Пример HTML-страницы

Мыкаачы өгөй эне 5 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=35461&preview=true Кызыктуу окуялар.

?МЫКААЧЫ ӨГӨЙ ЭНЕ

5 — БӨЛҮМ

 

 

Гайыпберди Канайымдын балдарына болгон начар мамилеси тууралсында бакчанын тарбиячысынын айтканын,ошондон кийин кумондоп,мурдагы ишенимин озгортуп,байкай баштаганын, балдарын бир нече жолу ызылдатканын, билсе да билмексен болгонун,коншуларынын айтканын ушак деп конулго албаганын айтты,болгон окуяларын толук баяндады,тергоочу улум-улам суроо бере отунуп,оюндагысын толук айттырып алган сон Гайыпбердиге жубата жылуу созун айтып сыпайгерчиликте сырка чыгарды.Тергоо ишин оюндагысындай жыйынтыктагандай болду.Бирок, «балалуу уй-булодо чонойбогон окшойт,энелек мээрим да жок экен,энелик мээрим мындай турсун анда адамдык ыйман-мээрим да жок экен,пешенем ташка тийип,бул мыкаачы аялга кайдан туш болдум экен» деп ызасын ичине батыра албай Гайыпбердинин коз жашын суртуп алганы унутулгус таасир калтырды.Тергоо ишин жогорку жазага такабай,женилдетуучу жагдайга откорууго канчалык аракеттенгени менен закондун талабын бурмалоого батынбады.Жогорку жазанын статьясын койду да,тергоо ишин жыйынтыктады.

Балапандарынан ажыраган чымчык да чыйпылдап тынчы кетип,конгон жайынан козголбойт, удуйуп жуну уксойуп жудой тушот.Ал эми Гайыпберди адам эмеспи,адам болбогондо да оз айылынын мыкты жигиттеринин бири эле.Мунозу жайдары,жузунон нуру кетпеген,кен далылуу,бир коргон адамдын конулундо кала турган болучу.Аттин, ташка чабылган тагдыр десе,коз ачып коргон жарынан ажыраганы аз келгенсип,мончоктой эки баласынан ажыраганын карабайсынбы. Ооба,озу айткандай ошондогу коз жашын мондурдой тогуп,боздоп ыйлаган ыйы кудайга жетпеген экен.Ошончолук куноокор болгудай жазыгы эмнеде?Айылдын тынчын алып,адамдардын каргышына калган жел таман ууру болбосо,адам олтуруп изин жашырып,элинен ажыраган качкын болбосо.Баса, эл ичинде сейрек кездешсе да андайлар бар.Кудай мына ошолорду мына ушундай тагдырга туш келтирип,азаптандырбайбы, озогуно жеткире кыйнабайбы. Таштанайга таш тийбейт болуп андайлар камаарабай, чымынчалык да сезип,санааркабай журо берет,борго байланган букдай семирет.

Гайыпбердини тааныгандар тымызын кейип,боорукерденет, мин тамыры сыздай тушот.Эл жек коргон надаандардан болсо кубур-шыбыр соз козгоп ушуну кормок,ага бул азап аз дешмек.Аялдардын табасы канып,коройун деген козу желесиде болуп,салам айтып коюу мындай турсун тескери карап басып кетмек.Чогула калганда ал тууралуу узун сабак соз козгоп олтурущмак. Баса,аялдар жакшыга да,жаманга да ортоктош болушат.Кези келип чогула калышканда Гайыпбердиге ачынган создорун ортого салышып,далайга кейип-кепчип отурушат,оксукторун коз жашы кылгыртып,боорукер журогу сыздай тушот.Баарынан да керебеттеги коз жумган балдарынын устуно тушо калып,жыттагылап, ботодой боздоп ыйлаган учурун коргон врачтар,медсестралар, коп убакытка чейин унута албай журушту.Мындай абал кимдин болбосун сезимин бийлеп алмак.Гайыпберди онунон аябай азган,бсса-турса балдары коз алдында.Уктаса тушунон кетпей онтоткон азапта калды.Алгачкы кундордо жаман тушторду коруп чочуп ойгончу болду.Балдарынын жайына барып,топурагын алып жыттап,аз да болсо кусалыгын таркатып журду.Баарынан да Кара-Суудан абасы келип,ээрчитип барып балдарынын жайына гул коюп,куран окуткан учуру оор болду.Жаш баладай шолоктоп ыйлап,башын жкрге салып отурушу Сурандын муунун бошотту.Коз жашы сакалдан ылдый куюлуп,бир ирет шыпырып алды да,озун токтото Гайыпбердиге конул жубата соз айтты.

-Озунду карма иним,ыйлаган менен эми таппайбыз,коп кайгырып озунду кыйнай бербе,андан аркы жакшы жашоонду,омурунду тиле,али жашсын,баланы берген да,алган да кудай,бул тагдырын кудайдын буйругу,жамандык менен жакшылык оошуп,ээрчишип журо берет,эмки жакшы жашоон алдында,куда кааласа,балалуу болосун,сабыр кыл,-деп обоктоп отурган ордунан тургузуп алып кетти.

 

Гайыпбердинин уйдогу,сырттагы, мектептеги откон турмушу,мамилеси, мурдагы таптакыр озгоруп,токтоо, сабырдуу боло албай,болор- болбоско ачууланып,негедир тынчсыздана берчу болду.Кесиптештери ага боорукердене карашат,бири андай десе,бири мындай дешип ар кандай пикирлерде болушуп,танапис учурунда бир алдын созго аралаштыра коюшат,жакшысы сабак учурунда балдарга болгон мамилесин озгортподу. Аларга баягыдай мамиле жасап,сыр бербей ар бир сабагын максаттагыдай откоро берди.Жогоркукласстага сабак бергени ал учун пайдалуу болуп,ички рухий таасирин тийгизбеди. Ошентсе да алгачкы кундору суйлоп жатып балдарын коз алдына элестете калып,айтайын деген ою башкагабурулуп адашып кетип жатты.Абалына тушунгон тентуштары ээн-эркин отурушканда тезинен уйлонтуш керек,антпесе унута албайт,санааркай берет,ден соолугуна зыян келтирип алат деген ойлорун ортого салышып,оз ара соз козгошту.

 

-Эрмекбай,сен коншулаш жашап,тырмактайдан бирге чонойдун,пикирлешесин, деги ой-максаты кандай?-деди бироосу соз учун улап.

 

-Уйлонсо эле бир макоосуна жолуга тургансып,чочулайт окшойт,тура турайынчы дейт.

 

-Кызык го анын,турганда не кылат,аялдын баары эле Канайымдай акмак дейсинби,жакшысы, акыл-эстуулору коп.Эки баланын атасы болуп туруп,отуздан эми отуп оолукмак курагында кыз алса да жарашат.

 

-Э,кыздын кыздай балээси бар,элеттик кыздардын каада-салты ашып кетти,улуу карылырдын айтымына караганда бугунку каада-калт менмин деген байларда да болгон эмес экен.Калын деген балекети,закска чыгышы,той беруу,ресторанды жалдап жанагы «вечер» дегеничи.

 

-«Кызга бергис жубан бар»дешет эмеспи,Гайыпберди бечарада кутунгон торт тулук малы болбосо,айлыгы менен кайсы кызга уйлонот.Уйлонот, эмнеге уйлоно албайт экен,качырып алып келип,уйуно киргизип алган сон ата-энеси калын сурап кайда бармак.

 

-Койсончу кайдагы оюна кирбеген созду айтып,башты оорутпачы,ансыз да башындагы ташпиш жетерлик,кызды алып онойго турбайт,жакында эле партиянын катарына отуп алган,ата=энеси арызданчуу болсо корсун ошондо ит корбогон азапты,партиядан жон эле чыгарып койсо не,кызматынан ажыратып,кочодо калат,анан кызмат таап корсун…

 

Ошентип,ар кимис ар кайсыны айтып,Гайыпбердини дароо эле уйлоп-жайлап кое тургансып узун сабак созго салышты.Анын оз турмушу,жашоосу турасында коздогон максаты,ага карата оз ою бардыр.Турмушу туурасында ойлонбогондой бала эмес да… Баарын озу билет,чонойткон абасы Суранга да ишенбейт.Ал арадан бир ай отуп отпой эле чоттоп жургон айылындагы бой келинди сунуш кылган.Ага макулдугун айпай,байкаштыралычы, шашылбайлычы деп тим болгон.Тандаганын тазга жолугат болуп дагы бир азаптанчуусуна жолукпаса эле болгону.Туугандын топурагы алтын деген кеп бар.Суран агасы ага жамандык кылбайт болчу.Чынар экоо бала кезинен бир айылда болуп,мектептен билим алган,оюнкарак балалык курагында кубалашып не деген кызыктуу учурларды откорушподу дейсин.

 

Чынар деген атына жараша заты да шайкеш келген,шынгаа, арык чырай,ону-тусу, акыл эси жайында,ким болбосун менен жарым болсо дей турган келин эле.Гайыпбердинин бир кемсинткени жогорку окуу жайына барып,кесиптик билим албаганы.Абасы сунуш кылгандан кийин ары-бери калчап ойлонгон «уйлонсом болот,улантчу турмушум кандай болот?» деди оюн жыйынтыктап, уулдуу да болобуз,аларды окутуш,уйлош, кыздарды жайлаш,кыз не болсо да жайын табат дечи,шаар жеринде турсам,уй-жайым, мал-мулкум жок,уйлонбой тура турайын,шашканымдын пайдасын кордум го…»

 

ХХХ

 

Кечээги ташпишти бугун унутуп,убакыттар сезилбей отуп,турмуш учугу улана берет турбайбы.Бир жыл бою Канайымдын, анын кылмыштуу учурун,тергоодогу, соттогу абалды унута албай ар кандай ой ташпишинде онтоп журду.Эмне учун эл алдында ашкере соттоп,жетелеп чыгып ашкере жарыялап айтпайт?

 

Ооба,айтылбаган болсо Сибирде,же Ыраакы Чыгышта болуп,беш-он жылдын аралыгында бошонуп келип,айылында журсо… Ошондой болушу да мумкун,тергоочунун жаш экен,притом аял экен деген созу журогумо ийне сайылы тушкондой зыркырата койбоду беле,бул соз тек айтылбаса керек…

 

Ошентип арадан уч жыл откондо Гайыпберди уйлонду.Мурдагысы аз,кийинкиси саз болду дегендей дагы бир азаптуу тагдырга туш келди.Окунгондо не пайда, акыл-сезиминен ооруган аялга уйлоно койгонун карабайсынбы. Жакшы коргон санаалаштарынын баары нааразы болуп,наалат айтып,учурашкысы келбей алыстан коз кырын сала ото турган болушту.Бул жолу да азгырылды.Кудай торолгондо эле пешенесине жазып койгон окшойт.Энеси аябагандай кызганчаак экен,аны там артындагы тикендин арасына торосо эле ушундай азаптуу турмушта жашай турган болсо?!Андай болбой калсын,жаш адамдын башына нелер келип,нелер кетпейт,бул ааламдын карангы туну жаркыраган жарыкчылыгы болгон сымак Гайыпбердиге да кун тийип,не ьир жакшы жашоо болор.

 

======

 

Деги жашта адам сулуулукка бериле калышын кандай деп тушунсо болот? Сулуулуктун да адамдын кумар отун тутандыруучу касети барбы? Гайыпбердинин коз ачып коргон Гулзаада торт тарабы топ келишкен сулуу эмес беле.Басса-турса элеси коз алдынан кетпей сагынычын коодонуно батыра албай не деген азапты тартпады.Анысы аз келгенсип,мага калтырган белеги,эстелиги болуп калды деп туну бооруна кыса кучактап,эркелетип жатып кошуло уктап кетчу эки баласынан ажыраган азабын айтпа.Анын жанда жок рахаты ушул эмес беле.Ушунусу менен Гулзааданы унута баштаган эле.Кудай мындай азапка эч кимди туш кылбасын,бир куну эки баласы эки жагында тике турган корунуштогу суротун альбомдон алып чонойтуп,туштуктун усту жагына илип алмакчы болуп,ушул оюна азгырыла тушуп кайталангыс кайгырып,оксуп, жаш балача бышактап ыйлап отурган учурун коргон адам не демек.Ооба,мин эсе таш боор адам болсо да бир ирет коз жашын шыпырып алмак,конулун жубата созун айтып тим болмок.Баса, ошондо кудай сала койдубу,оюн озгорто калып,озун-озу токтотуп,альбомду жаап оз ордуна койгон.Эгер оюндагыдай туштугуна илип алган болгондо дубаары унутмак эмес.Коргон сайын сай-соогу сыздап,муун- жуну бошоп,ушул абалы кайтала берчу болсо не болмок?! Эл деген ушул да,ушундай азап-тозокту башынан откоруп,аны эске албай дагы бир балээни башына уйуп,сезиминен айныган аялга уйлоно калышына кай бироолор Гайыпбердиге нааразы болсо,кай бироолор кудайдын буйругу,пешенесине кудай ошону жазып койсо не кылсын дешет.Дагы бироосу кудайга нааразы боло калат.Бир ырыскы кайып,бир нике кайып деген создо да тогундук жок окшобойбу.Анан болбосо качантадан бери жуз корушпогон курсташы жолугуп,анын ортомчу болуп калышына не демекчибиз? Бул да гы кудайдын буйругу менен болгон иш да.Дагы бир себебин баскан турган,суйлогону, ону-тусу жагынан Анаргулдун Гулзаадага куюп койгондой окшоштугунда болду белем.

 

Эмесе,эмки созду ортомчудан баштайлы.Мурдатан коруп билип журбогон сон,ортомчу да ар кандай адамды азгыра алат эмеспи.

 

-Зирегул,-деди Бурулча ортомчулук созун узутып жаткан кайынсиндисине, -не болгондо да эки бир туугандын кызысынар,баарын тушуносун,барган жеринен орун-очок алып,тынып-тынчып, жакшы жашап кетиши керек.Абдан жакшы болуп,айыгып алсын,ашыкпайлы, менин да конулум жай алып жашагыдай болоюн.

 

-Макул дей берин жене,озунуз айткандай эки бир туугандын кыздарыбыз, анын устуно Анаргулду башкалардан ашыкча жакшы кором,аны озунуз жакшы билесиз,анан кантип жамандыкка кыймак элкм.

 

-Ооба,жамандыкка кыйбайсын дечи,бирок кийинкилигин да ойлош керек.

 

-Ойлойм жене,кантип ойлобой коем,жакшы адам баш кошуп,жакшы жашап кетсе эже-синди болуп катташып журсок деген тилегим бар.Насиби кошулуп,ал жигитке турмушка чыкчу болсо оорусунан да тез эле айыгып кетиши мумкун.Турмуштук шарт,жакшы мамиле да тез айыгып кетишине себеп болот жене.Аны менен институтта беш жыл бирге окуп,бир факультетте окуп билим алгамын.Боорукер, маданияттуу, акылдуу жигит.Шаарда жашайт,врач достору бар,дарылатат.

 

-Кой айланайын,дарылатпай калсын!-Эне байкуш катуу ызалана тушту.Коз ирмемдик ызалануусу мин тамырын сыздатты.Анаргулдун буту-колу танылып,тошолгон саман устундо жаткан учуру эсине тушуп,астына тошок салып койбогон огой кайненесине болгон апасынын ызалануусу, алкынып-жулунуп, уйунон алып чыгып келе бергендеги кайгысы кайталана калып жер тиктеген калыбында ыйлады.Озун токтото албай калды.

 

-Жене ыйлабанчы,пайдасыз озунузду кыйнабанчы, -ар кайсыны бир айтып,конулун которуунун аракетинде болду,-башынызды ойдо которун,бул да болсо кудай кылган иш,ага окунбон,кудайдан тилен,тилегиниз кабыл келсе айыгып кетет.Небере- чоборолуу да болосуз,баардык кайгыныз ошону менен жуулуп кетет.Андан коро акылга конун,бул мээнетти берген да кудай,кайтарып алган да кудай.Насип этсе турмушка чыкса,айыгып кетсе ажеп эмес.Менин ортомчу боло калышыма да кудайдын буйругу себепчи болду окшойт.Анан болбосо анаргул экообуз шаарга ээрчишип барып,узуктан бери жолукпаган курсташыма жолугуп калмак белем

 

-Ооба,бул дагы кудайдын жазмышы,анан болбосо кызым кыздай кыз эмес эле да?!-терен ушкуруп алды,-Мейли, сага ишенбегенде кимге ишенмек элем.Анан сен ал жигитине ишенесинби, сен ойлогондой болуп кадырлай алабы?Адамдык боорукерликке келеби,абалына чыдап,сакайтып алыш учун аракеттенеби? Кеп мына ушунда турат.

 

-Аракеттенет, -деди,»антпесе партиялык чогулушта,андан сон бюродо каралат»деген ички туюмундагы тушунугуно таяна калып,-оорусун билип туруп уйлонгон сон аракеттенет да,убадасы бар.

 

-Анаргул эмне дейт,ага айттынбы?-дедиБурулча ынангандай ойго келип.

 

-Ооба айттым,конулуно жакты.Ал жигит менен чайканада бирге отуруп чай ичтик.

 

-Корору менен эле жигитти жактыра койдубу,ага оорулуу экенин айттынбы?

 

-Ооба,башынан аягына чейин айттым,озу да байкап отурду,Анаргулдун суйлогон создору жайында,негедир конулуно аябай жакты окшойт,озун жакшы кармап,кадимкисиндей эле суйлошуп отурду.Менимче озун жакшы кармап,конулдуу журсо эле жакшы болур,мурдагы калыбына келчудой.-Зирегул такала тушкон суроосунан буйтап отуп,жалганды шыпырылта айтып ишендирди.

 

Антпесе Бурулчанын макул болбой тургандыгын дароо сезди,тушунду.

 

-Эми синдим ал жигитиндин кандайлыгын мен билбейм,бирок калыбына келип жакшы болуп кеткичекти уйдо эле болгону жакшы.

 

-Бирок дебенчи жене,ысык-суугуна конот,озу да турмушунан жапа чегип,кагылып- согулуп калган,ал туурасында суйлоштук эле го,бугун макулдугунузду бербесениз. ..

 

-Анан ушинтип таарына каласын.Мейли макул дейин,озун да ортомчулуктун ысык-суугуна чыдай аласынбы?

 

-Чыдайм,Гайыпбердиге да,Анаргулдун турмушу курушуна жол ачылат.Алгачкы учурларда турмуш кадимкисиндей улантыла берет.Баса,биринчи куну сыга кучактап,Гулзааданы элестете калып,козунон жашы калгыр тушуп кумары канганча ооп-жыттап,рахатына канган.Бирок кун откон сайын куюп койгондой окшоштугу гана болбосо,ага шайкеш келбеген олдоксон суйлоп,орой мамиле жасаганы иренжитти,конулу сууй баштады.

 

Ансыз да эл деген эл да,тентуштары Анаргул туурасында уккандарын айтып онтоткон ойго салган.Ооба, уккан куну анча ишене бербегени менен кундолук жашоосунун журушундо байкалып калбадыбы.Бир куну оз алдынча ойлуу отурду.

 

«…Кудайым мени урган окшойт,мээме таш тийип эмнеге азгырылдым, укканым чын болсо тируулой азапта калам го?!.. Тандаганым тазга,тайгаланасын музга деген ушул белем.О,айланайын кудай,мага буйруп-насип эткенин ушул беле?!. Токто,эсин барда этегинди жап деген,кечиктирбей ажырашып алайын.Тууган- уруктары чакыртайын? ..Баса,кимди чакырам,атасы, бир тууганы болбосо,а мен болсо кимди?.. Оо шорум,азаптуу башым,озумду билбей акылдуумун деп жургон турбаймынбы, корсо акылсыз жеткен акмак адам турбаймбы?»

 

Тобокелдикке сал,бироого айтып не кыласын.Суран абандан башка кайсы куйорман тууганын бар эле,ал атам десен да келип туруп бербейт,андан коро оз билгениндей жасай бер деп кимдир бироо шыбыр соз айта салгандай туюм пайда болду.Ата-энесин чакыртып алып,ага ачыгын айтып,коз алдында талагын берейин дегенойго уруна калды.Гулзааданы, олгон балдарын элестете калып,оксуп жаш балача опколоп ыйлады.

 

ХХХ

 

Жалындуу жаштык делип айтылып журушу тегин айтылган соз эмес.Ар бир улгайган адам озунун басып откон жаштыгын эске салып,элестете алса анда жаштардын турмуш жолундагы кетирип жаткан кемчиликтерине баа бере алат.Эмесе Анаргулдун аянычтуу тагдыры,анан пайда болушунун алгачкы себептери туурасында баян этели.

 

Анаргул башка курбу-курдаштары сыяктуу эле орто мектепти бутуу алдында оз алдынча элге,мекенге татыктуу кызмат кылсам,жогорку окуу жайларынын биринен билим алсам деген максатты когон.Ар бир жаш улан-кыздын коздогон умут-тилеги ушундай болот эмеспи.Оштогу педагогикалык институтка кирип,анын биринчи курсун аяктап,эс алууга кетээр алдында туюсуздан азгырылбадыбы.

 

Кыз бала учун сулуулук да озунчо душман окшобойбу.Курсташтары гана эмес,окуу жайын аяктоо алдында турган студенттердин да козу тушуп,окуудан калтырып ала качуу амалында жургондор болду.

 

Журогу алып учуп турган жаштыктын суйуусу сокур суйуу делип айтылыт эмеспи.Мунун турмуштук чындыгы бар белем.Эки жаштын бири-бирине жылдызы туура келип,конул кушу тушчу болсо аларды ажыратуу кыйын.Сейитбек менен Анаргул мына ошондой жылдызы айкалыша тушуп,сокур суйууго жетелене калышкан жаштардан болушту.Институтта, кочодо,деги кайсы жакта болбосун бирге журушкону журушкон.Ар куну киного барышат,парктарга чыгышат,конул ачышат.Убактысын таап кундолук сабактарына бирге отуруп даярданышат. Ушу корунушторуно кээси суктанышса, кээси ич тардык кылып коргон сацын Сейитбекке кыжырланышат, он келсе иттей сабап салгылары келет.Бирок антууго студенттик талап тартип жооп бербейт.Антчу болсо окуу жайынан кол узот.Беш жыл окуп,окуу жайын бутуп,диплом алуу алдында студенттер делгирип,жаны жай албай,мектепке барып иштесе эле акчага белчесинен батып,маарып кала тургансышып, уйлонууну энсеп калышат тура.Сейитбек да Анаргулго таанышып,суйуу кучуно бийленип жургон учурунда турмуш курууну ойлоп,басса- турса оюнан ажырай албай калбадыбы.Коз атып жургон курсташтарынан кызганып,мезгилсиз эле бироосу ала качып кете тургансып кооптоно баштады.

 

Ырасында Анаргул турмушка чыгуу мындай турсун суйуу деген кандай,ага маани берип,таасирленип да кое элек.Анда бир гана максат-окуу, жогорку билимге ээ болуп диплом алуу.Негедир Сейитбекке жылдызы тушуп аны жакын адамы катары сезип,анын жылуу-жумшак мамилесине берилип,азгырылып журбойбу.Не болгондо да Сейитбек жыйырма жпштын ары жагынан отуп,студенттик турмуштун ачуу-таттуусун баштан кечирип,турмушту тушунуп,озу айткандай эле кексерип калбадыбы.Ошонусу менен Анаргулдон айырмасы бар да.Анын ачык-айрым,жайдары мунозу Сейитбектин журогун бийлеп,ажырагыстай артынан ээрчитип койбодубу.Анан дагы киного баргысы келген учурларындагы <<Сейит акоо>> деп экелей калгны не деген элжиретууго, рахаттанууга учуратпайт.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE