Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 5.

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон…..

 

Суйунчу!

 

Арадан ай жанырып айларга, убакыт учкан куштай тез отуп, сенин коз жарчу мезгилин да жетип келди. Сен уйдо жалгыз калсан эле санаам санга болунуп, кыжалат болчу болдум. Жанындан чыкпай коеюн дейм, айла жок жумуштун айынан колум бошобой калчу болду. Ишеничтуу ташуучулардан Мансур экообуз эле болгондуктан, биздин иш убактыбыз жумалап да созулуп кетет. Чындыгын айтканда бул жумуш деле озумдун конулумо башынан эле жакпай келет. Эптеп тынып алайын деген адамдын айла жоктук кунун коруп олтурам.

Бугун Ошко кетчу «заказды» откоруп алып, уйду коздой бир тун болсо да жанында болуп калганга ашыгып бара жатам. Анткени эртен менен Мансур экообуз Ошко сапар тартабыз. Жолдо карай Орто Сай базарынан сен жакшы коргон жемиштерден, азык туулук алып алдым. Уйго келип конгуроону бассам, негедир эшикти копко ачпайсын. Дагы эмне болуп кетти экен деп чоочуп «Айсулуу» деп кыйкырып алдым да, чонтогумдогу ачкыч менен ачып кирдим. Алактап эле шаша буша уйго отуп барып сени издеп баштадым, ангыча сен;

— Келдинби? (оор онтоп)

— Ооба, кайда элен?

— Ваннада болчумун.

— Ой анан унунду чыгарып койбойсунбу, чоочуп кетсе!

— Конгуроо мага угулган жок го… ( тан калып)

— Ии келчи андан коро, мейличи угулбаса… Мынакей, мынакей, мынакей… атанар кееелди. Азыр апасы менен баласын атасы эркелетет… .

— Ии кебетесин ( кулуп)

— Кана, кана тепчи атаны кулака, атан кубанып бир жарылып алсын…

Койногун турулгон ахыбалда курсагынды кучактап , сылап, менин жузумду назик алаканын менен туртуп:

— Аааай Бакыт…(каткырып)

— Бу- бу- бу- бу- бу — бу..( сакалым менен кытыгылап)

— Ииииии, сакалын сайып, кытыгылап жатат.

— Ааа эч нерсе эмес..

— Аха! Эч нерсе эмес?! Корот элем сени! «И вообще-то» сенин деле олло кытыгын бар го?

— Койчу берекем…Менин кытыгым жооок.

— Канааа, айй ичимммм!

— Айсулуу эмне болду сага? ( козум бакырайып, коркуп)

— Ох ииии, балан кыймылдап, теминип жатат.

— Эээ, кана кана корсотчу, тыншайында.

— Ээ койчу, андан коро сен эмне алып келдин?

— Ии баса, журучу, колунду бер, и -и тур..

— Эмнеге?

— Столго олтурсан, азыр сага деп жузум, анар, клубника, алма, банан, ….ала келгем.

— Ох тыыыш, ням ням ( тили жалмандап)

— Тааакс, буларды жууйлу, анан дасторконго э?

— Ии, жаным кел мен тамакты жылытайын.

— Жок! Жооок! Бугун сен аз болсо эс ал! Мен озум эле азыр шаншун даярдап жиберем.

— Аи сизге бугун не болгон?

— Уйго токтобой сага каралаша албай жатпайымбы.

— Ааа, жаным! Ары жакта «холодильникте» кесме бар, ачсан…

— Оууу азыр апабыз жазаган тамактан жейбиз э балам?

— Ээк Бакыт! Жинди болбочу болду!

— Ой эми мунун эмнеси бар экен? Болгону балам менен суйлошуп жатам го?

— Жетишесин ага да буюрса!

— Ооба, буюрса! Андан коро сен аман эсен коз жарып алсан экен.

— Бакыт! Чынын айтсам тажап кеттим, уйдо жалгыз олтура берип. ( козу жашылданып)

— Эми алтыным эмне кыл дейсин? Мен, биздин келечек учун тырмаландап журом да. Эртенки куну бироого коз каранды болбошубуздун камын коруп керели кеч жумуштамын.

— Ооба дечи Бакыт. Мунундун баарын билем, бирок сенден суранам бул жумушунду таштачы.

— Жаным суранам эми баштабачы.

— Жок Бакыт! Укчу суранам! Сен дайыма жумушта жургонундо жаман тушторду кором. Сени жанагы шефинер баш болуп, жанындагы адамдар тош болуп сени карангыга калтырышып, сени карап маскаралап кулуп карап олтурушту…

— Ой эми жан…бул жон гана туш да!

— Бакыт! Сен билбейсин мен туну бою кирпик какпай, уктай албай кыналып жатканымды. Жанагындай тушторду коруп сага сарсаана болуп тан аткыча терезе карап олтурам. Мен кыйналып кеттим Бакыт! Мени аячы! Суранам! Сен, сен…( козунон молт молт жашы куюлуп )

— Келчи алтыным!

Сени кучагыма кысып, ичимден озунду согуп тилдеп турдум. Бул да болсо бироонун кызы да, жок дегенде ушу боюнда бар кезде жанында болуп койсом болмок экен. Аттин ай, каап…

— Болду жаным, болду, мага капа болбочу суранам. Буюрса бизде баары жакшы болот.

— Соз бересинби? ( кемшейип)

— Ооба жаным, соз берем! Мына буюрса ушул акыркы жолу барып келсем, андан кийин жанында болом.

— Ммм (умуттуу карап)

Мандайындан суйуп, чачтарындан жыттап алдым да тамактануу менен алек болдук. Тун бир оокумда тыбырчылап, кынкыстап кыйналып жатканынды карап, озумчо бир далайга ойго чомулдум… Мына сага эненин баркы! Асмандан тушуп калгансып, тениме албай журдум эле. Корсо мени да ал адам 9 ай которуп, далай тундорду мына минтип Айсулууча кыйналып откоргон экен да. Алда гана каралдым апам! Таарынып журсон керек ичинден. Салам айтпай, назар бурбай койдун деп! Кайран гана байкуш апам! Балким, атам да менчилеп, талаалап жургонунон сенин да конулун калса керек?! Эмнеси болсо да атам баскан изди баспаганга аракеттенем. .. Аз калды, тынып алайынчы… Силер убагында бири биринерге кол шилтеп, бейкуноо бир жанды таштап баса берген бала мына менмин деп алдынарга бараармын…

Тан урул болуп калган убакта, жолго даярданып турдум. Жанына келсем сен таттуу уйкуда бышылдап уктап жаткан экенсин. Туну бою ары ооналактап бери ооналактап жатып, эми дурус уктап жаткан экен деп ичимен кубанып алдым. Негедир бир нерсе кое бербегенсип турду. Мен кетсем сен бир нерсе болчудай болуп. Бирок заказды алган сон аткарыш зарыл эле. Курсагындан опкулоп алдым да, жолго чыктым.

 

Ошол эле туну зымырап Мансур экообуз Ошко кирип барып калдык. Болжошкон жерден заказчиктер менен кезигишип, товардын сапатын текшеришкен сон, дароо бизди олжолуу узатышты. Келишим ойдогудай отконуно маанай жакшы болуп турду. Оштун борборунан корунуктуу ресторанында сыйлуу коноктордун ордун ээлеп олтурдук. Дасторкон кере жайылып майрам болуп жатты. Бирок негедир журогум туйлап, озумо жай таба албай тынчсызданып турдум. Оюмда сен эмне болду экен? Ойгонсом жок экенсин деп жалган бойдон дайын жок да, же бирдиги калбай калганбы? Кечинде текшерип салып койбопмун… Санаам санга болунуп, чыдабай уюлдук байланышка чыктым. Бирок тилеке каршы сен албадын. Ого бетер тынчсызданып, чыйпыйым чыгып турду. Ары кетип бери кетип, тун ичинде тентуш балам Аскарга чалдым.

— Алло..Аскар?

— Алло, ким бул?

— Мен эй Бакыт!

— Ааа кандайсын?

— Жакшы, озун? Аяшка кандай?

— Жакшыле, каяктан? Тынччылыкпы деги?

— Ой досум, кыскасы Айсулуу телефонго жооп бербей жатат. Мен Ошто болчумун да жумуштарым менен. Уй жакты барып байкап койчу сураныч!

— А мейли, азыр барып кайра чалам.

— Мейли досум, кутом!

Аскар качан чалат деп куто бетип, онум да купкуу болуп кеткенин Мансур айтпаса эч байкабапмын.

— Эй Бакыт! Сага эмне болду? Онун бузулуп кетиптир го?

— Досум, аяшкан телефонго жооп бербей жатат.

— Ой йее, жанында ким бар эле?

— Кайдан? Эч ким жок да!

— Аскардын аялы менен калчу эле го мурда?

— Ооба, ал Кеминге торкунуно кеткен бойдон келе элек.

— Ээ досум! Сен да кызык экенсин да! Кош бойлуу аялды да жалгыз таштачу беле? Эми тынч эле болсо керек… Срок канча болуп калды эле? Ии баса, жакындап да калган э?

— Ой кайдан! Жакындамак турсун онунчу айга кетип баратат!

— Ого! Кырдаал оор экен да!

Арадан 2 саат отпой Аскардан телефонго чакыруу келди.

— Алло Аскар! Эмне болдун?

— Алло Бакыт!

— Ии, ии, угуп жатам айта бер!

— Эй аркы музыкадан эшке чыкчы, бол!

— Азыр! Азыр! Ии айт!Эмне болуптур? Айсулуу кайда экен?

— Досум, суйунчу! Кыздуу болдун!

— Я? Эмне дейсин?

— Кыздуу болдун, суйунчу дейм!

— Айсулуу кана?

— Эу Айсулууну коюп кичине болсун болсун деп койсон боло калп да болсо!

— Аа ии ообада, болсун, болсун! (шашкалактап, тилим булдурап)

— Бакыт! Айсулуу азыр торот уйундо экен. Сен качан жолго чыгасын?

— Мына азыр буюрса! Э Аскар чын эле кыз бекен? Тамашалаган жоксунбу?

— Ой жинди неме го?! Тамашалап эмне кылам! Эмне ишенбей турасынбы мага?

— Жок, ишенип эле, бирок УЗИден эркек деп жатышты эле го?

— Эй анынарды кайдан билейин! Кыскасы келгиле эртерээк!

— Макул досум, сага суйунчуно болот бирдеме.

— Ой рахмат, эми келгилечи аман эсен, анан суйлошобуз.

— Макул, корушкончо!

— Давай!

Уккан кулагыма ишене албай, туш сымалдай эле болгонсуп жатты.

— Мансур?

-Ии?

-Суйунчу! Досун кыздуу болду!

— Ай досум, болсун болсун!

Экообуз кучакташып кубанычымды аны менен тен болушуп, суйунгонумдон козумон да жаш чыгып кеткенин озум да байкабай калыптырмын. Дароо ал жердегилерге сыр бербестен кетууну чечтик да, жолго кайра аттандык. Жолдо карай Мансур экообуз алмак салмак рулду алып Бишкеке эртеси тушко маал кирип келип калдык. Жолдо карай кызыма койгонго ат тандап олтуруп аягы биринчи жакшылыгым, биринчи кубанычым, биринчи суйунучум деп, сени менен кенешип кызыбыздын атын Суйунгуль коелу деп сага айтайын деп ойлоп бараттым…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE