Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

ГУЛГО ОРОЛГОН АК СУЙУУ

4-БОЛУМ

Жок.- Жалгыз отуруп зериктиңиз го, бирге отуралы, мен дагы жалгызмын, — деп күлө карады.- Зериккеним жок.- Койсоңузчу, зериккениңиз байкалып турат, сулуу кыздарга мындай суздук жарашпайт экен, күлүп турган жарашат сизге.- Эмне дедиңер, мен сулуумунбу? — Көздөрүн чоң ача карады.- Абдан сулуу экенсиз, сизге сүйлөөдөн да сүрдөйт анча-мынча жигит.- Ыраспы? — Күлүңдөй карап кайра мостойо түштү. — Анан эмнеге менин сулуулугум Элмуратка жакпайт? — деп өзүнчө сүйлөндү.- Ал ким өзү, сиздин ушул жаркын жүзүңүздү жакшылап көрө албаган жүрөгү сокур неме го?- Туура-а, анын жүрөгү сокур…- Атыңыз ким, сулуу кыз?- Гүлина.- Менин атым Турсун. — Колун сунду эле, Гүлина да ага кол берди. — Сиз өтө капаланып турупсуз, мен көңүлүңүздү көтөрүп койойун, — деп дароо официантка заказ кыла баштаганда Гүлина:- Тим коюңуз, өзүмдө деле бар, төлөп койом, — деди көздөрүн күлүңдөтө. Ал кызып калган эле. Турсун жетим бала болчу, ага ушул кыз жагып турду. Анын турган турушу менен сумкасынан акча бурап чыкканы жага түштү. «Бир байдын кызы болсо мен эптеп жагайын», — деген ойдо ички сырын тартмак болду.- Гүлина, жигитиң барбы?- Күйөөм бар.- Ошондойбу, мен сизди бойдок кыз экен дедим эле, — деп ындыны өчө түштү. Гүлина өзү эле сырын айта баштады.- Мен аны сүйгөмүн, ал мени сүйбөйт, жактырбайт, мен андан кетишим керек, качанкыга жалдырап жашайм, айтыңызчы? — деди кыз жашын төгө.- Гүлина, сүйө турган адамды сүйбөпсүз да, сизди көрүп менин жүрөгүм ээленип алды, кантип унутам эми, же жолукпай калсаң эмне? — деди кабак бүркөй. — Айла жок.- Сиздин аялыңыз барбы?- Жок, көңүлгө толоор кыз издеп жүрөм.- Аа-а, ошондойбу?- Так ошондой, сизди бир көргөндө жактырдым, Гүлина.- Айла жок, күйөөм бар, — деген Гүлина турайын деп баратып, теңселип, жыгыла жаздаганда Турсун кармай калды.- Мен сизди узатып койойун.- Өзүм кетем, машина бар.- Сыртка чыгарайын анда. — Колтуктап сырттагы машинасына алып барды. — Сиз бул түрүңүз менен бирдемеге учурап калышыңыз мүмкүн, — деп рулга өзү отурду.- Жо-ок, өзүм айдайм. — Гүлина болбой рулду талашып атып, отурган ордунда дароо уктап кетти, пивону ашыкча ичип алган. Турсун кайда айдаарын билбей көпкө ойлонду да, өзүнүн жашаган батирине алып келди. Гүлина катуу уктагандыктан, кечке чейин ойгонбоду. Турсун анын уктап жатканынан пайдаланып шорпо жасады. Ал негизи тың жашачу, колунан келген адамдарды койо бербей бучкактап, эптеп жагуунун аракетин көрүп, базарда иштечү. Эч кимиси жок, атасы жашында өлүп калган, апасы жакында көз жумду, карындашы турмушка чыгып кеткен. Бир иниси бар, айылдагы тагасынын колунда мектепте окуйт. Гүлинанын пешенесине ушундай жетим балдарды жазганбы, ал эми Турсун менен тагдырлаш боло турган болуп калды. Кеч күүгүмдө ойгонгон Гүлина жаткан жерин көрүп чочуп кетти, аны карап турган Турсун:- Кандай уктадыңыз, сулуу? — деди күлө карап.- Сиз мени эмнеге биякка алып келдиңиз?- Кайда алпараарымды билбесем эмне кылам?- Кечириңиз, мен кетишим керек, — деп туруп кетмек болгондо Турсун анын алдын тосту:- Мен сизди мындай жөнөтө албайм, шорпо даярдап койгомун, бир аз өзүңүзгө келип алыңыз.- Жок, күйөөм эмдигиче келип калды го?- Келсе келет да, сиз аны сүйсөңүз, ал сизди сүйбөсө, мен сиздин жамалыңызга гана карап отураар элем, андай мүмкүнчүлүк мага буйрубаган экен, — деди башын жерге салып. — Келиңиз эми жок дегенде дидарыңызды бир аз карап отурайын, сиз даам татып кетиңиз.- Чын эле сиз мени жакшы көрүп калдыңызбы? — деди Гүлина ага суроолуу тигиле.- Чын сөзүм, ойлоп көрсөм ушул кезге чейин бир да кызды сиздей көңүл буруп карабапмын, — деп шыпылдады Турсун, болгондо да бечара болуп турду.- Сиз эгер мени сүйөсөңүз мен күйөөмдөн кетем, аны менен ушул беш айдын ичинде эки гана жолу жаттым, ал мени жек көрөт, — деп шар кетти Гүлина. — Менин телефонумду ал, байланышып турабыз.- Жаркыным, анда мени сен кандай гана бакытка бөлөөр элең? — деди ого бетер жармашкан Турсун. Көпкө тамак ичип, пиводон жутуп коюп отура берип, кеч болуп калды. Гүлина машинасын айдап түнкү он бирлерде келди үйгө. Элмурат уктап жаткан, акырын кирип жанына отурду да:- Элмурат, сен чындап эле мени сүйгөн эмессиңби? — деди.- Уктачы, бай болгур, — Элмурат ыңгырана сүйлөдү.- Эгерде мени сүйбөсөң ажырашалы…- Бара бер, ЗАГСты кестирип койобуз, — деди Элмурат кайдыгер.- Ыраспы, сен мени кымындай дагы сүйгөн жок белең? — деп Гүлина ызалана ыйлап жатты. Элмурат унчуккан жок, Гүлина аны: «Жинди десе, мен сени сүйөм, сен абдан эркесиң, эркелигиң гана жакпайт», — деп кучактайт деп ойлогон. Козголбой жатып алганы ого бетер ыза кылды. Туруп алып кийимдерин, керектүү буюмдарын машинага жүктөп койду. Түнү бою ойлонуп чыкты. Таң эрте кат жазып калтырып, чыгып кетти. Негедир ушул алты ай ага турмуштук сабак болгондой эле болду. Катты мындайча жазган эле: «Элмурат, мени кечир, сени чын жүрөктөн сүйгөмүн, бирок ал сүйүү деле эмес экен, мен башканы сүйүп калдым, ал дагы мени сүйөт. Ошондуктан сага өзүмдү таңуулай бербей кетмекчи болдум, балким экөөбүзгө тең ушул туурадыр. Мен турмушка жеңил көз караш менен карап, каалаганымды аткартып, өзүмчүл болуп өсүптүрмүн, көрсө. Терең ойлонуп көрсөм биз мындан ары жашай албайт экенбиз. Сен мага жашоону үйрөттүң, өзүңдү-өзүң сыйлоо керек тура, менде андай сапат да жок эле. Кеч түшүндүм, кечир, Элмурат, мен сага ата-энем бергендин баарын таштадым, менин сага деген сүйүүмдүн белеги болсун. Кош бол, Элмурат.» , — деп коюптур. Элмурат катты окуп, таңгалып калды. «Дагы кандай бир бечараны сүйөм деп башын айлантып алды экен, балким дагы бир шылуундун колуна түшүп, алданып жүрбөсүн?» — деп ойлоно кайнатасынын кабинетине кирип, катты алдына таштады. Бул эмне?- Кат.- Эмне деген кат? — Надырбек чекесин тырыштыра күйөө баласын карап алып, катты окуду. — Сен эмне, ага такыр көңүл бөлбөй койдуң беле? — деди кекеткендей. — Ырас мен Гүлинаны сүйгөн эмесмин, бирок жаңыдан бериле баштагамын, — деди Элмурат ойлуу. — Менин сизге келгеним, дагы бир шылуун, болбосо алдамчыга жолугуп калбасын деп чочулап турам.- Бар, бара бер, ага өзүм жолугам.- Макул, жакшы калыңыз, — деп Элмурат чыгып баратканда Надырбек аны жек көрө карап турду.- Акмак, мен сага сүйүүнү көрсөтөм, — деп алды өзүнчө кыжына. Элмурат эс ала түштү, ата-энесине айтпай коюп, күнөөлүү болуп калбайын деген ойдо болгон. Бир оор жүктөн кутулгандай оор улутуна: «Өх», — деп алды да, жумушуна жөнөдү.Гүлина дароо эле Турсун жашаган батирге келди. Ал тура элек болчу, кирип келип босогодо туруп калды. Катуу уктап жаткан Турсун бирдемеден чочугандай көзүн ачып жиберди.- Гүлина, сен келдиңби?- Ооба, сага өзүмдүн келгеним уяттыр…- Жо-ок, эч нерсе эмес.- Азыр экөөбүз ата-энемдин алдына барабыз.- Ушунча тезби? — Турсун таңгала кийинип, өйдө туруп отурду да: — Эмне дейбиз? — деди.- Сен мени сүйөөрүңдү айтасың, алтургай мурдатан эле таанышпыз дейсиң.- Болуптур, айтканыңдай болот.- Анда кеттик, менин сүйөм дегениме мурун ишенбей койгон дегин, — деп сөз үйрөтүп жатты.Алар машина менен заңгыраган эки кабат үйдүн алдына токтогондо Турсун жым дей түштү, «Демек эми жашаса болот, Гүлинанын арты менен көп нерсеге жетишем, буйруса. Мага сүйүүнүн эмне кереги бар?» — деген ойдо Гүлинанын жетегинде ичке кирди. Надырбек жумушка кетип, Света өзү эле болчу. Кызынын бөтөн жигитти колунан алып жетелеп келе жатканына жүрөгү сыздай түштү. «Мунун акыл-эси ордунда эмес, жалгыз кыз деп ою менен болуп койсо таптакыр адебинен кетти», — деп ачуулана алдынан чыкты.- Ай, кыз, бул эмнең?- Апа, мен Турсунду сүйөм.- Басчы биякка, — деп Гүлинаны ачуулуу колунан ала аркы жактагы бөлмөгө жетелеп барып, — Акыл-эсиңди таптакыр жоготуп койдуңбу? — деди олурая.- Апа, мен анда Турсун менен каалаган жакка кетем! — деп сөз укпай жүгүрүп жөнөгөндө Турсун аны кармап калды.- Кечириңиз, апа, мен Гүлинаны башынан сүйөм, бизге уруксат бериңиз.- Мунун эри бар, мунуңар болбойт, мен эчтеке билбейм, — деп Света терс бурулду.- Апа, мага акча керек, — деп Гүлина кайра апасына кайрылды.- Акча жок менде, сен үйдө кал, атаң келгенде сүйлөшөбүз, — деп үчөө турганда Элмурат кайнатасы берген машинаны айдап келип киргизди да, алардын жанына келип:- Апа, мени кечириңиз, дагы бир келгенде үйдөгү септи алып келип берем, мына машинанын ачкычы, — деп сунду. Турсундун көзү жайнай түштү, «Бул машина, буйруса, меники болот экен, ушундай адамдардан безе качкан неменин бир ишенгени бар же жеткен акмак», — деп ойлонуп алды.- Силерге эмне болду, Элмурат? — деп Света Элмуратка кайрылганда Гүлина ортодон чыкты:- Сураба андан эчтеке, мен аны жек көрөм, апа, жоголуп кетсинчи көзүмө көрүнбөй! — деп жер тепкилей кыйкырып ийди. Элмурат үн дебей Турсунду бир карады да, короодон чыгып кетти.- Апа, мен Гүлинаны тээ көптөн бери сүйөм, бул мени тоотпой өчөшүп ушуга кетип калган, биз эми бири-бирибизсиз жашай албайбыз, — деп Турсун жанталашып кирди. Света унчукпай үйдү карай басып баратканда короонун оозунан Толкунбек аялы, баласы менен келип калды. Алар көп каттайт, он жети жыл илгерки окуянын болуп өтүшү эми түш сыяктуу эле. Бирок Толкунбек кыздын ашепке эркелигин жактырбай: «Мынча эмнеге эрке кылып коюшкан, акылы да кем болсо керек», — деп ойлоп койчу. Анткен менен ортодо кыз жөнүндө сөз болчу эмес. Эми Света аларды утурлай басып тосуп алды.- Келгиле-келгиле, кандай, акем менен жеңемдер жакшы жатабы?- Жакшы-жакшы, жеңе, өзүңөр кандайсыңар? — Кудайга шүгүр.- Жеңе, жакшы жүрөсүзбү? — Толкунбектин аялы Нурийла кол бере учурашты, төрт-беш жашар баласын өөп койду Света. Алардын көзүнчө эч нерсе дей албай чогуу үйгө киришти. Турсун үй ичине киргенден кийин да кымбат, чет элдик буюмдарды көрүп эмнеси болсо да Гүлинанын бутун кучактап өпкөнгө даяр болуп, жагынуунун амалдарын ойлой баштады. Толкунбектерди коноктомок болгон Светага Турсун жардам берип жатты, эт бузуп, казанга салып, отун жарып жүрдү. Света негедир ага ичи жылып, «Дурус жигит окшойт, Элмурат өзү жалгыз, карапайым болгону менен келип кызмат кылган да жок, корсойгон неме экен. А бул Надырбекке да кол-бут болчу неме көрүнөт», — деген ойдо болуп жатты.- Карындашым, кандай анан, окуюн деп жатасыңбы? — деп Толкунбек Гүлинага кайрылды.- Жок, окугум келбейт.- Эмнеге?- Жөн эле, — деп туруп кетти Гүлина.- Окуганың жакшы эмеспи, байкемдин арты менен окуп-чокуп алганыңда дурус болмок.- Ушундайыңарды койгулачы, байке, китеп окуп башымды ооруткум келбейт, — деп ал өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти.- Тим койсоңчу, өзү билет да. — Нурийла күйөөсүн нукуп койду.- Деги айтам да.- Айтпа, окуса окуур, окубаса өздөрү чечет.- Мейли, койдум эми, — деп күлүп калды Толкунбек. Сырттан кирген Света:- Бул кызды оку десек болбой койду, турмушка чыккан, — дегенде Толкунбек жеңесине таарыныч кылды:- Ушунуңар кантип болсун, жеңе, бир кыз берсеңер, айтып койбогонуңар жакшы эмес, карындашымды өзүм кубалап барбайт белем?- Эч кимди деле айтканыбыз жок, жетим-жесир экен…- Өзү жактырса болду да, бактылуу эле болсун, жеңе.- Айтканыңар келсин.- Кай жерлик экен?- Чүйлүк го?Кечинде Надырбек жумушунан эрте келди. Толкунбектер менен учурашып, кийимин алмаштырганы башка бөлмөгө киргенде артынан Света кошо кирди.- Кемегеде жүргөн ким? — деди Надырбек аялына.- Акырын эми, кызың ээрчитип келиптир, Элмуратты сүйбөйм, ушуну менен бактылуу болом деп…- Кудай урган кыз болду го?- Машинаңды алып келип, таштап кетти.- Көрдүм.- Көрсөң унчукпа эми, айла канча, дагы эркине койолу, кандай болоор экен арты, — деген Света кетип калды. Надырбек кийимин алмаштырып келип креслого отуруп калды. «Өзүмдөн болбосо да балам деп ою менен өстүрсөм жинди болду, көргөн-уккан эл эмне дейт? Мунусу кандай неме болду экен, тууган-уругу барбы деги? Кандай гана акмак болду бу кыз, окугусу да келбеди, акылы жок болду го», — деп оор күрсүнө жаагын таянып отурганда Света кирди: Эмне болду? — Надырбек ага ормойо кулак түрдү.- Тамак даяр, жүрү коноктордун жанына.- Алып кире бер, мен тиги менен эшиктен сүйлөшүп кетирип жиберейин.- Кой, атасы, кызың дагы бирдин ичинен чыкпасын, дурус жигит экен, кызыңды дагы бир жолу кечир, атасы.- Ушу сенин кең пейилдигиң, айтканын жасай берип, төбөбүзгө чыгарып алдык го?- Ушунусун кечир, балким чын эле бактылуу болуп кетээр…- Он жетиге толбой жатып, кайра-кайра күйөө алмаштырганы дуруспу анан? Жаман көндүрүп койдук муну, эл караган жүзүбүздү жер караткан кызыңды үйдөн кууп чыгам! — деп жинденип кирди.- Атасы, аны кубаласаң мен дагы кетем, ушу деп сени менен жашап келе жатам, эгер бул болбогондо эбак кетмекмин.- Болду эми, кызым экөөңөрдү кубалап ийип үйдө жалгыз калмак белем, кечирдим Гүлүмдү. Эгер эркек болгондо кайра-кайра катын ала бермек экен ыя, байбиче? — деп жайдарылана түштү Надырбек. — Дүнүйөдө жалгыздыктан корком, — деп, экөө ээрчише конок бөлмөгө киришти. Толкунбек чынында күмөнсүй берет, «Акыры бир күн айтабы?» — дегенсип өзүнчө агасынан тартынып турчу.- Келгиле, тамакка карагыла, Надыр, куй эми, келин дагы келип калыптыр. — Света эч нерсе болбогондой күлө бага конокторуна карады.- Кыз-күйөө кирбейби, жеңе? — деди Нурийла.- Аа-а, азыр келишет. — Света ыңгайсыздана туруп сыртка чыкты. Гүлина Турсунду өз бөлмөсүнө киргизип кеткен. Света сырттан таппай машинанын карады да, кайра кирип бөлмөсүнөн тапты. — Киргиле үйгө, ашыкча сөз болсо түз жооп бергиле, уят кылбагыла, — деп ээрчитип кирди. Турсун өзү узун бойлуу чоң кой көздөрү бакырайган, кирпиктери кыздардыкындай узун, кырдач мурун, ак куба жигит. Чогуу отуруп тамактангандан кийин Надырбек: «Сени менен сүйлөшсөм болот эле», — дегендей Турсунду улам карап коюп жатты.Күйөө бала болчу неменин шыпылдап конокторду тейлеп, суроого жаңылбай жооп берип жатканы Надырбекке жага түштү. Элмурат түнт бала эле, эшигине келген да эмес. «Көтөрүлгөн энеңдурайын десе, көздүү мончок жерде калмак беле, сенден дурусураак жигит экен, бышмыйып кала бер өзүң», — деп Надырбек сөгүнүп алды ичинен. Турсун Светаны тургузбай улам сыртка чыгып, казандан шорпо куюп келип, бөтөлкөдөгү аракты бөлүп куюп, лепилдей берди. Ал күнү сүйлөшүүгө убактысы болгон жок. Эртеси Толкунбектер кеткенден кийин:- Кана, эми сүйлөшөлү, Гүлинаны жакшы көрөөрүң чынбы? — деди Надырбек.- Ооба, абдан сүйөм, мурда эле үйлөнөлү десем болбой койгон, кийин өзү түшүндү окшойт…- Качантан бери жолугуп жүрөсүңөр?- Эки ай болду, — деп калп айта салды.- Кызымдын өтө эрке экенин билесиңби?- Билем-билем. — Кадырына жете аласыңбы?- Жетем, сөз берем, ата! — деп ордунан тура калды.- Ата-энең барбы?- Жок, экөө тең өлгөн, карындашым, иним бар.- Жакын туугандарыңчы? — Бир тууган тагам бар, туугандар деле бар деңизчи, бирок эч кимге көз карандылыгым жок.- Азамат, анда тагаңды, жакындарыңды айт, той өткөрүп никеңерди байлайбыз, тиги акмак койнундагы аялын алдырып кала берсин! — деп койду кол шилтей. Турсундун кубанычында чек жок, мындай кадыр-барктуу адамга күйөө бала болуунун өзү эле канчалык сыймык деп ойлоп жатты. Гүлинанын ою деле жок, эч нерсе болбогондой кайрадан Элмуратты ойлонуп: «Эмнеге ал мени сүйбөйт, мен эмнеден кеммин, аны сүйүп калганым эле күнөө болбосо кайсы айыбыма мени карабайт» , — деп ызаланып да алды. Бир күнү ал машинасын айдап, Элмураттын жумушуна барды.- Эмнеге келдиң? — деди Элмурат аны көрүп эле жини келе.- Элмурат, сен эмнеге мени сүйбөйсүң?- Сүйбөйм, сүйө да албайм! — Шарт бурулуп кетип баратты жигит.- Мен сен үчүн, сага өчөшүп дагы күйөөгө тийем, бирок сен менден кутулам деп ойлобо, аял алдырбаймын, жашатпайм дагы! — деп кыйкырган Гүлина машинасына жетти.- Сен кимсиң менин өмүр жолума бөгөт болчудай, өз жолуң менен жүр, экинчи менин алдымдан чыкчу болбо! — деп муну уккан Элмурат өзүн кармана албай калчылдап кетти.- Мен сенин аялыңмын, мен күйөөгө тийем, а сен аял ала албайсың, мени чанганың үчүн сенин жашооңду тозокко айлантам! — деген Гүлина машинасын катуу айдап кетип калды.- Эн-неңди! — деп алды Элмурат. Үч күндөн кийин Надырбек машина жөнөтүп, кызына бергендерин жүктөп алып кетээрде Дарыйка:- Менин да ак ниетим менен жыйганым кетти, чачылдым-чабылдым, жалгыз аял, жетим баланы чабылтып кете берген өзүңөрдүн кызыңарда күнөө. Мени өлтүрүп, анан жүктөп кет, болбосо сотко берем. Кызыңарды кой-ай дебей жетелеп барганга күйөөгө бере бересиңерби? — деди ачуулуу. — Эки миң доллар кетти, уулум экөөбүздүн ичпей-жебей жыйган-тергенибизди төлөп берип алып кете бергиле!- Аны шефке айтыңыз.- Шефиңе өзүң айт, мен жаманымдан чачылып-төгүлгөнүм жок, ак пейилим менен күткөмүн ошолорду, — деп эшигин жаап алды. Кечинде келген уулуна айткан жок. Гүлина дагы муну угуп алып атасына:- Эмнеге барасыңар, кереги жок, ошол үйдө турган буюмду эми урунбайм, дагы бирөөнү жөнөтсөңөр машинанын алдына өзүм бой таштайм! — деп бакырды.- Болду, болду, кызым, — деди ойлуу Надырбек. Чынында ал сеп үчүн беш миң доллары кеткен эле. Ага кабыргасы кайышмак эмес, кызын теңине албай жеңил баа кылган Элмуратка жини кайнап турду. «Сенин көзүңдү курутамын шашпа», — деп кыжынып атканда Света жанына отуруп:- Элмурат жалгыз бала, бирок сен экөөбүздөн баланы жакшы тарбия берип чоңойткон энесинин мээнетин актай турган жигит. Жаш эмеспи, атасы, бирөөгө жамандык кылба, бизде да жалгыз кыз бар, ачууңду бас. Бирок анын айтканында калет жок, ченебей жакшы тосту, чын пейили менен күтүп алды, балдардын андай кылаарын ким билиптир…- Болуптур, байбиче, сенин сөзүңдү укпай коймок белем? — Көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Надырбек ушул азыр өзүнөн бала болбогонуна сыздап отурду. Эркек болуп жаралып тукумсуз болуунун өзү арман эмей эмне, колдон келээр иш болсо, акча менен баалай турган нерсе болсо гана, атаганат. Пенде буга келгенде алсыз да, аргасыз да келет тура, ичтен түтөп турду. «Менден болбосо да балам жок дебей төрөп алсын деп тим койдум эле, ырас эле өзүмдүн дагы күнөөм бар. Өз оюна койдум, айтканын аткардым, жалгыз кызым болсо каалагандай өссүн дедим», — деп ойлонуп жатты. Анын дагы бир күнөөсү Светага ачык айтпаганы болду. Эки-үч күн катуу ойлонуп койгонго кан басымы көтөрүлүп, түндө ооруп калды. Ошентип Гүлинанын тою болбой калды. Бир жумадан кийин ал алсыз көзүн ачып:- Света, мени кечир, мен сенден бир сыр жашырып жүрүп өттүм, — деди.- Койчу, атасы, кандай сыр экен ал? — Света эринин жаздыктарын оңдоп жатып: «Менин башка аялым, балам бар дейт го?» — деп карап калды.- Эч ким жокпу?- Ооба, мен элемин.- Света, мен эми силер менен коштошомун, — деп оор дем алып алды да: — Менден бала болбосун өзүм билчүмүн, Света, ошону сага айтсам ажырашып кетип калабы деп өмүр бою жашырып келдим. Балким сен көп балалуу болот белең, бир гана Гүлина деп жалгыз калбайт элең. — Надырбек дагы бир аз тынып оор дем алып алды. — Эми кыз-күйөөңдү колуңдан чыгарба, Гүлинага көп эле акча бере бербе, — деп папкасын алдырды. — Бул менин банктагы акчам, аны сенин атыңа которуу үчүн баарын даярдап койгомун. Фирманы жетектөөнү Турсунга тапшырайын, чакырчы аларды.- Эмне болуп жатасың деги, кайраттуу калбаат эле адам элең го? — Света алсыз күйөөсүнүн чекесинен сылап ыйлап ийди. — Мен деле ыраазымын, мен да сенден кечирим сурайм!- Болду айтпа, Гүлина менен Турсунду чакыр! — деп Надырбек көзүн жумду. Света ичтен сыза кыз-күйөөсүн чакырды. — Келгиле, балдар, менин да силерден бөлүнөөрүмө аз калды. — Турсунду карады. — Сен Гүлина экөөңөр фирманы колго алгыла, өзүм билемдик кылба, ар дайым жаныңда Гүлина болсун, — деди эле, Гүлина отура калып ыйлап кирди:- Ата-а, эмне деп жатасың?- Ыйлаба, кызым, жашоо ушундай, төрөлгөн соң өлмөк бар, келген соң кетмек бар… — Онтоп ийди.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE