Пример HTML-страницы

КЕЛИН ЖАНА КАЙНЕНЕ

https://kyrgyzcha.site/?p=53788&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕЛИН ЖАНА КАЙНЕНЕ

 

 

 

Саргарган буудайды аралап, жүзүнөн шоргологон терди улам аарчып коюп сулууча болгон келин арыштай басып кетип бара жатты. Аркасынан келе жаткан күйөөсүн да күтпөй, эки аягы тыпылдайт. Үйлөнгөндөрүнө аз эле убакыт болуп, тез эле жайлоого чыгып кетишкен. Эми күз таяп, кайнененин үйүнө келе жатышканы. Кичинесинен өгөй энесинин запкысын көп көргөн бечара эми кайнененин кандай болорун элестете албай, эси эки. Айылга жакындай бергенде күйөөсү жете келип колдон ала күлүмсүрөдү.

– Айым, мынча тез басасыӊ? Мен сага жетпей калдым.

– Анда бир аз эс алалы.

Жылмайган жүзү, колдон алган жылуулугу келинди элжиретип, күйөөсүнө эреркей карады. Айыл четиндеги жалпак тамга жакындай бергенде Айымдын жүрөгү дүкүлдөй баштады. Аял дегендин баарын өгөй энесиндей элестетип алган ал эрксизден күйөөсүнүн аркасына далдалана калды. Бирок… Дарбаза ачылып, алдынан чыга келген жүзү жаркын аял алгач эле келиндин чекесинен өөп-өөп алды.

– Балапандарым менин, аман-эсен келип алдыӊарбы? Мал-жан аманбы?

– Жакшы, апа, өзүӊүз кандайсыз?- деди уулу калбаат жооп берип.

“Азыр жөн гана күйөөмдүн көзүнчө жакшы мамиле кылып жатат, анан баштайт болсо керек” деп жатты келиндин титиреген жүрөгү. Андай болбоду, ал күнү, анын эртеси да, анын эртесинин эртеси да кайнененин мамилеси өзгөргөн жок. Бир жаман сөз айтып көӊүлүн оорутпады. Бир күнү апасынын кошуна эже менен сүйлөшүп отурганын угуп калды.

– Урумкан акмак, келинимди таптакыр жер көз кылып салыптыр. 4-класска чейин эле окутуп, кызматына кызыгып окутпай койгон тура. Атын катуураак айтып чакырсам дирт эте коркуп, жалтаӊдап кетет. “Коркпо, мен Урумкан эмесмин, эч коркпой жүр, балам” деп жүрүп эми араӊ жакшы болуп келе жатат. Акырын алдап-соолап, жакшы сөз менен имерип отурам бечараны.

– Ооба, байкушту кычкач менен тизеге чапкылап, илмийген немеге эки чака менен суу ташытып, аны бир аз төгүп алса жаткыра чаап жатканын өз көзүм менен көргөм. Бечара кызды аяп, көзүмдөн жашым атып кетчү. Капырай, өӊүнө да чыга түштү келиниӊиз, баары бир билимдүүсүз, эми жакшынакай кылып тарбиялап алыӊыз.

– Жалгыз уулумдун жактырып алган жары да. Эми эптеп, этегине жалгап төрөп берсе…

Сыртта турган Айым көз-жашын жута ары бурулду. Келин эненин кудуреттүү кучагы жылуу болорун, бардык коркунучтан, азап-тозоктон сактаарын эми сезди.

Аттиӊ, бирок бактылуу күндөр да көпкө созулбады. Күйөөсү автокырсыктан каза болуп, келин байкуш жыл айланбай кара жамынып жесир калды. Караан туткан уулунан ажыраган эне, жаш калып өксүгөн келин бир тамда түтүн булатып калышты. Ошентип, 16 жашында турмушка чыгып, 17 жашында жесир калган гүлдөй келин 10 жыл кайнененин жанында бой жашады.

Айылдын бала бакчасында иштеп, кечке маал үйдүн босогосун аттаган келин кайненесинин ыйлап, кимдир бирөө менен күӊкүлдөшүп жатканын укту. Ал аял көптөн бери үйгө келип жүргөн кайненесинин жакын санаалашы болчу.

– Шордуу келинимдин багын байлап, жанымдан чыгарбай отурам. Мени түшүнбөйт дейсиӊби, кайсы бир күнү ушундай болорун дилимде күтүп жүргөм. Кудай, ай, кандай кылам эми?

– Кайраттуу адамсыз, жашоо ушундай эмеспи. Келиниӊиздин колун сурап жаткан адам шаарда иштейт экен. Токтоо, акылдуу, мыкты жигит. Мен кантип жаман адамга кыяйын?

Айым чыдай албай кетти. Кирип келип кайнененин кучагына жыгылды.

– Апаке, мен сизди таштап эч кайда кетпейм. Мен сизден кетпейм, апа, мени жаныӊыздан кубалабаӊыз.

Өксүп тизесине жыгылган келинин кучактаган эне кошо ыйлады.

– Садагам, колума секелек кезден келип, кызым болдуӊ. Кызым жок дечү элем, кыздуу болдум. Ыраазымын сага, кызым! Эми карап көр, жактырсаӊ сени кармабайм.

– Жок, апа, сизди жалгыз таштабайм!

Айым өпкөлөп ыйлап, кайненесинин тизесинде жатты. Мээримдүү колдор чачынан сылап, коштошуп жаткандай оор үшкүрүп отурду.

Жашоо баары бир өз мыйзамын жүргүзөт тура. Айым алгач ай асмандай түйүлүп качса, колун сураган Аскаттын тажабай кылган аракетинен улам жоошуй баштады. Көӊүлүндө бир сезим уялап, аны өӊгө тургай, өзүнөн жашырып, дил азабын тартып жүрдү. “Сүйүү ушундайбы?” деп өзүнө суроо берип коёт. Биринчи күйөөсүнө деле мындай сезимдер болгон эмес, өгөй энеден кутулуу үчүн алгач колун сураган адамга макулдугун берип басып кеткен эле. Кудайга шүгүр, ал күйөөсү менен жакшы жашады. Бул жолку сезими ага окшобойт. Башкача

сезим…

– Айым, бир жыл тынбай артыӊдан ээрчиттиӊ, эми үйлөнөлү,- деген Аскаттын сунушуна жок дей албады.

Кайненеси өз кызын узаткандай шаан-шөкөт менен узатып, көз-жашын төгүп кала берди. Машиненин карааны узап кеткенче карап турду да, оор үшкүрдү. Айымды узаткандан кийин эненин тозогу чындап башталды. Төрт бурч тамды башына көӊтөрүп алгандай жымжырт. Жаны кашайып, жалгыздыктан уулунун жанына барып жатып алгысы келет. Бир күнү түш көрүп, “Айым сизди таштабайт, апа, ал кайтып келет, көрөсүз го, ыйлабаӊызчы” деп уулунун жалдырап жатканын көрдү. Түшү же өӊү экенин билбей, төшөктөн башын көтөрө албай жатканда кимдир бирөөнүн үйгө киргенин туйду. Кошунанын уулу го деп ойлоду.

– Кимсиӊ, балам?

– Апаке, ооруп калдыӊызбы?- деген келининин үнүн угуп, калтырап ордунан тура калды.

– Айым, садагам, сен келдиӊби?

– Апа, сенсиз жашай албайт экем. Мени менен жүрүӊүз, сизден башка жакын адамым жок менин.

– Күйөөӊ эмне дээр экен, балам?

– Ал макул, апа, өзү да мени менен келди.

Келининин чекесинен сүйгөн эне ыйлап жиберди.

– Мен билгем, менин кызым мени таштабасын билгем.

Бул окуя желдей тарады. Айымдын балдарын багып, бактылуу карылыкты башынан өткөрүп жаткан эне жыл сайын айылына келип, тууган-туушкандары менен жолугуп, уулуна куран окутуп кетип жүрдү. Бул эненин өмүрүнүн аягына чейин уланды…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE