«КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН» 5 БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=65702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН 5- БОЛУМ

Биртоп жаткандан кийин өзү менен өзү сүйлөшүп кирди.

— Качып кайда бармакмын? Өзүңдөн-өзүң кача албайт турбайсыңбы.

Алсыздыгыбыз дайым эле чындыкты моюнга ала бербегендигибизде экен. Эч кимдин астында деле эмес. Өзүңдүн астында өзүңдүн күнөөңдү эч күбөсүз, эч кимге угузбай, ичтен шыбырап гана моюнга алгандан качат экенбиз го. Өз күнөөбүздү өзүбүз өз учурунда моюнга алып, Кудай астында чөгөлөп, кечирим сурап турсак гана, аттиң.

Ордунан туруп, жүз аарчысы менен кан аралаш топурак болгон жүзүн аарчыды да, коргондун жанагы ичин караганда коркуп кеткен кырын карай кайра жөнөдү. Бул жолу карабай туруп, ичине ашып түштү. Түшөөрү менен чөгөлөй отура кетти. Бет алдында адамдын апапак сөөктөрүнүн скелети жатты. Кыймылсыз гана созулуп жатты. Көздөрүн жуумп жиберип кайра ачса, алдында апапак денелүү, мүчөсү келишкен кыз созулуп уктап жатат. Тааныш дене. Нечен суктанып карап отуруучу укмуштай сулуу дене. Бир жеринде кемчилдиги жок. Чебер сүрөтчү кыл калем менен келиштире тарткандай. Апапак былкылдаган алкымын көр да, ак алма төшүн көр. Эркектердин бүт кумар ышкысын катып алгансыган киндигин көр да, жумуру, балтырларын көр. Жүзүмдөй бөрсөйүп, алмадай кызарган эрдин көр да, таноолору билинээр билинбес бүлкүлдөгөн кырдач мурдун көр. Кирпиктери нурдай төгүлгөн көзүн көр да, серпим болуп чийилген кашын көр.

Ээй, ороло түшсө мойнуңа, жүлүнүңдү сууручу билегин көр да, сылап койсо жердин титирегенин токтотуп коер манчаларын көр. Көрбөй көзүң көр болгур ай, такыр эле ушул табият берген ыйык сулуулукту көрбөгөндө не.

— Ай Шуружан алтыным, мен куруйун. Мен куруюн. Мени шайтан сайганда… Мени шайтан азгырганда. .. Ай Шуружан, Шуружан… Мен куруюн… Түбөлүк экөөбүз бири-бирибиздики экенибизди мен түшүнбөй, мен түшүнбөй…

Буркурай боздой скелетти кучактап жыгылды. Кучактаган боюнча турбай жатты. Кылым өттү го чиркин. Турган жок. Башын кучактап, баягы өзү салдырып берген алтын тишинен кайта-кайта өпкүлөйт. Өпкүлөгөн сайын өпкүсү келет. Тобоо ай, зардын күчү кыйын белем, жашы тамган жерлер түтөй түшүп жатты го чиркин.

Бугу чыгып, көксөөсү суугуча кучактап жатты. Бир учурда:

— Кечирдим сени, кечирдим… деген үн угулду. — Кечирдим. Бир суранычым бул жолу сөөгүмдү ачык таштап, мени жол бойлотуп жүгүртүп койбой, жай казып, жерге жашырып кет,- деди Шуру.

— Ошон үчүн келбедимби, — деди Кутман чөк түшө отуруп жатып үшкүрүнө. Күрөгүн сууруп чыгып, «жайды кайдан казсам» деп айланасын карай баштады эле;

— Жаткан жеримден каз. Жараткан мага так ушул жерди буюрган экен, башка жакка көчүрүп убара болбо, — деди Шурунун үнү.

Кутман шашпай ордунан туруп, күрмөсүн чечип ары коюп, кол сумкесинин ичиндеги ак матаны алып чыгып ары жайды да, Шурунун сөөктөрүн акырын алып, кандай жатса так ошол калыбында ак матанын үстүнө өз-өз ордуна коюп чыгып, сыртынан аярлап, бапестей ороду. «Алтындын өңү өчпөйт» деген чын экен. Өзүнө тааныш азуусундагы алтын тиши, колунун манчасындагы алтын шакеги ошол калыбында экен. Бир караганга кадимки табыттай болуп калды. Анан барып жанагы сөөк жаткан жерден жай каза баштады. Улам чарчаган сайын кичине көкүрөк басып алып каза берди. Толгон ай чыгып, кайра баткыча казды. Жылдыз тарап, таң сөгүлүп аткыча казды. Күн нурлары жер жамалын жаңы өпкөндө жумушун бүттү. Мыдыр эткен ташы жок жер боз топурактуу экен. Эмнегедир Кутмандын казганы маркумду койчу жайга окшобой эле оозу бир киши сойлоп баткыдай ичи эки киши кенен жаткыдай үңкүргө окшоп калды. Өзү «бүттүм» деп эсептегенден кийин ак матага оролгон Шурунун сөөгүн аярлай алып кирип, төр жагына жаткызды. Андан кийин үңкүрдүн оозунун үсткү жагына казылган топурактын баарын үйүп чыкты. Үңкүрдүн оозу салмакты араң эле көтөргөнсүп турду. «Жумушумдун баары бүттү го» дегенден кийин коргондон ашып түшүп, тээ төмөнүрөөктөгү дөбөдөн айлана бергендеги, тегерек саздын башындагы булак жакка жөнөдү.

Булактын боюна келгенде, күн тоо башынан көтөрүлүп калган. Шашпай, энеден туума болуп чечинип, ак көйнөк дамбалынын чаңын жакшылап күбүп-кагып чыкты да, булактын суусун «муздак экен» деп койбостон чолоо жерин калтырбай жуунду.

Оозунан бери чайкап күрмөсүнүн чөнтөгүнөн кичине күзгүсү менен сакал алгычын алып чыгып, аябай тыкаттап сакалын алды. Баары бүткөндөн кийин кайра кийинди да самынын, сакал алгычын, тиш жуугучун бүт булак боюна калтырып кайра жанагы мүрзөлөргө келип, коргондун ичине кирди. Сырткы күрмөсү менен шымын чечип, кол сумкесин, бут кийимин кошуп салды да коргондун аркы бурчуна алпарып, чалмалар менен корумдап койду. Анан күрөгүн сүйрөй үңкүр-жайга байпакчан, ак-көйнөк, дамбалчан кирди.

— Кутман оюңдан кайт! Мен сени кечирдим дебедимби. Оюңдан кайт, -деген үн чыкты, тереңден.

Кутман үнсүз жөрмөлөп барып Шурунун сөөгүнө жанаша жатты да:

— Мына экөөбүздүн сүйлөшө турган жерибиз ушул жер. Эми экөөбүз бири-бирибизди жоктобойбуз, — деди да, кол күрөгү менен үңкүрчөнүн оозунун үстүн сайып калды. Араң турган үңкүр жайдын оозу «күр» деп кулап, үстүнө үйүлгөн топурактын бир капталы эңшерилип түшүп, сыртынан караганда жаңы эле сөөк жашырылган жайга окшоп калды.

Ичте болсо экөө жанаша жатышты. Оо сүйлөшө турган сөздөрү өтө көп болчу. Көп болчу. Ал бир өзүнчө таржымал. Чиркин ай, бир кездерде экөө тең өмүрлөрүндөгү эң башкы сөздөрдү ушул үйүлгөн топурактын астында жатып сүйлөшөөрүн. Ал укмуш узакка-узакка созулаарын билишкен эмес. Билишсечи…

Үшкүрүнө ордунда отура албай, улам телефонду карайт. Оңбогур, ал да өчөшкөнсүп бопбоз болуп томсоруп үнсүз. Коридорго тамеки чеккени кайта-кайта чыккан сайын, бир кабинетте чогуу отурган орус аялга;

— Валентина Владимировна мен коридордомун. Телефондон мени сураса, үнүңүздү катуурак чыгарсаңыз эле угам, — деп жалооруй карайт.

— Бара бер… кантип чакырбай коеюн, чакырам, — дейт тигил аял да беркиге боор ооруй карап.

Тигил эшикти кыңыр ачып чыгып кетээри менен өзүнчө «Сүйүүң менен да… Кайран жигит күйүп кете турган болду», — деп ичтен күңкүлдөп алат.

Ушинтип, арадан эки айча убакыт өттү. Жигиттин көздөрү алайып, кадимкидей өңдөн азып, шалпайа түштү. Акыркы күндөрү таптакыр эле колуна иш албай калды десе да болот.

Телефон «чыр» — десе шап басып калып ала коет да, күткөн үндөн бөлөктү укканда көңүлү чөгө кээде орой, кээде эптеп эле жооп беримиш болот. Акыры күткөн коңгуроосу да «чыр» деди.

— Саламатсызбы? !

Жигиттин өңү бозоро түшүп, кайра кызара баштады. Ал түгүл кичинеге жооп бере албай үнсүз туруп калды. Үн кайра угулду.

— Саламатсызбы? ! Эмне угулбай жатабы? Бул жолу катуурак сүйлөдү, тигил.

— Саламатчылык!

Арыта көзүнүн кыйыгы менен карап отурган Валентина Владимировна «Шуркуя, акыры телефон чалдың го», — деп жеңилдене үшкүрүп алды.

Ортодо кичинеге тыным болду. Кейпи, жигит өзүнө толук келе албай жатты окшойт.

— Дайның жок болуп кеттиң го?

— Эмнеге… Дайным бар эле…

— Эки айдан ашты го, чалбай калдың…

— …

Кыз үн дебеди. Улутуна дем алганы угулду.

— Же чалгың келбей калдыбы?

Бул жолу жигит аяр, үнүн пас чыгарып сурады.

— Мен айылда жүрүп келдим.

Жигиттин жаны жай ала түштү.

— Анан айтып койбойсуңбу. «Айылга кетип атам», — деп.

— Чалгам, Сиз жок экенсиз…

— …

Эми жигит эмне айтаарын билбей калды.

— Жолугалыбы?

— …

Кыз тыным жасап үнсүз туруп калды.

— Эмне үндөбөй калдың? Жолуккуң келбей атабы?

— Качан жолугалы?

Кыз түз эле суроо койду. Жигит мындайды күтпөсө керек, шашкалактай түштү. Ал түгүл чекеси тердеп кетти.

— Жумуштан кийин. Саат беш жарым алтыларда…

— Азыр бош эмессизби?..

Дагы тыным боло түштү. Жигит кубанганынан ордунан секирип тура сактады.

— Бошосом болот… Сенин шартыңа карасамбы дегем…

— Мен бош элемин…

— Анда жарым сааттан кийин кайсыл жерден жолуксак.

— Баягы жерден эле…

— Болуптур калганын жолукканда сүйлөшөбүз?

Көздөрү оттой жайнап, кубанычы койнуна батпаган жигит ордунан шаша туруп;

— Валентина Владимировна, мен жумуштар менен кеттим. Шефтер сурап калса, өзүңүз бир сонун жооп ойлоп айта салыңыз. Сиз кандай сүйкүмдүү аялсыз Валентина Владимировна. Мен сизге гана ишенем, — деди да учуп-күйүп чыгып кетти.

Эх, жаштык-жаштык. .. кандай таттуусуң а-а. Мейли, учурун кетирбей ойноп алсын, — деди да, чогуу отурган кесиптешинин кубанчына кошо кубанып, Валентина Владимировна кала берди.

Кутмандын шайыр мүнөзү өзгөчө «Сиз кандай сүйкүмдүү аялсыз Валентина Владимировна. Сиз менен жашаган эркек бактылуу» деген комплименти аябай жакчу. Бир кезде өзү да бой десе бою бар, мүчөсү десе мүчөсү бар, чырай десе чырайы бар, келишкен кыз эле. Көчөдө басып баратса, эркектер моюндары кайрылып узата карачу. Көздөрү агып кетүүчү эмес беле. Эмне деген гана комплименттерди, мактоолорду укчу эле. Майрамда жигиттер биринен бири өтүп кымбат белектерди тартуулап, сулуунун жүрөгүнөн орун алууга ашыгышчу эмес беле.

Мезгил деген баарын соруп жеп койду. Салмагы 110 кг. элүүдөн өткөн ак чач аялга азыр ким жылуу сөз айтмак. Ал түгүл терезесинин түбүнөн кетпей «Сага жетпесем өлөм» деп жүрүп баш кошкон күйөөсү да акыркы он жылдан бери «сүйүктүүм» деген сөз айта элек. Көчөдөн болсо автобустун же троллейбустун эшигине батпай, кысылып жатканда укканы «чочко, бордоку уй» — деген сөздөр. Анан Кутманга ыраазы болбогондо кимге ыраазы болмок. Өзүнчө отурганда «Аттиң жаштык. Өмүрдү бекер коротпой жыргалын көрсөм да болмок экен го. Жыйырмага жетелекте турмушка чыктым. Кызганчаак күйөөмдүн азабынан оңдуу да той-топурга барып, майрам шаанисин көрбөдүм. Ошентип жүрүп кантип 110 кг болгонумду. Кантип элүүдөн өткөнүмдү да билбей калдым. Аттиң. Дагы бир жашаар болсомчу» деп коет ичтен.

Бул маалда Кутмандын кызыл жигулиси шаар аралап зыпылдап бараткан. Машинадагы магнитафонуна тандап, акыркы чыккан модалуу ырлар жазылган кассетаны койду. Өзү да көздөрү жайнап жүрөгү алеп-желеп.

Бул биринчиси эмес. Акыркысы экенин да Кудай билет. Бул бир оору. Оору болгондо да дарылаар дарыгери жок. Ичээр дарысы жок оору. Ооруганына канча болду… Кеп өткөн мезгилде эле бекен. Мезгилден ашкан ажымулук жок тура. Өтө берет экен. Жериң айлана берет экен. Күн чыгып, батып, түн кирип, таң ата берет экен. «Кутман» деген, «Шуру» деген эки пенде, кичинекей тоголок баштарына аалам алкагына сыйгыс түйшүктү батырып алып, кыйналып жүрүшкөндөрү менен иши жок болот экен. Анан калса бул экөөнү ким зордоптур десең. Эч ким. Өздөрү. Ал түгүл бири-бирин да күчтөгөн эмес.

Ар кимисинде укук бар ушул түйшүктөн кутулалычы? — деп тескери басышка. Жок. Антишпейт. Торго чалынып калып «чыгам» деп жулуна берип чарчаган куш анда-санда канат сермеп, секирип койгону болбосо, тагдырга көнүп отуруп калгансып, экөө да «кой, бул ишибиз жарабайт, токтотолу» деп ооз учтарынан айтып коюшкандары менен токтогону кана.

Эки айча жолугушпай калды эле, эмне болду, экөө эки жерде делдиреп калышты. Айланада эмне болуп жатат, дүйнөдө эмне болуп жатат иштери жок делдирешти.

Кутмандын келинчеги чоң кызматчынын кызы. Кутман окууну бүтөөрү менен республикалык текшерүүчүлүк кызматына орношуп калганы, иштегенине үч жыл өтпөй жатып килейген бөлүмгө башчы болгону да кайындарынын түрткүсү.

Эң башкысы келинчеги Кутманды өзгөчө сыйлайт. «Мен чоңдун кызымын. Менин аркам менен киши болуп жүрөсүң», — дегендей мамиле жасап, айрым бир акылы тайкы аялдарча бой көтөрүп, басынтып сүйлөмөйү, тели-теңтуштары болобу, чоочун чөйрө болобу, тууган-тушкандарынын арасында болобу өз ордун билип, жөнү менен зымпыйып жүрөт. Он жылдык чогуу өмүр сүрүшүндө эки уул, эки кыздуу болушту. Үйдө экөөнүн ортосунда ушунча жылдын ичинде унчукпай таарынышып калуу болбосо, кер-мур айтышып, көңүл калтырышуу да болбоду.

Кутмандын чыртылдаган кыялына көп учурда Салтанат теңеле бербей унчукпай кутулат же «Биздин балдардын атасыныкы туура. Эсепчи эмеспи, баарын астына ала эсептеп, ойлоп туруп айтат» — деп көтөрө чалып мактап да коет. Ал түгүл Кутмандын мактоону жактыраарын билип «Эл эртеңкисин айта албай кыйналса, Кукен беш жылды астына ала айтат» деп да күчөтүп коймою бар.

Кутмандын табышкерлиги, жеке оокатка кыйындыгы чын. Ишине жараша үй жайы, күткөн тели-теңтуштары, катышы күчтүү. Бир чети кайнатасынын баркы, бир чети өзүнүн да адамдын ичи-койнуна кире билген жугумдуулугу, өз кесибин мыкты билген тыңдыгы шайкеш келип калган.

Келинчеги экөө чогуу окуп, үч жылга чукул сүйлөшүп жүрүп баш кошушту. Бири-бирин көрбөсө тура албай, лекцияда да чогуу отуруп, китепканага барса да чогуу барышып, кечелерде да ээрчишип жүрүшүп, курсташтарынын арасында «Ынтымактуу сүйүүнүн символу» деген тамашалуу атка да ээ болушкан. Ушунун баары өчтү дейсиңби. Жок. Кутмандын басса-турса эсинде. Алгач эркектик кызыкчылык өңдөнүп башталган окуя, аягы улам чиеленишээрин билиптирби.

Экөө ак жамгыр болуп төгүлүп, ак булут болуп сөгүлүп сүйлөшө алышат. Тим эле эзилип калышат. Кутман мына ушуга таң. Аялына айтпаган сырларды бүт ушул Шуруга айтат. Арманын да төгөт, кубанчын да төгөт. Экөөнө убакыт деген кандай өтүп атканы билинбейт. Жолугушса күн батат. Бир караса таң атат. Эң жаманы кайра ажыроо.

Шуру «Сиз кечиктиңиз го?», — дейт. Кутман үнсүз жатат да «Эми кетейин» — дейт. Мына ушул эки сөз экөө үчүн дүйнөдөгү эң жаман сөз.

Эрдине биринчи эрди тийгенде кыздын денеси ток ургансып дыр-дыр титиреп турду. Кутман ошондо эле Шуруну өзү ойлогонундай али эч ким ооз ачып өбө элек экенин билген. Ан сайын сугу артып үзүлүп түшпөдүбү.

— Эмне кылдыңыз агай… Эми эмне болот агай, — деп көзүнөн мөлт-мөлт жаш аккан кыздын…

— Кечир мени… Сенин астыңда түбөлүк күнөөлүмүн. Өзүм-өзүмдүн алым жетпей калды — деп мөгдүрөй түшкөн Кутманды башынан имере тартып көкүрөгүнө кыса кучактап:

— Жок. Мен өзүм күнөөлүмүн. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Сиз өзүңүздү өзүңүз кыйнабаңызчы — дегени күнү бүгүнкүдөй эсинен кетпейт.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️