Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат ❤️4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4157&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Колдон учкан махабат«же «Үзүлбөгөн үмүт»
4-болум
Гүкү Акылдын туугандарына кабар берди, өзүнүн төшүн каккан агасын, эжелерин чакырды. Алысыраак туугандары шаарда жашачу, алар менен катышы деле жок болчу Акылдын. Эми тойду угуп келбей койсо болот дечи мурунку катышпагандарын эстеп бирок, адам каза болуп жатса келбей койуу мүмкүн эмес да. Бир сааттын ичинде алты-жети эркек чогулуп жетип келишти. Акылдын мурунку жашоосунан эч кабары жок туугандары чын дилден Гуляга ичтери ачышып турду. Гуля дагы артис неме өңгүрөп аябай окшотуп ыйлады. Гулянын агасы кызарып жетип келди, азыр эле карындашынын абийри ачылып калчудай аябай жакшы адамга айланып, Акылдын туугандарына жакшы көрүнүп жатты. Келген милиция менен сүйлөшүп, акча карматып жолго салышты. Акылды сойдурбай алып чыгып кетишти. Аталарын чыдамсыздык менен күтүп олтурган балдарына жаман болду, толгон токой адам атасынын жансыз денесин машинадан түшүргөндө Нурис жыгылып калды.
— Кой балам, сабыр кыл. Атаңдан айрылып калдык, белди бекем буугула. Эч кимге зыяны жок жакшы адам эле, биз дагы жаман болуп жатабыз. Нурис элдин башында сен болосуң балам, мынтип жатсаң атаңды татыктуу жерге бере албай калабыз. Кыял кайакта?
—Байкем Россияда, ал укса эмне болот эми? Кабар бергиле байкеме, жетишип калсын.
Ызы-чуу болуп жатканда Кыял өзү атасына звонтетип калды, телефонду калтыраган үн менен Нурис алды. Туугандары атам ооруп жатат!-деп чакыр деген. Нуристин үнүнөн Кыял сездиби атам кана?-деди дароо.
—Атам ооруп калды, батыраак келиңиз байке.
— Нурис, атам өлдүбү? Алдагы мастан түбүнө жеттиби? Чыныңды айт деп жатам.
—Жок, жүрөгүнөн деп жатышат. Атамдан айрылдык байке, тоголок жетим болуп калдык. Эми эмне кылабыз? Биздин эч кимибиз калган жок, байке батыраак келиңизчи..
Кыял телефонду өчүрүп салды, акыркы күндөрү Кыял сезип жүргөн. Гуля атысын жеп бүтөөрүн билип жүргөн, качан жаман кабар келет дегендей Кыргызстандан коңгуроо келгенде жүрөгү болк этип турчу. Мына ошол күн деле алыс эмес экен, Кыял кетпей койгондо деле атасын коргой алмак эмес, ажалдын иши жаман да. Мен деген бай-манаптар деле өлүп жатпайбы. Чогу иштеген досторуна айтты эле, достору куран окуп, колдорунан келген акча топтоп беришти. Аэропортко келсе дагы жакшы билет бар экен, үч сааттан кийин каттоо башталат дешти. Билетин алып, күтүү залында олтурду. Бир точканы карап олтура бериптир, көзүндөгү жаш токтобой ага берди. Тегеректе олтургандар казатка баратканын байкашты, арасынан бирөө жашын арчууга бир нерсе карматты көрүнөт бетин жаап алды. Апасы тирүү болгондо балким атасын акыркы сапарга узатууга шашмак, бирок Кыял эч эле баргысы келбей турду. Жок, атасын жерге берүүдөн качкан жок. Атасын коюп келгенден кийин эмне болот деген ой Кыялдын бүтүн тушап салгандай. Баарын унуткусу келди, азыркы укканын баары түш болуп калышын тилеп турду. Атасы айдай албаган катынды Кыял эми кантип айдайт? Гуля ошол жерде калчу болсо анда Кыял бир-туугандарын алып чыгып кетиш керек болот. Эмне кылууну билбей, келечек туңгуюк болуп калган. Ичиндеги ойлор менен алпурушуп олтуруп каттоо да башталып калды. Кыял биринчи болуп каттоодон өттү. Самалётко олтурганча дагы бир саат өттү, мекенге беш саатта учуп келди. Үйүнө келгенде түн болуп калган. Боз үй тигилип калыптыр, баардыгы тегеректеп олтурушат. Карындаштары боздоп гана жиберишти Кыялды көрүп.
—Кыял атаң бизди таштап кетип калыптыр, эми биз кантебиз. Айда, жылда бир көрсөк да агам бар!-деп ишенип жүрчү элек. Аска-зоодой тутуп, ишенгеним эле. Карааныңдан кагылайындар эми атаң жок кантебиз.
—Эжеке эмнеге өлөт? Эмне болуп өлөт? Эртең менен сүйлөшкөндө атам жакшы болчу, акча салам дегем. Акыркы кридитти төгүп, жаңы алмакпыз. Атам үйдү бүтүрүп жатам деген. Оорудум деп бир айтпай дагы кетип калабы? -деп атасынын бетин ачса сөөктөн буу чыгып жатыптыр. Эки көзүнөн бир тамчыдан жаш чыгыптыр, тооба адам жерге берилгенче руху жанында болот деген чынбы. Үч баласынын томолой жетим калганына ата дагы сыздап жаткандай.

Баардыгы жер чапкылап ыйлап таңды аттырып жиберишти. Эл келет, элге коюууга нерсе жок. Акылдын жалгыз иниси алып келген акча моргго, кепинге, малга кеткен. Карындаштары деле өтө жупуну турушат эле, бир тыйын чыгара алышкан жок. Эртең менен эл келгиче ошол жердеги базарчиктен керектүүсүн баарын карызга алып келишти. Ажал байдын малын, кедейдин абийрин чачат тура. Кыял атасына кайгырып жатып үйдө эмне болуп жатканын деле караган жок. Үйгө дагы кире элек, боз үйдүн сыртында эле ыйлап турду. Кызмат кылгандар алып келинген кантты төрт үйгө бөлгөндө аз-аздан эле болуп калды. Болгону ушул экенин билбей эле бир аял, бул эмнеге жетсин ботом, сал дагы!-деди жулунуп. Улуу карындашынын кызы да кызматта жүргөн, анан берки бөлүштүрүп жаткан келин :-акырын, ушул эле экен. Болгонун койо бер!-дегенин угуп жаман болуп кетти. Чыгып биринчи Гуляга айтты.
— Үйдө бир тыйын жок, өлүп калат экенин кайдан билейин. Каткан-куткан кант дагы жок, болгонун койо бергиле. Эмне кылайын эми, элдер тамак жегени келет экенби эмне?
—Жок жеңе келиндер айтканын сурап жатам, мейли жок болсо. Эки карындашы, алыс туугандары да угуп калгандыктан аябай уялышты. Бар болсо чуркап барып алып келип бергиси келет бирок, жоктун иши да. Кыял угуп калыптыр, акырын ары барып келиндердин бирине акча берди. Дароо барып жетпегендин баары алынып келинди. Молдо түштөн кийин эле сууга алдырып салды. Акылдын иниси, Кыял анан Акылдын досу, молдо болуп кирип кетишти. Бетин ача койсо түндө ыйлап жаткан Акыл азыр күлүмсүрөп калыптыр. Тирүү жандай, а түгүл эки тиши азмаз көрүнүп калган.
—Ары жагынан бериптир кудайым, жакшы адам экен. Бейишке түшөт буйруса.
Кыял киргени кирип алып, эч кыймылдай албай койду. Көздөн жаш токтобойт.

«Ээй кара жер, айтчы. Жооп берчи. Бул балдардын энесин алганың сага аз болдубу? Сен тойбойсун, эч качан тойбойсун. Дүйнө жүзүндөгү адамдын баарын жутсаң да тойбойсун. Сен сук немесин, ач көз жырткыч. Эч качан, эч кимге боору оорубаган наадансын. Үч баланы тоголок жетим, бир кызды жарты жетим кылып кеттиң. Сенин жакшы тилегиң жок, көк чөбүндүн үстүндө бастырган акысына бизди бүтүндөй бекитип алат экенсиң да. Мен сага таарындым, керек болсо сени эч качан баспоого да маакулмун. Бирок, сен адамзаттын башка амалы жок экенин билесиң да. Сууга канчалык жашынсаң деле, канча терең, канча тунук болбосун түбү баарыбир өзүңсүң. Асманга качсаң ал жакта дагы түбөлүк жашоо жок, баарыбир өзүңө келет экенмин. Сен ошону билесиң, сен ошол күчтүүлүгүндөн пайдаланып, кардыңды кеп карын кылып алгансың. Сен тойбойсун, тойбоссун.»»
Ата-эне өлсө бала жерге бергиче ыйлайт экен, бала өлсө ата-эне өздөрү жерге бармайынча ыйлайт экен. Акылды жерге катып келгенден кийин кичине тынчып калышты. Келген кишилер жей турганын жеп, салып кете турганын салып кетишти. Үйдө Акылдын үч бир тууганы, үч баласы, эки кызы, Гуля эле калды. Эртең менен турса Гуля үйдө жок экен, кайда кетти деп таң калып, анан туруп жыйнанышты. Эшиктерди иреттеп, үйгө дасторкон салышты. Киши эми күндө келе берет эмеспи, эртең үч илигин өткөрүүгө дагы торпок союшту. Дагы жакшы элдин кошумчасы бар экен, ошол акчаны алып барышып кечеки карызды төлөп, дагы керектүү нерселерди алып келишти. Дагы эл басты, Гуля болсо жок. Келгендин баары зайыбы кайсы!-деп сурашат. Алып келген кийитин ээсине тапшырыш керек да. Азыр келет, чай ичип жатат же ажатканага кетти, же ооруп калды !-деп ар кайсы шылтоону айтып жатышты. Гулянын мындай кылыктарын туугандары билчү эмес, элдин саны азайганда Кыял боз үйгө кирип, сөздүн кырын чыгарды.
—Эми Гуля жеңем эмне болот?
—Билбейбиз Кыял, өзү билсин. Бирок, жылдыкка чейин кетпесе экен. Макул болсо силерге көз баш болуп жашаса биздин да көңүлүбүз тынч болмок. Болбой кетем десе анда айла жок, сени үйлөнтобуз инилеринди карап жашай бересиң. Сен эми чоң бала болдуң эмеспи.
— Ооба кал дебегиле, мен үйлөнүп инилеримди өзүм эле карап алам. Мына атамды кече койсок бүгүн жок.
—Кой антпе уят болот, силерди баккан аялды да ушинтесинби? Атаңдын арбагын сыйласаң боло, болду үн чыгарба.
Кыял айла жок унчукпай калды, баардыгына Гулянын жомокторун айтканда баарыбир ишенишпейт. Өздөрү көрсүн деди окшойт. Бир маалда баягы кошуна кемпир кайра кирди. Жандарына жакшылап жайгашып, сөз баштады.
—Эми эмне кылган жатасыңар? Балдар эмне болот? Кыял кетеби кайра?
—Ооба кетет, бул иштебесе эми буларды ким багат?
—Нурис менен кенжеси Гуля менен калабы эмне? Ай катыгун балдарды бул мастан менен калтырсанар балдарды да жеп бүтөт. Акылды ушул эле жеди, күндө уруш, мушташ болуп Акыл тынч жашоо көргөн жок. Акылдын түбүнө жеткен ушул да. Нурис эмнеге айтпайсың? Кышында канча кыйналды бутун сындыртканда, догдурга да алпарбай койду эле муздак сууга чайканып кетпеди беле. Күндө ичип, силерди көчөгө кууйт эмеспи. Эми атаң жок силерди кууруйт бул, үйдөн чыгара албайсыңар. Балдарды алып кеткиле, жаңы үйдү бүтүрүп алышат. Мен күйгөнүм үчүн айтып жатам, балдардын убалына калгым келбейт. Акылды каратып айылдын жарымы менен жүргөн, калган жарымы менен Акылга тийе электе жүргөн. Мен айттым калганын өзүңөр билгиле. Эртең кайра жаңы өлүктүн башына келип калбагыла.
—Кыял ушунун баары чынбы? Эмнеге бизге бир ооз айтпайсыңар? Эрте билсек атаң азыр тирүү болот беле, кантип чыдап жүрдүңор?
—Эжеке үйдүн акыбалынан жашообуз кандай экендигин билген жоксузбу? Эркек башым менен үй жыйнайм, ичип эле жүрөт. Мындан атам коркчу, атамды кошуп балта менен бизди кууп чыкчу. Атам кечке иштесе бул деген кечке майрамдайт. Ачка болсо койду жыга чаап деле бышырып жей берет. Баардыгын тажатты.
—Эмнеге айтпайсыңар? Мен мунун башын жулам, элдин буту тыйылсынбы менден көрөт бул шашпасын.!-деп улуу карындашы ачууланды. Эми эмне пайда? Эми сүйлөгөндө эмне пайда? Акылды кайра кайтара албайт да.

Түш ооп калганда Гуля телтендеп келип калды, эл азайып, боз үйдөгүлөр чай ичкени киришкен. Кирип унчукпай төркү бөлмөгө кирип кетти, Акылдын карындашы жеңесине ушунчалык таарынып, тилин араң тиштеп турду. Бирөөсү тамак салып келген, жакшы ойдо Гуляны тамака чакырышты. Кичине кызуу экен, араң турган неме жини менен келип олтурду.
—Кара кагазын алайын!-деп барсам баласына берем дейт тетиги акмак. Анын иши эмне экен кара кагаз менен, мен кара кагазын алып жеп алчудай. Бети жок десе. Кыял эртең мени менен чогу барчы кара кагазын алып, силерге жөлөк пулга тапшырайын. Анан көмүүгө да акча берет дейт өкмөт.
—Мен барбайм, атамды жоктоп келип жатышса сиз менен кетип калмак белем. Бара бериңиз.
— Бир саат ашып кетсе, жаныңды алчудай эмне болуп жатасың. Келсе мына Нурис, байкелерин турат.
— Жеңе өлгөн адамга кайсы убакта болбосун кара кагазын бере берет. Баары тынчыганда барсаңыз болбойбу? Бүгүн дагы элдер аябай жоктошту, мен уялдым шылтоо айта берип.
—Эртен келбесең бербей койом деди, он миң бериш керек экен.
—Эмне кылганына он миң сурап жатат? Адамдын өлгөнү да акчабы? Акчасы жок болсо өлүүгө акысы жок экен да э.
—Кара кагазын ошончого берет экен, сойгон жокмун дейт.
—Ошо сойбосо же даары сайып бербесе эмнеге акча сурайт, акмактар го булар. Мен эртең барып ошол жерди башыма кийем, керек болсо сотко берем.
—Сотко берсеңиз жайды кайра казабыз дейт. Унчукпайлы, он миңди төлөйм мейли.

Ушул учурда Кыялдын чачы тик турду.
—Эмнеге сойдурган жоксуң а? Эмне былыгын билинет дедиңби? Сен эле атама бир нерсе берип өлтүрүп койдуң, текшерсе текшерсин.
— Атаңды сойдурбай алып калганыма ыраазы болбойсуңбу акмак, атаңды өлтүрүп мага эмне пайда?
— Үйдү алгың бар да сенин, баардыгын тартып алгың бар да.
—Мурунку эримден дагы үй талашпай чыгып кеткем керек болсо.
—Квартирачы? Аны атаң берди беле?
—Мен ал эримди айткан жокмун.
—Сансыз эриң бар экен көрдүм, эми бирөөсүнөн албасаң алалбай калыптырсың да. Негизи сен кара жаздык турбайсыңбы.
—Кыял басыл, оозуңду жап дейм!- деп эжеси оозун жаап салды. Күмүш тай жагын чакыра койгон экен жетип келишиптир, туугандарын көргөндө эрденип кеттиби айтор дасторкондо турган тамакты табагы менен Кыял тарапка ыргытып жиберди. Табагы тийбегени менен ыссык тамак бетине чачырады.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE