Пример HTML-страницы

Кыянат 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ

 

6 болум

 

– Бир апта ооруканада баш калкаладым. Ооруканадан да чыктым. Эми кайда барам? Алмаз агайга таянып жаттым эле, 3 күндөн бери кабарсыз. Эмне болду экен? Эми мага милдеттүү беле? Кабар жок деп алыптырмын го, ансыз да ооруканада дарыланган акчаны төлөп койгон окшойт. Чыгып жатканда баланча сом бер десе кантет элем? Залына барып көрсөмбү, уят го чап кенедей жармашып алганым,- деп кейип оорукананын эшик алдындагы отургучта ойлуу отурду Байэл.

 

– Байэл, кандайсың?

 

– Агай, салам алейкум, өзүңүз жакшысызбы?- өзүн көздөй келе жаткан Алмаз Мусаевди көрүп Байэл ушунчалык сүйүнүп кетти.

 

– Саат төрттө чыгарабыз дешпеди беле? Түштө эле чыгарып жибердиби?

 

– Медайым келип бир бейтапка орун бошотуш керек деп, анан мени чыгарышты.

 

– Кеттик, жатаканага сүйлөшүп койдум.

 

Ээрчише басып кирип келе жаткан экөөнү көрүп вахтадагы кемпир кыйкырып калды.

 

– Ай, токтогула, ким кирип баратат?

 

– Ой, Калипа эже, мен Алмазмын.

 

– Алыстан көзүм жетпей жатпайбы. Киргиле. Бул жанагы Гуля айтып жаткан балабы?

 

– Ооба, дал өзү.

 

– Мына ачкыч. 5-кабат, 13-бөлмө. Азырынча ал жакта бир эле бала бар.

 

Экөө 5-кабатка чыгып келишти. Алмаз агай эшикти ачты. Бөлмөнүн эки капталында эки-экиден узатасынан коюлган керебеттер, чыга бериштин оң жагында шкаф, сол жагында чакан идиш койгуч. Ортодо стол отургучтары менен турат.

 

– Мынакей, Байэл, ушул бөлмөдө жашайсың. Бул керебеттердин бирин ал, төшөнчүнү жанагы эжеге барсаң берет. Мен кеттим, кечинде залга өт.

 

– Макул, агай, сизге рахмат.

 

– Ии, унутуп бараткан турбаймынбы, ме, буга чай ич,- деп 500 сомду чыга бериштеги шкафтын үстүнө коюп чыгып кетти.

 

“Машыгам, дайыма ар кимден тепки жеп, кузгундарга өзүмдү салып берип жүрө бермек белем?” деп ойлонуп залды көздөй бара жатты.

 

– Кел, Байэл,- Алмаз агай өзү тосуп алып, балдар менен тааныштырып, аларга кошту.

 

– Өткөнкү жигитпи?

 

– Ооба, эми силер менен машыгат. Арс, сага атаандаш болчу түрү бар.

 

– Мм, агай, жаңы келип эле Арска атаандаш боло алса кыйын жигит го,- деди балдардын бири.

 

Алгачкы машыгуу болгонго Байэл бат эле чарчай түштү. Балдардын жакында тына турган түрү жок. Баары машыгууну кызуу улантып жатышты. Байэлдин шайы кеткенин байкаган агайы:

 

– Байэл, эс ал. Биринчи күнгө көптүк кылат.

 

Машыгуу бүтүп, Байэл жатакананы көздөй жөнөдү. Көчө жакты карап турган жатакананын терезелери жаркырап текши күйүп турат.

 

– Бардык бөлмөдө киши жашайт экен да. Менин жанымдагы бала келсе керек. Жарык күйүп калыптыр. Кандай неме болду экен?- деп ойлоно Байэл бөлмөгө кирип келди. Эшик ачык, бирок бөлмөдө эч ким жок экен. Бут серпкис болуп чарчаган Байэл керебетинде отурган жеринен уйкуга кетти.

 

– Дос, тур, тамак ичебиз. Байэл уйкусурай араң ойгонду. Көрсө, тиги жигит ашканада тамак жасап жүргөн тура.

 

Дасторкондо нан, табакта макарон, каймак коюлуптур. Экөө чайга отурушту.

 

– Мен Дастан.

 

– Байэл.

 

– Тамактан ал. Укмуш деле эмес, жумуштан келгенде ушинтип тамак жасай коём.

 

– Каякта иштейсиз?

 

– Сабактан кийин жүк түшүрүп иштейм.

 

– Мен дагы иштешим керек, жанымда болгону 300 сом бар,- деди иштеп өзүм акча тапсам дегенде эки көзү төрт болуп турган Байэл.

 

– Эртең менде экзамен бар. Бүрсүгүнү мени менен бар, чогуу иштейбиз. Иштегениңе жараша акча аласың.

 

ххх

 

Маржан Швейцариядан келип, ишке чыкты. Он күндөн ашык убакыт өткөнүнө карабай Байэл анын оюнан чыкпады. Эмне болсо дагы жүзүн бир көрөйүн деп 4-палатага баш бакты. Ордунда башка бирөөнүн жатканын көрүп шалдайып туруп калды. Кабинетине келип Алмазга телефон чалды.

 

– Алмаз, кандайсың?

 

– Кандайсыз, жеңе? Жакшы келип алдыңызбы?

 

– Жакшы. Өткөнкү бала жакшыбы, чыккан турбайбы…

 

– Жакшы болуп чыкты. Жеңе, дайындап кеткениңизге рахмат. Акча төлөйүн десем сизди айтып, алышкан жок.

 

– Сен дайыма эле суранып жаттың беле? Кабар алып коёюн дегем. Жакшы болсо болду.

 

Баланын чоо-жайын сурап ким экенин билгиси келди. Бирок шектүү шекинет болуп суроого оозу барбады.

 

ххх

 

Байэл күткөн учур келди. Дастанды ээрчип жумушка жөнөдү. Дастан көптөн бери иштеп жүргөндүктөн, телефон аркылуу эле ишин сүйлөшүп алат. Азык-түлүк дүкөнүнүн кампасына бир КамАЗ кумшекер түшүрүүдөн башталды Байэлдин иши.

 

– Байэл, чарчап калган жоксуңбу?

 

– Жок.

 

– Анда мен эч кимди чакырбай эле коёюн. Экөөбүз эле иштейли. Дагы бир жакка барып цемент жүктөйбүз, кеттик.

 

Акча кимди кызыктырбайт, кечке чейин дагы иштеп алалы деп үн-сөзсүз күпүлдөп цемент жүктөп жатышкан жигиттердин жанына баягы Тико келип калды. Байэл булардан кутулдум деген. Мынчалык тез көрүшөбүз деп эч күткөн эмес. Көрүп жини бетине чыга түштү. Анткен менен басып келип саламдашты.

 

– Ии, тызылдап бизден качып кеттиң эле. Тирүү экенсиң, ээ? Балдардын тепкисинен ойгонбой калды го дедим эле. Сен бир күн кечке жүрүп тапкан акчаңды биз 5 мүнөттө табарыбызды билесиң. Жүрбөйсүңбү бизге?

 

– Рахмат. Мен мында эле иштейм.

 

– Мм, кара жаныңды сабап иштеген жагат турбайбы сага. Мейли. Бирок бизге берериң бар экенин унутпа,- деп Тико шымынын чөнтөгүнө колун сала каадалана басып кетти.

 

Экөөнү карап калган Дастан:

 

– Мунуң ким эле, түйүлөт го тим эле.

 

– Мындай эле бала,- деп Байэл андан аркысын айткысы келбеди.

 

ххх

 

Балдардын машыгуусун карап четте эки чоочун киши отурду. Бул зал аралаш уруш өнөрүнө багытталгандыктан, бир эле учурда күрөш ыкмаларын өздөштүрүп, стойкада иштегенди үйрөнүп, грушага таамай соккуларды узатып, айтор, жигиттердин жаны тынбайт. Машыгуу адаттагыдай күчүндө уланып жатты. Төрдөгү рингде Алмаз агай Байэл менен кызуу иштешип жаткан.

 

– Сол кол алдыга, оң кол артка. Оң кол менен боорду, ээкти коргош керек. Колду ушул турган калыбынан өзгөртпөйбүз. Сол бут алдыга, оң бут артка. Бир орунда турбайбыз, алдыга-артка, оңго-солго тынымсыз кыймылда болобуз. Сол кол менен жеңил соккуларды узатабыз. Сол колубуз калкан, оң колубуз найзанын кызматын аткарат. Качан атаандаш коргонуусун жоготкондо, чаалыкканда оң кол менен таамай сокку узатыш керек.

 

Жанатан баарын кылдат карап четте тургандардын бири Алмазды көздөй басты.

 

– Оо, салам алейкум, агай. Кандай ден соолук, бала-бакыра?

 

– Алейкум салам, Асаке, жакшы баары. Келип калыптырсың.

 

– Биз эмнеге келебиз белгилүү эле да эми.

 

– Көптөн бери келбей калдың эле. Эмне, баягы беттештериң кайрадан башталдыбы?

 

– Айттырбай туйдуң да. Мелдештик, бул жолу ортого ташталган акча оңой сумма эмес. Утуш керек. Эгер беттешти утуп берсе сага да, мушкериңе да чоң сыйлык болот. Тиги сени менен иштешип жаткан жигиттин көзүндө жалын бардай…

 

– Ал жигит жаш, тажрыйбасы да жок. Колума жакында эле келген. Тээтиги жигитти байкап көрчү,- деп Арсты көрсөттү.

 

– Бул жигитти бергиң келбей жатабы?

 

– Жок, Асаке, аны сенден эмнеге аяйын? Машыгууну жакында эле баштады.

 

– Анда эки балаңды бир аз чабыштырып көрчү, көрөлү.

 

Алмаз Арсты чакырды.

 

– Арс, ме, Байэл менен бир аз иштешчи,- деп колундагы кол капты ыргытты.

 

“Агай Байэл менен иштешин дагы баштадыбы?” деп сүйлөнө төрдөгү чакан рингди көздөй басты Арс.

 

Балалыктан берки кыялдарынын орундалып жатканына машыркана Байэл рингде агайдын үйрөткөн ыкмаларын кайталап жаткан. Ал залдан өзүн ушунчалык эркин, күчтүү сезет. Өзүнө болгон ишенич күндөн-күнгө бекемделе баштады. Башында балдардын баары “Арс кыйын, Арс чайнап коёт” дей беришип, буга чейин Арстын жанынан эмнегедир тайсалдап турчу. Арс керсейген, менменсинген бала, качан Алмаз агайы балдар менен иштеш демейин аларга жолобойт. Ага балдар менен эмес, агай менен иштешкен жагат. Бул залда мага атаандаш боло турган бала жок деп эсептейт.

 

– Көзүндө учкун жок, дөлдөйүп мунуң бир нерсеге жарайбы?

 

– Бул көптөн бери машыгат, залдагы балдардын кыйыны эле ушул, анын үстүнө беттештерге чыгып жүрөт. Казакстанга да барып келген. 3 жеңиши бар, 2 жолу калыстардын чечими менен утулуп калган.

 

– Мактап калдың, байкайлы.

 

Арс Байэлди анчейин теңине албай ойноп сокку узатып жатты. Кызыгуусу күчөп турган Байэл таамай соккуларды узатууга далалаттанды. Анын ушунча жылдык ызасы, өз ата-энесине болгон таарынычы көзүнө чыгып тургандыктан сырттан караган кишиге көздөрү ушунчалык өткүр, курч көрүнөт. Балдардын шылдыңына калып, тепкиге алынган күн эмнегедир эсине түштү. Жинденип кеткен Байэл күтүүсүз жерден Арсты ээк талаштыра күч менен согуп жиберди. Күтүүсүз соккуга туруштук бере албай Арс кулап түштү.

 

– Оо, айтпадым беле!- жанатан ашыга карап турган Асаке дегени кол чаап жиберди. Залдагы балдардын баары көргөн көздөрүнө ишене албай аң-таң боло туруп калышты. Алмаз жетип барып Арсты тургузду.

 

– Эмне болуп кетти сага?

 

– Агай, мен мындай эле иштеп жаткам. Аныңыз мени күч менен согуп жиберерин кайдан билдим?

 

– Арс, атаандашты алсыз көрбө деп сага канча айтам? Өзүңө сак бол, сокку кандай болорун билбейсиң да деп дайым айтам го. Сен Байэлди теңиңе албай ойноп жаттың беле? Көрдүңбү, сен ал соккуга психикалык жактан даяр эмес болчусуң, ошон үчүн алдырып койдуң.

 

Байэл Арс отурган жакка басып келди.

 

– Кечирим сурайм, кандай болуп кеткенин өзүм да билбей калдым.

 

– Эч нерсе эмес, мындай нерселер боло берет,- дегени менен, ичинен кекенип калды Арс.

 

ххх

 

– Иш бөлмөсүндө ойлуу отурган Маржандын телефону шыңгырады, караса жолдошу Болот экен.

 

– Маржан, кандайсың? Мен Бишкекке чыгып жатам. Бүгүн баягы мен айткан киши менен жолугабыз. Тиги жаңы долбоорду чогуу бүтүрмөй болдук.

 

– Кайсы, талашка түшүп жаткан объектиңби?

 

– Ооба, сүйлөшүп макулдаштык. Кагаз жүзүндө дагы тууралап коюшум керек. Кечки 7ге даяр тур, Абай алып кетет сени.

 

– Макул, жакшы келип ал.

 

ххх

 

– Жүрү, Алмаз, калганын чай үстүндө сүйлөшөлү. Ишиң деле бүтүп калды көрүнөт,- деп Асаке сыртка чыкты, шериги аны ээрчий басты. Алмаз кийимин алмаштырып алар менен жөнөдү. Кара Жип Бишкектин кең көчөсү менен учкан бойдон чыкты.

 

– Кайда айдайын?

 

– Өзүбүздүкүнө эле.

 

Унаа токтоп, ичинен түшкөн үч киши ресторанга кирип, экинчи кабатка көтөрүлүп кетти. Алардын артынан администратор тыпылдап жетип барып, буюртмаларын жан талаша өзү алды.

 

– Асан байке келди, коногу бар экен. Экинчи кабаттагы вип бөлмөдө. Тезирээк даярдап алып баргыла. Тамакка чейин сен буларды жеткире бер,- чачын төбөсүнө тысырайта байлаган кыз чебелектеп официантты жөнөттү. Кыязы, Асаке дегени оңой киши эмес көрүнөт.

 

ххх

 

– Ии, Алмаз, эмне дейсиң, мактаган балаң, ачыгын айтканда, мага жаккан жок.

 

– Жок, Асаке, бүгүнкү сен күбө болгон окуя кокустан болду. Арс чынында күчтүү.

 

– Сен эмнеге тиги жигитти бергиң келбей жатат? Сураган акчаңды берем. Анын көздөрү арстандыкындай эле экен. Айттым го сага, бул жолу ортодо чоң акча бар.

 

– Беттешке чыкканга ал азыр жарабайт. Көзүм жетсе, дароо эле ал демекмин.

 

– Коркпочу, даярданууга убакыт кенен. Толук 2 ай бар. Жакшылап машыктыр, профессионал спортчуларга кош, жакшы машыгуулардан өткөр, акчадан кам санаба, берем,- деп төш чөнтөгүнөн бир тутам АКШ долларын алып чыкты. Аны көргөн Алмаз ичинен “мейличи, Байэлге жармашты да калды, жеңсе жеңгенин, жеңбесе жеңбегенин көрөбүз. Бул баары бир беттегенин бербейт. Андан көрө Байэлди даярдайын” деп ойлонду.

 

– Болуптур, Асаке, эми болушунча даярдайын.

 

– А, баса, тиги жигиттин аты ким? Окуйбу, иштейби, эмне кылат?

 

– Байэл. Окубайт, грузда иштеп жүрөт.

 

– Ишке алаксыбасын, акчадан бер ага дагы. Тамак-ашын көзөмөлдөп мага бир арстан таптап бер, дасыккан машыктыруучу эмессиңби,- деп күлө сүйлөдү.

 

– Эми аракет кылабыз болушунча,- стол үстүндөгү акчаны чөнтөккө салды Алмаз.

 

– Көп узатпай эртеңден эле башта, сен дагы, ал дагы башка иштерге алагды болбогула. Акчаңар кенен, только машыгууда болсун оюңар. Давай, ишибиз ийгиликтүү болсун. Мен дагы бирөөлөр менен жолукмакмын. Сени балдар жеткирип коюшат,- деп Асаке Алмазды узатып жиберди.

 

ххх

 

Алмаз унааны соода түйүнүн көздөй айдатып, Байэлге телефон алып жатакананы көздөй жөнөдү.

 

– Кандайсыңар, жигиттер?- деп күтүүсүз келип калган агайына Байэл таң калды.

 

– Саламатсызбы?- керебетте жаткан Дастан тура калып, сыртка чыгып кетти.

 

– Байэл, биз сүйлөшүп алалычы.

 

– Жайчылыкпы, агай? Арсты негизи катуу чабайын деген эмесмин,- деп актанайын деди эле, агайы сөзүн кести.

 

– Ой, андан эмне корктуң? Азаматсың, ал качанкы Арс. Өзүнөн көрсүн. Бул телефон сага. Мындан ары жумушка чыкпай эле кой. Акчаны мен берем. Эртең менен саат 9га залга бар, калганын ошол жактан сүйлөшөбүз,- деп Алмаз агай чыгып кетти.

 

ххх

 

Маржан машинага түшүп жатып Абайдан сурады.

 

– Каяктан жолугушат экен?

 

– Үйүнө конокко чакырыптыр го.

 

– Мм. Сен дарегин билесиңби?

 

– Өткөндө бир кагазды алганы барып кеткем.

 

– Байкең келип калдыбы?

 

– Жетип калдык дешти.

 

Унаа чоң особняктын алдына келип токтоду. Аларга катар эле Болот дагы келип калды. Эки айдан бери көрүшпөгөн Маржан менен Болот ушул жерден учурашты. Аларды эшик алдынан бир киши тосуп алды.

 

– Жакшы келип алдыңарбы? Келгиле, өткүлө. Үй-бүлөбүз менен таанышып, катышып жүрөлү деп атайын үйгө чакырдым,- деп бакылдап конок бөлмөгө баштап кирди. Жайланышып отуруп калышты. Аларды тосуп алган киши да дасторкондон орун алды.

 

– Бул менин жубайым, аты Маржан. Жанатан өздөрүн баштап келе жаткан кишиге анчейин көңүл бурбаган Маржан башын бура ал тарапты карады.

 

– Баатыр?- маңдайындагы эски таанышын көрүп чочуп кетти Маржан. Арадан сандаган жылдар өткөн менен, аны жазбай тааныды…

 

(Уландысы бар)

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE