Корунуп, кысылып олтурган Айсулуу эми өз үйүндө олтургандай өзүн жайлуу сезди. Ошентип алар узун столдо көпкө олтурушту. Эртеси деле баягы көрүнүш. Келин менен эч кимдин иши жок. Жүгүнгөнүнө көңүл деле бурушпайт. Эки-үч күн Айсулуунун апасы Алымкан эртең менен саат жетиде чалат. Үчүнчү жолу: “Тур да кайненелериңе жүгүнүп, чай жаз”— деп чалды эле, Белек ачууланды. Уйкуну бузуп, апаң эмне чалат? Чайды турган киши өзү деле ичет, анан саат ондо, шашпай эже келгенде ичебиз да деп ороңдоп, жуурканга башын катты. Апасын туура түшүнбөй калганына Айсулуу ызалана түштү. Ал апасы жөнүндө эч кимден жаман сөз уккан эмес. Апаң деген сөздө “ң” тамгасы эле иренжитип жиберди. Уйкусу да чайыттай ачылды. Мен деле апаң деп сүйлөйүн анда, менин апам сеникиндей эмес деп, купуя ичтен кайрып алды. Буга чейин апасын эч ким менен салыштырып көргөн эмес. Энелердин баарын бирдей деп ойлочу. Өзгөчө сүйгөнүнүн апасын апам менен тең көрөм деп аракет кылып жүрбөдү беле. Ачуусу менен башка бөлмөгө кирип апасына телефондон кыйкырып алды.
— Чалбаңызчы, булардын тарбиясы сиздикиндей эмес. Жүгүнмөй дегенди кайдан чыгардыңыз. Эски салтыңызды коюңузчу. Колхоз деген сөз угуп жатам. Сарамжалдуулук деген тарбияңыздан баягыда тойдо, “сараң окшойсуң “ деген сөз уктум,— деп, телефонун өчүрүп салды.
Апасы:
— Ал…, ал жөн эле учурашуу да. Ал сый көргөзүү да…— деп шалдайып, туут, туут деп өчүп калган телефонун карап олтуруп калды. Кызына жакшылык кылам деп, алардан сөз уктуруп алганына аябай кейиди. Кызымдын турмушуна киришчээк эне окшойм деп ойлоп алып, өзүн жемелеп да жиберди. Кечээги жааган жамгыр токтобой ак жаанга айланып алды. Асман түнөрүп жакын арада токточу түрү жок. Айнекти карап Айсулуу: төк жамгыр дагы төгө бер ойгоно албай уйкуда жаткан бак-дарактарды, Таласымдын кең токоюн ойгото көр! Кемелдин оюн, таптаза сууларың менен тазалап жууй кет! деп көз жашын аарчып парданы жаап бөлмөсүнө кетти.
Келининин өзүнчө эле кысынып, сумсайып жүргөнүн байкаган кайната кепке-сөзгө кошулбай чек эчки болуп, өзүнчө калбасын деп, сөз арасына кошуп жүрдү. Ал эле эмес, кечки тамактан кийин чүкө атып хан таламай ойнойлу деп калды. Неберелүү болсом ойнойт деп чогултуп жүргөн көп чүкөлөрү бар экен. Оюндун кызыгына кирип алышкандан кийин, биринин колу бирине тийип, тиймек түгүл кызыл боёкко боёлгон бир чүкөнү хан деп, аны талашып, төртөө биринин колунан ханды бири жулуп алып жатышты. Бул оюнду Белек гана билбейт экен. Бирок ал да бат эле өздөштүрүп алды. А Айсулуу кичине чагында төрт бир тууганы менен ойноп жүрүп, чүкөлөрдү таамай атат. Бул оюнда ар кими өзүнө ат тандап алып, аны калчап, биринчи таа турган аттын ээси баштайт. Ал жердеги чүкөнүн баарын кочуштап алып, жерге жая чачат. Баары колдорун жая, ханды таламайга даяр турушат. Хан таа турса чүкөлөрдү таламай. Ханды ким талап алса, ал биринчи оюнду баштайт. Талай албай калганы, чүкөсү жок болсо, кийинки таламайга чейин оюндан чыгат. Бөккө бөктү, чикке чикти, таага таа турган чүкөлөрдү атат. Үч чүкөнү атып алып, анан ханды атып алат. Айсулуунун кайнатасы хан таламайда өзү көбүн талап, калганын келинине шилеп жиберип жатты. Айсулуу да эптүү, баарын астына басып алат. Белек улам эле оюндан чыгып калат. “Жашаганды билбеген жашоонун баркын кетирет” деген чын экен. Көрсө жашоо деген ушундай жыргал тура деп да ойлоду Айсулуу. Кайната-апасын Айсулуу ушул бойдон төрөлгөндөй сезчү. Көрсө булар деле айылда чоңоюп, балалыктары болгон тура деп ойлоп алып, өз оюнан кайра өзү уялып турду. Баары балалыктарына кайра кайрылып кумарлана ойноп, черлерин жазып алышты. Бир гана алакийиздин жоктугуна өкүнүп коюшат.
Ошентип жүрүп, Айсулуу эми өзгөрдү. Мурдагыдай кылган ишинен, сүйлөгөн сөздөрүнөн күдүктөнгөн Айсулуу эми эрте турбай, жүгүнбөй, мурдагыдай тартынбай калды. Телекомдогу жумушуна кайра келди. “Чач кыркуу — ырысын кыркуу” деп апасы кырктыртпаган, узун чачын кырктырып, ушул кезге чейин тырмактарын өстүрүп көргөн эмес. Эми аны жасатты, кийимди тандап кийип, жоолукту таштап, айтор турмушка чыкканы кайра ачылып кетти. Келишкен кара плащ, кара туфлиси да өзүнө куп жарашат. Айлык маянасы чөнтөгүндө. Белектер той бергени менен калың, сеп дегендерди токтотуп коюшкан. Септин кереги жок үйгө батпайт дешкенден кийин Алымкан апа да калыңдын да бизге кереги жок. Өз оокатыбыз өзүбүзгө жетиштүү деп коюшкан. Жеңил жашоону ким жактырбасын, Айсулуу ага көнүп алды. Кайненелери өзүнчө чай ичип жумуштарына кетишет. Экөө өздөрүнүн чакан фирмасында: бири жетекчи болсо, бири бухгалтер болуп иштешет. Кайынсиңдиси бир жума эле жүрүп кайра окуусуна кеткен. Айсулуу, Белектер өзүнчө кийинип үйдөн чыгып кетмей, жумуштан келип укташмай башка жумуш жок да. Белек сыныктардын доктуру. Ошентип алар бактылуу, ынтымактуу жашап жатышты.
Бир жекшембиде үйдө эч ким жок, зериккенден Айсулуу үйлөнүү тойдогу тартылган тасманы көрмөк болду. Аны коюп жатып, мурдагы апам үйрөткөн таалим-тарбиялардын кереги деле тийген жок деп койду. Мурда көрүп жүргөндүктөн, кассетаны улам жылдырып, көрүп жатты. Таякеси каалоо сөздү ыр менен айткан экен.
Уландысы бар…










