Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 7

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон….

 

Арадан эки ай убакыт отуп, бир куну эле телефон шынгырап калды;

— Алло! Кандайсын Бакыт?

— Жакшы! Ким болду экен бул?

— Уй булоолук жашоо кандай? Кызын чоноюп жатабы?

— Ооба, а силер кимсинер? ( тынчсыздана)

— Эми байкендин унун унутуп калдынбы?

— Кайсы?

— Ай кыскасы Бакыт! Иш бар, жумушка чыкчу убакыт келди.

— Ааа тушундум!

— Билесин да каяка келишти?

— Ооба, билем.

— Мейли, бугун кечинде кел.

— Суйлоштук.

— Тууут- Тууут- Тууут…..

Демимди кармап туруп эле катуу уфффф деп ушурунуп алдым да. Манежде жаткан кызымды колума алып, жытынан искеп ойлонуп туруп калдым. Оюмда сага кантип айтаарымды билбей турдум. Ойлонуп олтуруп ачыгын эле айтып кетууну чечтим. Анткени сен мени тушунот деп ишене билчумун. Созду эмнеден баштасам экен деп туруп, акыры;

— Алтусь?

— Оу?

— Мен бугун кетишим керек.

— Кайда ? ( ордунан чоочуп, козу чекчейип)

— Акыркы жолу алтусь… Ушунусунда барып келсем, болду кол узом алардан.

— Жок! Жок Бакыт!

— Жаным тушунчу, баары жакшы болот.

— Суранам Бакыт! Суйунгул учун! Биз учун таштачы ал жумушунду…

— Айсулуу… Акыркы жолу.

— Бакыт бизде баары бар го, бизге эч нерсени кереги жок. Андан коро биздин жаныбызда эле болчу. Карачы кызындын сонун кылыктары чыгып келатат. Кызыбыз тыныгыча жаныбызда болчу. Баары жетиштуу эле да…

— Билем берекем, эми жон гана барып келем.

— Бакыт! Мен жаман бир нерсе сезип турам, барбачы суранам…

Шолоктоп ыйлап тизелей жыгылдын… Сага айтканыма да окунуп калдым. Эми уйку корбой сарсанаа болуп чыгат экенсин да. «Ээк акылы жок десе» деп озумду тилдеп жаттым. Ичимен жакшы эле барбайм деп жаттым. Бирок тигилерге баары бир кезигишим керек эле. Оюмда ушу иш акыркысы деп айтам деп озумду алдап жаттым. Эмнеси болсо да бугун барып короюнчу.

Сени алдап сооротуп:

— Берекем?

— Мм?

— Анда жон гана барып суйлошуп бутуруп келейин. Болду иштебейм деп.

— Сен 2 ай мурда эле болду иштебейм бул жумуштан чыктым дедин эле го?

— Ооба, бирок бугун шеф чалып кезигели дейт. Балким жон эле кезигели деп жатса керек. Сен коп кабатыр боло бербечи э жаным?

— Ммм кайра эле келесинби бугун?

— Аракет кылам. Эми мурдагыдай жалгыз эмессин…

— Суранам жаным сак болчу!

— Макул алтусь!

Негедир силердин жанынардан чыккым келбеди чынын айтсам. Менде да бир коркунуч кокурокто турду. Сени бек кучактап, сенин жылуулугуна конулум тоюп, ичимен ыраазы болуп жаттым. Чыкканым уйдон жаман эле кетким келбей кирип чыгып, кечке коштошуп…

Адаттагы кезикчу жерде мени кутуп турушкан экен. Мен жок кезде, менин ордума Болот деген бир баланы алып коюшкан экен. Ичимен эми мен кетсем Мансур жалгыз калбайт экен да ойлоп жаттым. Акыркы заказды учообуз кылмай болдук. Бирок Болоттун коз карашы негедир мага биринчи коргондо эле жакпады. Коздорунон анын жут, ичи тар, коро албаган адам экендиги корунуп турду. Заказ демейдегиден 4 эсе коп экен, жана жеткирчу жер демейдеги Ош тарап эмес Торугарт жака жеткирмей болдук.

Жолго чыгуунун алдында сага айтып коюуну чечтим. Копко телефонду албай жатып анан алдын;

— Алло! Бакыт эмне болдун?

— Жаным, коп нерсе сураба. Келгенде баарын айтып берем. Кызымды бетинен ооп кой э?

— Эмнеге? Бакыт эмне болду?

— Жакшы эле алтыным. Болгону 3-4 кундой жок болом. Телефон очук болот. Силерди чексиз суйом!

— Биз дагы сени, сак бол жаным!

— Мейли анда!

— Макул!

Трубканы коёрум менен ичим ачышып жатты. Сени капа болду го деп ичимен санаам санга болунуп турду. Канча кылыгыма чыдап келетасын, эхх акылы жок акмак эле болдум го. Эмнеси болсо да бул аыркы жолкусу. Мындан кийин жанымды тобокеге салбайм. Силердин мандайынарда гана болуп, кунарсыз откон кунордун ордун толуктаганга аракеттенем. ..

Учообуз бир унаада кетип жаттык. » Досунду билгин келсе аны менен сапарга чык» дегендей, баратканда эле Мансур менен Болоттун пикирлери келишпесин байкап калдым. Бирок Мансур коп жыл иштегенине байланыштуу созу чондук кылат эле. Чынында ал билгенди Болот эмес, мен да билбейт элем. Ары бакылдашып бери бакылдашып жатып барчу жерге барып, иштерибизди ийгиликтуу бутуруп кайтып келдик. Олжолуу келгенибизге учообуздо тен маанай жакшы. Келип заказдан тушкон тыйынды тапшырып бергенибизде шеф учообузго окшош кара костюм тройка белеке даярдап коюптур. Бул ишти жакшылап белгилеш керек деп бизди ресторанга чакырды. Ал жакка учообуз тен кара костюмду баса кийип алып жонодук. Ал жактан майрамдап буткон сон озунчо бир дагы уланталы деп чечип, шаардагы бир кафеге кирип олтуруп калдык. Болот кызуулугуна салып Мансурга асылып баштаганда мен аларды токтотуп, элдештирип олтургузуп койдум. Неге ичи куйуп жатат десе корсо, шеф Болотко бизге салыштырмалуу анын улушун азыраак берип койгон экен. Ошого «эмне учун мага аз» деп куйбогон жери куйуп жаткан экен. Жакшы маанайда ичип жедик да уйго тарайлы деп эшке чыктык. Ангыча Болот;

— Бакыт?

— Ии?

— Мансурга 5 мунотко урксаат берчи?

— Эмнеге?

— Суйлошчу созум бар!

— Жооок! Эртен суйлошкуло, азыр уйго давай кеттик.

— Мен Мансурдан кечирип сурап алайын озунчо.

— Бакыбай, мен барып келейинчи? Мени билесин го досум? «Я тебя уважаю, ты мне как брат»

Мансур мени кучактап, озучо мага ыраазы болуп жатты. Мен досумдун создоруно толкунданып;

— А мейли! Бирок тездегиле, уйго тарайлы, кутуп жаткан аяшкан бар да билесин озун!

— Албетте досум! ( колу менин мойнуман узулбой, кыйбай карап)

— Бакыт, ишенип кой! 5 мунот! ( аркы колунан Мансурду жетелеген Болот)

— Ии болгула эми!

Экоо жетелешип кафенин бурчу тарапка басышат. Мен телефонумду жандырып сага чалып коёюн дедим.

— Алло! Алтусь!

— Оу келдинби? Кайдасын?

— Ооба, азыр буюрса барам уйго.

— Урееее! ( маанайы дароо эле озгорду)

— Кызым эмне кылатат? Ыйлабай элеби?

— Сени сагынып ыйлап жатабыз.

— Ии алтындарым го менин! Эми баардыгы сонун болот.

— Чын элеби жаным?

— Ообада берекем! Кызым экоонорго соооонун белектерди алып берем буюрса.

— Биздин атабыз ушундай алтын адам да… Эмне тамак жазап коёюн?

— Жаным, убара болбо. Эртен жазайбыз. Андан коро силерге эмне ала барайын?

— Ммм … Жанагы билесинби? Бар го немечи неме..

— Эмне?

— Иии унутуп жатам ( чыйпылыктап)

— Эстечи эми ,кана кана…

Ары жактан кызым кынкыстап ыйлап калды эле, сен;

— Ии унутуп жатам, жон эле койчу. Эртен чогуле алабыз.

— Аа анда макул.

— Дара дара дай дара дай атабыз келетат кызыыыыым… ( Кубанып)

— Ии алтындарым менин..Лан мен азыр э?

— Кутобуз.

— Макул!

Сенин кылыктанып кубанганынды угуп, жана кызымдын унун угуп озумчо толкунданып далбастап калдым. Аны устуно ичте бирдемке да бар. Ангыча ары кафенин бурчу жагынан бироонун ачуу уну;

— Ааааа убивают!

Карасам бетин жаап эле жерде бир аял чанырып олтурат. Жугуруп барсам жерде тошун басып Мансур жаткан экен. Озумду коёорго жай таппай, озумду озум жоготуп;

— Мансур! Эй Мансур! Досум ээй! Козунду аччы ээй!!!

Башын ойдо которуп, колума алып, тыншасам дем албайт, пулс жок, журогу эбак токтоп калган. Коргон козумо ишенбей турдум. Ичине бир нече жолу жана мойнуна сайганы учун каны жерге жайылып калган экен. Тошундогу сайылып турган бычакты сууруп, эсиме Болот тушуп, ачуум менен » Болот! Ты покойник! Я тебя из под земли достану! Канга кан!» деп кыйкырынып калдым.

Ары жактагы чанырган аялдын ачуу унунон элдер бат эле топтолуп, ким ким болгондо тиги аял козун ачып колу менен мени корсотуп;

— Вот он в черном костюме, который сидит с ним. Он убивал с ножом…

Анын айткандарына деле эч маани бербей досумду жоготконума ыза болуп олтурдум. Ангыча маски шоу да болуп кетти. Демейде керектуу учурда жок милиция кызматкерлери, оперлер менен келип мени колу бутумду толгоп, колго кишенди салышты да, алып кетишти…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE