Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

Гулго оролгон ак суйуу

7-болум

Мени алдап дагы башка кыз менен жүргөнүн билип калып, таштап кеткем.- Өзүң сүйсөң кантип кеттиң?- Менин сүйүүм жек көрүүгө айланган, Алмаш.- Жаман болгон экен.- Байкап жүр, эркектер кыздарды жөн гана сынашат. Көңүлүңдөн орун алып алганча жанталашып сүйүүсүн арнап сүйдүрүп алып, анан ата-энеңди, бай-кедейиңди сүрүштүрүп көрөт да, бай болбосоң таштап качып кетишет, — деди Оксана ойлуу. — Ата-энеңдин колунда болбосо да бактыңды кармайт экен.- Ошондой экен да, — деди Алмаш. Экөө шыбыраша упаковка жасап жатканда Элмурат улам даяр упаковкаларды ташып жатты, эки көзү Алмашта. Атайын кызмат унаасы менен товарларды ташып, дүкөндөргө өткөрүшөт. Кечке даяр продукцияларды коробкаларга салып жыйышат. Элмураттын иши өтө оор болуп кетет кээде. Бүгүн дагы колу бошоору менен Алмашты күтүп калды. Ал кыз-келиндер менен чыкканда ошол кыздардын ичинен өзгөчө болуп көрүнүп, жүрөгү ээ-жаа бербей лакылдап чыга келет. Кыздардан бөлүнгөн Алмаштын жанына дароо жетти да:- Кандай? — деди күлө карап.- Көрүп тургандай.- Жооп сурап келдиңби, Алмаш?- Жо-ок, бүгүн жездемдин туулган күнү да.- Аа-а, өкүнүчтүү.- Башка күнү…- Макул, Алмаш, ата-энең барбы?- Бар, бирок бай эмес.- Ал эмне дегениң, Алмаш, ошонуң кантип болсун, — Элмурат таңгала карап ыңгайсызданып кетти.- Азыркы жигиттер кыздарды ата-энесинин байлыгына карап мамиле кылат экен го?- Кантип эле, мен андайлардан эмесмин.- Мен ошондоймун деп ким айтмак эле?- Алмаш, сен чындап айтып жатасыңбы?- Эмнеге калп айтмак элем, чыным менен айттым, анткени азыр жигиттер ошондой болушат экен.- Эмне ошолордун бирине кабылдың беле?- Али кабыла элекмин.- Алмаш, жүрү кафеге киребиз.- Убактым тар.- Жүрсөң эми. — Элмурат кызды колунан тартты. — Эртең менин туулган күнүм, сен барасыңбы?- Кимдер барат?- Каалагандар. — Көрөбүз.- Менин эң биринчи коногум сенсиң, Алмаш, кыздардан өзүң жактыргандар болсо чакырам.- Макул, ойлонуп көрүш керек.- Жүрү эми, бул эле кафеге киребиз.- Кеч болуп кетпейби? — Кыз кыңырылды. Элмурат болбой эле колунан жетелей кафеге алып кирди. Экөө тамактангандан кийин Элмурат кызды таксиге салып, үйүнө жеткирип койду. Анын ата-энем бай эмес деген сөзүн эстеп, өзүнчө кыжаалат болуп жатты. «Эмне үчүн андай деди? Балким жигити ата-энесинин колунда жогунан таштап кеткендир» , — деп да ойлонду. Бирок өзүнүн байлыкка кызыкпаганын далилдегиси келди. Эртеси апасы дасторкон жасап, тамак-ашын белендеп күтүп отурган. Аңгыча үч-төрт кыз менен төрт-беш жигитти ээрчитип Элмурат келип калды. Анын негизги максаты эле Алмашты апасына көрсөтүү. Дасторкон четинде отурган жаштар туулган күн ээсине каалоо-тилектерин айтышып, ырдап-бийлеп көңүлдүү бака-шака түшүп жатышты. Элмурат апасына акырын Алмашты көрсөтүп:- Апа, кандай кыз экен? — деди кудуңдай.- Жакшы, уулум, ыманы ысык кыз экен.- Жактыбы?- Жакты, бул тандооң мага жакты, уулум.- Ур-ре-е! — деп бакырып колун чаап, апасын так көтөрө тегеретип, кайра жерге койду. — Апа, жакында келиндүү кылам.- Болсун, каралдым, болсун.- Анда камына бер, эмки эле жумада киргизем.- Ырас элеби, уулум?- Чыпа-чын, апа, көп күткөндө эмне.- Айтканыңдай болсун, — деп эне-бала акырын сүйлөшүп алган соң коноктордун үстүнө кирди Элмурат.- Элмурат, кана эми биз кетели, эртең жумуш, — деп жигиттердин бири ага кайрылды. — Туулган күнүң көңүлдүү улана берсин, бизге уруксат бер, жакшы отурдук.- Баарыбыз эле кайталы, — дешип, бата кылып турушту. Элмурат Алмашты такси менен жеткирип, кайра кайтты. Кыз Элмураттын апасын, өзүн элестетип: «Жалгыз бала тура, жакшы аял экен апасы, жашоосу дурус эле экен, менин кыялымдагы бала», — деп жатып да, туруп да ойлонуп жүрө берди. Арадан бир ай өтсө да Элмурат келинчек алып келем деген күн келбей кечигип, экөө иштеп жүрө берди….Света кызынын абалынан улам жүрөк ооруга чалдыгып, тез-тез дары ичип калды. Бир туугандары кабар алып турушат. Бир күнү Ысман Алыбаевич менен чай ичип отурган, ал кийинки кездери Светага көп келчү болгон эле. Ушул жолу ал өз оюн билдирип отурду.- Света, мен сени ооруканадан көргөндө эле жактырып калгамын, сен да жалгыз, мен жалгыз дегендей, эки бакыр, бир тукур бололу, — деди аста сүйлөп.- Мен жалгыз болгонум менен санаам көп, алгылыктуу жар болуп бере албайм го сизге…- Кой, Света, сен экөөбүз али эч нерседен кала элекпиз, жашоо деген табышмактуу дүйнө, канча жашообуз бар кудай билет. Канча болсо да татыктуу жашап өтүүгө тийишпиз. Балдар бар, алардын жашоосу өзүнчө, алар келин-кесек тапты. Өзүмө ынабай издеп жүрөм, жашың өткөндө чай ичишээр бирөө керек экен, башка эч нерседен кем эмесмин, Света.- Кайгыдан кабагымды ачалбай, жүрөгүмдү көзөп өтчү арманым жан кейитип турганда силер мени табалаганыңарбы же боор ооруганыңарбы? — Кой андай дебе, Света, жан шерик болуп, түш оодуруп бараткан өмүрдүн калганын бирге өткөрчү адам сен го деп келип отурам, — деди Ысман токтоо. — Түшүнүп турам, кайгыңды тең көтөрүүгө даярмын, Света.- Ойлоноюн, өзүңөр айткандай, өмүргө күүгүм аралаш кеч кире баштаганда колумду сурап, сизге окшогон кадырлуу адам келээри түк оюма келбептир. — Света үшкүрүп алып сырттан дабыш чыкканынан кулак түрүп мойнун созо эшигин карап калды. Ошол учурда үйгө Толкунбек кирди:- Ассалому алейкум! — деп Ысман менен кол алышып учурашты да, Светага кайрылды. — Кандай, жеңе, Гүлинаны ооруп жатат деп уктум…- Ооба, ооруганын айта көрбө, кулак угуп ишенгис, көздөн жаш ордуна кан агызган кайгы түштү башыма, — деп Света ыйлап ийди.- Кандайча, эмне болуп?- Ким билет, баштагысындай эле эркелигин карматып жатат деп ойлогом, заматта ушундай болду го-о! — буркурап жибергенде аны Ысман жубата сүйлөдү:- Негедир кыздын оорусу тез өнүккөн, кимдир бирөө оорукчан адамга салган ийнени тамырына сайган. Түшүнүксүз болуп жатат бизге дагы, анализдерин кайра-кайра текшергенде да ошондой болуп чыкты.- Кандайча тамырына сайган?- Түшүнүксүз, Света, сиз жакшылап ойлонсоңуз, бул он эки-он үч жашында болгон, жаштык кылып билинген эмес. Анын үстүнө силер ою менен болуп, аны капаланткан эмессиңер, кийин бир катуу ойдон оору күч алып дароо сыртка чыккан.- Сиз врачсызбы? — Толкунбек Ысманга кайрылды.- Ооба, биздин ооруканада бир жума текшердик, өзүнө такыр келе алган жок.- Эмне кылыш керек, деги дарылатууга мүмкүнбү? — Толкунбек кабатырлана карады. — Болбойт, бир аз өзүнө келип кайра кармай берет, өтүшүп кеткен.- Ушундай болду, кантейин, — деп Света зыркырап ийди.- Токтоо болуңуз, Света айым, эгерде дабаа боло турган болсо ачык айтып ошондо эле баштамакпыз да.- Жаңы, таза кан куюп дарыласа болбос бекен? — деди Толкунбек. — Туугандар чогуу кан беребиз.- Аны байкап көрүш керек, адамдын канын толугу менен алмаштырыш үчүн көп кан керек.- Анализден көрбөйсүздөрбү, эгер канын тазаласа сакайып кете турган болсо мен эч нерсемди аябайт элем, — дегенде Света Толкунбекти ичи жылый карап койду.- Ошондой болсо кана, бүт канымды берип өлүп кете берсем арман жок эле, кызым жакшы болуп адамча өмүр сүрсө баарына ыраазы элем…- Тирүүдө ар бир пенде өз маңдайына жазганын көрөт, Света, мен эртең аны алдырып келип, кан алмашууну байкап көрөйүн.- Ошентсеңер эки дүйнөдө ыраазы болот элем.- Толук айтуу кыйын, мен професорлор менен кеңешип көрөйүн, адамды ишендирүү оңой, ишенимди аткаруу кыйын.- Сизге таяналы, сизге ишенели бир аракет кылыңыз. Мен бир оорулууну өлүм алдынан кан алмаштырып атып аман алып калышканын уктум эле, чынбы, жалганбы билбейм, — деп Толкунбек Ысманды үмүттүү карады.- Сен агасы болосуңбу? — деп сурады Ысман күтүүсүздөн. — Ооба-ооба, эң жакын байкемдин кызы, мага карындаш да, угуп алып жаман болдук, керектүүнүн баарын табууга даярмын!- Азамат, бир туугандардын да мындай күйгөнүн чанда көргөмүн, байкең кадыр-барктуу адам болсо керек, жардамы да ошондой тийгендир, иним? — деп сынагандай карады.- Ооба, туура таптыңыз, Надырбек байкем райкомго чейин барды, кийин негедир жогорулагысы келбедиби, кызматка кызыкпай калды ээ, жеңе, пайдасы да тийген.- Азамат, жигит, бардык адам минте бербейт, жеңең экен да, Света, эми сага бир ооз сөз, — деп көз кыйыгын Светага жиберип, — Жеңеңдин колун сурап келдим эле, буга кандай дейсиң? — деди түз эле.- Аа-а, мен кирише албайм го, байке, өзү билсин жеңем, — деп Толкунбек Светаны карады, ал жер карап унчукпай отура берди.- Баракелде, иним, каршы эмессиң да?- Улуу кишилерге каршы болуу кичүүнүн адепсиздиги эмеспи.- Туура, сөз чынынан бузулбайт дегендей эми ага-инилериңен колуңду сурайын, Света. — Ысман күлүп калды.- Башкы маселе биздин кыздын ал-акыбалында, байке, эртең өзүм барып бир көрүп келейин. Жиндиканага бир баргам, ошондо соо адамды да жинди кылып койооруна көзүм жеткен, аерге бир күн да койбойм! — деп Толкунбек агынан жарылып кетти. Света таң калып отурду, бирок эч нерсе дебеди.- Ырас айтат, мен эмне кылаарымды билбей да калдым.- Эртең экөөбүз баралыбы, жеңе?- Ооба, барбасак болбойт.- Машина менен чогуу баралы да, көрүп сүйлөшөлү, — деди ыңгайсыздана түшкөн Ысман.Үчөө көпкө отурду. Ысман кеткенден кийин Света Толкунбекке карап:- Рахмат, өз каныңдан жаралган бала экенин далилдегиң келген го? — деди жылмая.- Кантип чыдайм, жеңе, угуп калып жетип келдим, атамдар да бир кабарын алып кел, барып көрөлү деп калды.- Сакаюуга мүмкүнчүлүк болсо менде жок дейсиңби, канча жалдырадым, ушинтип боздоп отургуча барымды берсем да айыктырып албайт белем, эми дагы бир толук анализдетип көрөлүчү.- Ким анын тамырына оорунун ийнесин сайышы мүмкүн?- Кайдан, кантип ошондой болгонуна көзүм жетпей жатпайбы, болбосо өлбөгөн жерде калмакмын, жети-сегиз жыл мурун ооруп ооруканага да түшкөн эмес…- Анда божомол го жөн гана.- Ооруканага экөөбүз тең бардык, ал мени түртүп ийгенде башым катуу тийип, эчтеке билбей калыптырмын. Анализдерин текшергенде эле ошентип айтышты, кайдан билдим мындай болоорун.- Эртең барып өз көзүм мен көрөйүн да, кайра айылга барып даярданып келейин, аракет кылбасак болбойт, — деп экөө үңкүйүп отурганда үй телефону чырылдады.- Алло, ким бул? Ооба-ооба, эмне болуп, кача-ан?! — деген Света турбканы коюп, шалдырай отуруп калды. — Гүлина качып чыгып кетиптир, табалбай жатабыз дейт.- Кудай уу-ур, эми кайдан издейбиз? — Билбейм, ал эмдигиче эмне күндү көрдү, өлдү го-о, — деп Света өзүн жогото шалак этип жыгылып калды. Толкунбек аны диванга жаткырып, бетине суу чачып, убараланып жатты. Бул кезде Гүлина бир аз акылына келе түшкөн эле. Үстү-башын бир карап алып, акырын уурдана чыгып, медайымдар түштөнүп жүргөндө халат-тапичкечен качып кеткен. Маршруткага отуруп алып, ойду-тоону сүйлөп, кыйкырып ырдай бергенинен шоопур аны орто жолдон түшүрүп койду. Ошол түшкөн жеринде жол тосуп турса бир жеңил машина токтоп, Гүлинанын жаштыгына, сулуулугуна кызыгып салып алды.- Кайда барасың, сулуу? — деп сурады рулда отурган толмоч киши.- Бишкекке.- Күйөөң уруп койгон го? — деп жылмайды айдоочу.- Кардым ачты, — деди Гүлина айдоочунун жанында нан турганын көрүп.- Нан жейсиңби?- Ийи, — деп башын ийкеди эле, нанды алып берди. Гүлина сындырып жебей чекесинен тиштеп, бурдап сугунуп, бир башкача жей баштады. Аны байкаган айдоочу бирэсе таңгалса, бирэсе чочулап сүйлөбөй келе берди. Бир нанды үзүп-жулкуп жеп бүтүп, анан баклашкадагы суудан оозунун эки жагынан куюлта ичип отуруп калды. Берки киши: «Бул оорукчан неме го», — деп ойлоп:- Атың ким? — деп сурады сынай.- Атым, атым…- Күйөөң барбы?- Ал жок!- Кайда кетти эле?- Билбейм, — деп Гүлина ийинин куушуруп койду. Киши унаасын четке токтотуп:- Бузулуп калды, түшүп тур, мен оңдоюн, — деди эле:- Мен кетем, мени урушат, укол сайып сабайт, — деп отургучка тырмышып, салондун полуна жатып алып чыкпай койду. Анын ооруканадан качып чыкканын сезген киши кайра айдап жөнөдү. Аргасы кете эптеп шаарга жеткенде түшүрүп коюп, кеткенче шашты. Гүлинанын оюна эмне келгенин ким билсин, Элмураттын үйүнө кандай келгенин да сезбей калды. Эшиктин катуу такылдаганынан чыга калган Элмурат анын кебетесин көрүп чочуп кетти:- Сен кайдан?- Кечиктимби, кечирчи, Элмура-ат, мен сени алдап койдум ээ? — деп кучактамак болгондо ал ары түрттү.- Бар үйүңө, мынча эмнеге ичип алгансың? — деген бойдон босогодон ары чыгармак болгондо Гүлина:- Кетпе-ейм! — деп чаңырып, Элмуратты жөөлөй үйгө жүткүндү. Сырттагы үндөрдү угуп, Дарыйка чыгып келаткан.- Эмне болуп кетти?- Апа, апа, мени кетирбечи, мага укол саят, урат, апа! — деп кучактап алып ыйлап кирди.- Ким урат, балам, бирдеке ичтиң беле, апаң издеп калбасын, — деп өзүнөн оолактата албай жатканда Элмурат кайра жанына келди.- Мына, мобу мени урат, укол саят, корко-ом корко-ом! — деп Гүлина аны сөөмөйү көрсөтө бетин басып бакыра берди.- Апа, койо берчи, жыгыласың. — Элмурат Гүлинанын ооруп калганын эми түшүнүп боору ооруду, аны алдамак болуп, — Гүлина, жүрү, бизди апам күтүп жатпайбы, сени сагындым дейт, барып келели, жүр, жүрө гой, — дегенде Гүлина эсине келгендей Элмуратты бир карап алды да:- Апамбы, апама барабызбы? — деп алаканын чапкылай каткырып, секирип жиберди. — Кана апам, каякта апам?- Азыр экөөбүз барабыз, жүрү, — деп Элмурат аны колтуктап жөнөдү.- Апамды сагындым, апам кана? — деп ар кайсыны сүйлөй берип, тажатып ийсе дагы эптеп таксиге жетип отургузду.Алар Надырбектин үйүнө келгенде кечки ондор болуп калган. Толкунбек менен Света үңкүйгөн бойдон качанкы өткөн окуяны өз-өзүнчө эстеп, күнөөсүн кечирүүнү кудайдан суранып отурушкан эле. Дарбаза такылдаганда Света жүгүрүп чыкты, эненин жүрөгү кызынын өлүү-тирүүсүн билбей дел болуп турган. «Качып чыкса үйгө келээр бекен», — деген ойдо ачып жиберип, кызын кучактап калды.- Каралды-ым, кайда жүрөсүң?- Эй, сен кимсиң, бар, бар нары! — деп Гүлина апасын өзүнөн алыс түртүп, кыйкырып кирди. — Кармагыла мобуну, мени урганы жатат, кармагыла-а! — Гүлина, апама келбедикпи, сагындым дебедиң беле? — деп Элмурат силкилдетти эле, аны бир чапты.- Апам эмес, бул желмогуз, көрдүңбү желмогузду, мени өлтүргөнү жатат. Мени алып кетчи апама, апам кана, апа-а! — деп эч кимди жолотпой бакырып жатканда Толкунбек чыгып келди.- Кызым, сага эмне болду, жүр үйгө кирчи, жүрө гой, — деп кармайын десе аны да итере салып, артка карай качып баратканда үчөөлөп кууп жетип, бекем кармап калышты. Жулкунуп, жерге жата калып, чапкылап-тепкиленгенинен буту-колун таңып, үйгө алып киришти. Аны менен алышып жатып, баарынын шайы ооду. Гүлина эчтеке билбей бакырып-өкүрө берди, көптө барып оозунан көбүк чыгып, көзү аңтарылып жатып калды. Ошондо гана телефон чалып, тез жардам чакыргандан кийин трубканы койгон Света:- Сен кайдан көрүп калдың? — деп сурады Элмураттан. — Жолдон көрүп калдым, мени тааныган жок, абалын көрүп чочуп кетип, такси менен алып келдим.- Рахмат, балам, сени таанып калган экен дебедимби?- Жок, — деп Элмурат үйүнө барганын жашырып койду. — Эмнеге минтип ооруп калды?- Билбейм, кудай боор ооруса сакайып кетээр, — деди Света сыр билгизбей.- Мен барайын анда, жакшы туруңуздар. — Элмурат ордунан турганда Света:- Тез жардам келип калса ооруканага биз менен барып келсеңчи, балам. Сен деп жүрүп ушул ооруга чалдыкты, сени катуу жакшы көрчү эле, жок дегенде ооруган кезде жанында болсоң жакшы болот эле, — деди.- Макул, — деп жер карап калды Элмурат. Ошол убакта эшиктен тез жардам машинасынын үнү угулуп, Света чыга жөнөгөндө:- Жеңе, эмнеге телефон чалдың, молдого окутсак болбойт беле? — деди Толкунбек.- Жана ойлобой, мен коркуп кетпедимби, анда өзүм ооруп жатам деп укол сайдырып калайын.- Ошо кантип болсун?- Мен дагы көп чакырам тез жардамды, силер дагы чыга калгыла, Гүлүнү көргөзбөй ылдыйтан тосолу, — деп ылдый жакка шашыла түшүштү. Ансыз дагы жүрөгү лакылдап турган Светаны көрүп, укол сайып, дары берип жөнөп кетти.- Кана эмне кылалы? — деди Света Толкунбекти карай.- Молдо алып келели, оозунан ак көбүк чыкканына караганда кыргызча ооруган. Доктуруң айта берет, эчтеке билбей кээде өлтүрүп да коюшат экен, — деген Толкунбек Элмуратка карады. — Кана, жигит, жакын арада мечит барбы?- Ой, бизден өйдөрөөктө мечит бар, азыр эле бара калгыла, — деди Света Элмураттан мурун.- Кеттик, — деп экөө ээрчише жөнөдү. Элмурат аргасыз, мойнунан байланган иттей ыргылжың болуп баратты. Молдону ээрчитип келгенде Гүлина эч нерсе билбей буту-колу байланып диванда жаткан. Молдо дааратын алып келди да, дем сала баштады. Элмурат кетейин деп дагы уруксат сурады:- Апам кабатыр болот, мен жок болсом такыр уктабайт, — деди үлдүрөй.- Мейли барсаң бар эми.- Жакшы калыңыз, сакайып кетсин, — деп шашыла дарбазадан чыгып, «өөх», — деп алып таксиге түшүп үйүнө кетти. Ал келгенде Дарыйка уктабай күтүп жаткан:- Каралдым, аман-эсен келдиңби, үйүнө жеткирдиңби? — деди дароо эле көрүп.- Ооба, апа, зорго бошонуп чыктым.- Анча эмне ичип алган курган келин?- Апа, ал ичпей эле кесел болуп калыптыр.- Эмне дейт кокуй?- Ооба, апа, абалы өтө жаман, мен чыдай албадым, апасынын ыйлаганына чыдоо өтө кыйын, — деди Элмурат ойлуу. «Сен деп жүрүп ушул ооруга чалдыкты» , — деген Гүлинанын апасынын сөзүн эстеп: «Ушунчалык сүйдүбү мени, акылдан адашкыча сүйгөнбү байкуш, эми кантет, сакайып кетеби же?..» — деп кабагы салыңкы төшөгүнө баш койду. Бир убакка чейин уйкусу качып ары оодарылып, бери оодарылып жатып, араң көзү илинди. Эртеси да жүрөгү түпөйүлдөнө кыжаалат болуп, өзүн күнөөлүү сезди. «Өзүмчүлдүгүмдөн чырактай бир өмүргө кыянат кылдымбы, убалы кимге анын?» — деп ойлоно берди. Ал күнү жумушун эрте бүтүрүп, Гүлинаны көргөнү жөнөдү. Ал келгенде Гүлина дагы эле таңылуу жаткан экен. Света жанында ыйлап отуруптур. Толкунбек менен Ысман дагы бар. Алар менен сыпаа учурашып, анан:- Гүлинанын абалы дуруспу? — деп сурады.- Жылыш деле жок, көзүн ачса эле баягы, же тамак ичпейт, — деп Света көз жашын аарчып, кызын мелтирей карап калды. Ошол убакта кечээки молдо келип калды. Ал кирип отуруп:- Бул кыз жаман жерди басып койгон, ошол жерден шайтан илээшип алган, этият болбосоңор мерт кылып коюшу мүмкүн. Жети жолу дем салып, күчтүү дубаларды окугандан кийин жети айга чейин күнүнө үч маал тазалап окуш керек. Өзүңөр куран окуп тургула, — деди теспесин ары салдырып, бери салдырып.- Ошондо сакайып кетсе кана? — деди Света муңкана.- Алла жиберген дарт, кудай дегиле, дабасы табылса билинбей калат, сабыр туткула, — дегенден кийин дем салууга киришти. Элмурат көпкө отуруп, бир маалда кетүүгө камынды. Акырын эшикке чыгып, ары-бери басып жүрүп, анан жөнөп кетти. Эмне кылаар айласын таппай үйүнө кеч келди. Дарыйка уулунун абалын көрүп, үндөбөдү. «Курган келин ооруп калганда биякка эмне келди, балам аны ойлонуп жаман абалда калды. Үйлөн дейин, эртерээк үйлөнүп алса унута түшөт беле», — деп ойлонуп:- Эку, үйлөнөм деген күндөн өтүп баратат, кам-кашегим эбак бүткөн, келинди качан алып келесиң? — деди аста гана. — Апа, бир аз койо туралычы, өзүм айтам.- Кызың койо тур деп жатабы?- Жо-ок.- Анда эмнеге кечеңдетебиз, уулум, кыш кирип келгенче үйлөнүп алсаң, эки жагыбызды жыйып алат элек го?- Шашпа, апа, дагы бир жума күтө тур, — деди Элмурат сумсая.- Мейли, балам, андан өткөрбө, тууган-урукка дагы айтып койгомун, кулак түрүп турушат, — деп тим болду эне. Ошону менен сөз үзүлдү. Элмураттын ойлору чачкын болуп жатты. «Гүлина жакшы болгуча үйлөнбөй койо турсам кантет, кокус Алмаш башкага кетип калсачы? Гүлинанын адам болуп калганын көргөндөн кийин үйлөнсөмбү, анда ал таптакыр койо бербей койсочу? Болбосо өмүр бою өзүмдү күнөөлүү сезе берем да», — деп кыжаалат боло күндө бир маал Гүлинаны көргөнү барып атып, бир жума бою Алмаш менен сүйлөшө албай калды. Ошол күнү Гүлинага барса ал бир аз чай ичип отуруп калыптыр. Бирок киши менен сүйлөшкүсү келбейт экен. Света Элмуратты көрүп:- Сен кирип сүйлөшүп көрчү, — деди кубангандай. — Өзү жакшыбы?- Бир аз дурус, дем салгандан бери оңоло түштү.- Кирип көрөйүн. — Элмурат өйдө чыгып, акырын Гүлинанын бөлмөсүнө башбакты. — Гүлина, кандайсың? — деди күлө карап.- Сен кимсиң? — дегенде Элмурат дагы, артынан келе жаткан Света дагы селт этип алды.- Мен Элмурат эмесминби? — деди өзүн кармай.- Тааныбайт экенмин, менин тынчымды албагылачы, — деп Гүлина ары карап кеткенде Элмуратты Света артынан тартты. Экөө дабыш чыгарбай ылдый түшүп келишти.- Мен бара берейин, кудай буйруса дурус болуп калыптыр, — деп Элмурат Светага карады.- Мейли, балам, сага да рахмат, сен болбосоң кызымды таппай жүрмөкпүз, апаңа салам айт, — деп кыйыла жооп берип атып, «Ушуну менен жашай берсе оорубайт беле, байлыкка дагы кызыкпаган жигит, кичи пейил», — деп ойлоп ийди.- Жакшы калыңыз, колум бошосо акыбалын көргөнү келип турам.- Келе гой, балам, эшигибиз ачык сен үчүн, — деп босогосуна чейин узатып кайра кирди.Элмурат терең дем алып алды. «Жакшы болуп калат экен, эми барбай койсом дагы болот, кокус кетпе десе эмне кылат элем, кой үйлөнөйүн» , — деп ойлоп, өзүн жеңил сезип тездей басып аялдамага ашыкты. Эртеси жумушуна көңүлдүү келди. Алмаш негедир ага таарынгансып калыптыр, карабай да койду. Кечке маал жумуштан чыкканда аны бура бастырбай тосуп алды, артына бекиткен аппак астра гүлүн сунуп:- Кечир, Алмаш, бир иштерим болуп убактымды алып койду, — деди ийиле. — Кечир, Алмаш!- Эмнеге кечирим сурайсыз, күнөөңүз кайсы? — Алмаш мостойо кашын кере жактырбагандай жооп берди.- Сенин алдыңда күнөөм чоң, бир жума жолукпай калбадыкпы? — Милдеттүү белеңиз?- Ошондой сезем.- Ойлонбой койсоңуз да болот.- Кантип, сени жүрөгүм кагуудан токтогондо гана ойлонбой калышым мүмкүн.- Жомогуңузду башкага айтыңыз. — Алмаш болбой кете берди.- Суранам, Алмаш.- Убара болбоңуз.- Чынбы?- Ооба.- Мен анда машинанын алдында калам! — деп жол жээгине жүгүрүп жетти. — Алмаш, дагы сурайм, чынбы?- Ооба.- Бир, эки, ү-үч!- Элмура-ат! — деп кыйкырып ийди Алмаш. — Токто!- Кечирдиңби? — Ооба.- Чын айтасыңбы? — деп кыйкырды Элмурат жол боюнан.- Чын! — деп Алмаш колун булгаганда жүгүрүп жете келип кызды так көтөрүп, айлан көчөк кылып жерге койду:- Таарынычың жазылдыбы?- Ооба-ооба, — Алмаш кыткылыктап күлө бетин басты.- Кеттик анда.- Кеттик! — Экөө жетелешип көчө бойлой кетип баратышты.- Коркуп кеттиңби, Алмаш?- Жо-ок.- Эмнеге кыйкырдың анан?- Жөн эле. — Кыз жигитти көз кыйыгы менен карады.- Мен чындап келе жаткан машинага урунмакмын. — Койчу?- Чын айтам.- Апаңызды ойлогон жоксузбу?- Эмнеге?- Сиз бирдеме болсоңуз ал кантет?- Аны да, сени да ойлодум, азыр сени гана ойлоп жаткам.- Аныңыз болбойт, кары кишини аяш керек, мен өзүм үчүн эмес, апаңыз үчүн сизге кыйкырдым.- Чын элеби?- Чын айтам.- Анда сен мени сүйбөйт экенсиң да?- Сүйөм деп айта элекмин, — дегенде Элмурат Гүлинага өзүнүн айткандарын эстей койду. «Сүйөм деп качан айттым эле, каалаганыңды кыла берчи», — дегени кулагына жаңырып: «Алмашты мен сүйөм, бул мени сүйбөсө, жашоо кызык ээ, неге ушундай болот? А Гүлинаны мен сүйө албадым, балким Алмаш дагы мени сүйө албайт. Анда өзүмдү сүйгөн адам менен жашай беришим керек беле?» — деп ойлонуп калганда Алмаш: — Сиз катуу ойлонуп кеттиңиз го? — деди токтой калып жылмая

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE