12 болум
– Эмитен эрге тийип кереги эмне кызым, окуп чокуп ойноп күлүп алсаң болбойбу, жаш күнүңдөн сүйүү деген балээнин азабынан оорукчан болбой, – Бурул кейип кепчип жатты. Арсен атасынан угуп абдан кубанды: “Демек Нуржамал каршы эмес, рахмат иним, сен мага өз сүйгөнүңдү белекке таштап кетипсиң, сени жоготуу канчалык ор, бирок арга жок, мен сенин сүйүүңдү улантам, сенин жашооң менин жашоомдо, анткени биз бир тууганбыз, эгизбиз, мага ыраазы бол иним”, – деп ойлонуп алды. Айтылган күнү бир койду союп, боорсок менен таттууну мол кылып алып алты-жети киши келип сөйкө салып кетишти. Муну уккан Акылай ичи ачышып өзүнчө буулугуп ыйлап эс алды. Нуржамал телефон чалса такыр албады, анын бактылуу жүзүн көргүсү келбеди, бирок ал ошентип жүргөндө Нуржамал анын үйүнө өзү келди. Экөө сүйлөшүп отуруп Арсендин киного алып бараарын айтып кошо барып кел деп суранды. Акылай курбусунун сөзүн кыя албады, Арсен ошол күнү Россияда бирге иштеген Сүйлүк Адилет деген жигитти ээрчитип келген экен, алар чогуу кино көрүп анан үйгө кайтышты. Адилет Акылайды жактырып калган экен анын номерин Нуржамалдан алып жолугууга чакырды.
Адилеттин телефон чалып жолугушууга чакырганына аябай кубанды, анткени ал өзү дагы жактырып калган. Ошол күнү алар жолукту, Адилет адамгерчиликтүү, кичипейил анан дагы назик. Кыздардай жумшак мүнөз жигит экен. Акылай алгачкы жолу жигит менен жолугушуп жатканга апкаарып турду, маңдай чачы желге сеңселип көзүн ылдый кыла жүрөгү титиреп адам колунда турган чымчык сымал дирилдейт.
– Акылай, окууларың кандай? – деди Адилет.
– Жакшы, өзүңүз кандайсыз?
– Ойдогудай эс алып жатам. Канчада окуйсуң?
– Онунчу класста.
– Аа-а, бойго жетип калыпсың, – Күлүп койду Адилет, – Ата-энеңдер барбы?
– Ооба, сиздикичи?
– Ата-энем, бир туугандарым бар, эң кичүүсүмүн, канча бир туугансыңар?
– Үчөө, эки уул бир кыз.
– Жакшы экен, анда эрке кыз турбайсыңбы?
– Андай деле эмес.
– Акылай жигитиң барбы?
– Кызыксыз го, жигитти эмитен эмне кылам?
– Балким уялып жатасың.
– Сизденби? – Акылай жүзү албыра шыңк эте күлдү, коңгуроодой назик үнү булактын шылдыраган агымынын дабышына кошула ого бетер кооз угулду.
– Акылай, жолугушуп туралы ээ?
– Көрөбүз го, сабакка тоскоол болбосо.
– Бош убакта.
– Макул, – деп Акылай аны уурдана карады, андан кийин ар кандай сөздөр сүйлөндү, Акылай көптөн кийин, – Мен кетишим керек, апамдар издеп калат, – деди.
– Бир аз туруп туралы.
– Издеп калышат, көбүнчө Нуржамалга бардым деп айтам.
– Нуржамалга бардым деп шылтоо табасыңбы? – Адилет күлө карады.
– Жо-ок, кайда жүрдүң десе эле Нуржамалга дей берем, чынында ага көп барам.
– Макул анда, мен кеткенче жолугуп туралы Акылай.
– Качан кетесиз? – деп жиберди кыз.
– Бир жумадан кийин кетем, Арсен тоюна даярданып жатпайбы, мен анын тоюна камынып кайра келишим керек.
– Жакында үйлөнүшөт бекен?
– Эки жумадан кийин алып кетебиз деп айтып келишти го?
– Аа-ай, анда мен Нуржамалга сөзсүз жолугушум керек, – Акылай шашып калды, – Үлпөт той өткөрөт бекен?
– Ооба, райондогу бир кафеге сүйлөшүптүр.
– Кой анда мен үйгө барып анан Нуржамалга барышым керек, жакшы барыңыз.
– Чогуу баралы, мен жеткирип коюп баса берем.
– Мени көпкө күтүп каласыз го, үйгө кирип атамдарга түшүндүрүп анан чыгам.
– Миң жыл өтүп кетсе да күтө берем.
– Анда өзүңүз билиңиз, – Акылай күлүмсүрөй карап коюп кетип жатты, алар айылдын четиндеги шылдырап аккан тунук булак боюнда отурушкан. Акылайдын үйү айылдын четинде эле, – Мен азыр чыгам, – деп кирип кетти. Көп өтпөй эле кайра чыкты, Нуржамалдын үйү мурда Акылайга жакын болчу, эми бир топ алыс. Акылай келгенде Нуржамал үйдө жок эле, аны Арсен алып кеткен, алар кетип жатып Акылайды алып алалы деп үйүнө бара жатып телефон чалды:
– Алоо Нуржамал үйүңө келсем жок экенсиң да, ошондойбу? Мен сага келгем да, Макул-макул азыр, ошол жерде болом, жанымда Адилет байке бар, жарайт азыр бирге барабыз, – деп Акылай кубанычтуу күлүп телефонун өчүрүп Адилетке кайрылды, – Алар бизди издеп жатыптыр, жүрүңүз, – деп шашыла жөнөдү.
– Кайда, алар кайда экен?
– Жолдон күтүп алат.
– Кызык, ушунча шашылышпы? – Адилет күлүп ылдамдай басты, алар эми эле чоң жолго жеткенде Арсен келип калды. Айылдын тең ортосун жарып өткөн чоң жол бар, союздун учурунда жарымына чейин асфальттап келип токтоп калган, андан бери эскирип унаанын жүрүшү кыйынга туруп өңгүл-дөңгүл. Алардын жанына келип токтоп калды Арсен.
– Ой силер кайда жүрөсүңөр издетип? – Бакылдай күлүп калды.
– Силерди издеп жүрбөйлүбү? – деди Адилет.
– Эмесе кеңешип алалы, биз Бишкекке бара жатабыз, кыскасы тойго камылга, – деп Арсен экөөнө карады:
– Акылай, мени менен барып келбейсиңби? – деди Нуржамал.
– Ай-ий, атамдар жибереби?
– Мен сурансамчы?
– Өзүм айтып көрөйүн, – деди Акылай көңүлсүз, анткени атасынын жибербесин билип турган эле, алар унаа менен алардын үйүнүн жанына келип токтошту. Акылай үйүнө кирип эмне деп айтаарын билбей кайсактап турганда апасы Жумабү:
– Сага эмне болду кызым, бирдеме дегиң келди беле? – деди.
– Апа, Нуржамалдын жакында тою болоорун билесиз да…
– Ооба, анан эмне болду?
– Эчтеке, алар Бишкекке барып кийинип келет экен, Нуржамал мени бирге барып кел деп жатат, – деп жооп күтүп калды.
– Бүгүн жөнөйт бекен?
– Азыр.
– Өзүң окуудан калбайсыңбы?
– Эртең, дем алыш да.
– Анда бара бер, атаңа мен айтып коем.
– Ур-ре! – Акылай кубанганынан апасын кучактап өпкүлөп жиберди, – Мен кеттим анда.
– Ай кийинип алсаң боло, кое тур, акча берейин.
– Апа, канча бересиз?
– Эки миң сом берейин көз каранды болбой барып кел, – деп Жумабү кызына жылмая карады, – Этият карады, – Этият бол, Нуржамалдан бөлүнбө, адашып кетесиң, тойго кийгенге өзүңө жаккан көйнөк ал макулбу?
– Ооба апа, – деп Акылай кубанычтуу жүгүрүп чыкты, Акылай келээри менен:
– Эмне деди? – деп суроо узатты Нуржамал.
– Макул болду.
– Аа-ай, сонун болбодубу, жибербей коебу деп жаттым эле.
– Мен дагы, урушат экен деп ойлоп турганмын да.
– Аяш апам абдан жакшы киши.
– Эмесе кеттикпи кыздар? – деди Арсен.
– Кеттик, – деди жайдары Нуржамал, унаа жылып борборду көздөй кеткен жолго түшүштү, төртөө күлкүлүү сөздөрдү сүйлөшүп каткырып күлүп кетип жатышты, орто жолдон Суусамырга токтоп тамактанышты, анан кайрадан жолго түшүшүп шаарга кеч жетишти, төртөө түнкү Бишкекти кыдырып түнкү кооздугуна суктанып жүрүштү, түнкүсүн жарыктар жылдыздарга окшоп жылт-жулт этип алыстан көрүнсө, жакын келгенде күндүзгүдөй жаркырап турганын көргөн эки кыз айрыкча суктана карап жатышты. Алар шаарга алгач келип жатканы эмеспи, бир кезде кафеге киришти, ошентип түндү унаа менен шаар кыдырып өткөрүшүп таңга маал уктап кетишти. Адегенде эле Арсен ойгонуп тигилерди ойготту:
– Тургула эй, түш болуп калыптыр.
– Ай-ий, катуу уктап калган турбайбызбы, – деп Нуржамал ыргып кетти.
– Чын эле, – деп Акылай менен Адилет дагы ойгонушту. Унаага отуруп уктап калышкан эле, унаасын жылдырып жөнөдү. Алар дароо эле Дордойго жөнөштү, кийим тандаганга келгенде кыздар өтө эле жаштык кылышты, Арсен менен Адилет деле мындайга мурда иши түшпөгөндүктөн анча билбей:
– Нуржамал, биз дордойго бекер бара жатабыз, башка салондорго баралы, – деди.
– Мен билбейм Арсен, мурда күйөөгө тийип көрбөсөм, – дегенде күлүп калышты.
– Эмесе мындай, – Арсен унаасын четке токтотту, – Уйкудан көзүбүздү ача албай жатып баш оогон жакка кетип жатыппыз, кеттик артка! – деп унаасын жылдырып артка кайрылышты. Кайра келе жатып жол боюндагы салондон үлпөт көйнөктөрдү көргөн Нуржамал:
– Арсен, мына биз издеген дүкөн! – деп шашып калды.
– Кана? – деп Адилет менен Акылай жолду карап калышты, Арсен жол боюна токтотуп салонго киришти, Нуржамалга көйнөктөрдүн баары эле жагат, Акылай болсо улам бирин кармап көрүп:
– Дагы башка жакты көрбөйлүбү? – деди.
– Жакпайбы булар? – деди Арсен.
– Салондор толтура го?
– Кеттик анда, – Алар кайра отурушту. Кечке чейин улам бир салонго кирип жатып акыры Нуржамалга Арсен бир көйнөктү өзү кийгизип көрүп тандады, андан кийин Акылай курбусу өзүнө көйнөк алды, алчууларын алганча кеч болуп кетти, алар кафеге кирип кардыларын тойгузушкан соң үйлөрүнө базарлык алышты да жолго чыгышты, таңга маал Нуржамалдын үйүнө келишти. Бул кезде таң куланөөк болуп жерге жарык кирип калган. Бурул кызынын бактылуу болушун каалап калган, өзүнүн оюна койсо такыр эле колунан чыгаргысы жок, жаштыгын ойлоп ичи ачышат, аларды жеткирип коюп Арсен менен Адилет үйүнө кетишкен, Нуржамал менен Акылай дароо эле жатып уйкуга киришти. Эртеси түшкө жакын Арсен кайра келди, эми алар чакыруу билет жасаганга районго барып заказ беришмек, Акылайды үйүнө жеткирип андан ары Адилет үчөө районго жөнөдү. Ошентип камы бүтүп Арсендин ата-энеси камынып Нуржамалды кол менен алып кетишти, ага Бурул менен Сагынбек сеп беришти, эл катары узатышты, Гүлжамал сиңдисинин бактылуу жүзүн көрүп эле кубанып жүрдү. Той болоор күн, кафе аябай жасалгаланган, кире бергенде эле бет маңдайда төргө илинген Арсен менен Нуржамалдын чоң сүрөтү көрүнүп: “Куш бооңор бек болсун, бактылуу болгула”, – деген жазуу менен кооздолгон. Тойго чакырылган дар келип болуп калган кезде сырттан бир аял, бир эркек кирип келе жатты, бул Нуржамалдын атасы эле, Нурмат той болоорун угуп атайын Бишкектен келген эле, ал жерде Бурулдун агасы, Өмүрбек аялы менен Актан аялы менен Гүлжамал күйөөсү менен келген. Нурмат кирип келе жатканда тозуп:
– Кимиси тараптансыз? – деди акырын.
– Кыз тараптан болом.
– Анда бул жакка отуруңуздар, – деп Нуржамалдын төркүндөрү отурган жакка баштап келгенде Бурул көрүп калды, Гүлжамал дагы тааныды. Тойдо ырчылардан болбосо дагы алып баруучу такылдап сүйлөп музыка жаңырып жатты. Бир кезде кудагый кудалар чыгыңыздар, – дегенде Бурул, Сагынбек, Гүлжамал күйөөсү болуп чыгып бара жатканда Нурмат дагы турмак болду эле аялы этектен тартты:
– Отур, биз өзүбүзчө чыгабыз.
– Болчу беле, – деп Нурмат болбой эле жөнөдү, ал Бишкекте турат, иштеген иши бар, аялы аны такыр балдарына каратчу эмес, бул жолу Нурмат ага болбой жөнөгөндө аялы кошо ээрчип алган, экөөнүн ортосунда бала жок, эки уулун көрүп ичи ачышып турду анын. Сагынбектер сүйлөп бүткөн соң Нурмат өзүн тааныштырды.
– Мен Гүлжамал, Нуржамалдын атасымын, мен ушул тойду бирөөдөн угуп калып келип калдым, Нурка, кызым менин, ушул ак тоюң менен Арсен экөөңөрдү чын жүрөгүмдөн куттуктайм, тоюңа деп күйөө балам экөөңөргө бир жип унаасын белекке алып келдим! – дегенде залда отургандар ызы-чуу боло түштү.
– Эмесе кыз-күйөө, бул жакка келип коюңуздар, – деп алып баруучу айтканда Арсен менен Нуржамал кол кармашып келе жатты, Нуржамалдын көздөрүнөн жаш куюла атасын кучактап калды:
– Ата, атакебайым өзүң эле келгениң болбойт беле, мага сенин келгениң дагы чоң белек болмок, – деп ыйлап жатты. Нурмат дагы жашып кетти. Унаанын ачкычын берип анан кыз-күйөөсүнө бак-таалай каалап ордуна отурду. Бурулдун күйөөсүнө жини келип жатты: “Көрүнгүсү келип атайын келген тура. Колунда бар болсо балдарды имерет эми”, – деп ойлонуп жатты. Баарынан кызыгы андан кийин болду, Сагынбектин Бишкектеги жалгыз уулу Арсендин сүрөтүн көрүп эле эси ооп карап калды: “Мен муну өлдү деп укпадым беле, тирүү калышы мүмкүн эмес болчу”, – деп ойлонуп атасы менен учурашып отуруп калды, алар дагы кеч келишкен, Сагынбек уул-кызын Бурулдун балдары менен таанышып катышып алсын деген ниетте чакырган болчу. Той шаңдуу өтүп жатты, Арсен Чынгызды көрүп таңгалып калды, анткени алар абдан өч эле. Той бүтүп коноктор тараган кезде узатып артта ата-энелери менен кыз-күйөө калган, Чынгыз Арсенге келип:
Уландысы бар…










