Пример HTML-страницы

Мен болсо өзгөрдүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43265&preview=true Кызыктуу окуялар.

Буурул чачтары жоолугунан бир аз чыккан ак жүздүү аял жарым эс жандай өзү менен өзү кобуранып сүйлөшүп коёт.

– Гүлкайырлар дагы гүлдөгөн экен. Тим эле ошол кеч күздөгүдөй гүлдөгөн экен жаныбарлар.

Кең талаанын шамалына бой тоскон жалгыз аял жолду жээктей бир аз тоо боорлоп басты да, анан алсырап башы айлангандай тизелей боортоктоп жыгылды.

– Сен өзгөрбөпсүң, кең талаам, сен өзгөрбөпсүң. Дагы эле баягыдай экенсиң, ал тургай гүлкайырларың да дал ошол кесепеттүү күздөгүдөй гүлдөптүр.

Аял саамга ошол күздү эстеп жаткандай тунжурай түштү да, күрсүнүп алып акырын тиш арасынан шыбырады;

– Мен болсо өзгөрдүм, жүрөгүм толо жек көрүү, көөдөнүм толо күйүт, ыза. Бул ыза башым менен кошо жатып, күйүт сөөгүм менен кошо кетет өңдөнөт. Аларды унута албадым, кечирген да жокмун.

Анан аял куду ичиндеги араң кармап турган көз жашы ээ бербей, тосмону жырып кеткендей кара жерге бой таштап буркурап-буркурап көпкө ыйлады. Ал сүйлөп да, ыйлап да, көптөн бери көрбөгөн энесин өпкүлөгөндөй жанталаша жерди өпкүлөп да жатты. Бир оокумда аял акырын солуктап барып, уктап кеткен наристедей тынчып калды. Болгону арык ийиндери гана аянычтуу титиреп турду. Айлана аялдын күйүтүн бөлүшкөндөй унчукпай тунжурап, болгону шамал гана куду аялга окшоп анда-санда солуктап коёт. Көктө булуттар акырын, суз, муңайым жылып баратты. Аял көптө оодарылды. Көз алдынан балалыгы булуттарга окшоп жай жылып элестей берди.

Адеми бир үйдүн жалгыз эркеси болуп чоңойду. Кыздын ийиндери эч качан арзан көйнөк кийген жок, ачка калуу, кол жоорутуп иштөө эмне экенин, нандын кайдан келерин бир да жолу ойлонуп көрбөптүр. Адемиге нан даяр бойдон талаада өсүп тургандай элестечү. Мектепти атасынын кадыры менен жалаң бешке бүттү. Жупуну мектеп формасын кийген, арзан кийиз өтүкчөн кыздарды Адеми адам ордуна көрчү эмес. Мектепти бүтөрү менен башкарманын эрке кызы борбордогу эң престиждүү окуу жайларынын бири болгон юристтик окуу жайга тапшырды. Бул жерде да Адемини кийимдин кымбаты, тамактын даамдуусу күтүп, кыз студенттик жашоонун ачкалыгын, жупунулугун көргөн жок. Өзүнө окшогон достору менен кафе, ресторандан колу бошобой, окууну болсо атасынын акчасы бүтүрүп жүрдү.

Кечинде ресторандан кеч келип али уйкудан тура элек Адемини эшиктин адаттан сырткары такылдаганы ойготту.

– Ким?-деди ачууланган Адеми.

– Мен, кечиресиз, Адеми ушул жерде жашайбы?

– Ооба, эмне керек?

– Сизге берип жиберишти. — Адеми «үйдөн акча келген го» деген ойдо ыкшоолоно араң туруп эшикти ачты. Эшикти ачары менен аппак гүлкайырларга бет келе түшкөн Адеми чочуп кетти.

– Сизге!-деди ийини тозгон спорттук костюм кийген кичинекей кыз жайдары күлүмсүрөп. Кыздын көзүндө ушундай бир суктануу турган эле.

– Эмне бул?-деди кыжыры келген Адеми.

– Гүл! — деди кыз дагы эле жайдары.

– Өзүңө сактап кой, келесоо! – Адеми жинин кимден чыгарарын билбей эшикти тарс жаап салды. Адеминин көз алдында бетинин ортосунда капкара татынакай калы бар кыздын гүлдү куду өзүнө алып келгендей кубанычтан жоодураган көзү сакталып калды. «Ырас, гүлдү ушунча жакшы көрөт экен өзүнө сактап койбойбу, келесоо» деди дагы эле ачуусунан өзүнө келе албай. Адеми гүл кимден экенине кызыгып да койбой кайра уйкуга кетти.

Бул окуя Адеминин эсинен чыгып калган кезде турмуш кайра эсине салды. Адеми үчүнчү курста атасынын досунун уулуна турмушка чыкты. Сырттан окууга которулуп, бир уулду төрөп берген Адеми үйдүн сүйүктүү эрке келини. Адемиге турмуш жалаң ушундай бакыттан, барчылыктан тургандай. Кантсе да аял эмеспи, келиндин жүрөгүн күйөөсүнүн суздугу гана кез-кезде өйкөй берчү болду. Кайраттын көзүндөгү бул муңайым суздукту Адеми алгачкы түнү эле байкаса да эркелигине, менсинген бой көтөрмөлүгүнө салып «кайда барат элең, меникисиң» дегендей маани берген эмес. Кайрат кызды суз кучактап, кандайдыр аткарбай койбосо болбочудай милдетинен кутулуп жаткандай копол кыймыл менен төшөккө жаткырып, эрдинен тургай жүзүнөн да өөп койбой күйөөлүк парзынан кутулганы али да ыза кылат. Бирок сыр бергиси келбейт. Уулдуу болуу деле Кайраттын суздугун өзгөрткөн жок, болгону уулун колуна алганда Кайраттын сулуу көздөрү жумшак мээримге толуп, кыймылы абдан жумшак тартып, колуна аялуу буюмду кармап жаткандай аяр, назик тартып кетчү.

Адатынча кеч келген күйөөсүнүн добушун укса да Адеми билмексен болуп койду. Демейде казан-аякты калдыратып өзү бирдеме жасап жечү Кайрат негедир түз эле залга кирди да, кандайдыр жумшак сыбызгыган музыканы коюп алып, диванда тамеки тартып отура берди. Келин ордунан туруп барып күйөөсүнүн тармал чачынан сылап, мойнуна асылып эркелегиси, сырдашкысы келсе да куру намыска салып турбай койду. Ошол түнү биринчи жолу Кайрат Адеминин жанына жаткан жок. Сырттан караган көзгө бул үй-бүлө жарашкан жуптай, ынтымак бүлөдөй көрүнгөн менен ичтен кеткен жарака улам чоңоё берди. Адеми аял болуп туруп мунун баарына көктүгүнө салып көз жумду.

Кайрат бүгүн биринчи жолу үйгө келген жок. Адеми оболу «келет да» деп жата берген менен түн коюуланган сайын тынчы кетти. Улам «тырс» эткен добушка кулак түргөн келин таңга жуук уктап кетти. Кайрат эртеси эч нерсе болбогондой келди да, шашпай чечинип, анан аталап келген тентек уулун колуна алды.

– Кайда жүрдүң?-деди Адеми ачуусун ичине жутуп. Кайрат келинчегине таң кала карады да мыйыгынан муздак жылмайды.

– Достор менен кармалып калдым, — деди кайдыгер. Бул кайдыгер жооп келинди муунтуп, чаңырып жибербейин деп сыртка чыгып кетти. Ошол бойдон жубайлар кайра сөз жаңыртпады. Адеми күйөөсүнүн жанына жата бергенде андан кандайдыр дил үшүткөн жагымдуу жыт келип турганын искеп жүрөгү туйлап кетти. Кайрат терс караган бойдон кайра бурулган жок. Адеми түндү чакчайып өткөрдү. Эртеси уулун кайненесине алып барып таштады да, күйөөсүнүн артынан жумушуна барды. Машинасын четке токтоткон келин күйөөсүнүн бир жакка шашып жөнөгөнүн көрүп, артынан түштү. Кайрат учуп-күйүп айдап баратты. «Бирдеме болдубу? Ишинен шашылыш баратабы?» деп өзүн алаксыткан Адеми качан күйөөсүнүнү гүл дүкөнгө токтоп гүл алганын көргөндө ичинен бирдеме үзүлүп кеткендей онтоп алды. Бир кучак гүлкайыр көтөргөн Кайрат шашып баратты. Ал көчөнүн кесилишине машинасын токтотту да, шашып чыгып жолдун аркы бетине чуркады. Адеминин көзүнө жолдун аркы четинде турган узун бойлуу, чачы ийиндерин жапкан ипичке кыз дароо урунду. «Кайдан көрдүм эле?» деген ой чагылгандай келиндин мээсине чагылып өттү. Кайрат кол булгалап турган кызга ашыгып жетти да, айланасындагы элди көзгө илбей бооруна кысып, жерден так көтөрүп тегеретип жиберди. Кайраттын мындай жайнап күлгөнүн, төгүлүп эркелеткенин көрбөгөн Адеминин күйбөгөн жери күл болуп кетти. Өмүрүндө биринчи жолу гүлгө кошулуп гүлдөй жайнаган кыздын жанында өзүн пас сезди. Алар Адемини байкаган жок. Экөө жетелешип машина тарапка басышты.

– Жүр, тоого барып келебиз. Куду сага окшогон гүлкайырлар чыгып калгандыр, — деди Кайрат үнү мээримге толо дирилдеп.

– Чын элеби?-деди кыз эркелей. «Үнү да тааныш» деп ойлоду келин. Ошондо гана келиндин көз алдына бир кезде ийини бозоруп тозгон спорттук костюм кийген, бир кучак гүлкайырды куду өзүнө алып келгендей жаркырай кубанып көтөрүп келген арык кыз тартылып, «сизге берип жиберишти» деген толкунданган назик үн угулуп кетти. «Ошол келесоо» деди мууна шыбырап. Алар келинди жандай өтүп кетти. Баягы күнкү жүрөк опкоолжуткан жагымдуу жыт, азыр Адеминин жанынан бир карыштай алыс басып өткөн кыздан «бур» этти. Демейде, кандан-бектен кайра тартпаган Адеминин үнү куду түшүндө басырык басып жаткандай муунуп чыкпай калды. Көгүнө таянган Адеми алардын артынан кайра түштү. Алар түз эле шаардан чыгып тоого бет алышты. Сүйүүгө мас Кайрат өзү менен куйрук улаш бараткан Адеминин машинасын байкаган жок.

Мына талаа, Кайрат айткандай чын эле гүлкайырга оронуп жаткан экен, жаныбар. Адеми кеч күздө гүлдөгөн мындай ажайып гүлкайырларды биринчи көрүшү. Адеми андан ары машинасын айдап бара алган жок. Бул керемет талаага өзүн өгөйдөй сезип, кайра артка кайтты.

Ошол түнү да Кайрат келген жок. Эртеси кечке маал Кайрат талаа, топурак, күн жыттанып келди. Бактысы башынан ашкан Кайрат мышыктай уйпаланган Адемини карап да койбой душка кирип кетти. «Шашпай тур, бул бактың узакка созулбайт» деп ойлоду Адеми тиштене. Качан Кайрат уктап калганда анын телефонунан кыздын сүрөтү менен сакталган номерин таап алды. Бетиндеги калы ажарын ачкан кыз бейкапар күлүп, Адемини баягыдай жайдары карап турду. «Канчык» деди ичи өрттөнгөн Адеми. «Эртең саат онго кечээ жолуккан жолдун кесилишине кел» деп СМС жазып жиберди да, телефонду алтындарын сактаган кутуга катып койду. Бул жерди Кайрат карамак эмес. Таң атпай туруп күзгүнүн алдында көпкө жасанды. Кайрат уйкудан туруп эле телефонун издеп калганын байкаса да байкамаксан болгон келин жумшак унчукту:

– Бүгүн жумушка барбайсың да, ээ?

– Жок, эмнеге?

– Саматты карап турчу, апамдардыкына барып келейин. Көптөн бери бизди унутуп калдың, уулуң да сагынды, — деди сурангандай жалооруп. Кайрат келинчегин кызыктай карап турду да, унчукпай баш ийкеп койду. Адеми болжошкон жайга шашып баратты. Тынчсыздана ары-бери басып турган кыздын караанын алыстан эле көргөн Адеми демин басууга бир аз токтоп калды.

– Саламатсыңбы, Гүлназ сенсиңби? — деди үнүн жумшак чыгарууга аракеттенип.

– Ооба , сиз кимсиз?

– Мен Кайраттын карындашы болом.

– Кайратка эмне болду? — деди Гүлназ чебелектеп.

– Кайратпы, ал кичине ооруп калыптыр.

– Тоого барганда суук өтүп калган го. Кой десем болбой суунун аркы четиндеги гүлкайырларга суу кечип өтпөдүбү.

Адеми өзүн араң карманып жылмайган болду.

– Качан үйлөнөйүн деп жатасыңар?

– Кантип качан, Кайраттын келинчеги бар да?

– Келинчеги бар экенин билсең эмнеге жүрөсүң?

Кыз саамга тунжурап, анан ойлуу үн катты:

– Кайрат экөөбүз жатаканадан тааныштык. Ал өзүнүн аяш атасынын эрке кызына атасынын айтымы менен таанышканы гүл көтөрүп келген экен. Кайрат ал кызды окуу жайдан таппай, жатаканага келсе киргизбей коюптур. Ошол күнү мен сабактан эрте келип, вахтада отургам. Колундагы гүлүн көтөрүп ары-бери баскан сымбаттуу жигитке боорум ооруп «эмне жардам керек?» деп сурасам, «гүлдү Адеми деген кызга алып барып бериңизчи» деп суранды. Чыксам кыз гүлдү албай койду. Гүлдү кайра алып түшүп берсем капа болуп калбасын деп бөлмөмө алып кирип, сууга салып, анан өзүм чыгып, «бөлмөсүндөгү кыздарга берип койдум, өзү жок экен» деп калп айттым. Кайрат мага бир көргөндө жакты, бирок билдирген жокмун. Ошондон бир жылдан кийин Кайрат экөөбүз бир кечеде жолугуп, бийледик, сыр ачыштык. Көрсө, мен деле ага бир көргөндө жаккан экем. Бирок биз бирге боло алган жокпуз. Кайратты ата-энеси эркине койбой баягы аяш атасынын кызына үйлөнтүштү. – Гүлназ чоң адамдай шуу үшкүрдү да, муңайым жылмайды:

– Мунун баарын эмнеге айтып жатам? Карындашы болсоң баарын билесиң да.

Кыз бир топко ойго чөгө тунжурап, Адеми болсо өз ою менен алек боло берди.

– Айтчы, жеңең жакшыбы? — деди бир кезде Гүлназ армандуу карап. Ошол көз караш али да Адеминин көзүнөн кетпейт. Бул көз карашта арман, сүйүү, куса, жетпеген аялуу али балалык аруу тилектер бар болчу.

– Мага Кайрат бактылуу болсо болду. Ал мага үйлөнбөсө деле макулмун. Бүт өмүр жашыруун аялы, суук көзгө ыраа көрбөгөн кымбат адамы, сагынып, ашыгып келген азиз ардагы болууга макулмун. Билем, ал мени сүйөт. Анын көзүнөн көрүп турам. Аялы эмне, баласынын энеси, үйүнүн кожойкеси, Кайраттын сезими менен эсептешпеген мерез ата-энесине ээрчитип барчу көрсөтмө куралы. Муну аялы деле сезет болуш керек…

Адеми кантип жанына сала чыккан аш бычак менен Гүлназды туш келди сайгылап киргенин билбей калды. Акыркы көргөнү, эмне болуп кеткенине түшүнбөгөн Гүлназдын ачык калган көзүнүн чарасына мелт-калт болуп толгон туптунук көз жашы болду. Ошол көз жаш уктаса түшүнөн, ойгонсо көзүнөн кетпейт.

Мына, андан бери он алты жыл өтүптүр. Талаа болсо ошондогудай кулпунат. Азыр, бул айдың талааны жанындай көргөн эки жан бири жер алдында топуракка айланып, бири өз күйүтүнөн өзү качып чет жерде тентип жүрсө да, аларды эскерип унутпаган талаа дагы эле кулпунуп, ошол эле учурда кусаланып күтүп жаткан экен жарыктык.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE