«Кайсыл жолдо жүрсөң ошол жолдо өлөсүң»

https://kyrgyzcha.site/?p=39612&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кече Нургазы жумушунан айлыгын алып достору менен кафеге барып эс алып келебиз деп даярданып жаткан. Ал батирде мурдатан эле жашагандыктан өзүн батирде өзүнүн үйүндө жүргөндөй эле сезип калган. Мен эртең үйүнө кетүүгө даярданып жаткан Кубан аке менен сүйлөшүп олтургам. Айтымында Красноярск шаарында топ болуп алышып рекетирлик кылышчу экен. Башкаларга тиштери өтпөйт. Өзүбүздүкүлөргө келишип кереели кечке жан кыйнап нанын таап жаткан жердештерибизден салык алышып күчү жетпегендерден алыс жүрүшүп жан багышчу экен. Өзүбүздү өзүбүз чаап жүргөнүбүз үчүн да өспөсөк керек. Менин назарымда алар бир селсаяк сыяктуу тейтеңдеп барып иттин алдында жүндөрүн үлпөйтүп чоң көрүнгүсү келген мышыктай өздөрүн күчтүү көрсөткүлөрү келишип тасмалардан көрүп жаттап алган сөздөрү менен коркутуп сүйлөшүп салык талап кылышат. Бир карасаң тилемчидей эле көрүнүшөт. Болгону таза кийинип алышып копол сүйлөгөн тилемчилер…

 

Ал жөнүндө угуп олтуруп дайынсыз жоголгон мекендеш жигит эсиме түштү. Анын жакындары анын дайынсыз жоголгону тууралуу интернет барактарына жарыя кылышкан эле. Ал жигит да каралардын чөйрөсүнө аралашып алсыздарды кан какшатып ырыскына кол сунуп салык салып арам оокат менен жашоо өткөрүп кутуруп жүргөн экен. «Кайсыл жолдо жүрсөң ошол жолдо өлөсүң». Табак да аш ташып жүрүп сынып жок болот. Ал жигит да ошол жолдон арылып тообо кылууга үлгүрбөй акысына киргендердин каргышына калып чогу иш кылган шериктери менен пикир келише албай уруша кетишип алар аны шаардын четине алып барышып даракка мойнунан асышып бир нече жолу бычак сайып өлтүрүшүптүр. Жан үрөп келет деп күткөн жакындары анын сөөгүн тосуп алышыптыр.

 

Баарынан тажап андай жолдон чыгууну эңсеп баарын таштап Москвага качып келип кутулган экен. Бизге ооз ачкан деле ким экендиги жөнүндө. Узун кулактар себеп Кубан аке жөнүндө анча-мынча маалыматтарга ээ болуп калдык. Андайга деле окшобойт, арам оокаты тешип чыгып тиши өтпөгөн бирөөдөн салык талап кылып тилемчилик кыла коюп кан жалап токмок жеп уятынан ал жерге батпай качып келген бир байкуштай көрүнөт…

 

Батирибизге жакында эле келген. Адамга сылык оор басырыктуу аке экен. Жакында эле келип кайра кетем десе «кээ бирөөлөр үчүн Москвага келип кетүү айылдан шаарга барып келгендей эле оңой тура» — деп ойлуу суктанып карап койдум.

 

Кеч кирип калганда Нургазы кийинип даярданып досторуна чалып жолугушчу даректи сурап баштады. Ал менден эки жашка чоң болгондуктан кээде сиз деп кээде дос деп кайрыла берчүмүн. Ага бир саамга тигилип:

 

— Досум, акчаңды пайдасыз корото бербесеңчи. Андан көрө анча-мынча нерселерден тыйылып акчаңды топто, эртерек кетели да бул жерлерден — деп күлүп койдум терс түшүнүп албасын деген ойдо. Ал шаарда көптөн бери жүрүп шаардык жаштардын тилинде сүйлөп көнүп калган:

 

— Еёё брат, койчу настройду бузбачы. Иштеп эле жүрө бербей бир аз расслабить этип отдыхать эткенди билели да. А то жизнь скучно болуп кетти го. Кетсе үч-төрт миң кетет да. Пару раз подрабатывать этип койсоң и все, короче у тебя бабки в кармане. «Жизнь — игра, играй красиво». Атак от души советиңе — дегиче досторунун биринен чалуу келип калды:

 

— Да, аа, келдиңерби доске?.. Давай-давай. Буду через десять минут. Пришли наши красотки? Иду, не отпускай их…

 

Кечиндеси ар ким өз иштери менен алек. Жумушуна тамак ташып жегендер эртеңки жумуш күнүнө аш канада тамак даярдап жатышат. Курсагы тойгондор кезектешип душка кирип чыгышып кылаар иши жатып алып телефондон интернет барактарын барактамай. Аларга кошулуп мен да телефонум менен тиктешип жатам. Жумуштан чарчап келсем да эрте жатып албаганга аракет кылам. Уйкум сергек болгондуктан «тырк» эткен үнгө деле ойгонуп кете берем. Жумуштан кеч кайтышып адамдар уктап жаткан учурда келип кийим которуп ары-бери баскандарынын себебинен ойгонуп кетип уктай албай кыйналам…

 

Таң атпай дагы уйкубузду бузуп бирөө дагы аябай шытыратып бир нерселерин издеп жатты. Кубуранып сүйлөнүп оор дем алып коёт ара-сыра. Эшик үрөң-бараң эле, терезеден бөлмөгө бир аз жарык түшүп турган, бирок адамдын келбетин тааный алгыс эле. Жарыкты жандырууга аргасыз болдум. Жандырып эле шытыратып жанкан адамды карап чочуй түшүп үн чыгарып артка жылып жибердим. Нургазы экен бети-башы кан аралаш көк-ала, жарылган жерлери да бар.

 

Кафеде ичип алышып баягы эле өзүбүздүкүлөр батыша албай мушташа кетишиптир бири-бирин жаман көз менен карап коюшуп. Нургазы тилине ээ чыга албай калган сыягы көбүрөк токмок жеп калыптыр же көптөп коюшкан. Кызыгып деле сурабадым көрүнүшүнөн баары түшүнүктүү да. Тыбырчылап эле изденип жатканынан эмнени издеп жатканын сурадым жардамдашайын деп. Оору канага өзүн көрсөтөйүн деп таза кийимдерин анан капчыгындагы кече алган айлыгынын кафеге деп алып кеткенден калганын издеп жатыптыр. Таппаган соң кийим койгон текчесин муштап шайы кетип «кайда калды?» — дегенсип ойлонуп туруп калды. Өзүмдүн кийим койгон текчемдеги иретсиз чачылып турган кийимдериме көзүм чалдыкты. Жакында эле алып араң бир жолудан гана кийип жууп, кургатып бүктөп кийим текчеме коюп койгон эки шымым ордунда жок. Издеп таппай койдум.

Биздин шыгыраткан үндөрүбүздөн уйкусу бузулуп сабыры кеткен батирдегилер жаман көрүшүп эмнелерди шыгыратып уйкуларыны бузуп жатканыбызды сурашты. Арасында Кубан аке жок эле. Биз аларга түшүндүрдүк акча, кийимдерибизди таппай жатканыбызды. Алар да чочуй түшүп дароо тура калышып өздөрүнүн буюмдарын текшерип чыгышты. Башка эч кимдин эч нерсесин алууга үлгүрбөптүр. Эрте менен эле кожойкени ойготуп абалды түшүндүрдүк. Нургазынын кан жалаган бети-башын көрүп бизди мушташыптыр деп ойлоптур. Кубан акенин жоктугун уккан кожойке дароо эле түшүндү ошол уурдап чыгып кеткенин. Түнү баары уктап жатканда эч кимге билдирбестен чыгып кетиптир эшикти да бекиткен эмес, сезип калат деген го.

 

Менин эки гана шымымды уурдаптыр. Нургазы кийим тандап кийгендиктен кымбат жана сапаттуу саркеч кийимдерди кийчү. Кубан аке болсо кийим дүкөнүнөн кийим тандагандай эле эң сонун өзүнө жаккандарын тандап алып чыгып кетиптир. Капчыгында болсо жыйырма эки миң акчасы болгон экен. Аны болсо капчыгы менен кошо алып чыгып кетиптир. Табылбаган соң, Кубан аке да түн ортосу эч кимге билгизбей чыгып кеткен соң башка эч кимден шектене албадык.

 

Кубан аке эчак эле аэропортто болсо керек, балким бул убакытка чейин учуп деле кетсе керек деп ойлогонбуз. Бирок Кубан аке тегирменге кирсе бүтүн чыгат окшобойбу. Таң атканча түнкүсүн деле иштей берчү шаардагы «Макдоналдс» тез татымында олтуруп күн жарыган соң интернеттен батир таап Москвага азыр эле учуп келген адам болуп жанагы бизден уурдаган кийим-кече жана өзүнүн азырак жүртөрү менен барып жайгашып алыптыр бизден бир кыйла алыс районго. Негизи үйдөн чаңы эле учуп келгендер баштык толо кургак жемиштер, курут, май, бал сыяктуу нерселер менен келишет. Кубан акени кабыл алган батир кожойкеси таң калуу менен карап бирок аны ыңгайсыз абалга койбоюн деп унчукпаптыр. Батир акысын да иштеп акча таап баштаганда береерин айтып көндүрүптүр. Нургазыдан уурдаган акчасын дароо эмне кылды кызык…

 

Кубан аке балдарын ушундай ырыскылар менен багат болду бекен. Биз менен жашап жүргөндө эки уул, бир кызы бар экенин айткан эле. Ал жакта жүргөндө аялынын мойнуна олтуруп алып анын эсебине жашап жүрүптүр. Иштеп пул таппай тууган-урукка жаман көрүнүп жүрүп акыры Россияга келе берип бул жакта да эркектик наамысын жер менен бир кылып майга башын тыккан ууру мышыктай жан багып жүрөт.

Аялы мугалимдик кесипти аркалап балдарын камсыздап келет экен азыркы күнгө чейин. Кыз-баланы апасы тарбиялай берет. Уул-балдарга атанын тарбиясы керек да. Эркек адамдын тарбиясын алуулары керек да алардын. Ата-эне тарбиясын толук көрбөгөн балдар көк бет, ынжык, кайдыгер болуп калыптанышып коомубузда иретсиздик, жөндөмсүз өспүрүмдөр, зомбулук, бузукулук көбөйөт. Ар кимдин ырыскысын эркек башы менен какшатып уурдап балдарын баккан атага дагы башка кандай перзент татыктуу болуусу мүмкүн. Балдар ырыскынын кайдан, кандай жол менен келатканынан кабары жок жей беришет да ата-эненин тапканын…

 

Кубан аке биздин батирге келгенге чейин Миргүл аттуу күйөдөн ажыраган келин менен алыш-бериш кылып жүрүптүр. Миргүл жаңы эле Москвага келип болгону экинчи күнүн жашап жаткан. Удаалаш эле эртеси күнү Кубан аке батирге ижарачы болуп келди. Кубан аке негизи эле иштебей ар кайсы батирге ижарачы болуп барып бир аз убакыт жашап көнүшүп алган соң ыңгайлуу учурду пайлап батирдегилердин болгон баалуу буюмдарын уурдап чыгып кетүүнү негизги иши катары кабыл алып алган. Миргүл болсо али документтери даяр эмес жада калса жумуш да дайын эмес үйдө олтурган учуру. Ал туугандары менен жашагаысы келбей жалгыз жашап жүрөт.

 

Кубан аке менен Миргүл үйдө олтурушуп зээригишип бирин-бирин сөзгө тартып жакындан таанышып сырдашып башташты. Экөө ашканада чогу тамактанышып Миргүл ага чай сунуп Кубан аке Миргүлдүн чай сунган назик колдорун мактап экөө бат эле бири-бирине көнүшүп кетишти. Сөздөн сөз чыгып Миргүлдүн эмнеге ажырашканын сурады Кубан аке. Күйөсү Миргүлгө үйлөнгөн чейин эле иччү экен. Миргүл экөө алты жыл өмүр сүрүптүр. Жолдошунун ата-энеси үйлөнсө акылына келип башына жоопкерчилик түшүп оңолуп кетерин айтып Миргүлдүн ата-энесин көндүрүшкөн экен. Миргүлдүн ата-энеси да тааныш немелерине жок дей албай эки жаш бири-бирине көнүшүп кетишерин айтышып ак батасын берип коюшуптур. Үмүттөрү таш каап арадан алты жыл өтсө да арактын артынан кууп жетер жерине жетип тынбады бул арсыз эр.

 

Алты жыл ичинде балалуу болушса балким баары өзгөрүп кетер беле. Бирок Миргүлдүн жолдошу ошол учурда эле арактын кулу болуп эркектикке да жарабай калган эле да. Балким Жараткан Алла алардын турмушту бирге жашай албасын алдан ала илиминде билгени үчүн да бир баланы тирүү жетип кылбай аларга бала берген эместир. Алты жыл жаш өмүрүн азапка айланткан мындан аркы жашоосунан үмүтү калбай үй-бүлөөлүк жашоодон көңүлү калып баарын жыйыштырып төркүнүнө келе берген. Ал жерден кайын энеси кайра-кайра алып кетүү үчүн келе берип бир жагынан элдин ал жөнүндө сүйлөгөн күбүр-күбүр сөздөрүн угуп калчу. Күйөндөн ажырап келген кыз өз төркүнүнө да батпай калат тура. Баарынан тажаган Миргүл Москвага келе берип кутулат. Кайненесин угуп күйөсүнө кайтып барып жашоого чын эле каалоосу жок эле. Эркек эркектей болуп жоопкерчиликти сезип коргоочу болсо мындай талкаланган тагдырлар болбой калар беле.

 

Миргүл өзү жөнүндө айтып олтуруп бир ирет ыйлап алды. Кубан аке колунан аста кармап сооротуп койду. Колдорунан кармаганда колунун ысыктыгынан дүүлүгө түшүп көкүрөгүнө көзү жүгүрүп, кызарган эриндерин бир карап колун албай туруп суроо узатты:

 

— Балалуу болгуң келеби?

 

— Албетте, бала бакыт да Кубан аке. Бирок мен эми кайра үй-бүлөө күткүм келбейт, көңүлүм калды, коркуп да калгам. Бирок мен да төрөп балалуу болууну каалайм — деди. Анда Кубан аке Миргүлдүн колунан бекемирек кармап:

 

— Мен орундатам каалооңду — деп колунан тартып тургузуп көчүгүнөн мыжыга кармап бекем кучактап өпкүлөп кирди. Күйөсүнөн да кыйратып төшөк кумарын көрбөгөн Миргүлгө Кубан акенин аракеттери майдай жагып дүүлүккөнүнөн деми кысылып каршылыксыз туруп берди, каршылык кылууга эрки жетпеди. Иш күндөрү күндүзү баары жумушта болгондуктан аларга эч ким тоскоол болгон жок. Алар алы куруп калганча кайра-кайра бири-бирин рахатка батырып жатышты. Мындай көрүнүш экөөнүн ортосунда күндө кайталанчу болду. Экөө тең жумушсуз үйдө да, көнүшүп алган немелер өздөрүн тыя алышкан жок. Кубан аке да боюна бүтүрөм деп оолугуп алган. Бирок андан ары жагын ойлогон жок азырынча. Ошентсе да суудан курук чыгуунун амалын ойлоп койгон чыгаар ал.

Кээде батирдин эшигин бекитип алышып кумарланып жата беришип жумуштан эртереек келгендер сыртта күтүп калган учурлар болгондуктан Кубан аке өзү акырын жайгарып түшүндүрүп койчу. Батирдегилер экөөнүн эмне иштерди кылып жүрүшкөнүн билип бүтүшсө да «Москвачылык» дешип көңүл бурушчу эмес.

 

Бир айча убакыт өткөн соң Миргүлдүн боюна бүтүп Кубан аке болсо аталык кылуудан качып эч кимге билгизбей үлгүрүшүнчө кийим-кече баалуу буюмдарды уурдап Миргүл дүкөнгө чыгып кеткен кезде батирден кайып болуп кетти. Андан чыгып интернеттен биздин кожойкенин батирин таап мурдагы эле ыкмасын колдонуп Москвага жаңы эле келгенин айтып келген экен ошол батирдеги иши бүткөн соң. Миргүлдү баары жек көрүшүп жүрүшүп кала берди бую-тайындарын уурдаткандар. Бирок ал да мынтип кокустан таштап кетеерин билген жок да.

 

Миргүл Москвада жакшы иштеп ийгиликке жетсе болоорун угуп келген эле. Туугандарынын көөбү Россияда иштеп жашоосун оңдоп жатышкандарын көрүп эле жүргөн.

Кубан акенин кетип калганына кайгырган деле жок. Ага илешейин деген деле ою жок эле. Качпай эле кетсе болмок коштошуп. Ал боюна бүткөнүнө сүйүнүп кала берди. Болгону ага көнө түшкөн жаны жалгызсырагансып калды. Жашоосун жаңы барактан баштап мындан ары бейнике боюна бүткөн баласы үчүн жашоону чечти. Никесиз байланыштан бүткөн баланын кесепетинин кандай гана азаптуулугунун ал али түшүнө элек.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️