз.

 

Ушул созду айтып жатып ички туюмунда жакын адамынан ажырап,алыста калаарын сезип,журогундогу жакшы коруунун эпкинин зырп эттире коюп,ичи туз куйгандай ачыша калды.Канчалык билгизбейин дегени менен жакшылыктын суйуусу журок тупкурунон орун алып,акырындык менен онугуп жаткан болчу.Бир жылдык студенттик мезгил билим терендигине уюп кируу Анаргулдун сезимин ойготуп,тушунугун бир кыйла байытпадыбы. Чойро да озунчо артыкчылыгы бар тарбиялоочу мектеп сыяктуу.

 

-Кана Анаргул кеттикпи,-деди коз ирмемдик ойго чомуло калган Сейитбек чочугандай соз айтып,колтуктан алды.Анаргул да тыптынч боло ойго аралаша калган эле.

 

-Кайда кеттик,кызык? !-жылмая карап кулуп койду.

 

-Мен жетелеген жакка.

 

-Мына кызык десе,сиз жетелеген жакка бара берчудой мен мал белем.Таарына калгандай таризде колтугунан колун серпиле чыгарып,чукул бурула калды.

 

-Ой жан эрке кыз,колтугундан алып,басып баратканыбызды айтып жатам.

 

-Анда сизди мен колтуктап мен жетелейин,жигитти кыз жетелейт.

 

-Хи-хи-хи!

 

-Ха-ха-ха!

 

Колтукташа басуунун озу да сезимдеги суйуунун тутандыруучусу болду.Бири-бирин жылмая карашкан коздор,жылмаюулар, соз арасында кулку,журок туюмунун жакындашуусу.

 

Ошентип атайын даярдыктары менен Ош ресторанынын торку бурчунан жай алышып,конулдуу отурушту.Куну кечээ стипендиясын алган.Кыз сыйлаган жигиттерде акча мол.Кыздар учун каалаган даамдар алдыларына коюлду.Куурулган балык этин да алдырышты.

 

Анаргул ресторанга биринчи келиши.Ооба, минтип жигит жандап да биринчи отурушу.Эмнеге буларды ээрчитип бул жерге келди,уй муйуз тартып столдо отурушунун маани-манызы эмнеде,ал туурасында ойлогон жок.Сейитбектин конулу куунак,анда- санда Анаргулго жылмая карап,сен эми мендик болосун,мындан чыгып чыгып кайда барарынды билип жатасынбы дегенсип ичинен кымындайт.Береги жандоочу боло тургандарга баары бир эмеспи.Сеейитбектин сыйын коруп,анын максатын ишке ашырып берсе болгону.Анан болбосо алар эмнеге санааркап,эмнени ойломок.Кантсе да анаргылдун журогу уйгу туйгу болуп,бир шойкомдуу ишти туюп жаткансыды. Бирде конулу которунку боло калса,бирде конулу чогунку тартып,суз боло калат,шекшинет. Али окуу жылын аяктоо мындай турсун,жарымына жете элек кезинде эле коз арткан жигиттерден кызганып,ушинтип журо берелиби,Анишка, -деп эркелете онтолоп соз учугун улай албай жатып айткан созу эсине тушо калат.Ооба,турмуш куралы,озум менен бирге иштетем,сырттан окуусан да болот дегенде орой соз айтып баш тарткан.Минтип дипломдорун жуумакчы болушуп,ошол шылтоо менен алып качып кетише тургандай тур менен отурушкандыгын сезип тургансыды. Бири-бирине ото жакын болуп,ички туюмунда суйуу ойлоп,аны сезип да койбогон менен жалындуу жаштыктын суйуусу пайда болуп калганын конулго албай жатпайбы.Анан болбосо неге жакшы коруп,кайда жетелесе ошол жакка басып,эгиздердей ээрчишип журду.Мына ушунун озу суйуу экенин эске алса болбойбу.Анан дагы тек гана досторчо жакшы кором деп коет.

 

-Кана эмесе,тамак алдынан шампанды аттыралы,-деп Сейитбек досторуна тегерете коз жугуртуп,анан Анаргулго жылмыя карап койду да,шампанды акырын ачып <<парс>> эттирди.Бошотуп койгон тыгыны шыпка жете ыргыды.Стакандарга куюлган шампандан баардыгы колдоруна алды.

 

-Кана дос,озун бирдеме деп кой?-Сейитбек Бекназарга соз берди.

 

-Доостор,диплом учун беш жыл турмуштун ачуу-таттуусун баштан откордук.Акыл- сезимибизди, болгон куч-аракетибизди жумшадык,ушул кезде дипломубуз колубузда,анын узурун чын ден соолукта болуп,узак омур суруу мене королу,дипломубуз буюрсун,насип кылсын!

 

Стакандар которулду,мурда ичип корбргон анаргул илебине тийгизип койду эле,беркилер биринен сала бири кыстоого алышты.ал ушуну ичсе эле мас болуп кала тургансып,озунон озу чочулады.А деп столго отургандагы оюна уруна калган пикирин эсине тушурду.

 

-Ала бер,бул деген кымыз сыяктуу эле,ичип коргун,конулундуу дароо эле ача коет,сергий тушосун,ичкен сон дагы ичем деп журбо,-деп Нуржамал тамаша соз айтты,ага жалдырай стаканды колуна алып,бир уп этим татты эле ачыркана тушту да шак жерге коюп Сейитбекке карады.Ал эмне демекчи,ичинен тынып ичсин деп турганын сезбей умут этпедиби.

 

-Ой синдим,бул эмне кылганын,сен эмне биздин диплом алганыбызга каршысынбы, бизге тилектеш болбосон да Сейитбекке тилектештигинди билдирип алып жибербейсинби? !-Нуржамал опурула суйлоп,жакшы коргон жигитин го демекчи болгон оюн конулунун тупкурундо калтырды.

 

Анаргул ичиркенген калыбында стаканды акырын которду да,козун жума коюп тартып жиберип,оозун алаканы менен басып,кайра алып Сейитбекке жылмая карап койду.

 

-Мына ушундай эле болмок,синдим, озуно келдин,ушинтип коносун,турмуш деген ушундай,конбогонду кондурот,жакшылыктын шааниси учун адеегенде шампан ичуу салтка айланып калбадыбы.Нуржамал рахаттана конулун жубата соз айтып,далысынан таптап койду.Мунун туюмундагы мааниси таптакыр башкада болду.Ооба,барар жерине барасын синдим,конбоско чаран канча дегени эле.

 

Анаргул шампандын таасирин сезди,ону кыпкызыл болуп нурдана тушту.Буткон бою чымырап,озун эркин сезе калды.Тунжураткан ою озгоруп,конулу сергий тушту.

 

Ошентип конот деген ушул болуп Анаргулго коньяктан да даам таттырышты. Бирок Анаргул алардын оюндагыдай болбоду,бар болгону элуу ргаммды зордуктун кучу менен ичти.Берки достор кызуу болуп,курортко барып эс алууну чечишти.Бул кундун тушко чейинки убактысынын аран бир сааты сарпталбадыбы. Баса,саратандын узун кунундо али убакты жетээрлик.

 

Атйылап такси жалдап жолго чыгышты.Зордолуп жолго чыккан Анаргул санаасы санга болунуп,тынчы жок.Эстуу кыз окучнын не болоорун болжоп туюп турса да бул кунуп-алкынып чуу чыгаргысы келбеди.Эч нерсени билбегендей, анда-санда гана Анаргул тараптык болуп суйлоп койгону болбосо Сейитбек дым.Баса,угутчулору тигилер эмеспи,канткен менен Анаргулдун Сейитбекти жакшы корору,ушунун озу анын журогунун теренинде жаралган суйуунун дал озу эмес бекен.Баягыда Сейитбектин сунушуна орой тийп конбогону менен окуусун аяктап,дипломун алганда,мындан ары бири-бирин корбой калаарын экзамен учурунда келип-кетип турам дегенине ишенип-ишенбей онтоосу ичинде болуп жургонун кимге ашкере айта алмак.

 

 

 

женил машине учуп бара жатты.Сейитбек алдыда отурган.Нуржамал менен Бекназар экоо кыналыша отурушкан.Жолго чыкканда узай бергичекти бакылдап суйлоп алышып,андан сон дымы чыкпай тынчышкан.Сейитбек конулун алагды кылмак болуп,анда-санда Анаргулго кайрыла суйлоп баратты.Канчалык сездирбейин дегени менен суз тартып отурду.Тиги экоо шыбыраша калып,анан Нуржамалды сыга кучактап ак жузунон жыттар койгонуна буткон бою чымырап,озунчо эле кызара тушуп жатты.Эгер Сейитбек жанында болуп,ушинткенде кантмек,башын ийнине жолой коюп,адатындай эркелемекчиби. Ооба,ошентиши да мумкун болчу.Булар дагы бири-бирин абдан жакшы корушот окшойт,дипломун алгандан кийин уйлонмокчу болушканбы, диплом алган студенттердин баары кетишти го деген ойго чарпылды.Анан озу жонундо ойлой калып,биз деле… Жок,мен дагы дипломду алышым керек деп илме-чалма ойго аралаш калып жатты.

 

Журок ойутуп конулдо жургон максат ишке ашат эмеспи.Ошентип бул куну максатты коздонон достор туз эле Сейитбектин айылына карай жол тартышты.Барып корбогон Анаргул курорттун кайда экендигин,кайсы жол менен бараарын билип коюптурбу.Антсе да чака айылды,болгондо да жылганы аралай жол тарткан учурда туюп калды.

 

Токтоткула,силер мени каякка алып баратасынар! -деп албууттана жулунуп кыйкырып алды.Бекназар сыга кучактап жулкунта койбоду.Бул тек гана наздануусу эле.Сейитбектин алдап жатканына карата чаташкан ойлор менен алектенип жаткан учурунда кумондуу оюн тактап,башка тушконун корормун деп оюн жыйынтыктап алган болчу.Анысын тигилер кайдан билсин.

 

Турмуш,жашоо агымы ушундай тура.Бугункумо каниет,эртенкими кудай билет дешкени нагыз соз экен.Кун откону билинбей бугункуну эртен унутуп,кундор айларга,айлар жылга отуп,бир жыл мурункуну эске салсан куну кечээ эле болуп откондой сезилет.Жаратылыштын ушунусу кызык.Адамдын жук которумдуулугу, турмуш,жашоо агымындагы ар кандай оордукту жене билиши да мына ушуга таандык окшобойбу.Анан дагы бугунку кетирген каталыгына эртен окунуп,алдын ала ойлонбой суйлогон соз учун онтотпогон ооруга чалдыгып,азаптанаарына не дейсин?!.

 

Жаштык-мастык деп бекеринен айтылбаган. Эртенкини эске албай,бугункусуно канааттанбай, бууракандап аккан дарыя жулунуп,аркы- беркиге чарпылып,кээдк окунсо,кээде кубанып жашоосун улантат.Канча гана турмуштун оор окуясына туш келгенде окунуп торго тушкон балыктай жаны алакетке келип,айласын таппай калат.Сейитбек да жаштык кылды,эртенкисин ойлободу,ушул кезге чейин жамандыкты баштан кечибегендиги, турмуштун оош-кыйыштуу корунушторунон сабак албагандыгы. Анан болбосо ата-энесин эске албайт беле.Анаргул башка тушкону ушул экен деп ушкурунуп,окунучуно мыкчылып жашап калды.Наристе кезинен барктап остургон энеси Бурулча да озун кылган иш,оз башына муш деп очошкон болуп артынан барбай,кабар албай койду.Тигинтип зордоп алып келгенин кайдан билсин.Анын устуно курсташтарынан сураштырып, алардын айткандары канын кызытып,зээнин кейитпедиби. Суйуп-куйуп, куну-туну кол кармаша ээрчишип журуучу дешти.Дагы толгон-токой создорду айтып,ошол себептуу артынан барбай,кабар албай койбодубу.

 

Адегенде турмуш-шартынын жакшылыгынна, короо-жайыынын кенендигине, малы жетерлик озуно тын адамдардан экендигине ичи жылып отуруп калган.Сейитбек да оз созундо туруп сырттан окутуп койду.Ушунусу да конулун тындырды.Бир гана кайын энесинин огойлугуно ой жугурто калып иренжий тушкону болбосо турмуштук чойросу жакты.Анын кийинки азаптуу тагдыры да ошол иренжигенинде болбодубу.Бир боор деген бир боор да,анын тендешсиз артыкчылыгы бар.Кыз бала кичинекейинен эле озду оздой,жатты жаттай ажыратып,боор бербей митайымдык кылышы белгилуу.Ооба, баардыгын ушундай деп айта албайсын.Бирок копчулугундо ушундай коз караштар болот.

 

Огойду озумдук кылып алуу кыйын.»Бору баласы ит болбойт»деген кеп бекеринен айтылбаган. Ошентсе да бала кезинен колунда болсо бооруна тартып,оз баласындай мамиле жасап камкордук коро билсе жакшылык учун жылан ийнинен чыгат дегендей оз баласындай болоорунда талаш жок.Бул ото сейрек кездешет.Сейитбек рак оорусу алап тынып,энесинен эрте ажыраган он эки жашынан Зейнептин тарбиясында калган.Болгону эки бир тууган.Эжеси ошол учурда турмушка чыккан болчу.Зейнеп болсо согуш кезинде жалгыз кызы менен жесир калып,колхоздун р касы жумуштарына аралашып,актив сорой болуп жургон.Турмушка дагы чыкпаган.Насип- тагдыр деген ошондой туура,жашы отуп бараткан кезинде Сейитбектин атасына туш келген.Андан бери бир топ жыл отподубу.Сейитбек оксуп журуп жетилди.Балалык ошондой мамилеге конуп,бооруна кысып уктап,ак сутун берип,ак тилеги менен асыраган апасын тез унуткан.Ошондон улам кара жердин боору суук дешет эмеспи.

 

Анаргулдун сырттан окуусу кыйын болду.Жайкы эс алуу учурунда жайлоодо болуп,кайын энесине жардам берет,уй туйшугудо кызмат этет.Мугалимдикке отуп,Сейитбек менен мектепте болгону анын бирден бир конулдуу учуру.Сабактан келди дегиче уй туйшугу мойнуна илинет.Келин болуп келген кундон баштап Зейнепке кудай берип баардык туйшугун откоро салган.Кол кабыш этип,анча-мынчада жардам берет.Бирок негедир бир топко дейре конушо албай,айрым иштерин жактырбай орой мамиле жасайт.Баса, келин болуп келген куну эле кытмырлыгы байкалган.Ботом, бул эмне кылганын,мага айтпасан да атана айтпайт белен,жакшылык жолу менен эле тойлошуп албайт белек деп Сейитбекке каттуу тийип бир ирет бурк этип алган.Ичи чыкпай кой-айы жок эле Сейитбекти ээрчип келип алганы кандай.Кайсар кыз окшойт,аягы кандай болоор экен деген ойдо калган.Анаргулго бой таштап келген куну конулдуу кабыл албаганы ошондон улам болду.Ал эми Бердибек болсо жетине албай суйунуп,артынан кимиси келээр экен,буюрса мамилебизди жакшыртып кудалашып алабыз,алып качып келгендер коп эле болуп жатпайбы деп тим болгон.Бир гана окунучу Анаргулду жоктоп артынан эч ким келбегени болду.Бр топ кунго чейин кутуп,тынчсызданып жургону бир ай отуп унутулду.Ичинен сызып кейип да журду.Озу билди,отугун торго илди,эмне болсон ошо бол,артынан барбайбыз дешкен окшойт,бул таш боорлук жакшы жорук эмес деген сыяктуу ар кандай ойдо журду.

 

Анаргул озунун шайырлыгы,анча- мынчаны конулго албагандыгы, болоор-болбоско ачуулана калып кайра жазыла тушкону,жайдары мунозу,ички туюмундагы санааркоосунан алагды кылып эркин журду.Анткени менен эне деген эне да,Бурулчаны унута албады.Эсине тушо калганда апам ушундай беле,мени дегенде ичкен ашын жерге кое койгон,жаман жорукту укту дегиче ыз-быз боло чыр чыгырчу эмес беле,эмне учун минтти.Кимдир бироолордон конулу каларлык ушак уккан окшойт деген сыяктуу толгон-токой санааркоолорго туртуло калат.

 

Ошентип кундор ото берди.Арадан бир жыл отту.Анаргул кош бойлуу болуп,айы-кунуно жетип уул тороду.Уулду болду кимди кубантпасын. Жалгызмын деп окунуп жургон Сейитбектин кубанычы коодонуно сыйбай,жакшы санаалаштары менен оло арак ичпедиби.Омурундо мынчалык арак ичип,ылжып мас болбогон Сейитбекке Бердибек тан калгандай карап, «Ээ балам,ченеп ичпейсинби? » деп тим болду.Тентуштарынын жолоп-таяп аран уйго киргизиши биресе кейитти.Боор эти зыркырай тушту.Анан озунун жаштыгы эсине тушуп,Сейитбек торолгон куну дал ушундай абалда мас болгонун,кубанганын андан ары омурлук жубайынын узурун короор чагында андан айрылгандагысы оюна уруна калып,буулугуп, коз жашын бир ирет шыпырып алды.Анаргулдун уул торошу Зейнепке жага бербеди.Ушунусу менен уй-жайын бут ээлеп,Сейитбекти ал тургай Бердибекти да баш ийдирип,айтканы айткан,дегени деген болуп кала тургансып,ички кызганычы пайда болду.Басса- турса ушуну ойлойт,ичи туз куйгандай ачышты.Жок дегенде бирди тороп алганымда жакшы болбойт беле,булар менен жуурулуша жашап,тиги Сейитбек да тууган тутуп,мени огойсубой калат болчу деген сыяктуу ар кандай ойдо калды.Сейитбектин ою такыр башкада.Ар кимдин оз тирилиги озунчо болгону жакшы,торобосо да атамдын жанында болуп,барктап журсо болду дейт.Аркы-беркини коргон аял Бердибекти сыйлайт,кирин жууп,кирпигин сылап дегендей жагымдуу мамиле жасайт.Ушунусу менен Бердибекти бийлеп алган.Анын устуно кай бироолордой камчысы кайраттуу эмес,жумшак адам.

 

Аялзаты учун наристени тороо,кан согунон ажыроо,кыркын чыгаруу деген онойго турбайт.Эл жайлоого кочуп чыгып,журт которуп,бир жагдайда жайыт алмаштырса, бир жагжайда конуш алмаштыруу болот.Бердибек уйун жаны конушка чыгарып коюп кыштоого кеткен.Ал эми Сейитбек болсо окуу жылын аяктоо алдында бутуруучулордон экзамен алуу кызматында. Анаргул айы-куну жакындаган учурун кутуп,эсептеп жургон.Торот уйундо торошу туурасында Сейитбекке эскертип койгон.

 

Анаргул озун ынгайсыз сезип,алгачкы толгоосу келээр учуру жакындаганын сеип,Сейитбекти кутуп тан эртеден кечке дейре кыштоо тараптан козун албайт.Мындайда убакыттын отушу да кыйын.Жайкы кундун узактыгы жылдай сезилип жатты.Кутуудон улам аялзатынын толгоосу да кайтып кетет белем.

 

-Эне,мен бугун озумду жаман сезип кыйнала баштадым,-деп кайненеси Зейнепти утурлай басып,-Сейитббекти балдардан ат чаптыртып чакыртынчы?

 

-Уйго кир,эс ал,орун даярдап тошок салып койдум,-деди да анын созун кулагынын сыртынан угуп,-балдар оондо ат да жок.Куто тур,озу келет,келээр убагы болуп калды.

 

Кексе Зейнеп тушунду.Коншусу Зубайданы чакырып алып макулдашты. Озунчо чочулап,шектенип жатканын айтты.Жаны тороттогу келиндин тороту оор болоорун билет эмеспи.

 

-Ботом,ушул жашка келип не билбейсиз,алдын алып торот уйуно жеткирип койбойт белен,кокустук болсо балээсине калаарынды ойлободунбу?

 

Ушул суроо Зейнепке катуу тийди.Озунон озу чочулап алапайын таппай,ары-бери жугуруп тынчы кетти.Зубайда тынчын албаганда ички арам оюнда тура бермек.Анаргулду оор азапка салмак.Анын суранычын аткармак тугул озу да абалынан кабар алып турбай сыртта журо бермек.Зубайданын жардамы менен Сейитбекке ат чаптырды.Ошентип кудай жалгап Анаргул торот уйуно барып жатып торогон.Анан болбосо Зейнеп уйдо торойт деп бир шойкумду баштап,Анаргулдун азабы мындай турсун озун да азапка салмак,чыр да кылмак.Митайым кекселиги,Зубайданын чочулатып айтышы оюн озгорто койгон,не болсо да бала аман болсун деген.

 

Ошентип бир тараптуу оюн озгортуу убактылуу гана чегинуу болду.Торот уйунон чыгып келгенден бери тынчы кетип,ар кандай амал устундо ойлонду.Ичинне тынып оюн тактап алды.Атайын кыштоого барып кара мышыгын алып келди.Мышыкты которуп жоной береринде Бердибек:

 

-Кайда алып барасын,жайлоодо мышыкка не бар,чычкан деген болбосо,-деп али озуно келе элек кезинде Анаргулду чочутуп койбосун деген ойго уруна калды.

 

-Чычкан болбогону менен жей турган тамагы кенен.Азыр кыштоодо чычкан болмок беле,баардыгы талаада,мышыгын кышта керек,бул жок болсо там уйундо чычкандын кандай кобойорун ойлоп кой?

аның да туура, мен иш менен болуп ачка да калып жатат,-деп «деги мунун мышык жандуулугу калбады,торобогон аял мышыкка жакын болот дешкени чын окшойт» деген ойдо ички туюмунда тигиле карап койду.Кемпиринин жакын арадан бери пайда боло калган арам пикирин ал кайдан билсин.Арам пикир ар качан бир жактуу болбойт,ал эки жактуу Зейнеп арам ою учун озу да адам катары азап тартары бышык.

 

 

 

 

Уландысы бар….

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE