Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

Гулго оролгон ак суйуу

6-болум

Элмурат, өкүнүп каласың, мен сени сүйөм!- Сен эркектин баарын сүйө бересиң, жогол көзүмө көрүнбөй! — Элмура-ат! — деп Гүлина көпкө ыйлап туруп, анан унаасына отуруп, үйүн көздөй кетти. Үйүнө атып кирди да, бакырып ыйлап буюмдарынын баарын чачып, идиш-аякты сындырып жатканда Света келип калды. Дароо эле телефон чалып, врач чакырды, кызынын өң-алеттен кетип, чачтары саксайып, кара терге түшө өзүнүн кийимдерин өзү тытып жатканын көрүп коркуп кетти.- Гүлү, кызым, сага эмне болду, эсиңе келчи, садага? — деп кучактап калаарда Гүлина аны түртүп ийди:- Менби, мен жиндимин билдиңби, эркексиз жашай албайм, мени баары таштап кетти, мен өлүшүм гана керек! — деп өкүрүп-бакырганын Света уккан жок.Ал кызы түртүп ийгенде башы менен дубалга тийип, эс-учун билбей жатып калган. Аңгыча тез жардам келип, экөөнү тең алып кетти. Көптө барып эсине келген Света:- Айланайындар, мен кайдамын? — деп башын көтөрдү.- Сиз ооруканадасыз, эже, катуу жыгылып, башыңыз дубалга тийгенде өзүңүздү билбей калыпсыз. — Света ошондо эмне болгонун эстей калып, Гүлинаны сурады.- Кызым кайда, айланайын, кызым да келдиби?- Ооба, кызыңызды тынчтандырдык. — Өзүм көрөйүнчү, кызым, мени алып барчы, — деп обдулганда медайым аны тургузбай койду.- Сиз тынч жатышыңыз керек, кызыңыз жакшы эле, башыңыздан катуу запкы жепсиз, эже, турганга болбойт.- Жо-ок, кызым, мен өлбөйм, кызым жаш, жыйырмага эми гана толду, ага эмне болгонун билбей калдым, — деп безилдегенинен аны акырын Гүлинанын палатасына ээрчитип барды. Укол куюп койгонго эч нерсе билбей жаткан кызынын колунан кармап, чекесин сылай солкулдап ыйлап жатты Света: «Курган жаным, күнөөм ушул кызыма тийип жатабы, никелүү эрим турса башканы төшөгүмө алып жатканымдын кесириби? Оо, жараткан, өз күнөөмдүн азабын өзүм эле тартайын, кечире көр, кудайым». Медайым болбой аны кайра палатасына алып кирди:- Сизге көп кейигенге болбойт, тынч жатыңыз, кызыңызды эртең текшерүүдөн өткөрөбүз, анализдерин толук алабыз, оорусу аныкталса башка ооруканага которулушу мүмкүн, — деди ал. — Ал эми ден-соолугу таза болсо үйүңүзгө чыгарабыз, — деп жылмайып койду.- Ооба, таза болсо чыгарбай анан, — деген Света үйүн эми эстеди. «Баары ачык-чачык калды, кой үйүмө кетейин», — деп ойлоп кайра турду. — Кызым, менин үйүм ачык калды, барбасам болбойт.- Жо-ок, эже, мен сизди койо бере албайм, жата туруңуз, врачка айтайын, — деп палатадан чыгып кетти медайым. Бир аздан кийин орто жаштагы улгайган адам кирди.- Өзүңүздү кандай сезип калдыңыз? — деди күлүмсүрөй. — Жакшы элемин.- Дагы бир аз сакайганча тынч жатышыңыз керек.- Үйүмдө кызым экөөбүздөн башка эч ким жок эле, ачык калды го, жакшы болуп калдым, бара берсем кантет?- А кокус өлүп калсаңыз кабар алганга аяктан дагы суранып келе алат белеңиз? — деди Ысман Алыбаевич жай гана. — Адамдар бир ууч өмүрдү барктай албайбыз, өмүрүңүз кылдын учунда турат, катуу жыгылгансыз, дагы жакшы тез жардам жетишип калган.- Тирүү болгон соң эртеңкини ойлойт экенбиз да…- Үйүңүздүн дарегин бериңиз, балдарды жөнөтүп, кабар алып койойун.- Макул. — Света дарегин айтып берди.- Байлардын айылындасызбы? — Ошондой деп коюшат го…- Болуптур, кам санабаңыз, тынчтанып эс алыңыз, эртең анализдериңизди текшерип, анан андан ары эмне кылышты чечебиз.- Мейли, — деп унчукпай калды Света. «Ырас айтат, өлүп калганымда кызым менен да, үйүм менен да ишим жок суналып жатмакмын, кудайга шүгүр, кызым үчүн кам көргөнгө жардам бере гөр, жараткан» , — деп ойго батып калганда врач чыгып кетти. Кечке маал Ысман Алыбаевич кайра кирди:- Кам санабаңыз, үйүңүздү кулпулап келишти.- Рахмат, иним.- Эчтеке эмес, ден-соолугуңузга караңыз, — деди да, чыгып баратып, — Кызыңыздын абалы да жакшы, — деп койду.- Рахмат, колуңар дарт көрбөсүн, — Света кызын ойлонуп отуруп, бала кезде дагы бир жолу ушинтип казан-аяк талкалап, кийимдерин тыткылаганы эсине түштү. Анда Надырбек эркелетип жатып зорго эс алдырган эле: «Эмне бир оорусу барбы, неге минтет, кантип эле? Турсундун тигинтип кетиши катуу тийсе керек», — деп ойлонуп жай ала жатып, уйкуга кирди. Ата-энеси өлгөн, иниси менен сиңдиси, бир агасы бар эле. «Аларга телефон чалып коюшум керек», — деп да ойлогон жанараак. Уктап-уктай электе түш көрдү. Түшүндө Гүлина бир караңгы тамда камалып калат имиш, эшигин ачайын деп ачалбай убараланып жатты. Кызы болсо колдорун тарбаңдатып: «Апа, мени чыгарып алчы», — деп жалдырайт. Бир да жеринен эшик-тешик таппай, көрүнгөн жерине барса туюк болуп калат. Бир кезде ал Гүлинанын колдору көрүнгөн жерге жетип, ошол жерден сууруп алууга тырышты. Гүлина өзүн ары карай тартып кете жаздаганда Надырбек пайда болду. «Кызым оорукчан болуп калды, сен эми өзүңө кара, Света, ага жакындаба, тагдыры ошондой», — деп аны жолго салып коюп, өзү ары кетти. Ойгонуп кетсе жүрөгү лакылдап калыптыр. «Оо кудай, бул эмне деген шумдугуң, кызым жакшы болуп кетсе экен», — деп ойлонуп ордунан туруп, Гүлина жаткан палатага келип, акырын шыкааласа уктап жатыптыр. Жанына келип бир аз карап туруп, кайра өз палатасына келди. Төшөгүнүн үстүнө жатып, уктап кетти. Таң атып калган экен. Бир маалда ачуу кыйкырыктан улам ойгонуп, Гүлинанын үнүн тааный коюп жүгүрүп чыкты.- Жолобогула мага, жоголгула дейм! — деп Гүлина бакырып жатыптыр. Света кирип келип:- Кызым, сага эмне болду? Кызым, эсиңе келчи, — деп кучактамак болгондо врач аны кармап калды. — Көрүп турбайсызбы, ал азыр сизди тааныбайт, — деди.- Каралдым, неге мени тааныбайт, жакшынакай эле жүрбөдү беле? — деп Света ыйлап жатканда медайым аны колтуктай палатадан алып чыкты.- Сиз менен врач сүйлөшөм дейт.- Эмнени? — Светанын мээсине эч нерсе кирбей элейе карады.- Көрөсүз да. — Аңгыча врачтын кабинетине кирип келишти.- Оорулуу кантти? — деп сурады Ысман Алыбаевич.- Тынчтандыруучу укол сайдык, эми эс алат го.- Жакшылап карагыла.- Жарайт, — деп медайым чыгып кеткенден кийин Ысман Алыбаевич Светага карады.- Кызыңыз мурда ооруган жок беле?- Жо-ок, ооруган эмес.- Жакшылап эстеңизчи, мунун оорусу башынан башталган, көп болгон, балким байкаган эмес чыгаарсыз?- Жок-жок, өзү абдан эрке, эчтекени жактырбайт, көңүлүнө жакпаса өкүрүп-бакырып ыйлап, жер тепкилегени бар эле, минтип ооруган эмес.- Ошондо оору башталган, алдын ала дарылатсаңар болмок, байкабай калгансыңар. Акырындык менен бир нерсеге капаланганда нервине катуу тийип, оору күчөгөн.- Андай болушу мүмкүн эмес, оорулуу эмес кызым! — Света ордунан тура калып, кабинеттен кандай чыкканын билбей калды. Ылдамдай басып Гүлина жаткан палатага кирип барды. — Кызымды койо бергиле, алып кетем! — деп сайылган ийнелерди колунан жулуп алып, Гүлинаны жулкулдатты. — Кызым, тура гой, үйгө кетеличи, кетели, кызым! — деп жатканда медиктер келип аны болбой палатасына алып барып, укол салып жаткырып коюшту. Ал тынч алып жатып калганда агасы Темирлан менен сиңдиси Гүлназ келип, врачтын айтканын угуп, шалдырай отуруп калышты.- Эжеңер сакайып кетет, бир аз өзүнө келгенде түшүнөт, кызы айыкпас оору менен ооруп калган.- Дарыласа болбойбу?- Кеч болуп калган, аз-аз эсине келип, кайра кармай берет.- Эжем эсине келеби анан?- Андан коркпогула, анда оору жок, кызынан улам өзүн кармай албай калды.- Жакшылап караңыздар, кандай болсо да мен төлөйм чыгымды, — деди иниси.- Биз оорулууларды сакайып кетсе дейбиз, — деди врач аларга алакан жая. — Адамдар өздөрү маани бербей жүрүп, кеселди өтүштүрүп ийишет.Темирлан Светадан эки жаш улуу. Андан кийин палатага кирип, Светанын жанында отурушканда ал көзүн ачты да, аларды көрүп:- Келдиңерби? — деди өйдө боло.- Денсоолугуң жакшыбы? Бизге телефон чалып койбойт белең?- Ойлоп эле аттым, бирок үлгүрбөдүм. — Света азга тунжурай түшүп, бышактап ыйлап кирди. — Гүлина катуу оору дейт, кандай кылып дарылатам, өмүр бою ушинтип калса кантем, жаңы гана жыйырмага келди эле го?- Кайгырба, эже, сакайып кетээр. — Гүлназ эжесинин көз жашын аарчый кошо жашыды. — Жакшы болуп кетет, балким ооруканадан чыгарып, молдого көрсөтөөрбүз. — Ырас айтасың, биерден алып кетиш керек, ойгонуп кыйкырса эле тынчтандырчу уколун сайып уктатып койот экен, анте берсе бат эле өлүп калат ал.- Анда врачка сүйлөшөлү, — деди Темирлан.- Ошент, сүйлөшүп үйгө алып кетели, сен үйдү жыйнабасаң болбойт, барганда көрөсүң го, — деди Гүлназга карап.- Мейли, мен барайын, — деп Гүлназ палатадан чыкты.Врач Гүлинаны алып кетели дегенине ынабай жооп бербей койду. Ошондон эки-үч күн өткөндө Светаны чыгарды. Гүлинаны жин-кеселдер ооруканасына которуп ийишти. Света ботодой боздоп жатты, анын жанында Гүлназ бар. Ошол убакта фирмасынан кабар ала албай калып, Турсун келип, бир топ товарын алып кеткенин билди. Анткени иш кагаздары анын атына жазылган бойдон калган. Света жүгүрүп жүрүп, баарын инисине өткөрүп берип, ишканадагылардын баарына тааныштырды, анан эсептешип алган акчасын банкка салды. Гүлинага Гүлназ экөө барып кайра келди, анын колу-бутун байлап коюшкан экен. Эч кимди тааныбайт. Зыркырап боздогондон башка колунан эчтеме келбеген Света канча түндү уйкусуз өткөрүп, акыры бара-бара көнө баштады. Эки-үч курдай үйүнө телефон чалган Ысман Алыбаевич бир күнү келип калды. Таңгалган Света сыпайы гана учурашып, ичке киргизди. Ысмандын аялы эки жыл мурун өлүп, азыр бойдок эле, өзү Светалар курдуу, элүү бирде.- Кандай жатасыз, Света айым? — деди күлүңдөй карап.- Кудайга шүгүр, өзүңөр жакшысыңарбы? — Дурус, айтпай-дебей келип калганыма капа болбоңуз.- Эмнеге капа болом, келгениңиз жакшы, отуруңуз.- Рахмат, бүгүн бошмун, сиздин ал-абалыңызды көрөйүнчү деп атайын келдим.- Келгениңиз жакшы.- Кызга бардыңызбы? — Бардым, жылыш жок.- Ошондой болоорун билгемин, катуу өтүшүп кеткен.- Айла канча, тирүү жан эптеп күн өткөрө берет экен, жалгыз кубанычым эле, көзүмдүн карегиндей жалгызымдын минтип ооруп калаарын кайдан билдим? — Света буркурап ийди.- Сабыр кылыңыз, канынан жин оору менен ооруган адамдын ийнеси менен сайып койгон, байкабастыктан болгон го?- Кандайча? — Светанын көздөрү чакчайып кетти. — Ал эч бир ооруган эмес эле…- Мүмкүн эмес, оорубаса кайдан…- Мен дагы билбей турам, бир да жолу ооруканага барган эмес. — Света кайра ойлоно калып, — Баса, эки жылдан ашты, авария болгондо жаткан эле, — деп жиберди.- Эки жыл мурунку болсо мындай болмок эмес, андан дагы мурда болгон. Жаңылышпасам он эки-он үч жашында болгон, ошол кезди эстеңизчи, бир өзгөрүү байкадыңыз беле?- Эсимде жок. — Света мелтиреп көпкө отурду. — Туура айтасыз, дал ошондой курагында дагы үй ичин талкалап, чачып атасы эптеп кармап отуруп, эс алдырган, андан кийин кайталанган эмес.- Ошондо дароо ооруканага алып барыш керек болчу. Силер андан кийин аны такыр капаланткан эмессиңер, каалаганы аткарылган кыз ооруну жеңип келген. Бир болоор-болбоско бакырып-кыйкырчу беле?- Ооба, биз анысын этибар алчу эмеспиз, эркелиги деп ойлочубуз.- Мына, ошондон жаңылыштык кетиргенсиңер. — Кайдан билдик мындай болоорун. — Мелтиреп отуруп өткөндү эстеп жатты Света.- Кой, Света, мен кайтайын, сени капалантып алдым окшойт.- Кечиргиле, чай ичип кетесиңер да, ансыз да жалгызмын, — деп муңайды Света. Экөө бир топко үнсүз чай ичип отурушту.- Рахмат чайыңа, — деп койду Ысман.- Эч нерсе эмес…Алмаштын ата-энеси орто чарба кишилер, жети балалуу. Беш уул-кызы үй-жай күтүп өз-өзүнчө кеткен. Алмаш менен эки уулу колунда. Алмаш мектепти бүткөндөн кийин бир жылдай үйүндө жүрүп, анан шаарга келген. Эжеси бир балалуу, күйөөсү экөө батирде турушат. Алмаштын жумуш таап иштеп калганына алар абдан кубанды. Бир жумада алган эки миң сомуна өзүнө кийим алып берип койду. Элмурат күндө аны үйүнө жеткирип, анан өзү үйүнө кетет. Алмашка жигит жагып калгандай болду. Бир күнү ал жолдон эле гүл саткан павильонго кайрылып, бажырайган бир кучак астра гүлүн көтөрүп чыкты.- Алмаш, гүлүмдү кабыл аласыңбы? — деп күлө караганда кыз:- Оо-ой, эмнеге? — деп таңыркай карап калды.- Жөн эле гүл бергим келди.- Чынбы, гүл тартуулаганды жакшы көрөсүзбү?- Өзүм жактырган адамга гана.- Муну эжем сураса ким берди дейм?- Бир жигит берди деп айт.- Анда өлтүрбөйбү? — Мм.., анда эмне деш керек? — Элмурат ойлонуп туруп, — Келе жатып эле… — Элмурат куудулданып калды.- Анан, — Алмаш бырс күлө андан аркысын күтүп калды.- Аа-а, эчтеке эмес, алып бара берчи ээ?- Макул анда, жездемдин эртең туулган күнү, ошого алдым деп койойун. Ошентип койсом капа болбойсузбу? — Макул, бирок үйгө барганда гүлдү жакшылап жыттасаң, башкача жагымдуу жыт бар экен.- Кана? — деп Алмаш жыттап жатканда Элмурат:- Үйгө барганда дейм, — деп колунан гүлдү ала койду. — Мен үйүңө чейин жеткирип берейинчи.- Ага да макул, — деп Алмаш унчукпай келе берди. Күн кечтеп калса дагы эңкейип жыттай бергенде гүлдүн тең ортосунда бир ак барак жүргөнүн көрдү, бирок байкамаксан болуп койду. Алар жетип калганда короодон бир адам чыкты эле, Элмурат чочуп кетти.- Ой, тиги сенин жездең эмеспи?- Жо-ок ай, жездем жаш эле…- Өх, жаман коркуп кеттим.- Эмнеге?- Балдызымды эмнеге жандап жүрөсүң деп урушабы деп да.- Жездем балдызын корубайт, макул анда эртеңкиге чейин, гүл үчүн чоң рахмат, алтындай убактыңды коротуп жеткиргениңе дагы, — деп Алмаш короого кирмек болуп баратканда: — Алтындай убакыт эмес, бүт өмүрүм сени менен өтсө да кайылмын, Алмаш, — деп жигит кол булгалап кала берди. Алмаш короого кирээри менен гүлдүн ичиндеги кагазды алып коюп, үйгө кирип барды. Жездеси Нарынбектин эртең туулган күнү болчу.- Жезде, туулган күнүңүз менен! — деп кирип келди Алмаш.- Ох-оо, балдызым эртелеп куттуктайын деген экен, — деп Нарынбек тура калды.- Сизди куттуктабаганда кимди куттуктамак элем?- Жакшы кылыпсың, рахмат.- Эч нерсе эмес, жезде, — Алмаш алардын катарына отура кетти. Анын жүрөгү алактап, «Эмне деп жазды экен?» — деп ой-кыялы алда кайда кетип, жүзү албырып турган.- Сен бүгүн таптакыр башкачасың, Алмаш, жакшы кабар уккансың го? — Нарынбек балдызын карап күлүп калды. — Бирөө жарым ала качып кетсе кайнатама кандайча жооп берем, ыя?- Коюңузчу, жезде, ала качып эле эмне. — Алмаш ого бетер кызарып кетти.- Кайдагыны айтпачы, өзү кор болбогудай болсо, мейли. Баткендиктерче тар батирге келин киргизип алгандардан алыс бол, келин алдык деп эле бир бөлмө батирине киргизип алышат экен, — деп эжеси Самаркан кабак чытый күйөөсүн карады. — Бир эки жыл жакшылап иштеп алып, анан жок дегенде бир окууга тапшырат да.- Өзү сүйлөшүп алса тар батирине карайбы? — деп койду Нарынбек.- Койгулачы, мен эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. — Алмаш улам чөнтөгүндөгү кагазды кармалаган сайын жүрөгү булкунганга чыдабай сыртка чыкты. Жарыкка барып, кагаздын төрт бүктөмүн ачканча жүрөгү лакылдап жатты. «Алмаш, бул жөн гана ак гүл эмес, менин ак сүйүүм, мен сени сүйөм. Эгерде сүйүүмдү кабыл алсаң мен бактылуумун, сени өмүр бою сүйүп өтөм. Ак сүйүүмдү кабыл алчы, Алмаш!» , — деп коюптур. Элмурат шашылыш жаза койгон эле. Алмаш: «Мен дагы, мен дагы сени сүйүп калдым», — деп катты ээликкен жүрөк тушуна баса бир аз сыртта туруп, үйгө кирди да, жатып алды. Катты ушунчалык аяр кармай көкүрөгүнө басып алып көзүн жумду. Элмуратты көз алдына келтирип жылмайып алды. Кыялданып жатып уктап кетти. Эртеси жумушуна келип эле Элмуратты көрдү.- Кандай, Алмаш? — деди ал акырын, мунусу катымды окудуңбу деген көз карашы эле. Аны сезген Алмаш сырдуу жылмая ишине киришти.- Алмаш, сени Элмурат сүйүп калган го? — деди жанындагы Оксана деген кыз.- Эмнеге?- Билбейм, сени эле карай берет.- Караса эле сүйүп калмак беле?- Белгилүү да.- Азыр сүйүүнүн кереги жок, иштеш керек, окуш керек.- Туура, — деп койду Оксана.- Сен сүйүп көрдүң беле? — деди Алмаш көптөн кийин.- Сүйгөм.- Анан эмне болду?- Жалганчы жигиттер көп, мен сүйгөндөй сүйгөн жок.- Кантип?

 

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE