Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

Гулго оролгон ак суйуу

8-болум

Элмурат менен Алмаш бири бир менен жылдыздары келишип, бакыттын туу чокусунда оздорунун келечек пландары тузушуп журду.Элмурат тойду кечиктиргенде пайда жок,кокус Алмашты бироо жарым алып качып кетпесин деп ойлоп алып озу чооп кетти. Уйлонойун деген ойун апасы Дарыйкага айканда эне байкуш суйунуп сурдугуп тойдун камына киришип кетти. Элмурат Алмашка каада салт менен уйлонуп чакан той откоруп. Ак сакалдардан бата алышты.Уйлоруно дагы бир баш кошулуп Дарыйка оор жуктон арылгансып суйунуп журду. Жыл айланбай Алмаш уул тороп берди.Элмурат менен Дарыйканын суйунучундо чек жок эле

— Мейли, апа, ошону үчүн өзүң кой.- Кутубий койолу анда.- Ошо жакшы атпы, апа?- Анан эмне, абдан жакшы ат, — деп койду Дарыйка ойлуу.- Болду сенин неберең да, апа, сен турганда балам дебейм ээ?- Кой антпей жүр, балам, балаңар өзүңөр менен аман болсун, ата-энеси менен болсун. Учуң узарсын, кагылайын, ууртуп-чууртуп келиним төрөй берсин. Оо жараткан, ушунуңа шүгүр, жалгызымдын канаты жайылып, келечеги кең болсун, — деп эне өзүнчө күрсүнө ордунан турду.- Апа, атам мен төрөлгөндө кандай кубанды эле?- Айтпа, — деп мулуңдай кемпир өткөнүн эстегендей, — Атаң байкуш так эле жыйырма жетисинде көрдү сени, кубанганы чексиз болду, кайра-кайра сени колуна алып: «Дари, карачы уулумду, абдан балбан болчудай» , — деп кубанганы эсимден кетпейт.- А мен балбан болбой эле чилгир болуп калдым го? — Элмурат күлүп калды. — Эмнеге балбан болот деди экен?- Өзү күрөшө койчу, сен мени тартып калбадыңбы. — Атам койду беле менин атымды?- Сенин атыңды чоң энең койгон, балам.- Оо, анда менин баламдын атын дагы чоң энеси койот экен да, кийинки балабыздын атын дагы өзүң койосуң, апа, — деп сүйүнгөн Элмурат апасына эркелей кетти.- Балам, эми сен ата болдуң, эркелегенди токтот, — деп Дарыйка жылмая уулун башынан сылай өөп койду. — Уулдуу болгонуңду куттуктайм, садага.- Рахмат, апа, өзүң дагы неберелериңди жетелеп, төрүбүздүн куту болуп жүрө бер. — Эне-бала ал күнү бир топко чейин сүйлөшүп отурушту. Эртеси жумушка бараары менен шефи Керим Узакбаевич: — Оо, жигит, кандай, уулдуу болушуң менен куттуктайм! — деп колун кысты.- Рахмат.- Эгерде керек болсо эки-үч күн колуң бош, келинчегиңди үйүңө алып келип алганча үйдө бол, — дегенде Элмурат кубанып кетти.- Сизге рахмат, Керим Узакбаевич. — Акча-тыйын керек болуп калса бухгалтерге кайрылып алып ал.- Макул.- Бара бер, үч күндөн кийин жумушта бол.- Макул, Керим Узакбаевич, — деген Элмурат шашылып кабинеттен чыгып, бухгалтерге барды эле, ага деп дайындап койгон көрүнөт, айлыгын алдын ала бере салды.Кудуңдаган бойдон үйүнө келди да, апасына кеңешип, Дордойго жөнөдү. Ал Алмаштын үстүнө бир сыйра кийим-кече алып, апасына дагы көйнөк-жоолук, көлөч-маасы алды. Анан гүл алып, Алмашка келди. Алмаш ойлуу отурган: «Элмураттын башка бирөөсү бар, болбосо эмнеге келбей калат? Кандай болсо да жашашым керек, баламдын атасы, өзүм сүйүп тийген күйөөм. Жаман айтпаса ага бирдеме деп сүйлөй бергеним туура эмес, таарынбай жакшы кабыл алышым керек», — деп уулун эмизип отурганда:- Сулайманова, сени чакырып жатат, — деди бирөө.- Ким экен?- Күйөөң го?- Азыр, — деп наристени жаткырып коюп, сыртка чыкты. Алмаштын бир аз өңү кубарып, барыгып турган экен, Элмураттын боору ооруп кетти.- Алмаш, кыйналган жоксуңбу? — деди гүлүн сунуп, эки бетинен өбө.- Жок, жакшы элемин.- Уулум кандай?- Уктап жатат.- Ыйлаган жокпу?- Жок.- Качан чыгарат экен?- Эртең чыгабыз.- Ырас болгон тура. — Ошол убакта телефону чырылдап калды, караса Светанын номуру, өчүрүп койду.- Ким? — Алмаш күйөөсүнө суроолуу тигилди.- Жумуштан.- Аа-а, шашсаң бара бер анда.- Тамакты ысыгында ич ээ?- Ооба, апам жакшы элеби?- Ал эртең келет, бүгүн барбай эле кой дедим, баса, апам баланын атын Кутубий койолу дейт, сага жагабы?- Апам билсин, тун небереси да.- Оо-ой, алтын-ным десе, ушинтээриңди билгемин, — деп бекем кучактап өпкүлөп анан: — Эртеңге чейин, мен эми жумушума барайын, — деди.- Мейли, бара бер, — деп кирип баратты келин.- Алмаш, мен сени сүйөм!- Мен дагы, — деп кылчая кол учун өбө көтөрүп коюп, коридордон бурулуп кетти. Элмурат төрөтканадан бурулаары менен Светанын номурун таап, кайра чалды.- Алло, апа, жөн жай чалдыңыз беле?- Элмурат, Гүлина кусуп тамак ичпей кыйналып жатат, мени менен такыр сүйлөшпөйт. — Мен уулдуу болдум, апа, кол бошобой жатат, ушул бойдон барбай койсомбу дедим эле…- Элмурат, азыр келип кет! — деп буйрук бере өчүрүп койду Света. Элмурат ойлонуп турбай аялдамадан маршруткага түшүп, дароо жетип барды. Элмурат келгенде Ысман отуруптур. Ал акыркы күндөрү Светанын колун сурап кайра-кайра келип аткан. Света ыйлап отурган экен.- Ассалом алейкум! — деп кол алыша учурашты.- Алеки салам, жигит.- Гүлина бөлмөсүндөбү? — Ооба. — Света жактырбагандай карады, бирок ошол эле учурда ага да боору ооруп кетти. «Кызымдын азабын бир эле өзүм тартпай кошо жүгүрүп жүргөн немени эмнеге жаман көрдүм», — деген кыязда кайра жайдарылана: — Элмурат, уулдуу болушуң менен куттуктайм! — деди артынан.- Рахмат, апа, — Элмурат тепкич менен өйдө чыгып баратып жооп кайтарды.- Бу жигит Гүлинага ким? — Ысман түшүнө бербей суроо салды.- Гүлинанын мурунку күйөөсү болчу, кийинки күйөөсү бизди сызга отургузуп кетээрде зорго алып калдык. Көрсө, ал кызым үчүн эмес, байлык үчүн келген неме экен. Элмурат жалгыз кемпир тарбиялаган бала, чынында адал эмгекти жактырат, байлыкка бир жолу кызыкканын көрбөдүм, — деди ойлуу Света.- Аа-а, жакшы, кайра жашаганга макул боло бер да.- Элмураттын аялы бар, Ысман, жакында балалуу болушту.- Ошонусу кыйын экен.- Ошондой, кызым болсо ансыз жашабайм дейт, эмне кылаарымды билбейм, кызымдын тагдыры кандай болооруна көзүм жетпейт.- Акырындап өз нугуна келет, кабатыр болбо. Андан көрө айтчы, мага уруксат бер, нике кыйдырайын, биргелешип жашоону өткөрөлү. Сени абдан жакшы көрөм, картайганда жан шеригим бол, Света, — деп колунан аста кармады. — Жашың өткөндө сүйүү келет десе ишенчү эмес элем, жүрөк картайбайт деген ырас тура, Света.- Сен менин кандай абалда экенимди көрүп турасың го, Ысман. Азыр менин санаамдын баары эле кызым, анын келечеги бүдөмүк. Элмурат өмүр бою аны менен болбойт, ошондо анын акыбалы кандай болоор экен…- Кабатыр боло бербечи, жүрү экөөбүз мечитке барып никелешип алалы, анан ушинтип жашай беребиз.- Ал эмне дегениң?- Антпесек болбойт, мен сага шакек алып келдим, көрчү жагабы, Света? — деп чөнтөгүнөн кутуча алып чыкты. — Бул шакек менин сага деген сүйүүмдүн белгиси, — деп колуна такканда Света үнсүз ага карап, жылмайып койду. — Кабыл алчы сүйүүмдү.- Бала болуп кетесиңер да, эми сен да, мен дагы алтымыштын астанасына жетип калганда кайдагы сүйүүнү айтасың?- Эмнеге, бизде да жүрөк бар, тыңшап көрчү, Света, жаш жигиттикиндей ээлигип турганын.- Мунубуз обу жоктук го?- Эчтеке эмес, обу жоктук кылганыбыз жок, мен жүрөк каалоосун аткарып жатам, Света, — дегенде өйдөдөн Элмурат менен Гүлина түшүп келе жатканын көрүп унчукпай калышты.- Апа, мен Элмурат менен сейилдеп келейинчи?- Бара гой, кызым, эрте келгиле.- Тез эле келебиз, — деп экөө чыгып кетишти. Ысман Светага карады, ал жер карап көзүн ала качты. Света дагы канчадан бери эркек кучагын сагынганын сезди, Ысман ага жакын отуруп, бооруна кысты.- Ушуга каниет кыл, Света, оорусунан сакайып кеткени дурус болду, эмкисин дагы көрө жатаарбыз. Андан көрө кучагымдан чыкпай көпкө отурчу, алтыным, биз дагы өз жашообузду ойлойлучу.- Кантип, жалгыз кызымды кайдыгер карап, тим болушум керекпи, Ысман?- Макул, ойлон, кыжаалаттана бер, эмнени өзгөртө аласың? Өзүң оорукчан болосуң, ал эми ар бир пенде өз пешенесине жазганын көрүүгө тийиш. — Света унчукпады. Экөө көпкө отурду. Акыры Света макул болуудан башка аргасы жок экенин түшүндү, ал жалгыздыктан коркту. Жалгыз калуу кандай жаман, өмүр бою эч нерседен кемибей жашаганы менен балам жок деп канча зарлады, эми кызынын келечегинен камтама болуп келет.- Көрөйүн эмне болгонун, айла канча, Элмурат эки аял менен жашап кыйналып кетээр бекен, жалгыз бала бечара, акыры бири калат да…- Света.- Ийи.- Кандайча Гүлинага Толкунбектин каны туура келип калды, ушуга түшүнө албай жүрөм.- Тууган эмеспи.- Мүмкүн эмес.- Эмнеге?- Бир тууган болсо бир жөн, бир-эки ата өткөн туугандын каны бирге болушу күмөнсүтпөй койбойт.- Ошону билүү зарылбы?- Зарыл эмес го, бирок…- Эмнеге бирок?- Билгим келет.- Мен дагы түшүнө албай калдым, башкысы кызым сакайып кетсе деген ой менен аны ойлоого да убактым болгон жок, — деп тунжурай сыр чыгаргысы келбеди Света.- Эмнеси болсо дагы бир сыр бар.- Болсо болоор, мени кызыктырбайт, эми сен үйүңө бар, тигилер келсе эмне деп ойлошот? — деди Света жылмая.- Керек болсо ачык эле айтыш керек.- Жо-жок, болбойт, кызымдын оорусу кармап калбасын.- Азыр абдан жакшы болуп калды, ага катуу айтып, байкап көрүш керек, андан көрө Элмураттын аялы бар экенин айтып көр.- Аны билет.- Укканда эч нерсе болгон жокпу?- Жок.- Анда коркпой эле кой. Ысмандын дегеле кеткиси жок. Толугунан келген Света аны көзүнүн кыйыгы менен карап коюп, кечкиге тамак жасап кирди. Ал күнү Элмурат менен Гүлина кеч келди, алар дагы эле врачтын отурганын көрүп таңгалды. Чогуу отуруп тамактанышты да, Гүлиналар өйдө чыгып кетишти.- Бул врач эмнеге биерде отурат? — деп сурады Элмурат.- Ал апама ашык болуп калгандай, — деп Гүлина күлүп койду.- Анда аталуу болосуң го?- Атамды эч кимге алмашпайм, өлүү арстандан тирүү мышык өйдө болуп жатса керек да.- Апам деле али жаш эмеспи, кокус сен күйөөгө тийип кетсең жалгыз калат, аны да түшүн.- Каршы болбойм, болгону аны ата дебейм, врач деп гана сезем, ал эми сенден башканы күйөөм деп эсептебейм, — Мойнуна асыла кетти. — Сен мени таштабайсың ээ?- Аялым, балам бар, Гүлина, ушуну түшүнчү.- Түшүнбөйм, билгим да келбейт, сен меники гана болосуң.- Эсиңе кел, Гүлина.- Эсим менен элемин, билип кой мен сенин биринчи аялыңмын! — Менде бир гана аял бар, сен экөөбүз эки бөлүнгөнбүз эбак эле.- Мен дагы жакында төрөйм. — Гүлина мыйыгынан күлүп койду. — Бул дагы сенин балаң, демек сен эч жакка баралбайсың! — деди ичин сыйпалай.- Гүлина, мен мындан ары келе албайм, сен балаңды алдырып сал!- Эмне, алдыр дейсиңби? — Гүлина бир башкача карады. — Алдыр дедиңби, мен бул баланы алдырбайм, Элмурат. Эгерде жиниме тийсең үйүңө барып, аялыңа ачык айтамын, кетсе ал кетээр, а мен эч качан кетпейм, — деп креслого отурду. — Кел, Элмурат, жаныма отурчу, жа-аным.- Гүлина, ушинтип жашай берген сага жагабы?- Жакпаса да сен үчүн баарына чыдайм, мен сенден балалуу болууга даярмын. Сен үй-бүлөң менен боло бер, мага да келип-кетип турсаң болду, сага акча керекпи, Элмурат? — деп туруп барып тутамдай алып чыгып, алдына койду. Анын абдан токтоо, көтөрүмдүү болуп өзгөргөнү Элмуратка жагып да турду. Акчаны алып айландыра карады да, жылмая Гүлинанын маңдайына келип:- Мени сен сойку эркек деп ойлоп жүрөсүңбү, баламды сатып алганы жатасыңбы? — деди акчаны силкилдете. — Элмурат, биз эрди-катынбыз, бизде сеники-меники деген болбош керек, биздин балабыз болот, — деп күлүп өйдө боло мойнуна асылды. — Мен сени кандай сүйөөрүмдү билсең го… — Гүлина ыйлай баштады. Элмураттын боору ооруп кетти, бекем кучактап өпкүлөп жатты.- Мен дагы, мен дагы сени жакшы көрөм, Гүлина, сен дагы төрөп бер мага. Мейли Алмаш чыдаса жашаар, чыдабаса кетээр, бирок баламды кантем, ал таштабайт го?- Мага каалаганда кел, Элмурат, өмүр бою сени күтүп жүрүп өтсөм да кайылмын, иши кылса жаныма караан болсоң болду, жаным…- Берекем менин, эмнеге мурда ушундай болбодуң, эгер ошондо ушундай болсоң сени таштамак эмесмин.- Эми жагамбы, Элмурат? — Гүлина күлмүңдөй карады.- Ооба.- Мен дагы сени жанымдай көрөм. — Экөө көпкө кучакташып тура берди, эч ким тоскоол болбогон соң жатып калышты. Бул кезде ылдыйкы бөлмөлөрдүн биринде Ысман менен Света дагы биринчи түндү бирге өткөрүп жатышты. Бул жашоодо адам баласы күтпөгөн, ойлобогон окуялар болуп кетет. Света көөнүндө эркек менен болгусу келбесе да, калган өмүрүн жалгыз кызы үчүн өткөрүүгө даяр болсо дагы качандыр бир кезде жалгыздыктан жабыр тартаарын сезип, жанында акыл кошоор адамдын керек экенин ойлоп, макул болду. Тагдырына баш ийип берди. Ошентип бул заңгыраган үйдө кээде үч адам, кээде төртөө болуп тамактанып калат. Анткени Элмурат кээде эки-үч күндөп келбей калат. Ал күндөрү Гүлина эч нерсе болбогондой өз бөлмөсүндө. Ооба, бул үй-бүлөнү тамак-аштан кемчил болуу маселеси кыйнабайт, аларга ашыкча дүнүйөнү өмүр бою жыйып коюп, тукум улаар артында эч кимиси жок арманда өткөн бир пенде. Элмурат Гүлина берген акчаны алып, эртеси Алмашты бир сыйра жаңы кийимдерин кийинтип, гүл кучактатып төрөтканадан чыгарды. Баланы Дарыйка көтөрүп, такси менен үйгө келишти.- Ийе, уулум, кудаларга сүйүнчүлөп койсоң боло? — деди үйгө келээри менен Дарыйка.- Ой, апа, эмдигиче айта элексиңерби? — Жок.- Азыр телефон чалайын, сен сүйүнчүлө, апа.- Келе бери, балам, кудаларга өзүм сүйүнчүлөбөй анан, — деп Дарыйка мулуңдай телефонду кулагына такады. — Алло-алло, бул Султанбек куда бекен? Иий, ооба-ооба, сүйүнчү, куда, неберелүү болдук, Алмаш уул таап берди. Ооба, жаңы чыгарып келдик. Күйөө балаң тартынып айтпаптыр, өзүм сүйүнчүлөп жатам, мейли-мейли жакшы тургула, көрүшкөнчө, куда, — деп телефонду Элмуратка берди. — Ушуга чейин эмнеге айтпадыңар деп куда таарынып калды.- Таарынбайт, — деп койду Алмаш.- Мейли эми, кана уулумду өзүмө берчи, балам, — деп наристени Дарыйка колуна алды. Алмаш ичинен абдан ыраазы болуп турган, кымбат баалуу кийимди жаңы алып берип, кучак толо гүл менен өзүн чыгарып алган күйөөсүнө ыраазы. Уулунун аты Кутубий болду. Семиз койдун этин салып, беш бармак жасады эне, келинин жаткырып жылуулап жапты. Ошол түнү экөө калганда Алмаш:- Элмурат, мынча акчаны кайдан алдың? — деп сурады.- Мен шефтин ишеничтүү адамы болсом…- Койдум-койдум… Рахмат сага, Элмурат.- Эмне үчүн?- Баары үчүн, мен бактылуумун. — Мен дагы, жаным. — Экөө кучакташып эзилише өбүшүп жатышты. — Сен эми канча күндө жарайсың? — деп күлдү Элмурат.- Кыркы чыккыча.- Кырк күнгө чейинби?- Ооба, эмне көппү?- Аябай көп да, кантип чыдайм?- Чыдашың керек. — Алмаш кылыктана күлүп койду.- Аялдар жаш төрөгөндө жаңырып жашарып турат дейби?- Ошондой бекен?- Наристедей таза болуп калат дешет экен.- Чын элеби?- Ооба, ошентип уккам, бала ыйлаак эмеспи?- Жок, аябай жоош боло турган.- Өзүмдү тартат экен да.- Сен жоош бекенсиң?- Ананчы, мен аябай жоош экенмин, апам жумушун жасап бүткүчө кыймылдабай жата берчү экенмин.- Жакшы экен, бул дагы жоош болсо жакшы болот эле.- Ыйлаак болсо да аман болсун, — деп Элмурат ушул учурда Гүлинаны эстеди.»Байкушум десе, эмне кылып жатат болду экен, мени күттү го, уктады бекен?» — деп Алмашты кучактап жатканы менен ою башка жакта болуп жатып, көзү илингенин билбей калды. Уулунун эки от менен ойноп жүргөнүн билип эле турду Дарыйка, бирок айткан менен болбосун түшүндү. Бир күнү ага атайын эрте туруп, чай берип отуруп:- Балам, сен Гүлинанын атасынын байлыгына азгырылып жүрөсүңбү? — деди аста гана.

— Апа, не деп жатасың, качан менин байлыкка кызыкканымды көрдүң эле…- Анда Гүлинаны ташта!- Апа, таштай албайм, анын дагы боюнда бар.- Эмне дейт, карангүн! — Эне эки жагын карап алды. Алмаш уктап жаткан эле, ойгонуп кетпесин деп эшикти акырын жаап келди. — Бул жүрүшүң болбойт, ал сенин аялыңдын бар экенин билеби?- Баарын билет, апа, ал аябай өзгөрүлгөн, оор салмактуу, турмушка терең ойлоп, баа берип калган.- Ошондо да бирин тандашың керек, Алмаш жакшы келин, карыган кезимде мени убайга салдың го, балам.- Кабатыр болбо, апа, президент менен депутаттар эле эки аял менен жашайт бекен, жөнөкөй адамдар дагы каалаганынча жашай алаарын сездим. Гүлина мени сүйөт, а мен Алмашты сүйөм, экөө тең мени менен жашагысы келет, экөөнөн тең ажырабайм, апа, сыр билгизбей жүрө бер, -деди да, жумушуна чыгып кетти.Дарыйка зыңгыраган бойдон отуруп калды. «Каралдым ай, кандай болоор экенсиң, эки аял эки азыткы, бир күнү келип азапка түшпөсөң болду», — деп отурганда Алмаш баласын алып келип карматты:- Апа, кармай туруңузчу, үйдү жыйнап алайын.- Келе бер уулумду. — Дарыйка наристени колуна алып, үңүлө карап отурду. — Айла-анайын күчүгүм, ырысым менин, кудайга шүгүр, ушу күнгө жеткирип, неберемди көзүмө көрсөткөнүңө миң мертебе ыраазымын, жараткан, — деп болбоюп уктап аткан наристени акырын ууртунан өөп койду.- Апа, Элмурат жоош беле?- Ооба, садага, болбурап абдан жоош болчу садагаң кетейин.- Куту дагы жоош болот го ээ?- Атасын тартса жоош болот.- Апа, атамдар келебиз деп чалды, — деди Алмаш кайненесинин жанына отуруп жатып. — Эртең келээрин Элмуратка айтып койойунбу?- Айтып кой, балам, кудалар келсе камынышыбыз керек экен.- Өздөрү союп келишет, эт албай эле койолу.- Кой, балам, эт албасак болбойт, сен базарга барып кел, мен баланы алып турам. Көтөрүп кыйналбай эле таксиге түшө кал, балам, кийит-кечени Элмурат экөөбүз эртең алып келебиз, — деп кайнене менен келин сүйлөшүп отурушту. Элмурат кечиккенинен телефон чалды эле, өчүрүлгөн экен. Ичи уйгу-туйгу болгон Алмаш кирип-чыгып чала берди. Бир кезде ага кат жазып жөнөттү. Элмурат Гүлинанын жанында болчу.- Элмурат, телефонуңду өчүрбөй эле койсоңчу, менин бүгүн көңүлүм жок, аялыңа баргын, эгер керек болсоң чалам.- Жаным, кетип калсам капаланбайсыңбы? — Жок, бул жолу өзүм тандабадымбы, капачылык жок, кана азыр телефонуңду жандыр, балким чалып таппай жаткандыр, — дегенде Элмурат телефонун күйгүзүп, кат келгенин көрдү. «Элмурат, атамдар келет экен, эрте келип кал», — деген Алмаштын катын окуду.- Ырас эле, мени издеп жатышыптыр, Гүлина, кайын журт келет экен, мен барайын.- Бара бер, баары бир мен сенин гана аялыңмын, — деди Гүлина жай гана, Элмурат аны эки бетинен өөп коюп, шашылыш жөнөдү. Булардын ортосунда байланыштырган бир гана боорукерлик, айоо сезими турган эле, Элмурат аны кайрадан жакшы көрүп калдым деп ойлойт. Ал эми Гүлина бир кезде аны катуу сүйгөн. Бирок анын оорусу али так айыга элек, ушул төрт-беш айдын ичинде өзүн жаңы туулган наристедей сезип жүрдү.Алардын үйүнө эртеси Толкунбек аялы менен, иниси Баатырбек болуп, беш-алтоо келип калышты. Алардын келген себеби Толкунбектин улуу кызын шаардан бир студент алып качыптыр. Ошону кубалап барышмак экен. Күпүлдөп сүйлөп, ал-абал сурашып отурушту. Гүлинанын акыбалын сурашты, ал булардын үстүнө келген жок. Толкунбектин улуу кызы он сегизде болчу.Тагдырдын буйругу кандай болоорун ким билмек. Турсун эки жыл ичинде Гүлина менен жашайм деп эки кабат үй бүтүрүп алгандан кийин баарын алып, качып кеткен. Ошол үйдө жашап үйлөнүп бир кыздуу болгон. «Мени кимиси издеп тапмак эле, тапканда эмне кыла алат», — деп ошол эле шаар ичиндеги жаңы конуштардын биринде жашап жаткан. Иниси Жүрсүн төртүнчү курста. Өзү эптеп бир жумушта иштеп жүрүп, иниси үйлөнөм дегенинен үйлөнтүп жаткан. Жүрсүн менен Жазира бири-бири менен сүйлөшүп жүргөн эле. Эртеси Толкунбек аялы экөө калып, Светаны кошуп куугунга жөнөтүштү. Келишкен үйдүн алдына келип токтогондо Толкунбектин иниси Баатырбек:- Кызды уурдагандар ким, кана алдыбызга келсин, кызыбызды алып кетебиз, — деди күпүлдөй.- Айланайын, куда, кыз менен бала сүйлөшүп жүргөн экен, ачуу душман акыл дос дейт, бир ачууңду бизге берип үйгө киргиле, — деди бир аял.- Эмне, эркектериңер жокпу?- Куда, менмин үй ээси, күйөө балаңардын агасы болом, кулдугубуз бар, башыбыз-малыбыз тартуу! — деп Турсун эч ичинен суурулуп чыкканда Светанын көзү чакчая түштү. Ал машинадан түшүп, бери басып келди:- Сенби, сен экенсиң ээ, арам тамак алдамчы! Баатырбек, алып чык кызды, кыз эмес, кызыл жип карматпай турган шерменде булар, ушул инисин дагы Надырбек окууга киргизди эле, — деп Баатырбекке караганда ал таңгалып калды.- Мен муну бул үйдөн да чыгарып салам, ким издеп, ким табат эле дедиң беле? Кудай кылам десе ушинтип эле колго түшөт мындайлар! — деп алкынды. — Алып чыккыла кызды! — дегенде тургандардын эч кимиси үндөбөй калышты. Турсундун аялы келип:- Бул эмне дегениңиз, Турсун, бирдеме дебейсиңби? — деди эле, Турсун ооз ача албады.- Сен кимсиң? — деди Света ага.- Мен аялымын.- Жыргапсың, бир аялды байлык үчүн, бир аялды бакыт үчүн алган ушундай жүзү караны да жер көтөрүп, эл аралап басып жүргөнүнө тобо! — деди Света.Ошол кезде жоолукту алдына салынган Жазира чыга калып:- Мени кечириңиздер, мен Жүрсүндү сүйөм, ансыз жашай албайм! — деп жер караганда Баатырбек аны чекесинен өөп:- Кеттик, карындашым, бул жерде кала албайсың, — деп машинага отургузуп, айдап жөнөдү. Света үйүнө келгенден кийин ыйлап жаткан кызды карап болгонун болгондой айтып берди.- Эртең таң атпай кармабасак ал шүмшүк качып кетет, — деди сөзүнүн аягында. Толкунбек дагы ачууланып араң отурганда Жазира жеңеси менен сүйлөшүп, боюнда бар экенин айтты эле, баары мелтиреп отуруп калышты. Кыз өлөм деп чыкты. Алар ошентип отурганда Турсундун агалары, тагасы, карындашы болуп жетип келишти. Үйгө кирип орун алгандан кийин Бекболу сөз баштады:- Кудагый, итчилик бизден кетиптир, биз уккан-билген жок элек. Эми жаштар сүйлөшүп алган экен. Турсун эмес, биз келдик алдыңарга, биздин бала дагы өлөм деп коркутуп жатат, агасынын жүзүн карабайм дейт. Кыйын абалга түштүк.- Ошого ким айыптуу, эки тизгин, бир чылбырды колуна бердик, каалагандай болсун дедик, ырыскыны көтөрө алган жок. Кызым ошонун айынан ооруп ары барып бери келди. Мен кечтим, бирок ошол үйдү мына бул Жазиранын атына которбосо мен алып койом. Фирманы курутканы аз келгенсип үйдөгү эки миң долларды уурдай качкан. Биз эми аралашпайбыз, өздөрү билишсин, кыздын ата-энеси турат, — деп Света туруп кеткенде Толкунбек:- Өлсө өлө берсин, мен андай неменин тукумуна кыз бербейм! — деди. — Андай арам тамактын иниси эле кайсы болсун, ал дагы ошонун биридир да.- Кой, куда, бир ачууңузду бериңиз бизге, Турсун өз айыбын өзү тарта берсин, Жүрсүн жакшы бала, анын келечеги бар.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE