Пример HTML-страницы

Гулзардын жашоосу.

https://kyrgyzcha.site/?p=40765&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бүгүн да, күн суук ызгаар.Эртең эрте менен турган Гулзар отун жагайын деп кемселин үстүнө кийип, сыртка чыкты.

Айланага ак кар үйүлө түшүптүр.

Кар жерге тоңуп,кардын суугу тим эле бети колду ызылдатат.

Андан мындан чукуп, чыгып от жаккан болду Гүлзар. «Караңгалгыр ай же бир бул уйдо бир отун жараар Тураттан башка чон адам болсочу» деп кейип да алды.

Улам коңшу колонду чакырып: «отун жарышкыла» дей бергенден уялып бүтмөй болбодубу…

«Мунун эмне өткөрүп койгону бар беле?

Тигил, далдайган пейили бузук кайын агасы болсо, башкаргандан башка пайдасы жок. Ошол деле жарса болмок» — деп айта тургандай туйулат Гулзарга.

Балдары үшүп уйку сонун арасында бүрүшүп жатышат.Үй бир аз жылып калганда,жашы жетиден өткөн кызын түрткүлөп тургузду.

— Аксамай, алтын кызым тур, тура кой кызым. Тура кой.

Мен жумушка кеттим.

От өчүп калбасын.Бешиктеги ининди кара каралдым.

-Апаа!-деди колу менен көзүн ушалаган кичинкей кыз.

— Апаа,мага качан жаны сапошка апкелесиз?Мектепте баары мени шылдындап жатышат.

— Каап,кече да барсам айлыгымы компьютерден түшүрө албай койуптур кызым.Бугун жумуштан чыгып, районго барамын.Анан сага жаны бут кийим алабыз.Сабагынды даярдап, мен келгенче ининди жакшы кара.Баса,Турат жөнө! Кеч калдык уулум!

Гулзардын ичи уйгу — туйгу боло түштү Россияга кеткен күйөөсү Кайыптан төрт айдан бери акча келбей атканын ойлоп шашып ишке жөнөду.Айлык ала албай атканы аз келгенсип, ооруп калганын угуп эмне кылаарын билбей жалооруп жазды.

» Деги акчан жок болсо да,оорубай аман соо келсең экен.Бул жактан деле эптеп тируулук кылалы» деди күйөөсүнө боор ооруп.

Үч жолу районго барды көпчулук мугалимдер айлык акысын аз да, болсо көптөй көрүп,алып олтуруп калды.Ал эми Гулзардын маянасы күнчө комь

пютерге түшрө албай олтурган тармал чач оператор кызды эстеп алды. Бүгүн түзүгөөк эле уяткарып айтсам деп ойлоп алды.

Эмнеси болсо да, бүгүн барайын.

Айлыгым түшүп калар деген үмүт менен сабака киришти.Сабак башталып,окуучулардын бирин экин күрс — күрс эткен жөлөлдөрү угулуп, Гулзардын жүрөгү зымырап алды.

Сабак бүттү.Гулзар көптөн бери балдарынын эт жей электигин ойлоп,»бүгүн айлыгын алсам, кем карчымды алсам» деп сүйүнүп алды.

Коншусунан кечинде «акча калбай калыптыр элуу сом берип турунузчу» деп жол акы алган.

«Эптеп районго жетсем, келетканда, айлык тийип калат деген Гулзар районго жетип банкка кирди.

— Саламатсызбы?

Айылдан келген жүдөө мугалимдин келгенин көргөн кыз мурчуя карап араң баш ийкеди.

— Менин айлыгым, маянам…туштубу?

Гулзар үч күн катар келген үчүн таанып, билип бүттү деген ойдо эсепчи кызга жалооруй карады.

— Кезеке турунуз биринчи!- деди кыз кекерлуу үн менен.

— Кезеке турам дечи, бирок ошол айлык акы түшкөнүн билейин дегем!- деди кызга карап.

Бир жон топ адамдан турган кезекти көргөн Гулзар суранып калды.

— Айылдан районго күн сайын келип жатам.

Үйдө кичинекей бешиктеги балам жалгыз калды.

Балким мени кетирип жибересиздер.

— Эмнеге?Эл катары кутунуз! — деди кыз.

Ары жагын бери жагын чукулап, улам жанындагы олтургандан сурап, элди күттүргөн кыз, кызарып уялып, коймок тургай эч бир камырабай, жай олтурду да, мындай деди:

 

— Мен сизге айттым! Күтүп турунуз!

Эл жылып, акырындан Гулзарга кезек келди.

Кызды үмүттүү караган Гулзар паспортун сунду.Кыз копко чукуланган соң

— Айлыгыныз түшүптүр

!-деди

Озунун программага мурун киргизе албай койуп тушпой калганын жашырып.

Гулзар чыдабай кетти.

— Айланайын эмне мынча убара кыласынар?

Эмне учун тушпой жатат?

Элдин айлык акы алып бүткөнү качан?

Кыздын жанында катар олтурган кыз басып келип,компьютерди карады да

-Түшө элек го бүгүн аран жетиптир эми үч күндө соң, эсеп чыкканда гана акча которулат — деди кызга.

Эмне дээрин билбей кыз Гулзарга олурая карады да,мындай деди:

-Эжеке биринчи күнү келесиз.Айлык акы түшүптүр! деди аны башка бирөө түшүрө албай аткандай айыбын жашырып.

Мугалим чыдабай кетти белем.

— Ой деги айлыкты өз убагында түшүрө албайсынар?Коңшулардан акча карыз алып келгем.Азыр кантип кетем үйгө?Деги өз ишинерди мыктырак аткарбайт беленер?! деди күйүп бышып.

— Эмне кыйкырасыз? Өзү канча жол акы? Ошол да жок болсо, берейинчи! деди кекерлуу ун менен.

Ары жактан банктан акча алууга кезекте турган улгайган кишинин ачуусу келе түштү.

— Ай кыз эмне кекетесин ? Үч күндөн бери келсе, районго, сен өз ишинди билбесен анан бул күнөөлүүбү? Өз жумушунарды мыкты жасагыла!

Охранада турган күлтүйгөн милиция басып келди да :

— Эмне уруш чыгарып атасыз байке?!

Токтотун! деди аксакал адамга карап.

— Эмне калыс соз айтканы да болбойбу?

Деги уят деген барбы?

Эгер өз ишинерди билбесенер орунду эмне ээлеп олтурасынар! деди да, кыжырлана карап, чыгып кете берди

— Кандай аялсыз!Эмне акча түшпөсө мен күнөөлүүбү? деди ансайын кекетип.

Гулзар ыйлап жиберди.Эгер айлык акым мынчалык керек болбосо, кыйналбаган болсом, кете бермекмин.

Түшүнөсүңбү?

— Ой башты оорутуп жибердиниз го!

Дүйшөнбү куну келин!деди Гулзарды жактырбай.

Эмне кылаарын билбеген Гулзар, көз жашын суртүп сыртка чыкты.

Эми эмне кылсам?

Өзү жактан келген маршрутка» маянамы алсам берем» деп чыкмакчы болду.

Үмүтүн өчүп., шаабайы сууп, үйгө кайтты.

Ушул маянасын ала албай кичуу эмчектеги баласын таштап кетет.Кызы Аксамай болсо, бешике бөлөгөн бойдон түштөн кийин окууга кеткен экен, бешиктеги бала ыйлап өпкөсү көөп калыптыр.

Гулзар чыгып кеткен сон, эл жок калганда Жылдыз Таалайгүлгө карады.

— Койчу ай, туура эмес киргизипсиң да.Эбак келе турган айлыкты….мага айтсан программаны туура көрсөтүп берет элем.Анан тигинтип келген кишилерди кагып силкенин жарабайт! деди кызга карап.

Жетекчи экөөнүн сөзүн угуп, калыс сөзүн айтабы десе,Жылдызга опурулду.

Сен билет экенсин үйрөтүп койсон болмок…

— Ой мен да өз жумушумду жасаймынбы же Таалайгулдун ишин жасап олтурамбы?

Келгенине эки ай болду.Канчалаган кишилер урушуп чыгып атат.Мен чындыкты айттым.Сөз мага эмес сизге тийет жетекчи катары.Андай билбесе айтпайт беле?Мен ошол күнү эле киргизип бермекмин да.

— Мм. Ошондой де , өсүп жумушка тын болгондо, сөз башка багытта чыгат окшойт.

— Агай калыс сөзүңүздү айтсаныз боло.

Болгону тигил аялга боорум ооруду.Убактысы бош адамдар болсо мейли эле,бешиктеги баласын таштап келсе,жол акысы деги калбаптыр. Туура иш эмес го мындай жооп бергенибиз.Кандай кабыл алсаныз да, мен туура сөзүмдү айттым.

Жылдыз кийим кечесин кийди да, сыртка чыгып кете берди.Иш убактысы бүтүп,жетекчи болсо Таалайгүлгө карады.

— Акырындан үйрөнүп кетесин.Буйруса бир аз иштемиш болсон сени башка жакка которобуз ойлонбо!Буйруса сени озум такшалтып анан Асан Калыков айткан жакка жөнөтөбүз.

Маанайынды түшүрбө!»Иттер үрө берет,кербен жүрө берет «деди камырабай.

Көптөн бери кызын ишендирип,» бир аз күтө тур кызым. Айлык алсам сонун бут кийим алып берем» деп жооткотуп келген сөзүн эстеп Гулзар кейип алды. Чон кишини алдасан оной анан ушул үмүткөр болуп сөзгө бекем ишенип алган жаш баланы алдоо оор экенин Гулзар эн сонун билет.

Түштөн ооп калганда, Аксамай ушуп, тонуп,бутуна балчылдаган суу синип, көгөрүп келди

— Апаа,айлык алдынызбы?

— Жок кызым.Айлыкты алабыз да эми .Кечигип атыптыр.Бутун чечип жаткан кызын көргөн Гулзар энилип бутун кармаса чылк суу экен. Жүрөгү ооруй тушту.

— Катыгун ай,акча барында биринчи эле сага алып койсом эмине?

Болор болбос айлыгына уч балага тамак аш сатып келип, көмүр алып,анан жолдошу акча салам дегенин кем карчын албай койбоду беле.

— Каралдым десе,шашып чечинтип печканын алдына олтургузду.

Аксамай ыйлай баштады.

— Кече алып берем дединиз эле го.

— Атама чалайлычы.

— Кызым атан ооруп калыптыр.Атанды кыйнабай туралы.Акчасын да, ала албай жаткан тура.Акча алса мурункудай базарга баралы.

Кыз бир аз ынанып, мурдун шуу тартып олтуруп калды.

Гулзар кызын аяп турду.Улуш иштетем деп, өкмөттөн алган кредитти төлөгөндө эле,жанында болбогон акча калат. Үйүн бутурө албай үстү ачык калганда, райондон алган акчаны болсо төлөй элек.

Эмнегедир Кайыптын иши жакшы эмес болгондуктан, бир топ жүдөп калышты.

Кантсе да,ары ойлонуп бери ойлонуп күйөөсүнүн агасы Бегалыга жөнөдү.

— Кел деди эшик элик күрөп жаткан кайын агасы.

— Аке ,женем бар беле?

— Ооба ичкери кир’- деди орой үн менен дагы эмне сурап келди? дегендей жактырбай.

Гулзар үйгө кирип олтурган соң жагдайды айтты.

Айлык келбей жатканын ага чейин Аксамайдын бут кийими жыртылып, тонуп какшап келгенин айтып өттү..Бир аз акча берип турсанар, айлык алып келерим менен берейин? деди жалооруп женесине.

«Ушул бир деме сурап келген го? » деген ойу туура чыгып,кайын агасы көзүнүн төбөсүнөн карады.

— Эмне? Сен, бизде акча куйулуп турат деп ойлойсунбу?

Биз да, мээнет кылып иштеп, анан таап жатабыз келин бала, деди жумшактап.

— Каап , ага! Ушул сөздү женем айтса болмок

Аргам жок келдим.

— Тигил эмне акча салбай суутуп койгону жүрөбү Россияда? деди иниси Кайыптын ден — соолугун сурамак тургай.

— Кагылайын аке,бир ооз сурап койбойсуз? Кайып ооруп ишке чыга албай жүрөм деди.

Аны карап олтурбай жан багып туралы. Мен силерге Кайып акча салса берейин дегеним жок. Эки үч күндө маянам тийсе берейин. Бала деген бала экен, ыйлактап жатпайбы? бир кун болсо да жылуу бут кийим кийсин дегеним деди карагат көзү жашылданып.

— Ай, ушу силерди.Эмне мынча бошсунар! Силердей ,элдин келиндери Россияда иштеп жатат барып иштегиле силер да.

— Муногу балдарды кимге таштайм?Багып берер же Кайып экөөбүздө бала багар эне же ата болбосо…

— Шылтоон даяр тура.Иштегендер иштеп жатат.

Гулзар акча сураганына бушайман боло тушту.

— Кайдан да келдим . Ушул кызымды аяп,бут кийимди бугун эле алып берейин дегем.Айлык да, ушул жума тиймек.

Бегалыны аялы жекире карады.

— Болбогон нерсеге да сүйлөнө бересинби, жаман аялдардан бешбетер. Сен бербесен башка коңшу колоң берер.

«Коншулардан сурабай жүр» деп урушкан экенсин алдына келди.

Алып чыгып бер акча! деди орой кыйкырган Бегалы аялына жиндене карады.

— Ээ сенин акчан башында калсын! деди аялы Гулзарга боор толгоп.

— Макул ага. Акчанызды бербей ак койунуз.

— Ой эмне коркутасын? албасан алба! Эмне сени кошо багышым керек беле?

Гулзардын ичи түтөп кетти.

Байкуш Кайып агасы Бегалы кетип кабарсыз жүргөндө,

«женем кантти экен » деп жан тартып, тапканын жарымын ошол үйгө ташып берчу эмес беле.

Ызаасы тамагын бууп, көзүнө жаш келди Гулзардын.

Күйөөсүн сагынганы бир азап да,кыйналып акчаны жеткире албай жүдөй түшкөнү эки азап болду.

Үйүнө келди. Балдарын эптеп тойгузуп олтуруп калды.

Мектепте мугалимдерден, өзү да уялып бутту.»Мугалимдин кызы» деген аты бар эмеспи кантсе да.

Андан көрө Кайып келсе, эс алып күздө бирге барып иштейли, балдарымды да, жаныма алып алсам деген ойго келди.

Ал жакка барганда кантет.Ушул үч бала менен эмне жумуш жасайт? Ал жагын ойлогону менен айылда жетине албай кыйналганы жанына батты.

Кергиштеп күйөөсү жакшы тапкандар жерге уруп сүйлөсө, Гулзар кирерге жер таппайт.

Ошентип олтуруп, Кайыпты эстегенде, жүрөгү бир» болк » этип алды.

Кудайдан тилеп жалбарды.

— Оо кудайым, аман эсен айыгып кетсин.Негедир Кайып бир нерсени жашырып жүргөдөй.Көптөн бери жумушсуз олтуруп калганынына караганда ооруп калганбы же иш чын эле жакшы болбой жатты бекен? деп ойлоду..

Балким иш жок болуп жаткандыр, деп кечинде телефонуна чалмак болду.

Гулзар ойлонуп олтуруп, күзүндө терген кыш алмадан, жарым кап калганын эстеп, ошону сатып, анан ошол акчага негизги керек жаракты алайын деп самандын арасына катылган алманы алып чыкты.

— Ой катыгун кече эле жарым кап эле го? Аны да түгөткөн турбайсынарбы ээ?Балдары улам чукуп, аз калганын көрүп бир баштык болсо да, сатып коншунун акчасын берип, эт алып келейин эч кимге көрүнбөй деп салыштырып койду.

Аксамай алманы көргөндө атасынын айтканын эстей түштү.

— Апаа алманы сатпай эле койчу.Атам» жазда барганча, терген алмандан мага бекитип кой » деген деп барып баштыкты кармады.

Апаа,сатпай эле койунчу.Атам келсе берем деди үмүттүү.

— Атан келсе коп акча алып келет, базардан кызыл алма сатып келебиз атаңа! деп кызын аяй карады

— Аны мен тергемин го.Атам айткан да, «сен терген алма ширин, ошону жейм» деп.

Гулзар аргасыз баштыкты алып, өйдө бекиткенде кыз кубангандан так секирди.

Турат алмага тийбегин!Уктунбу!Аз калды.Атама гана! деди агасына катуу эскертип.

Гулзар балдарын жаткырып күйөөсүнө жазды.

«Кайып,мени көп санаа кылбай айтчы деги ачык.Мен баарын түшүнөм.Жумушун жок кыйналдынбы? же болбосо ооруп атасынбы?

Ооруп жатам десен….Биз деле кыжалатбыз жаным.

Кайып жубайын аяп кетти.

Төрт айдан бери болор болбос акча берип,жеген ичкенине гана төлөп калган тыйынды бербей жүргөн бригадирге кайрылган сайын «акчаны чогуу беребиз.Жумуш аяктасын,обьект бутсун» деп сүйрөп келе жатканы жаткан.

Анын үстүнө акыркы күндөрү башы айланчу болду.

«Каныныз аз экен витамин ичип,тамак ашты күчтүү жегин» деген бир ирет ошол бойдон ооруканага чолоосу тийбей барган жок Кайып.

Азыр жубайын эмне деп алаксытып, эмне деп көңүлүн көтөрүүнү билбей турду. Бир топ үн катпай олтуруп, абалдан чыгуу үчүн минтти.

— Балдарды көрсөтчү Гулзар баарынарды сагындым жаным.Көп ойлонбо, буйруса кун жылыса, акчаларым тийсе барам.Ага чейин кыйналсан да, чыдап кой.

Эгер кредитти төлөй албасан, анда барып дем алыш бергиле? деп арыз жазып көр.

— Жок Кайып кайдааан?Алар көнмөк беле?

Деги анын да жолун табарбыз.Андан көрө өзүнө кам көрчү.

— Атаа деди Турат.

Атаа,Аксамай чуркап келип, апасынан телефон талашты.

Атаа,мен сени сагындым.

Апам үйдөгү алманы сатам, деди

Мен болсо атама берем деп бекитип койдум…

Сиз качан келесиз?Атааа,менин сапошкам жыртык.Апам мага алып берген жок.Атасына эркелеп көнгөн кыз өңгүрөп койо берди.

— Мени баары шылдыңдап жатат.Сиз алып беринчи.

Кайыптын ичи өрттөнүп кеткенсиди.

— Садагам менин. Макул кызым макул.Акча жөнөтөм

Апам айтты го, акчасы жок атан ооруп жатат деп.

— Жоок кызым ооруган жокмун.Кайып эмне дээрин билбей калды

— Туратка берчи? деди уулун көргүсү келип

— Турат уулум кандайсынар?

Жакшы ата,деди ишенимдуу үн менен уулу.

— Окууларын кандай уулум?

— Жакшы.Кече матемден беш алдым. Бүгүн орус тилден.

— Ой азамат!

Апана жардам берип жүрөсүңбү?

— Ооба апама жардам берип, отун жарышып, от жагам.

Ал эми койлорду апам экөөбүз карап атабыз.

— Азаматсын уулум.Сен тың болуп чонойсон, мен сени жакшы окууга окутайын ээ?

— Ооба ата! Качан келесиз?Апам акчасын ала албай ыйлап келди.

Мындан ары мен жайда иштеп акча табам балдар менен деди атасына карап

Кичуу уулун бешиктен чечип,Кайыпка көрсөттү эле,тим эле атасын таанып тургандай балтыр бешик бала кулуп, жыргап алды.

— Оо айланайындарым десе!Оой кагылайындарым!

Карачы чонойуп баратат уулум!

Дагы көрсөтчү Гүлзар.Сагындым балдарымы.Акча сала албай анан эмне кылаарымды билбей, сага чалбай жүргөнүм ошондон алтыным.

Гулзардын жүрөгү эзилип,азыр акча тууралуу баарын унутуп, балдары менен сүйлөшкөн Кайыпты көрүп бакытка туна түштү.

Атам сулуу болуп кетиптир карачы апаа,деди кызы такылдап. Атамды карачы аппак башка кишилерге окшош кара эмес, деди шаарда үйдө камалып, бир сонун көзүнө көрүнгөн атасы ансайын сулуу көрүнүп сагынган кызы үчүн.

— Ооба атаң ушундай да кызым.Ичинде кандайдыр бир кызганыч сезими пайда боло түштү.

«Балким бизге айтпай башкалар менен жүргөн чыгар. Россияда жүргөндөр аял алып алышат » деп уккан сөздөрдөн улам аялдык кызганыч Гулзардын журогун бир оропкутту.

Кызынын сөзү жага берген Кайып аябай күлдү.

— Алтын кызым десе,мени өзгөчө жакшы көрөт да.

Качан келесиз деп бышактап баштаганда, аргасыз алдап соолады да, телефонду өчүрүп, ички дүйнөсү уйгу- туйгу болуп олтуруп калды.

Гулзар бир топ жүдөп калыптыр балдар менен.

Сүйлөшүп бүтүп телефонду өчүргөн Гулзар шифонердин кузгусуно барды.

Аябай эле жүдөмүш тарткан бей тааныш аялды көргөнсүдү.

Кареги балбылдап,сурма тартып койгондой болгон каш кирпиги, жүдөгөндөн улам кыштын куну билинбей калгансыйт.

Ошентип белгисиз бирөөлөрдөн кызгана түшкөн Гулзар өзүн иретке келтирейин деп балдар уктаганда жуунуп таранып,кийбей катып жүргөн кийимдерин алып чыкты.

Күйөөсү балким чын эле шаарда татына кыз келиндер менен таанышып жүргөн чыгаар.өз ойунан озу чочуп кетти.

Гулзарды кандай сүйөөрүн урматтап сыйлап жүргөнүн жакшы билсе да,кызынын сөзүнөн жаш балача кызгана түштү.

Аксаамайдын кулагына илинип» атан студент кезде сулуу жигит болуп, көп кыздар жакшы көрчү анан Турат аган болсо атана окшош болду» деген сөзү кулагында калган кыз,атасын сагынгандан ушундай дебедиби?Сулуу эмне экенин жакшы түшүнбөсө да,Гулзар күтпөгөн сөздү айтканына кулуп алды

Ошентип уйкуга кеткен Гулзар түшүндө Кайыпты издеп жүрүп куну өттү

Ойгонсо түш экен.Көнүлү чөгүп олтуруп калды.

Күн өтүп уруш жанжал менен айлык акысын алган Гулзар акчаны канчалык сарамжалдаса болбой оордун тапты.

Жубайы Гулзардын, жөнөкөйлүгү, баарына каниет кылган сабырдуулугуна барга ,жокко кайыл болуп балдарын багып олтурганына Кайып мин мертебе ыраазы.

Башкалардай болуп даттанып,үнүн барынча жолдошуна күнөө койуп, ажылдаган ажаан аялдардын катарында эместигине кудайга шугур айтат. Көрүп жүрбөйбү жанында жашагандардын аялдарын деле.

Гулзар ЖОЖго өз күчү менен өтүп,энесинин жоктугуна карабай кызыл диплом менен аяктаганын көргөндөр мыкты баасын беришкени да жөн жерден эмес эле. Анын аракетчилдиги, тырышчаактыгы аны өз күчү менен окуп билим алууга жетеледи

Тыкан,жароокер анан чечкиндуу экендиги ар дайым Кайыптын жүрөгүн жылытып келет.

Ар кайсыны ойлоп олтурган Кайып бригадирге чалды.

«Мурунку иштеген ишимдин акысын, берсенер жакшы болмок? Уй — бүлөм кыштын куну акчадан кыйналып калышты. Балдарым болсо жаш» деген болчу.

«Жакында былтыркыдан калган көмүр түгөнөт Кайып. Быйыл бизде да, кыш оор түшүп, үшүп жатабыз» деген аялынын сөзүн эстеп кайра — кайра телефон чалып жүрүп,биртке акча алды да үйүнө салып жиберди.

Жакын арада, квартира акысын толош керек экендигин билсе да, айылда уч бала менен кыйналган Гулзарды аяп, акчаны болушунча баарын салып, өзү акчасы жок кала берди.

«Үч кундон соң кожойун акчага келет экен. Батырак топтой баштайлы» деп кошо жашаган жигиттер айтканда Кайып эмне кылаар айласын билбей турду.

— Ишке чыкпай олтурасыз Кайып аке.Кече алган акчаны бекитип турунуз, деди кошо жашаган жаш жигит.Бирок Кайып уй — бүлөсү кыйналып,акчаны аларга салып жибергенин айтканда, уккандар жактырбай карашты.

— Сиз да кызыксыз.Баарыбызда акча ченелуу. Сиздин ижара акын ким төлөммөк эле сууктун куну? Андай болсо, башка жактан квартира караныз! деди жаш жигиттин бири.

Макул иним.Акча издейин деди Кайып тартынып.

Күйөөсү жөнүндө түрдүү ойлорду ойлоп, кандай чечимин чыгарарын билбей жаткан Гулзар биртке акча келгенде, конулу жайына тушкондой болду.

Базарга барып, бир мешок ун жүктөтүп келе .

Уну менен аялдамадан тушуп калып, эмне кылаарын билбей турганда, жанына машина келип токтоду.

— Олтур Гулзар!

Капты, озум салам, деп ушул айылдык Кайып менен бир шаарда иштеген Мыкты жерге тушту.

— Жон эле койунуз.Мен озум эле. Балдарым араба менен келет утурлап деди Гулзар тартынып.

Тигил неме аял коро электей келинге унуло карады.Аябай татынакай экенин коргондо сугу арта тушкон.

Акмалап айдап машинени Гулзар турган жакка айдаган.

Кайыптын ошол шаарда бир келин менен дворго кирип кеткенин коруп тан калган.

— Кантип эле? деп ичтен тынган.

Кайыптын аялы ары татынакай анан окуу жайды буткон мыкты келин экенин бир айылда журуп, жакшы билген учун айылда Гулзарды улуу кичуу дебей суктанган келин экенин коргондо тан берген.

Кайран катын ушуга деген.

Кайыптын, кечинде жаш келин менен ээрчишип озу жашаган домго кирип кеткенин дагы бир жердешинен уккан жери бар.

Ошол бойдон ал окуяны унутуп калган Мыкты, азыр Кайыптын келинчегин коргондо эстей тушту.

Аа шордуу, тим эле бир сонун аялы бар экен.Анан жон журбой ушул балдарын ойлобой Кайып баягы эжрчишкен менен суйушуп жургондур деген жаман ой келе калган.

Балким»Кайып иштебей карыз болуп калыптыр шаарда» деген создун жону бардыр.Тигил таап алган келинге жумшап,акчасын анан Гулзарга «иштебей жатам » деп жургон чыгаар деген ойлор башына келе калды.

Ушул силердин кочонор аябай начар да келин.

Кайып менен суйлошуп турасынбы?деди Гулзарга карап.

Ооба,суйлошуп турам. Азыр ооруп жумушу жок Сиз качан келдиниз? деди Гулзар.

— Кайып ооруп жатыпбы?Аны биз укпаптырбыз го.

Гулзар шекший тушту.Мыктыга тигиле карады.

Баштагыдай жакын эле жашайсызбы шаарда?

— Ооба келин ооба.Ошол жакын жерде туруп укпаганыма тан калдым.Балким ооруп калгандыр.

Ангыча уйго жете келип, капты тушургон сон Гулзар акча сунса албай койду да.Колун бекем кысты да:

 

Эгер жумушун болсо мага айта бер келин.Мен даярмын! деди тушунуксуз коз караш менен.

Гулзар териге тушту.

— Сизге ишим тушпой калсын.Ыракмат

Экинчи ирет мага антип суйлобонуз.Сизди ким таштап кой деди!

Мыкты куло карады.

Койсончу келин экилене бербей.Эмне Кайып инимди эле айдан ак деп журосунбу?

-Аны сиз кайдан билесиз?

Укканым бар.Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт да.

Айттыныз ачык.

— Тигини тигини боор тартып айтып койсом, кайра мени куноологонун кандай бул?

— Эмне кылсан озун бил.Бирок сен мага жактын келинчек! деп жырталактады.

— Былжырабай жогол!-деди жаны жанга баткан Гулзар.

Макул.Жоголом бирок бир куну угасын.

Мыкты машинасын жургузуп кете берди да ойлоно тушту.

Каап айтпай эле койбой.Тим эле коктон тушкон перидей элиргенин деп согунуп алды.

Уйго кантип киргенин билбейт.Уккан созуно ишене албай турду.

Кантип эле?Балким бир шаарда бир нерсесин билген учун айткан чыгаар деп ындыны очуп олтуруп калды.

Эч бир жумуш жасоого колу барбай дендароо болуп, озу да сагынып жургон неме уккан созго чыдай албай Кайыпка чалды.

— Эмне болду Гулзарым менин.Зиркилдеп эле калыптырсын.

Мен жок баарына озун жугуруп чарчагансын го жаным.

— Ооба,чарчадым.Уй булоо керек болсо уйго кел!Мен сага ишенип бул жакта….

Келиндин уну буулуп, башка соз айтууга дарманы келбей ыйлап алды.

— Озум башым айланып, аран журом кайдагыны айтасын да.Мен да кетсем экен,ошол жактан дипломум менен жумуш чыгып калар деп ойлоп жатам алтыным менин!

— Эмнеге анан иштегин келбейт ?Оорусан корунсон болбойбу?Сенде бир мандем бар?

— Гулзар! Сага эмне болду?

Аял кишилер ушундай акылы кыска экенсинер го.Мен сенден эмнени жашырчы элем?

Баарын тушунуп турасын,бир аз ооруп журом.Оорусам да жумуш болсо чыкмакмын.Кун суук болуп,иш токтоп турат.

Кун жылыса, иш башталса,колума биртке акча кылып анан кетейин деп журом Гулзар.

Кичине сабыр кылып,озунду алаксытчы.Туугандарына барып, эже синдилерин менен суйлошуп кел.Мени сагынган окшойсун ээ, алтыным десе менин!

Жолдошунун токтоо, терикпей айткан созу журогун бир аз жылытып барып, кайра кызганычы куч алды.

Таарынып жазбай,чалбай койду.

Бир топ кунго чейин улам Кайып чалса да,албай баарын тушунуп турган менен жолдошун сагынып эркелеп койгусу келди

Кайып аябай ойлонду. Жанында жашаган жигит менен жакшы мамилеси бар болчу.

«Байке аялым иштен чыкканда, кошо келиниздерчи » деген Кайыптын туура туз экенин билген жигит.Эки ирет тоноп аялы алтындарын берип ыйлап келгенин коруп» коркуп калбасын» деп аялы менен Кайыптын жумушу жакын жерде болгон учун Кайып экоо бирге келишчу болгон.

Келин жаш, анан шаарга жаны келген учун да кызганган куйоосу Кайыпка дайындаган.

Иштеп жургон кезде Кайып келин менен бирге кайтып бирге бир басып киргенин Мыкты уч торт ирет коргон.

Ойу бузула тушкон.Аа жон жургон эмес экенсин да, деп ичтен айта албай калган болчу.Мына ошол такталбаган маалымат менен Мыкты Гулзарга айтып жиберди.Ал келиндин ким экенин да жакшы билбей туруп «болду болбоду соо эмес» деген тыянак чыгара салды.

Аз келгенсип, Гулзардын номерин таап чалып корду.

Алса актанып, бир нерсе айтмакчы болду.

Бирок Гулзар корбой калды.

Гулзар сен аябай татынасын.

Куйоондон умут этпей, мага окшогон иштерман акелеринден кол узбо, деп жазды

Гулзар окуп алып ыйлап, озун койор жер таппай турду.Кайыпка арызданайын деп » балким ойуна жаман кетип журбосун «деп эч нерсе айткан жок.

Ызаага муунуп ыйлап алды.

Кайып болсо, барын тушунуп келген Гулзарынын таарынычын ойлоп, санаа болду.

Гулзаар жооп берчи мага?Алтыным!Эмнелерди ойлоп журосун!Балдарымды карап,уйду уй, жайды жай кылып жургонунду билбегендей,сени баалай албагандай, мени эмне бир келесоо деп журосунбу?

Кандай болсо да чыдачы жаным.Жол акы менен биртке бала чакага акча кылсам кетет элем.Тузуктоп иштей албай алым куруйт жан биргем» деди Кайып.

Кайып Гулзарды азыр таанышкан кункудой кыял жооругун, таарынчактыгын баарын эстей берет.Кайыптын

создорун угуп, эмне кылсам экен?ооруп да калыптыр, бир отоло колум бошосо кененирек суйлошуп алайын, деп уйдогу жумуштарын бат — баттан жасай салды. Батыраак жумушун жасап алып, анан Кайып экоо суйлошуп конгон адат боюнча баланы койнуна алып жатып суйлошойун деп турду

Балтыр бешик баланы эмизген бойдон уктап кеткен экен Кайып дагы чалып калды.

Телефонду алган Аксамайга апанды корсотчу деп айтты эле баласын эмизип, уктап жаткан жубайын корду.

Чарчанкы сулуу жузундо,кандайдыр бир башкача мун тургандай, балтыр бешик бобок болсо борбойуп жанында жатат.

— Алтындарым! деди ичи элжиреген Кайып.

Турат,уулум кандайсын.

Жакшы ата.Озунуз оорубай калдынызбы?

— Ооба уулум мен жакшымын.

Аксамай кызым.Коозум менин.

Атаа,биз баштыктагы алманы жеген жокпуз деп Туратка караса, ал карындашына кулуп койду.

Кыз болсо,ошол замат дикилдеп чыкты да, шкафтын устун караса,бир жалгыз алма калыптыр.

Ыйлап кирди.Канакей,алмаа!

Атамачы?

Бышактап журуп, алманы дагы туготот деп койнуна катып алды.

Кызынын кылык жоругун коргон Кайып кулуп алды

Алдына кетейин, ушул кызым мени багат да деди кубанып.

Гулзар чарчаган экен бир козголбой уктады.

Макул уулум жаткыла! деген Кайып очургон сон Гулзарын аяп турду.

Мени сагынып, уч баланын туйшугу кыйнап жатат да деп баарын журлгу менен сезип боору ооруду.

«Кандай болсо да жанына барайын» деп жумуш суруштуро баштады.

Бир кезде тааныш жигиттен жооп келди.

— Жумуш бар байке.Болгону кун 26 градус корсоткон куну ишке чыгабыз деди.

— Аа, жакшы иним иш башталган куну мени да айтып кой.

— Ооба Кайып аке!Кунуно уч минден эки минден иштеп аласыз, деди тааныш жигит.

Айабай жакшы экен иним.Эмне болсо да кетериме акча камдап алайын балдарымы сагындым деди.

Мыкты озун болжолдуу ойун, жаман аялдарчасынан чындыкка айлантып, айтып койгондугу учун эмне кылсам? деп ойлонуп созун далилдеш учун Бекишке чалды.

— Бекиш кандайсын иним?

— Жакшы

— Сен баягыда Кайыпты бир келин менен кетип атыптыр дегенин туурабы?

— Ооба эмне болуптур Мыкты аке? Мен жон эле коптон бери коро элек болчум анан жолдон учурады жанында кошо жашагандарданбы? Айтор бир бей тааныш келин бар экен дедим.Эмне болду сизге? изилдеп калыпсыз?

— Деги сурадым да. Мен да, коргон болчум.

— Эмнеси бар экен? Кайып байкем жигиттин гулу да, ал эмне кылса жарашат деп тамашашалай кулду Бекиш.

Кайып аке …Жакшы кишилерден,- деди чындыкты айтып.

— Эмне болду?

— Аа,тигил келин бала менден сураганын тан калдым.

— Мм.Ушул шаарда сиз менен мен болсок. Кайып акени тааныган анда ким айткан болот? Болот да бар.

Анысын билбесем Бекиш.

Макул иним ошону сурайын деген ойдо эмес болчум. Аба ырайын сурайын дегем да..Кун кандай?

— Мыкты аке, бул шаарды билесиз го, кун дагы эле суук.Келбей эс ала берсениз болот.Биз болсо, жете албай журобуз айылга -деди Бекиш суктанып.

— Макул,Бекиш.Ишине ийгилик.

Бекиш эмнегедир тан кала тушту.

Ошондон коп убакыт отпой Кайып Бекишке телефон чалды.

— Саламатсынбы!?

— Саламатчылык байке! деди Бекиш.

Деги жон чалган жок го, жанагыда Мыктынын да, телефон чалганын эстеп, тыншап турду.

Иштериниз жакшыбы?

— Бекиш иним,ошол ооруп калгандыгым учун иштей албай,анын устуно иш чыкпай жатканмын уйдо.

Женен айылдан «бир аз кыйналып калдык» дегенин эмне кылаарымды билбей, уйго акыркы акчамды салып жибергем.

Ден соолукту корсотойун,врачка барайын десем тыйындан кыйналып турам.

— Аа.Акчаныз жокпу?

— Ден соолукту го кудай алсын дечи Бекиш, баарынан да квартиранын акысын бербесениз, чыгып кетин дешти.Он кундон ашты бере албай турам.

— Ой,Кайып байке,эмнеге айтпадыныз ушунун баарын?

Акча жерде калсын, акча табылат да.

Бугун уйго келиниз Кайып байке.Кааласаныз мени менен жашаныз

Болгондо,анан кайтарасыз.

 

Кыйналып жаткан экенсиз, бир ооз айтып койсонуз болмок.

Кочуп келе бериниз, кааласаныз озум барып кочурушуп келейин,- деди Бекмамат.

— Канча киши турасынар?

— Бул жерде копчулукбуз.Бирок сизди батырып алабыз байке.Болгону ал жакта иштебей жатсаныз тамак — аштан кыйналып калбасын деп жатпаймынбы?

Ооруп да жатсаныз.Эмнениз ооруп жатат?

— Рахмат Бекиш.Рахмат иним.

— Мен ушул башым айланып,кээде козум карангы тартып жатат.Бирок кун сайын деле эмес.Менимче кандын аздыгынан го.

— Ушундай дениз.

— Макул.Бугун квартиранызга барайын байке.

— Ооба кел иним.

Жумуш буткон сон Бекиш машинеси менен Кайыптын жашаган жерине келди.

Ремонту эски ижара экен.Ооз жакта Кайыптын тошончусу анан андан ары катар салынган матрастарды корду.

— Кел Беки, кел иним.

— Кайып байке сизге эмне болду анчалык?

Аябай арыктап кетипсиз.Сиз мындай эмес элениз го.Корбогонумо эки ай болду.

— Ооба Беки.Кан аз, витаминдуу тамак — аш жеш керек.Ал учун жакшы табыш керек да иним.

— Аа,аныныз туура.Каныныз аз болсо эч нерсе эмес.Болгону кучтуу тамактаныныз байке.

Бекиш уйго кирип олтурганда,ички болмодон чыккан жаш келин ийилип салам берди.

Бекиш Кайыпты ушул келин менен баратканын коргон.

— Чай ичиниздер кухняга чыгып деди келин.

— Бул кошо жашагандарбы?

— Ооба,тигил комнатта куйоосу анан дагы уч адам сырткы болмодо, а биз болсо уч адам жашайбыз.

Келин жаны келген шаарга.Куйоосу намаз окуган такыба жакшы жигит.

— Аа,деп ойлоно тушту Бекиш.

Акча кимден карызсыз канча кун жашадыныз, айтыныз? Мен эсептешип койойун.

Ангыча эле сырттан капыл тапыл басып, кошо жашаган жигит кирип калды.

Азыр сен олтуруп турчу.Макулдашып коройун Чыгайын бул жерден деп.

— Макул деген Бекиш кутуп турду.

Экоо откон кеткенден суйлошуп олтурду.

— Женем менен суйлошуп жатасызбы?

— Ооба.Женен да таарынып,кайдагы нерселерди айтып кызганат.Бул жакта мен жыргап тургансып.»Сен башка менен журупсун ээрчишип, коргондор бар экен» деп таарынгансыйт.Озум бул жакта аран олтурсам жумуш таппай.

Аял да….

 

Эх,ушул аралык же бир жетип барар жер болсочу.

Каралаганы маш болуп бутушконбу чиркин.

Ким айтканын да сураганым жок.

Алыс жерде сагынгандан ишенип алса керек

Бекиштин эсине Мыкты айткан соз тушту.Ал жонундо айтууга оозу барган жок.

Баары келгенде,Бекиш кошо жашаган баладан карызын сурады.

— 6300 рубль берсин деди.

Силер Кайып акенин он кундук жашаган кунун санагыла.Кайып аке мени менен жашасын,- деди олтургандарга тигилип.

— Эмне учун?Бул туура эмес.Алдын алып айтуу керек болчу.

Бекиштин кыжыры келди.

Силерге айткандай гана болобу эмне? Жашаган адамдын саны аз болсонор бир жон, талаа жеринде тушунмокбуз.А бирок ушунча киши тыгылып олтуруп,алдын ала айтпаса дегенин кандай?

Байке иши жок ооруп журуптур, жок дегенде тамак аштан кыйналбай мени менен чогуу болсун, деп келгем.

Кайып кошо жашагандарга кайрылды.

Эгерде силерге оор келип турган болсо,мен ушул айда кала берейин.

— Бекиш,кийинки айда сен менен жашайын. Ансыз да жазда кетсем, деген ойум бар.Канча айдан бери кошо жашап,тигил инилерди кымбатка тушуп калат деп нааразы кылбай кийинки айдан чыкканы аракет кылайын деди.

— Макул.Озунуз билиниз

Бекиш акчаны санап берген сон,экоо сыртка чыкты.

— Кайып аке муногу мин рублди жон эле сизге жардам.Ал эми тигил акчадан эч санаа тартпаныз болгондо берерсиз.

Айлыгым тийип калса,колуман келген жардамды берейин байке.Озунузду этияттаныз.Кийинки айдан мени менен жашаныз.Озум иштеген лифт ондогон жерден женил иш таап берем.

Кайып ыраазы боло жылмайды.

— Рахмат,рахмат.Сенин ушундай адамгерчиликтуулугунду билгем.Баяа куну эле айтсам болмок экен иним деди канырыгы тутоп.

— Ээ,байке бул баштан эмнелер отпойт дейсиз?

» Бирде жигит тоо минет,бирде жигит жоо журот деген ушул да «деп Кайыптын далысын таптады.Экоо кулуп алышты.

Бекиш сыртка чыкканда, ичи тызылдап ачышып алды.Негедир кейпи жудоп турат.

Кайыптын атасы жонундо коп ирет апасынын айтканы бар.

«Тортоон менен жесир калып аябай кыйналдык.Кээде ун жок,калган кундору Кайыптардын уйуно ун сурап, табак которуп бардым.Бирок эч бир жолу жок деп айтышканы жок.

— Токтотой тур ,келин деп бир чон кап менен ун алып кирип берди.Кийин акча болгондо берейин десем аялы экоо тен конгон жок.

Деги силер чонойгончо колунан келгенин болушуп,докумонт боюнча ишим тушсо, чуркап мени колдоп тушундуруп жардам берип журушту.

Булардын ушул жакшылыгын кантип кутулат экем» деп журом.

«Кыйын кезде козунду ачкан адамдар эч качан эсинден кетпей турбайбы»деген созу кулагына жанырды.Колуман келген жардамды берейин деп жан тартып турду Кайыпка.

Бир тууганындай жакшы корчу негизи. Жакшы адам экени жузунон байкап, сыртка чыгара албаса да, терен сыйлачу

Кайып жашынан спорт менен машыгып,айылда балдарды спортко тартып,анысы учун бир сом албай бош убактысын айылдагы оспурум балдар менен откорчу.

Бишкек шаарынан ЖОЖду бутуп келип, ишке орношуу учун конкурстарга катышып отуп,жумушка кирууго аракет кылып жургондо,айылдашы айыл окмоттун баласы озунон эки жашка улуу Нур ошол орунга кандайдыр бир жол менен олтуруп калды.Экоо бир айылдан болгондуктан орун талашпастан кала берди.

Андан сон Облустук электр энергиясы тармагына ишке кирип иштей баштады.Айлык акынын аздыгына карабай иштеп жатканда,ошол жердеги мучулуштукторду айта койом деп иштен жуйолуу себеби жок эле приказ чыгарып алып салышты.Жогору жактарга кайрыла берип чарчады.

Баары эле бирин — бири колдогондон башканы билбейт экен.Эч качан чындыкты корушпой турганын тушунгондо,колун силкип кала берген.

 

Ошондон сон, баарынан тунулгон Кайып, аялын таштап, эки баласы кичинекей болгон учун Россияга жоноп кете берди.

Канчалык кыйналса да, кара жумуш жасап, курулушта иштеп акча таап уй жай кылды.

Барып келип журуп,аялы «Гулзар балдар менен уйдо олтурсун деп иштеп журду.

Кышында кетип, жайда келип, иштеп журуп уй салып, туттун булатып кетти.

Гулзардын туруктуулугуна ишенген учун анын да, ишеничин актайын деп чечкен Кайып Гулзар ойлогон жаман нерседен алыс болду.

Канчалаган кыз келин каш какты дейсин Кайыпка, ошентсе да эч бирооно конулдонгон жок.

Мына ошентип Кайып жок дегенде,квартира акысы толонуп калганына суйунуп жатып албай, кыбырап жумуш суруштуруп журду.

Баяа куну иш сурап кайрылган жигиттен смс келди.

— Байке иш башталды. Эртенден барыныз.

Кун кайтып калды деди тааныш жигит

Ошентип Кайып жумушка барды.

Байке ушул фирма менен иштешебиз.

«Турак жай курулуш компаниясы»

Байке крыша жаап коргонсунорбу? деди жигит.

Ооба, иним жаап жургом.

Анда жакшы экен.Фирманын атын укканда Кайып ойлоно тушту.Бул фирмада коп жыл иштеп

Иш беруучу тарап улам акчанын 30 пайызын бербей улам кыйнай берген.

Кайып бирге иштеген кыргыз балдардын таламын талашып булар менен акчаны алып берип журуп акыркы жолу уч айдын акчасын он чакты балага толобой койгон.

Кайып булардын устунон Кыргыз окмотунун алдындагы Мамлекеттик миграция кызматына анан кыргыз диаспораларына кайрылуу жазып журуп, бул жердин директору Кайыпты жакшы таанып калган.

Мына ошондон аз акчага иштебей койгон сон,булар жумушчу таппай акчаны кунуно бере турган болуп,жумушчу издешкен.

Ошондо гана утулбай турганын андашып,анан бригадир койулган.

Бригадир жигит Кайыпты жакшы тааныган учун ишке чакырбады беле.

— Келип иштеп алыныз бир ай болсо да кеткенче деген.

Кайып кеч жатты.Эмнегедир уйку качып акыркы кундору журогу бир нерседен тупойул болгону болгон.

Жубайы Гулзар деле кечирет. Бирок эмнегдир журогун бир нерсе ойуп, батырак иштеп, бир аз акча топтоп айылга кетсем деп журду.

Бир айдан бери кабарлашпай койгон Гулзар бугун жумушка жоноп жатып Кайыпты эстеди.

Каап,ооруп журом деп жатты эле эмне болду экен?

Кайып телефон чалбаганына теригип,ансайын кызганган Гулзар кабарлашпай олтурган.

Жада калса,кат да жазбай койду Кайып.

Гулзардын айылда тируулукту мойнуна алып олтурганын журогу менен сезип,бир отоло акчаларымды алып анан айтпай дебей кирип барайын деп пландады.

Деги эле , бул Кайыптын адатты.

«Мен баратам куткуло»деп баарын убайга салып барганды жаман корот.Жол азабы кор азабы.Кээде Бишкектен ары машина толбой же жолдо кармалып калса,» санаа болушпасын» деп айтпай дебей кирип барып кондургон.

Эки ирет тун учундо,бир жолу тан агара электе кирип барганы эсинде.

Курган Гулзар эрте туруп жазылбай калган планын жазып олтурган.

Терезени шыккааласа,эшикти бекитип салышкан экен Гулзар жазып олтурат да, балдары катарынан уктап жатышат

» Байкушум ай,ушинтип иштеп бала багып жургон экен да» деп уйго киргенче сагынганын сезип турчу.

Терезени чертип, Гулзаар деп кыйкырса бир карап койбой Гулзар олтурат.

Телефизордун кобур собур добушунда кулагы унду чала тушуп караса Кайып турат

Суйунгонун айтпа.Тим эле койгон муруту жарашып , жарашыктуу кийинип турган куйоосун коргондо журогу жарылып кете жаздаган.

Бугун да, эмнегедир терезедеги тор парданы жаап жатып, эмнегедир Кайыптын ошол элеси коз алдына тартыла тушту.

Мектептен келип таарынычын унутуп чалып суйлошмокчу болду.

Бугун керелден кечке Кайып ойунан кетпеди.

Балдары да сагынды.

Эн кенже уулу ооруп калган экен.Жумуштан аргасыз сурап уйго келди.

Кичинекей инисин карап олтурган Аксамай кичине бала менен бир топ жудоп, сабактарына жетише албай калып жатты.

Улам акчаны жеткире албай тигил бул иш чыга берет.Кайыптан улам «акча сал» дегенге оозу барбай, ортодо Гулзар тестиер балдар менен тамак аштан бир топ кыйналып журду.

Сабак башталды.Бугун план боюнча Гулзар Ч Айтматовдун «Кылым карытар бир кун»романындагы Найманэнени, уулу Жоломанды атып койгондугу жонундогу эпизод боюнча талкуу сабак отту

Гулзар ушул эпизодду окуп берип буткондо,учунчу катардын аягында олтурган жаны келген кыздын ыйлап олтурганын корду.

Кызды тургузуп, суроону туура корбоду.

Корсо,энеси жаныдан отуп,анан тайэжеси бул айылга алып келип, ушул мектепке орноштурган экен.

Кыз энесин эстеп жаштайында ата менен энеден калганы учун арманы козголуп ыйлап алды.

Ата энеси РФнын кайсыл бир шаарында бут кийим чыгарган цехте куйуп кетиптир.Соогун алып келмек тургай оз элине кулу да келбей турганын уккан туугандарынын куйбогон жери кул болуп кала беришкен.

Ушул сабак бул кызга мынчалык таасир берет деп ким ойлоптур.

Куураган кыз, бир токтоп калбай опко опкосуно тийбей ыйлап киргенде,Гулзар жанына бир кызды кошуп берди. Бети колун жууп , сыртка алып чык деп олтуруп калды.

Мына бугунку сабактан маанай тушуп келди.

Эми олтуруп,Кайыпка кат жазмай болду телефондон.

Ал эми Кайып болсо,Гулзарга кат жазып бирок акчасы жок анысы кетпей жургонуно уч кун болду.

Кеч чарчап келип жатып калат да эрте менен эрте ишке кетип журду.

Акыркы кундору катуу чарчап келип чай ичууго дарманы жок уктап кетчу болду.

Канткен менен он кундой иштегенде, акчасы жыйырма миндей акча болду.

Бугун кун суук дем алалыбы Кайып аке? деп чалышты кошо иштегендер.

Макул деп очурду.

Бир кезде бугун 27градус экен ишинерди бутургуло,- деп чалды директор ишке кеттик деди кайрадан эле бригадир жигит.

— Макул деген Кайып аран турду.Негедир бугун аябай озун башкача сезип турду.

Кайра кайра эсеп кысап дептерин карап, ала албай жургон акчасынын суммасын коргондо бир онтоп алды.Ушул элуу мин колго тийгенче булар менен курошом деп койду ичинен.

Баса,бугун жумуштан келип Бекиштикине кочуп алайын деген ойу эске келе калды

— Бекиш,бугун менин квартира акым бутот.Сен тарапка кочуп алайын иштен кеч тогузда келем иним.Анан сенин акчанды да берейин.

Рахмат.

— Эмне ишке чыгып алдынызбы?

— Ооба Бекиш ооба.Иштебей жатканы коонум тутподу.

— Оой Кайып акеее,ден соолук кантти?Макул кеч отойун сизге деди Бекиш

Бекиш иштебей жаткандан коро, балдарым жаш.Акча алып барайын да.

Аа мейли мейли байке.Жакшы болсонуз жакшы экен.

Бугун кун суук жумушка чыга бересизби?

Ии, биртке жер жабылбай калган ошону бир отоло бутуп алып анан дем алайын деп жатам.

Аа мейли.

Келгенде чалып койунуз.

Макул.

Кайып баары менен учурашып отту.

— Батырак бутсок бутуп эс алалы баштадык ишти.

Бугун жумуштун акыркы болугу калды жабылбаган деди бригадир.

Тортоо акырын темир шаты менен которулуп, онунчу кабатка чыгышты да, крышанын акыркы болугундогу ишке киришти бир бирине узатып иштей башташты.

Буттарында сыйгаланбай турган бут кийим атайын кийишип, ишке киришти.

Кайып ушул бугун ушул жерди бутуп, акчаны алган сон,тигил эшектей иштетип акчасын бербей койгон тарап менен суйлошуп ага конор туру жок болсо,Мамлекеттик Миграция кызматынын окулу аркылуу алууну коздоду.Ушул ойун чогуу иштеп, акча ала албай калган жигттерге айтканда баары колдоду.Жумушту аяктап тапшырып алган сон, ушул ишке киришсем деп ниет кылды.

Балдарга акчасын алып берип, озу да коодону ток олтурмакчы болду.

Ал жумушка Кайып алып барбаса да, жанын жанга уруп шамалга тутугуп,суука тонуп иштеген мекендештерге боору ооруп журду.

Мына аз калды буйруса бутуробуз деп иштеп жатышты баары.

Тим эле шаардын коп болугу бул бийик кабатуу уйдон таамай корунгону менен мунарыктаган аппак сырткы корунуш коздун нурун озуно синирип кеткенсип каректи тунартат.

Кайып аяк тарапка койулган тинийкени которуп , жылдырып жатканда негедир козу карангылаша тушту.

Озун жаман сезип,бутундагы сыйгаланбай турган отукко ишенип же тайгалана туштумбу деп ойлонууга болбой башы айланып» тарс» этип тинийкенин устуно кулады да тоголонуп токтобой барып бийик кабаттуу уйлордун акыркы чегинен ары коздой ыргып кетти.

— Байкееееее,деп чочуп кеткен Шакир жанындагы торт жигитке кыйкырды кулап калды.

Ааааа,Кайып акеее!!!

Аааааа,аааааа,Кайып байкеееее!!!

Уройу учкан балдар тиктеп коз жугуртконго чейин болбой Кайытын денеси газондогу ак кардын устуно кызыл жаяан болуп жайнай тушту.

Кайып акеее,титиреген балдар тизелеп олтуруп бирин бири карап ун созу жок журоктору титиреп ыйлап турушту.

Акырындан озулоруно келип, жылып бирден жерге тушушту.

Суйлогону дармандары келбей муундары калтырап чачылып,согу онго болунгон Кайыпты коруп жанына бара алышпай дендароо болушту.

Бироосу чонток чукуганча ит жетелеп жургон орус бир заматта милицияга чалып жиберди.Буто элек жаны тушкон уйдун асты ызы чуу тушуп,кургур Кайып бир заматта бул дуйно менен кош айтышты да калды.

Учуп барып жерге кулап бул омур менен кош айтышууга жетишпей кете берди.

Дуйно астын устун тушуп,Кайып учуп жоногонун гана тушунуп тушунгончо эле жалп дей тушту.Балким коз алдына тизилген балдары элестеп, жолдошун куткон супсулуу жубайы элестеп, коптон бери сагынган эли жери, айылын ойлоого жетишсе кана чиркин. Алады ойломок тургай эмне болуп кеткен озу сезбей калгандыр курган жигит. Аттин аттин, ошонун баарын билип, уй — булосуно, туугандарына бир ооз соз айтып олгондо кана? «Жалп» деди да очуп калбадыбы?

Бригадир жигит ушунун баарына озун кунолуу сезип,кайпалактап эмне кылаар айласын билбей начальниктерине чалды.

Ангыча тез жардам келип,Кайыптын соогун алып кетишти.

Кайыптын кийимин алмаштырган жерди карап жатып телефонун табышты.Кийим кечесин чогултуп,баштыка салган жигиттер эмне кыларын, кайсыл жакынына окуяны айтаарын билбей турганда,Бекиш чалды.

Уч торт жумушчу балдардан окуя эмне болгонун билуу учун алып кетти. Ал эми бригадир жигит мында калды.

Кун да кечтеп кетти.

Бекиштин ойунан бугун Кайып кетпей турду.

Жумуштан келди бекен деген Бекиш телефон чалды.

Узаак кеткен гудоктон сон,бей тааныш бироо алды.

— Кайып акее,жумуш буттубу?деген суроосу жоопсуз калып

— Сиз кимиси болосуз?- деди жигит.

— Аа эмнеге ,бир жакка кетиби?

— Байке деди! уну кыркыраган бригадир жигит.

Байкеее…

— Ой эмне болду?Айтпайсынбы?

— Кайып аке…..ун токтоп калды да, аран дан: «кайтыш болду»деди

— Эмнееее?Кантип?Качан?

Кагылайын иним адашып журбо!Эмне деп жатасын???

Муундары титиреп карегинен кантип жаш кеткенин билбей калды. Колуна кармаган телефонун которуп ары бери басып жинди болгон немедей акыл эси токтоп калгансыды.

Адресинди айт!Жумуштабы!?

Бригадир жигит да,энтигип аран айтты.

 

Бекиш уккан кулагына ишенбеди.Азыр кайда? Кайда озу? Кайсыл жерде? Ай шордуу акем ай!

Эмне моргго алып кетиби?

— Мында келиниз.

Бекиш максатсыз басып,уккан кулагына ишене албай машинасын жургузду.

Окуянын чоо жайын укканда,бийиктикте иштеп жатып башы айланып козу карангылашып кеткенин тушунду.Бирок аны эч кимге айтпай турду.

Моргго барганда,суранып жатып кирип, Кайыптын ансыз да,чачыраган денесин кескилеп ичимдик ичпегендиги жонундо текшеруу учун антарып бутуп калган экен.

Бекиштин куйбогон жери кул болду.

Каап,кагылайын Кайып аке,мен жур дегенде неге кете бербедин?! Айланайын Кайып акее! Балдарын жаш эле го!

Бекиш унулдап, копко ыйлады. Омурундо минтип ыйлап корбоптур. Атасы откондо да кичинкей бала болуп сезбей калган экен. Азыр тим эле ичи орт жалын болду. Айылда канча айылдашы откондо барып кейип бата кылган бирок минтип ичи эншерилип, ушул олумдон алып кала албаган озу сыяктуу озун озу жектеп, кобурок акча берип турбай, кочуруп келе бербей ошол куну деп жер тепкилеп ыйлады.

Жакшы адам эле го. Жакшы киши эле го.

Оо Аллахым!!!

Бул не деген шумдук!

Коз жашын аарчып — аарчып алган Бекиш документтерин тактап,соокту алып кетууго кам корбогонго аргасы да жок эле.

Мамлекеттик «груз 200″те деп аталган атайын мыйзамдын негизинде бейшенби куну жонотууго документтерин тактоо учун кыргыз окмотунун алдындагы миграция болумуно барды.

Кайыптын чонтогун караса биртке акча чыкты.

Анысын ошол бойдон» бала чакама» деп жургонун эстеп, кайра ороп кийимдерге кошуп салып койду.

Ары бери чуркап журуп Кайыптын паспортунун срогу отуп кеткенин корушкондор кайра тиешелуу документ жасаганча эле бейшембиге улгуро алган жок.

Ошентип маркумдун соогун автобус менен журуп олтурса, уч кундо жетип калабыз дешип, Бекиш бар жумушун таштап,Кайыптын соогун айылга жеткирейин деп чечти.

Акчасы жетпей аябай кыйналды Бекиш.

Эл деген эл тура.Элден мин ирет айланса болот.

Уят сыйыты жыйнаштырып, Бекиш ошол шаардын имамдарына кайрылды.

Копчулуктун жардамы менен кыргыздар соода кылган базарга кирип тыйын топтошту.

Озулору 30 градус суукта турганына карабай ушул базардагы кыргыз атуулдары канча соокту кетирууго комоктош болду. Эл деген эл экен

Алыста журушсо да, суукта тонуп какшап турушканына карабай байкуш жердештер ар качан козу откондорго комоктощуп келишет. Азыр да Кайырка колунан келген жардамын беришти.

Мына ошентип алып кетууго акча даяр болгондо,Бекиш кейип алды.

«Оо,дунуйо десе,тируу кезде чыкпаган акча олгондо оной чыга турбайбы» деп оор онтоп алды. Кайыптын акыркы куну баргандагы элеси коз алдына тартылганда, ичи туз куйгандай ачышкан Бекиш, Кайыптын кийим кечесин жыйнаганы барды.

— Келиниз дешти кошо жашаган жигиттер.

Куран окуп бата кылган сон,Бекиш чыдабай созду баштады.

— Ооруп жатам дегенин коруп ала кетем десе тырмыштынар!!!

Беш колунарды оозунарга тыгып бутупсунор! Коп киши жашайт экенсинер, Кайып аке мени менен кетсе иштебей турмак.

Женил жумушка алып бармакмын.

Адамгерчиликтен чыгып кетипсинер.Ит экенсинер! Акмак экенсинер!

Азыр бироосу бир соз айтса олбогон жерде кала турган туру бар.

Олтургандар жер тиктеди.

Силердин куноонор бар!!! Кудай берсин жазанарды! Жаш кете берди.

Бергиле эмне буйум терими болсо! — деди жаны жанга батып.

Олтургандар ар кайсыны айтып актангандай болду.

Кайыптын кол дептери анан намаз китеби тушкон суроттору чыкты. Буйумдардын арасынан баарын салыштырды да,бир сумкага салып койуп жоноп кетти.

Уйуно келди. Бригадир жигитке уйуно айттынарбы?деп сурады.

— Жок байке.Номерин ала албадык.

Бекиш акыл эсин жыйып,эн алдын апасына угузду. Азырынча жакын тууган уругуна угузгула эртен жолго чыгабыз.Уч кундо жетип барабыз деди.

Муну укканда,апасы аябай кейип ыйлап алды.

— Алда катыгун ай,Гулзар кече эле кубанып » Кайып жазда келет.Келсе,бул жакта иштейбиз.Мындан ары барбайт деп жатпады беле.Оо шору жок келин ай!

Тигил балдары да, кутуп атам келет»- деп кудундап журбоду беле?

— Апа,болору болду.Гулзар женеге угузбай тургула.

Москвадагы Тынар акеге чалып айткыла.Мен алардын эч кимдин номерин таппадым.

— Айланайын уулум,келсен сен да кетпей эле койчу деди журогу сыздаган эне.

Мына ошентип айылдагы жакындары озунчо чогулуп,укканда ичтери эншерилип олтуруп калышты.

Гулзарга соок келерде айталы.Кайыптын соогу келгенче эзилип бутпосун дешип айтпай турушту.

Кый — чый тушкон туугандар эки карындашына да, бир отоло соок , келгенде угузмай болушту.

Айылда Кайыпты жакын санагандардын баары даярдык коруп жатышты.

Бирок Гулзарга билдирбоого тырышты колу коншу.Улам уйуно бирден келген туугандарын коргон Гулзар тан калды.

Тобоо,мурун эки сурап келбеген туугандар уйго каттап калышты го деп тан калды.

Кайып журобу?деп бироосу сураганда чай ичип атып Гулзар озунчо шекшип,» ооруп атканын угуп калышып анан таарынып жургонумду да уккан го » деп ойлоду да карегин шарт тартып алып :

Ооба кудайга шугур, уч кун болду суйлоштук деди.

«Бекмамат Кайыптын соогун Россиядан алып келетыптыр» деген кабар акырын айыл аралап кетти. Бир гана Гулзар укпай олтурду.

Жумушка барып,адаттагыдай эле сабак отту.

Негедир сыртты карап олтуруп, бирин экин когоро баштаган кардын арасындагы кокту коруп,Кайыптын алга байчечекей чыккан кезде колуна толтура терип келип бергенин эстей тушту да,жылмайып алды.

Кайыптын ватсабына кирип караса, негедир беш кундон бери кирбептир.Мындай болчу эмес эле го.,же бир отоло бизден кол узойун деп ойлодубу?

Же болбосо чын эле Мыкты айткандай суйушуп жургон бироосу бар чыгаар?

Негедир ичи тарып барып, анан куйоосунун туруктуу мунозун ойлоп озун озун алаксытты.

Мыкты айткан кундон бери кечинде жатаар менен Кайыптын бир сулуу жаш келин менен колтукташып,шынаарлашып жаткандай элестей берет да,жанын койор жер таппайт.

Кайыптын болсо, эч нерседен бейкапар жазып, суйлошуп жатканын коруп,аялдык кызганычы чыдатпай кетчу акыркы кундору.

Гулзар менен Кайып экинчи курста окуганда, таанышып калып экоо окууну буткончо суйлошуп журду.

Гулзар ачык айрымдыгынан коп кыздардай тайсалдап олтурбай эле» тигил ырдап олтурган байке мага жакты»деп тамашага салган.

Мына ошол кундон тартып,Кайып Гулзарга байланды да, калды.

Гулзар минтип Кайып артынан тушуп, экоо суйушуп каларын ойлобой ойун айтып салып,экоону тааныгандар копко чейин Гулзар Кайыпты озу суйуп калган эле го» деп шакаба чегип тийшип калышчу.

 

Ошол жылдарда экоондо кандай бактылуу да,азаптуу да кундор отподу дейсин.

Ал кезде Гулзар Кайыпты кызганчу эмес.Кайып болсо, азыр эле Гулзарын бироо колунан тартып алчудай кайтарчу.

Коп кыздардын ичинен жонокой,анан бетке чабар, ожор мунозун озгочо суйгон болчу.

Жалжылдаган карагаттай кара козун жактырган эчен жигит Гулзардын артынан ээрчиди дейсин.

Кайып окуусун бутуп, уйуно алып келгенче, кызганып журуп убакытын кантип отконун билбей калышкан.

Дипломун алган куну куто албай мына сага деп Гулзарды уйуно ала качып келген.

«Оой,Кайыптын жубайы кызыл диплом менен аяктаган куну ала качыптыр» деп айыл ичи дун этте тушкон.

Кайыпка болсо канча кыздар жетпей,айылда ичтен жактыргандардын баары Гулзарды коргондо ичтен тынып олтуруп калышкан.

Экообуз коп балалуу болобуз.Балдарым сага окшош болот десе,кыздарым сендей акылдуу, сулуу ханыша болот «деп кулуп калышчу.

Гулзарга жазга маал, байчечек айылдын ары четиндеги белесте баш которгондо,терип келип берчу Кайыбын эстеди Гулзар.

Терезеге карап ойго тунуп, кеткен экен окуучулар бир заматта эки экиден ызы — чуу тушо баштаптыр.Негизи эле Гулзардын сабагын кутуп угушчу.Кайсыл класска кирсе окуучулары артынан ээрчип, бугун да кызыктуу сабак болорун кутушчу.

Эркин суйлотуп,чыгармалар боюнча талкуу жарата алган денгээлге алып келди Гулзар коп класстарды.

Негедир акыркы кундору суз жургон Гулзарды кесиптештери да байкап журушкон.

Куйоосу Россияда жалгыз кыйналып жатат да, деп боор ооругандар болгон менен Гулзардын иштеги ийгилигин коро албагандары да коп болчу.

Конторага кирген Гулзарды уккан мугалимдер ичтен аяп турушту.

Гулзар иштен келсе,коншу колон уйдо экен.Кайыптын атасынын карындашын болсо «Кайып ооруп келе жатыптыр» деп чакырышты.

Кайып оор экен дешти шыбырап карындаштарды.

Чала уккан аял кайра сураганча уйго бак багышты.

Журогу бир булкуп алган Гулзар тан калды.

— Келиниздер!

— Келдик Гулзар.Балдар жакшыбы?

Ооба,турган коншу колонду кыдырата караган Гулзар айран калды.

— Эмне бугун да чогулуш бар бекен?

Тургандар бири — бирин карашты.

Кайыптын эки карындашы менен Москвада иштеген агасына кабар айтышкан болчу. Ооруп жатат деген ачык айта алышпай.

Бекмаматтын апасы жапкан ысык нандан тортту которуп алып жоноду.

Уйго кирип, коншу колон менен кайын эжеси жайгашканча эле Бекиштин апасы жакын келип Гулзардын жанына кочук басты.

— Ой,айланайындар соо эмесинер го?!

— Айткылачы эмне болду?

— Кагылайын Гулзар! — деди жашы токтолуп калган аял.

Козунон жаш кеткенде чыдабай кеткен Гулзар чок тушо калып жакын олтурду.

Ойунда «атам отуп кетти бекен ооруп журот болчу «деп ойлонгончо,

Айланайын кызым, Кайып ооруп калыптыр. Жолдо экен деди «ааламдан отуптур «деп угуузууга оозу барбай.

Гулзар уккан кулагына ишене албады.

— Айланайындар!Айткылачы деги Кайып азыр кайда экен?

Гулзар олтурган тейде аялды кучактап жалынып жиберди. Бир ойунда ооруп жургон эми бир отоло тошоко жатып калган го алтыным ай деп ойлоп жиберди.

— Кагылайын эне?Анан ошону айтканы ушунчанар кирдинерби?

Гулзардын ойуна дагы да, жамандык келбеди.

— Ал кайда экен?Эмнеге мага айтышпайт? Бир заматта аалам антар тентер болуп кеткенсиди. Кый — чый тушкон Гулзарга кошулуп, киргендин баары ыйлап турду.

Деги Кайып олгондон сообу эже?деди булкулдоп ыйлап турган кайын эжесин карап.

Гулзар жамандыкты озум чакырып албайын деп озун кармап:

«Азыр, азыр чалып коройунчу деп калтыраган колу менен Кайыптын номерине чалды.

Эч ким алган жок.Очук болуп чыкты.

— Кагылайын Кайып ооруп калдынбы?

Эмне баса албай калыптырбы?Ой айткылачы бай болгурлар! деди эмне кылаарын билбей калдастап.

Сабактан келген балдары копчулукту коруп уройлору учту.

Уйго чуркап кирген Турат мурдун шуу тартты.Айлананы кыдырата карады.

 

— Апааа,эмне болду?Гулзар уулун тосо чуркады.

— Кагылайын уулум! Атан ооруп калыптыр. Жолдо келе жатышыптыр.

Балалык сезиминде окууда уккан соз жалган экен деп кубанган бала:» анан эмнеге, классташым Карып Тураттын атасы отуп кеттиптир ощого атамдар дайарданып жатат деп айтты го» деди жонундагы сумкасын тушуруп жатып.

Гулзар уккан кулагына ишене албады.

— Оо,шорум!Оо эл журт,Кайыыып, Кайыып, айланайын Кайып, кагылайын Кайып. Оо, эл журт! Айланайындааар, эмне кылган куном! » деп озондоп, аччуу кыйкырган Гулзарды коншу колон колтуктан алып уйго суйрошту.

Гулзар улам кыйкырып, уну чыкпай улам кайра кыйкырып жатты.

Ой суу алып келгиле!!!Ый — чый тушкон коншу колон Гулзарды карап, ал эми уч бала эмне абалда калганын деги бироосу ойлоп койбой Гулзарды кармашты.

Аксамай менен Турат бир — бирин карап кучакташып ыйлап, корккон балдар апасынын жанында жоожурошот.

Бир кезде уйдогу ызы — чуудан бешиктеги Асирет ойгонуп ыйлап жибергенде,баланы чечип «ысык уйдо карап турайлы » деген коншу колон уйуно алып кетти.

Балдар коркот ары алып киргиле! деди бироосу.

Машине жакындап,эркектер сойушту даярдап, машиненин келип калганын укканда чуркап журушту.

Анчалык алыс эмес жерде жашаган карындаштары да, ооруп келиптир деген кабарды укканда, уйго келе жатышкан уймоктолгон элди коргондо уройу уча тушту.

Ал эми бир тууган акеси Бегаал Аляска аяалы экоо курортко кеткенин уккан коншулар кабар беришти. Бирок телефондорун очуруп дайыны жок.

Оозго киргенде Дуйнокан мындай деди:

«айланайындар Кайыптан айрылдык! деди экоону тен колдон алышып,

Мына ошентип ый — чый тушкон кыздар Гулзарга жетпей кулады.

— Оо кагылайын акеем аай!Ооо кудай!Бул эмне кылган жазыгын?Оо айланайындар!!!

Гулзарды кармап олтургандар суу чачып,оозуна суу куйуп убараланышты.

 

Ангыча курулдогон машинаны добушу угулуп, олтургандар сыртка чыга баштады.

Бир заматта айыл апа топтолуп,Кайыптын тууган — уругу гана эмес бутундой бир айыл убайга тушту.

Чон машина дарбазанын оозуна кирип токтогондо,ызы чуу тушкон эл машинага жуткунду.

Кээ бири жакасын кармаса,кээ бир жакын санагандар маркумду тушургону умтулушту.

Гулзар эч кимге баш бербей ээ — жаа тушкон бойдон сыртка чуркады.

Кайыыыып,Айланайындар,Кайып канакей?!!!

Булкунган Гулзар кучтуу болуп кетти белем.Кармаган аялдардын шайын кетирди.

— Токтоткула! Кармагыла!

Маркумду кыргыз уйго алып киргиле деди олтургандар.

Бир заматта кыргыз уй тикен айылдыктар соокту уйго алып киришти.

Гулзар кандай болсо да, коройун депэч кимге ээ жаа бербей жулунганда аксакалдардын бироо

— Алып кирип коргозгуло!Бир отоло кокшуну суусун дешти.

Ыйга муунуп, уну чыкпай калган Гулзар киргенде ак матага кайра — кайра оролуп,денеси болок болок ажырап, аны эптеп курап койгон жолдошун коргондо тамтыгы чыккан жузуно барып жуз томонунон тушуп кулап калды.

Кайыптын откону бир азап да, жанчылып соо жери калбаганы эки азап болду. Гулзардын озуно келе албай эстен танганын коргон бир туугандары, жакындары врачты алып келип, суу чачып,айланчыктап айлалары кетти.

Божурогон эки баласы опко опкосуно батпай ыйлаганын коргондун баары коз жаш тогуп турушту.

Бир кезде,сакал муруту осуп, жудоп келген Бекмаматты коргондор учураша башташты.

Кайыптын соогун алып келген тура азамат жигит. Жакшы кишинин баласы да жакшы болот дешти уккан айыл эли.

Кайыптын кол телефонун жол боюу ачып окуп келген Бекмаматтын жузунон жаш куйулуп олтуруп, окуянын чоо жайын айтып ал жактан акча жетпей бир аз карыз болуп келгенин айткысы келген жок.

Кайыпты жерге берип,ал эми Гулзар улам озун жоготуп эсине келип куйут отуна орттонуп жатты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE