Пример HTML-страницы

Кан коё бербейт 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6139&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.11-БӨЛҮМ.

Жаныбек, аны таштабай эле койсок болмок. Жалдырап жалгыздыкта азап тартып олгон жаман да.
— Мен сени кой дедимби? Жаны чыкканча жанында отурбайт Белен. Баарыбыздан мурда атып чыгып артынды карабай качтын го.
— Биякка ала келсек болмок.
— Анын омурткасы сынган, кантип алып келет элек. Ошо жерден атып салалы десе, бышактап болбой койдун. Омурткасы сынгандан кийин иштин буткону, ошон учун жаман коргон адамын омурткан сынгыр деп каргашат. Талант болсо ит аткандай атып таштамак, а сен тим эле боорукер болуп, энненди. Эми отура бер, калчылдап. Таланттан калып калбаганда азыр чогуу болмокпуз.
— Талант келбесе кандай кылабыз?
— Баары бир учуп кетебиз. келсе да, келбесе да. Антпесе эртен эле кармап кетишет.
— А Боха бизди алабы? Талантты сураса эмне дейбиз?
— Аны мага кой, — туноро жооп берди Жаныбек. — Албай эле корсунчу.
— Эмне эле зиркилдеп калгансын?
— Болду, жаагынды бас. Жур, бирден бастырып алалы. Эшик тарс жабылып, кайрадан ундор угулаар-угулмаксан болуп калды. Менин тушунугумо караганда булар кечки ондо вертолёт менен учуп кеткени жатышат. Бир жерде кармалып калган Талантты чыдамсыздык менен кутушуудо. Анын бети-башынын баары боек болсо бул жакка кантип келет? Жолдо МАИ деген толтура. Ал Бишкекте эле бир жерде жашынып жатса керек. Мен чатырга чыгып, шыйпырдын жылчыктарынын кирген жарыктан ал жерде эски-уску эмеректер бар экенин байкадым. Бир чон шкафты таап, бирдеме болсо ичине жашына калайын деп эшигин ачып койдум.
Терезеден карасам Жаныбек менен Юра дарбаза жакка баратышыптыр. Козумо аркы бурчта жаткан чемодан чалдыкты. Анын жанындагы дагы бир чемоданда акча бар экен. Кулпулары оной эле ачылды. Ичинен чупурокко оролгон бирдеме корунгонунон ачсам жылт-жулт этип моюнга тагынган чынжыр, сойко-шакектер жана да билериктер жатат. Каптарда акча бар экенин ачпай эле билдим. Чемоданды жаап, эмне кылсам деп ойлонуп турсам сырткы эшик кыйч этип ачылды, дароо дымып тыншап калдым.
— Трассага чыгып гезит алып келиш керек болуп атат, — деп корулдады Жаныбек. — Шаарда эмне болуп атканын укпасак, ушинтип отура беребизби?
— Анда сен барып кел, — деп чыйылдады Юра. — Вертолёт келмейинче мен бул жерден карыш жылбайм.
— Мумкун Талант жонундо жазышкандыр? — кайрадан Жаныбектин жоон уну угулду.
— Оозуна таш, гезитке озун бар. Мени алдайм деп ойлобо. Акча-пакчанын баарын таштап коюп кетип калгыдай келесоо эмесмин.
— Жинди го мобу! Мен кайда бармак элем?!
— Мага баары бир, мага десен олтурун сал, бирок сени жалгыз калтырып кетпейм.
— Былжырабай оозунду жапчы.
— Сен эмне кылсан ошо кыл, а мен акчаларды карап келейин. Сен айткан келемиштер кемирип салышпасын.
Мен дароо шкафка жашынып калдым. Коп отпой тепкичти кырчылдата басып келаткан дабыштар угулду. Шкафтын эшигин тартып жаап, курума кыстарылган тапанчаны колума алдым.
— А Талант экообузду ушу жерге таштап салган болсочу? Асыл таштардын кобу, акчалар ошондо да. Боха менен башка жерден жолугуп, учуп кеткен болсо эмне кылабыз? — деп тебиреди Юра.
— Ага кантип жолукмак эле, акмак? Коп келжиребе дедим го! — эшикти шарак эткизе ачып кирип келишти.
— Эмне карайсын? — деп сурады Жаныбек.
— Жон эле текшерип койбойлубу, акчалар аман-эсен бекен, — деген Юра шыпылдай терезеге барды.
— Жур, эй, кеттик. Ох, уп экен, думугуп кеттим. Бакка барып отуралы.
— Жур, — Юра жаш балача анын айтканына макул болду.
Шкафтын ичин карап ийишпесе экен деп менде жан жок, бирок кудай жалгап экоо ылдый тулуп кетишти.
Терезеден карасам кайрандар талдын тубундо колокодо отурушат. Пиводон дембе-дем ууртап, кочо жакты улам-улам карап умсунуп коюшат.
Бир аз ойлондум да, ишке кириштим. Уйдун арт жагындагы терезеден карасам ылдый жагында шыйпыр жапыз жабылыптыр. Терезени ачып, шыйпырга бутумду койдум. Тамдын артына эч ким барбагандыктан, чобу узун жана кою экен. Анын устуно чемодандарды ыргытсам тиги экоо укпайт болуш керек.
Кайра болмого кирип, чемоданды сыртка ыргыттым. Андан сон озум чыгып терезени жаптым. Шыйпырдан чопко секирип туштум да, жерде жаткан чемодандарды алдым. Тигилер угуп калган жокпу деп уурдана басып барып, бурчтан андып карасам колоколоп отурушат. Кайра артка келип, бет аарчым менен теримди аарчый чемодандарды бадалдын арасына каттым. Аны бул чоп жыш оскон жерден капыстан чалынып эле таап алышпаса эч ким корбойт. Мен кайрадан уйду айланып жойлоп жонодум, Жаныбек менен Юрага байкоо салып турбасам болбойт.
Юра кок чопко жатып алыптыр, бетине гезит жабылуу. Уктап калса керек. Жаныбек болсо дарбазаны карап, чылым чегип отурат.
Экоо ээрчише чатырга чыгып, чемодандарды таппай кайсалап калышканын элестете жылмайып алдым. Мен чоптун арасына жатып алып, экоону андып аттым. Кун ысык, тамагып кургап суусап чыктым, атандын кору пиво болгондо эмне деп колокодо турган ботолколорду карап, шилекейимди кылк жуттум.
Эки сааттан ашык жаттым. Кун ысыгандан ысып баратат, акактап суусаганымды айтпа.
Саат тортторго жакын машиненин дурулдогон уну угулду. Жаныбек да укту бейм, уктап аткан Юраны капталга турткулоп ойготту. Алар тапанчаларын кармалашып, косо тарапка элейе карашты. Мен да мойнумду созо ким келатканын коруп калууга ашыктым.
Машине жакын келип, уч ирет сигнал басты. Жаныбек менен Юра жанталаша дарбазага чуркашты. Мен да чуркап барып, бир ботолко пивону жерден илип алып, даракка жашынып калдым. Ал жерден мага баары алаканга салгандай корунот экен. Жаныбек дарбазаны ачты эле короого «Ауди»кирди. Рулда Айжамал отурат, бирок жанында эч ким жок.
— Талант кана? — Юра алая сурады. Жаныбек да Айжамалды жалдырап суроолуу тиктейт.
Айжамал машиненин эшигин ачып, жерге тушту. Ошол маалда ачык эшиктен машиненин полунда килемге оролуп жаткан кишинин ийиндерин, башын байкап калдым. Ал Талант эле.
Чакчайган кундо Талант коркунучтуу да, кулкулуу да корунду. Аны коргон Жаныбек менен Юра уройу учуп, секирип кетишти. Бети ачык когуш тартып ужас кинолордогу кан соргуч, жез тумшуктарга окшоп калыптыр.
-Оо, кудай, Талант! Бу бойокту кетире албай койдунбу? Кимге окшоп калгансын?!
— Жап оозунду, акмак! — Талант жини келе буркулдады. — Машинени гаражга киргизип, кулпулап кой. Артыбыздан из кууп келип таап алышпасын.
— Эртеден бери эч ким келген жок, — Талантты дагы эле оозун ачып карап турган Юра оозун кыбыратты. — Сага эмне болгон, Таке? Сени кечке куттук.
— Машинени кийри деп атам, анырайбай! Айжамал кайда кеттин? — ал килемден бошонуп, Айжамалга колун суна ойдо турду.
Айжамал Жаныбекке козунун кыйыгы менен ишаарат кыла:
— Ичкенге бирдемен барбы, Жоки? Талантка куйчу, бечара аябай кыйналды.
— Таке, сен эмне жаракат алдынбы? — деп сурады Жаныбек Талантты бушуркой карап.
— Жок,ой! Коп суйлобой арак куйчу! — деп бакырды Талант. Юра машинени гаражга киргизип келди да:
— Уйдун ичи ысык, тиги бактын колокосуно отуралы, — деп беркилерге кайрылды. Талант Айжамалга жолоно так мен жашынып турган дарактын жанына келип отурду. Койногун эки колу менен кармап эки жакка тартты эле топчулары ыргып кетти.
— Оф, жеткенче чылпылдап тердеп кетипмин!
Мен жер менен жер болуп, чоптун арасына жатып калдым. Тигилер менден беш кадамдай арыда талга жолонуп отурушат.
— Таке, иштер кандай? — деп сураган Айжамал аны сынай карап калды. Талант койногунун тошун жагжайта ачканда астындагы тапанчасынын кармагычы корунду.
— Начар. Жанагы жигитти атып салганым ырас болду, окко тошун тоскон макоо экен! Ата-энесиникин коргогонсуп казинонун акчасына анча эмне куйду дейм да!
Талант Айжамалга колун созуп:
— Сен мени алдабайсынбы, Айка? Бул шумшукторго ишенбейм, сасыган иттер.
Жаныбек ичимдик алып келгени уйго кирип кеткен, а Юра болсо дагы эле машине менен алек болуп аткан.
— Кой, Талант, антпе, дурус эле балдар го. Капаланбачы, мындай боло берет эмеспи.
— Сен мага жооп бербедин…
Талант колун оорута кысканда Айжамал чыдай албай эрдин тиштеп алды.
-Ко-олу-ум! Талант, ал эмне деген суроон, албетте мен сени менен болом! Мен сени суйом да!
— Чын элеби? Ушунуна ишене албайм. Менин камерама тартылганды жакшы коросун го деп ойлочумун.
— Ооба, анын да чын. Сен ошонум учун жакшы толоп атпайсынбы. Билесин го, мен сен учун баарына даярмын!
— Менден кол узбо, Айка, талаада калбайсын. Тиги экоонон козунду алба: мен аларга ишенбейм. Буйруса Парижге жетип алсак, анан тойлойбуз.
— Жаныбек келатат, — деп шыбырады Айжамал.
Жаныбек бир ботолко арак, стакандарды которуп келип, Юра жерге жая салган гезиттин устуно колундагыларды койду. Экоо Таланттан окчунураак отурушту.
— Асхат эмне болду? — Талант кункулдой сурады.
— Аны уйуно жеткирдик, — Жаныбек стакандарга арак куюштуруп жатып жооп берди.
— Ал тируубу же олуп калдыбы? — Талант озуно сунулган стаканды карап да койбой ойлуу кобурады.
— Кел, Таке, муну алып ий.
Талант стаканга колун созду, бирок Жаныбек сунган стаканды кармай алган жок. Жаныбек стаканды сунган бойдон Айжамалды жалдырай карап калды.
— Олдубу деп атам? — Талант суроосун кайталады.
— Эмгиче олгондур.
— Олгонун дегенин кандай? Атып салгыла дебедим беле?
— Ансыз деле аран Жан болчу, — Юра Жан алы калбай актанды. — Атпасак да олмок.
— Окшошкон акмактар! Асхат пландын баарын билет. А силер аны телефон бар батирде калтырып келе бердинерби? Ушундай да келесоолор болот экен ээ! Ал милицияга чалып баарын айтып салса кантебиз?
— Анын кыймылдай турган алы жок болчу. Былк этсе эле тобого бир коюп тынчытмакмын. Сарсанаа болбочу, Таке. Ме, мындан согуп ийчи. Ачууну ачуу басат дегендей.
— Аны тынчытыш керек болчу!
— Атсак да кошуна-колону угуп калабы деп чочуладык. Эмгиче ары карап кеткендир. Даны жанаттан болсун деп алып ий.
— Муунтуп же куроо тамырын кесип коюш оюнарга келген жокпу? Жок дегенде тилин жулуп салбайт беленер, доопоростор. ..
— Болду эми, — Айжамал аны жооткото колун ийнине койду. — Унуткулачы аны! деп стаканды колуна карматты. Талант аракты кулкулдата жутуп, стаканды чоптун арасына ыргытып ийди да, чонтогунон тамеки алып чыкты. Копко чейин унчукпай отуруп калышты, бир маалда Юра:
— А сен эмне алигиче бетиндин бойогун жууп салбадын? — деп сурады.
— Кетпей койду! — Талант кайрадан кызандап бакыра баштады. — Тушундунбу, кетире албай койдум! Жышый берип, бетимдин терисин сыйрып ала жаздадым!
Баары ункуйо унчукпай калышты. Акыры Жаныбек чечкиндуу жана салабаттуу кебетеси менен мындай деди:
— Мындай бетин менен сага эч жакка чыкканга болбойт. Бироо жарым байкап калса элк бутту, баарыбыз колго тушобуз. Ошондуктан биерден жылбай отур.
— Бас жаагынды, как баш! Бу бир балекет боёк экен, жышысам да кетпеди. Мумкун убакыт откон сайын озу кетип калаар.
— Укмуш, — Юра какшык аралаш ун катты. — Анан канча убакыт кутуш керек?
— Мен кайдан билейин? Бул жонундо мага ооз аччу болбогула, уктунарбы?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE