“Салам, кандайсың, менин Жылдызым? “Кайыр” деген сөз эмнени билдирет? Тез жооп”.
“Салам, кандайсың? Коштошуп жаткандагы сөз. Эмнеге?”
“Талаш болуп калды. Мен утуп кеттим. Сага рахмат. Айткандай, кайыр”
***
– Бул сен үчүн? – жигит кызга ал жакшы көргөн таттууну сыймыктана сунду?
– Рахмат, а сен мени таттуулардан тыйып атканыңды унутуп калгансың го?
– Эч нерсе эмес, бул ак эмгегиң менен табылган таттуу да, жей гой?
– Кандай эмгек эле? – кыз чындап ойлоно кетти.
– Жанагычы, коштошуу сөзүн айтпадыңбы? Адилди утуп алдым, анан бул андагы сенин үлүшүң.
– Рахмат.
Экөө кыялдана сейилдерин улашты. Талант менен Жылдыз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөрүнө узак убакыт болуп, бири-биринин ишенимине кирип калышкан. Андай болсо да акыркы кезде алар үчүн махабаттын жаңы барагы ачылгандай бактылуу. Себеби эми алардын ысык мамилеси тууралуу эки тарап тең билишет. Ата-энелери жакындан таанышышып, кыз тарапка жигит, жигит тарапка кыз жагып куда-сөөк болууга кол алышышкан. Кыз-жигитке бул да болсо бир бакыт эмеспи. Эки тарап менен бирге экөө да той камын көрүп, түйшүктөрү арбып анда-санда бир жолугушчу болушкан. Ошондой сагыныч кезиктирген бул күн да адаттагыдай эле таттуу тилектерге ширелип, кыялдар менен учуп жүрүштү.
– Талант, билесиңби, шаардан ушунчалык тажадым. Ушул убакты пайдаланып айылда бир эс алып келеличи ээ?
– Ананчы, атам менен апамдын жанында болуп аларды кубандырып коёлу. Ансыз да андан кийин качан барарыбыз белгисиз да. Сүт ичип, казанга нан жаап, отко тамак жасап… – жигит тамагын кылкылдатып, көздөрү жайнап кетти, – андан кийин качан барар экенбиз?
– Баттан эле барып турабыз. Сен айылды жакшы көрөсүң го.
– Ооба, айылдай болобу. Бирок атам мени шаардагы ак көйнөкчөн кызматкер болууга тарбиялаган. Анын үмүтүн акташым керек. Айылга андан кийин барсам биротоло калгандай болуп барам. Кайра кетпей тургандай болуп барам.
– Мейли, мен болсо сени ээрчип жүрө берем. Азыр болсо үйгө кайтуу керек. Кеттик.
Экөө жетелешип унаа тосууга чыгышты. Бири-биринен алыстоого көңүлдөрү көнбөй турганы менен “жакында биротоло бир болобуз” деген үмүттөрү сооротот. Бул үмүт ишке ашпай турганын алар кайдан билишсин.
– Көрүшкөнчө, кайыр!
– Кайыр.
***
Талант таң агарганча көз ирмебей чыкты. Жүрөгү элеп-желеп. Оюна алда нелер келип бирде Жылдыздын ак жоолугун үлбүрөтүп алдында турганын кыялданса, бирде анын алдына туруудан эмнегедир жалтанып, уялып кетет, сүрдөйт. Ушуларды ойлонуп жатып кантип тойдун кем-карчына баш катырып, кабак түйүп алганын өзү байкабай калат. Анан оюн жакшыга буруп ата-энесинин кубана турганын эстеп санаасын басат. Келиндүү болобуз дегени экөөнүн уктабаганына таң калып да, ачууланып да кетет. Атасы түн оокуму экенине карабай кеңешейин деп чала берсе, апасы жерге шоола тие электе эле коңгуроо кылып күн ара базарга жибергени-жиберген. Эми, буюрса, баары толукталып бүттү. Алчу деле эч нерсе калбагандай. Бирок эмнегедир көңүлү тынч эмес. Жылдызды сагына берет, сагына берет. Анысын үйлөнөрдө адамдар ушундай ынак болуп, сүйүүсү артып кетет го деп болжойт. Ошондой эле болсун деп жылмайып алат. Баары бир тынчтык таппайт. Эмнедендир чочулайт, кандайдыр бир иши бүтпөй калгандай кылган нерселерин улам эстеп, өткөндөрүн ойлой берди. Бала кезинен бери болгон окуяларды тизмектеп эстеп чыкты. Анда деле көңүлү жай алган жок. Ал кандайдыр бир жамандыкты туйгандай жүрөгү башкача согот. Жолго чыгууну эч каалабай турду. Бирок антпесе болбойт, жуманын аягы той эмеспи. Үч эле күн калды. Баары аны гана күтүп, кудалардын алдына түшүүгө шашып турушат. Демек, бүгүндөн калбай жолго чыгуу керек. Саатты караса алты араң болуптур. Жылдызына чалгысы келди. Бирок кайра айнып: “Уктай гой, сен деле тынчың кетип жүрөсүң да. Эс ал, айылга барсаң ансыз да түйшүгүң артат”, – деп кобуранды экранында жылмайган кызга карап. Анан ага бүгүн бир белек тартуулоону ойлоп тура жөнөдү.
***
– Сени сагынып атам, келинчек.
– Келинчек боло элекмин азыр.
– Аз эле калды, болосуң. Мына азыр жолго чыгам, 3 күндөн кийин эле кайра келип сени алып кетебиз. Анан келинчек болбогонуңду көрөм.
– Ошол күн болсо экен, – кыз бул сөздү эмнегедир башкача айтты, – мен да сени сагынып кеттим.
Кыз жигитти бекем кучактап, төшүнө башын катты. Бирин-бири тиктеп туруп минтип сагынышып көрүшкөн эмес эле. Талант анын дайымкыдай жаркылдабай, ойлуу тартып калганына кабатырланып кетти. Санаасына алда кандай нерселер келип турса дагы анын бирин да экөөнө байланыштыргысы келбейт. Өзүнүн да түпөйүл болуп турганын жашырбай төгүлүп алгысы келди. Бирок кызды аяп аны капа кылбасам экен деди. Ырас, белегин эстей калды.
– Баса, сага белегим бар.
– Бул эмненин урматына, – Жылдыз анча кубанбады.
– Эми, кандай десем, бергим келди. Эстелик болсун, бул акыркы белегим, – жигит чөнтөгүнөн узун кутуну сууруп чыгып ачканча кебин үзүл-кесил кылып араң айтып бүттү.
– Эмнеге акыркы, Талант? Эмне аялың кылып аларың менен белек бербей каласыңбы ээ? – кыз таарына да, эркелей да унчукту.
– Албетте, андай эмес, бул эми кыз-жигит кезибиздеги акыркы белек да, – жигит алтын чынжырчаны кыздын мойнуна такты.
Жылдыз ал күнү ишине барбастан, телефонун өчүрүп салып түш болгончо Талант менен жүрө берди. Экөө канчалык “шашалы, аны кылалы, муну кылалы” дешкени менен эмнегедир бирин-бири кыйып таштап кете алышпай убара болушту. Качан Таланттын айылына кетчү таксилер жок кала турган болгондо гана эрксиз автобекетке сапар алышты. Жылдыз үчүн Талантты узатуу кыйын болсо, Талант үчүн Жылдыздан узоо кыйын болду. Экөө бирдей “эмне эле болуп атам. Жаман ойлобоюнчу, жакында кайра эле жолугабыз да” деген ойлорун бири-биринен жашырып, жүрөктөрүнүн түпөйүлүн байкатпоого тырышып коштошушту.
– Аман-эсен жетип ал.
– Жакшы тур, ээ. Буюрса, жолугабыз. Кайыр.
– Талант, ал сөздү экинчи айтпай эле койчу. Мага жакпай калды.
– Эмнеге, бул жөн эле коштошуу сөзү да.
– Коштошпой эле койчу анда, – кыз көзүнө каканактай түшкөн жашты жашыра албай калды. Жигит аны соороткусу келгени менен от алып калган машинадан кала албай жүрүп кетти.
***
Жылдыз ак көйнөк кийип келип түшөм деген үйгө кара кийим менен келип кубанычтын эмес, азанын көз жашын төгүп өксүп турду. Жол кырсыгына кабылып ажал тапкан Таланттын ата-энесинин абалы кандай оор болсо, Жылдызды алардан айырмалоо мүмкүн эмес эле. Алар бирине-бири эмне деп кайрат айтып, кантип көңүл улоо жайын билбей коштошушту. Зуулдаган машина Талант топурак жазданып жатып калган дөбөдөн токтоду. Кыз жерге түшкөнү менен ал жакка батынып баса албады. Алыстан карап канчалык ишенбей турса да акыркы кебин айтууга аргасыз эле.
– Талант, акыркы белегиңди дайым сактап жүрөм. Кайыр.