Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 10 бөлүм (аягы) 

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

Гулго оролгон ак суйуу

Аягы

— Кандайча, сени унутуп кайда бармак элем, иштеген ишим ошондой болсо кандай кылам, Алмаш, андан башка себебиң жокпу?- Башкы себебим сенин башка аял менен Көлгө тойго барганың.- Эмне? — Элмурат чочуп кетти.- Калппы?- Көлгө баргамын, шеф карындашын алып барып кел деген.- Анан сени күйөө катары барып кел деп суранды беле?- Койсоңчу, Алмаш, күйөө бала эмес, айдоочу катары баргам.- Калпты көп айтканга көнгөн экенсиң, андан көрө чындыгын айт, сенин сүйүүң бир жылдык беле?- Жок, Алмаш, болбогонду айтып баш оорутпасаң, чарчап кыйналып келсем көп сүйлөйсүң. Бала менен кышында эч жакка барбайсың, жазда өзүбүз эл катары төркүлөп барабыз, элди билесиң да. Ата-энеңе да сөз тиет, койчу эми, алтыным, кайдагы бир ушактарга алданып, өзүңдү жеңил кылбачы, — деп кучактап өпкүлөп, таарынычын жазууга аракет кылды.- Элмурат.- Эмне болду дагы?- Сен бир гана жолду танда, мен билем сенин дагы бирөөң бар экенин…- Эмне, ойдо жокту айтат экенсиң.- Моюнуңа алсаң эч жакка кетпейм.- Жалганды мойнума кантип алам?- Жалган дебе, моюнуңа алышыңды үч күн күтөм.- Алмаш, сен бала сыяктуусуң. — Чынында эле баламын, он тогуз жаш эмне ойноо курак, али ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойо элегимде сенин үйүңдө бала багып, сени күтүп күн өткөрүп жатам.- Макул-макул эми, мындан ары жиберген жагынан баш тартып койомун да, сенин жаныңда болом, макулбу, жаным, балким кышы бою иштебей эле койормун?- Ал өз ишиң.- Машинанын мага ишеним менен берип жатпайбы, аны да тапшырайын анда.- Иши кылса баары өз колуңда, үй-бүлөңдү сактап калгың келсе баарынан баш тартышың керек, бир гана жумушту шылтоо кылба. Сен бай аялга азгырылып жүрөсүң, өз жолуңду өзүң гана таап, тагдырыңды өзүң чечүүгө тийишсиң! — Өйдө болуп, Элмуратка тигиле карады.- Эмне деп жанды кейитип жатасың, Алмаш?- Жан далбас кылып калпты кайталаба, мен билем. Андан көрө эки жол бар сенде, же ал же мен! — деп Алмаш кайра жатып алды.- Көзү ачыктык жайың бар экенин билбептирмин. — Элмурат аргасы кете унчукпай көпкө отурду. — Макул, андай билгич болсоң өзүң бил, барсаң бара бер! — деди тескери карап жатып алып.- Болуптур, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, ойношу бар эркек эр болуп жарытпайт, — деп акырын туруп, ата-энеси алып келген кийим-кечесин, өзүнө тиешелүүнүн баарын бууп түйдү да, — Жок дегенде жеткирип койорсуң? — деди.- Эртең менен жеткирем.- Жок, азыр, болбосо такси менен кете берем.- Алмаш, деги сага эмне керек, мен эс алып алып, эртең эрте жумушка барышым керек. Жылан чакпай, жылкы теппей, сага эмне болду, тейтеңдебей жатып укта! — деп жини келип тура калды. Алардын үнүн уккан Дарыйка кирип келди:- Эмне болду, айланайындар? — Эчтеке, апа, жата бер.- Апа, мен кетем, — деди Алмаш. — Балаңыз чындыкты айтса кетпейм, ойлонууга убакыт берем!- Эмне дейт, карангүн, эмне болуп кетти?- Балаңыздын башка аял менен жүргөнүн билип эле жүрөм, мен келесоо эмесмин, сизди аяп отурам. Чындыкты мойнуна алып баласы, өзү менен карганып берсин, ошондо ишенем, — деп Алмаш катуу көгөрдү.- Алдыңа кетейин, башка аял дегениң эмнең, кантип ошентсин, балам, иштеп жатпайбы, садагаң. Караңгыда бала менен ит куугансыбай тынч жатып ал, андан көрө кеңешели, кыш болсо дагы төркүлөтөйүн. — Жок, мен азыр кетем, болбосо каргансын.- Алмаш, мен каргангыдай эмне күнөөм бар экен, сени түшүнүктүү деп жүрсө сен деле көп аялдын бириндей мээ чиритме тажаалдардан экенсиң да. Кыз экенинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат деген ырас экен, — деди Элмурат соксоюп отуруп алып. Үчөө үч жерде үңкүйөт. Дарыйка келинин эптеп тынчтандырмак болуп карбаластап жатты.- Кой, балам, төркүлөтүп баралы, куданын да дос-душманы бар, эл-журту кулак түрөт. Ата-энеңди жер каратпай эл катары алып барайын, балам. Муну мен өзүм тарбиялайм, башка келиндин мага кереги жок, неберемди менден бөлбө, садага, — деп Алмашты кучактап-өөп отургузду. — Менин келиним да, кызым да өзүңсүң, айланайын, жылуу ордуңду суутуп кетем дегениңди кой. Эркек деген сырттан иштеп таап келет, сырттын адамы болот, бул таап келбесе менин пенсиям эмнеге жетет, балам? Калың алып барыш керек, кийит-кечеге канча акча кетет, эки-үч батирдин акысы кайсыга жетет, балам? — дегенде Алмаш унчукпай калды. «Мейли, калың берип чабылсын-чачылсын, анан көрөйүн, жашаса ана, жашабаса мына, эгер токтотпосо ошол бойдон келбей койом», — деген ойго токтолуп, үндөбөй тим болду. Элмурат ого бетер өчөшүп калды. «Аялдын баары эле бирдей тура, мен Гүлинадан ажырап бекер кылган экенмин, эгер мен аны кет дебесем оорумак эмес. Ошонун баарына мен күнөөлүүмүн, кетсе кете берсин, мен аны үйгө алып келип алам», — деп терс караган бойдон жатып алды. Эртеси эрте туруп, жумушуна кетип баратып:- Бүгүн мени күтпө, сени төркүлөтүш үчүн канчалаган акча керек, шефтин тапшырмаларын аткарбасам, кайдагы акча? — деп коюп чыгып кетти. Үндөбөй кала берди Алмаш. Ал телефон чалып, жеңесине сүйлөшүп, кийим-кечеси менен бир топ буюмун берип жиберди. Аны Дарыйка билген жок, ал эрте туруп, Светага кеткен.Дарыйка келгенде Света менен Ысман чай ичип отурган.- Келиңиз, кудагый, — деп ыңгайсыз ордунан тура калды.- Келдим, сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.- Макул, кириңиз үйгө.- Жок, эшиктен эле сүйлөшөлү.- Сизди угуп жатам.- Менин келгеним Элмуратты эми жолотпой эле кой дейин дегемин, айланайын. Гүлина мурда кетпей койсо болмок, эми келиним угуп-билип алып, кетем деп жатат. Өзүңдүн башыңда бар жалгыздык, мен дагы жалгыз баламды ара жолдо калбасын деп корком.- Аны балдар өздөрү билет, кудагый, мен эле ошолорду жашыруун жашасын деп жүрөт дейсизби, жаман-жакшы айтышканда эмне? Элмурат кыйын күндө жардам берди, ооруп жатканда жанында болду. Жүрүңүз үйгө кирип, жай сүйлөшөлү, — деп Света болбогон оюна койбой Дарыйканы ичке алып кирди. — Сиздин да, менин да жалгыз балабыз бар. Сиз дагы кийин кор болбосо экен деп ойлойсуз, мен дагы көзүм өткөн кезде кызым жакшы адамдын, ишеничтүү кишинин кароосунда калса дейм, же жалганбы, кудагый? — деп күлө карады.- Аның ырас дечи, агымды-көгүмдү чачып алдым эле, неберем бар, кайра-кайра балам дагы үй которо берсе эмне болот?- Кам санабаңыз, кудагый, отуруңуз, чай ичели, мен тамак жасайын, жай отуруп, кеңешели, — деп конок бөлмөгө киргизип, алдына баарын койду. Килтийген семиз эттен тамак жасап келип, Ысман үчөө тамактанып отурушту. Дарыйкага болбой импорт коньяктан куюп отурганда Дарыйка үй ичине сарасеп салып: «Эмне экен, ырас эле балам мындай заңгыраган үйдө жашаса болбойбу? Боюнда бар деди эле, төрөп берет, жашаса жашай берсинчи, эмне болсо да көрдүм», — деген ойго келди. Кетип жатканда Света анын чөнтөгүнө акча салгандай болду.- Ботом, тим эле койсоң боло, — деди Дарыйка.- Кудагый, мен кызымдын экинчи аял болуп, аялы бар эркек көзүмчө келип, түнөп кетип жүргөнүнө кайыл болуп олтурам. Ошол уулду сиз төрөп коюпсуз, эки аял менен жашап жаткан уулуңуз өзү чечет ким менен калаарын, сиз экөөбүз кайдан, — деп күлүп-жайнап узатып койду.Дарыйка жолдон чөнтөгүндөгү акчаны алдырып ийбейин деп, кармап көрсө көптөй көрүндү. Маршруткадан түшөөрү менен алып санаса миңдиктен туура он экен. «Кудай уур, бир салганда он миң салат, булар чириген эле бай, жалгыз кызынан башка карманаар эч кимиси жок. Демек Гүлина менен жашаса балам дагы эчтекеден кор болбойт», — деген ойго токтолду. Үйгө келсе Алмаш тамак жасап алып, күтүп жаткан экен:- Кайда кетип калдыңыз, апа?- Аа-а, балам, сени төркүлөткөнгө акча издеп жүрдүм, — деп калп айтканына өзү уялгандай жүзүн үйрүй отура кетти.- Убара болупсуз да, — деди Алмаш чындап боору ооруй.

— Антпесек болбойт да, балам, азыр бир эле кийит он миң сом турат экен, күйөөң ошого жанталашып, күндөп-түндөп жүрөт.- Анчалык кыйналбай эле коюңуздар.- Ошо кантип болсун, балам, куда-кудагыйдын урмат-сыйы ошондо да.- Мен төркүлөбөй эле бара бербейинби, апа?- Кой, ботом, каада-салт менен эле алып барам.- Апа, көп кыйналбаңызчы, мен жок дегенде эртең акемдикине барып келейин, сиз капа болбоңуз.- Кой, балам, барсаң баланы мен алып калайын, кечке келип каласың, суукта бала үшүп калат, — деп Дарыйка макул болбой койду.Ал чынында Алмашты кетиргиси деле келбейт, ыймандуу дурус келин, өзүнө карамдуу. Баласын да кыя албай аргасыз карыган кезинде көр дүйнөгө азгырылып, кийинки жашоосун ойлоп, тим коймок болду. Дүнүйө-байлык кимди гана жолдон чыгарбаган. Заңгыраган эки кабат үй, эшигинин алды жалтырап таптаза, жашыл арчалар катарынан тигилип, кең короосу, алма-өрүгү, кемеге-очокторун өзүнчө үйдөй жасатып койгонун көрүп кызыгып алды. «Буйруса баары уулумдуку болот экен да, Света айткандай балам эркек экен, бир эле убакта эки аял менен жашап. Аны да колунан келгени жасайт», — деп компоюп алды.Элмурат үч күн бою келген жок. Гүлиналардын фирмасына кирген. Фирманын ишин үйрөнсүн деп, Эрмектин жардамчысы кылып койгон Света. Күндө Гүлина экөө ошол жерде документтер менен компьютерде отуруп кайтышат. Элмурат өзү жөндөмдүү болгондуктан, бир айдын ичинде үйрөнүп алды. Алтурсун Эрмекке билбеген жерин үйрөтүп, фирманын алдыга озуп чыгуусуна, продукциянын өтүмдүүлүгүн жогорулатуунун жолдорун изденип таап чыга баштады. Тажрыйбалуулардан дагы ашып түшүп, анын ойлоп тапкан продукциясы өтүмдүү боло баштаганда Эрмек аны сыйлап калды. Ошентип ал фирманын ишин жүргүзгөнгө кадыр-баркка алынып, бат эле Эрмекке жакты. Гүлинанын ичи билинип, тамакты тандап ичип, экөө ар дайым кафе-ресторандан тамактанат. Жыргалдуу жашоонун даамын таткан Элмурат үйүнө такыр келбей калды.Он күндөй өткөндө келди. Дарыйка эшикти ачып:- Кайда жүрөсүң, уулум? — деди кабатырлана. — Жумуш, апа.- Жок дегенде тез-тез келип турсаң боло?- Келбедимби, — деп ички үйгө кирип, алып келгендерин койду. — Алмаш, уктадыңбы?- Жок.- Тур, менин эмне алып келгенимди көрчү, Кутуга йогурт алып келдим, сага банан, алма-жүзүм, баары бар, апам болуп чогуу ичели.- Башым ооруп жатат.- Койчу эми таарынбачы, менин кардым ачты, апама набат алып келгемин, чогуу чай-пай ичеличи, — деп торолуп калган уулун көтөрүп алып, оозгу бөлмөгө чыгып кетти. Дарыйка өзү дасторкон жайды. Чай куюп коюп, өзү Алмашка кирди.- Алмаш, тура гой, балам.- Азыр, апа. — Алмаш аргасыз ордунан туруп келди.- Уулума йогурттан берчи, кана-кана, уулум, күлүп койчу, атаңдын күндөп-түндөп иштегенин сен түшүнөсүң ээ? — дегенде Алмаш жарылып кетти.- Жетет, сенин оюнуңа чыдап бүттүм!- Алмаш, сен эмнеге минте бересиң? — Элмурат билмексен боло карап калды.- Ушунчалык да акмак болосуңбу, мен адаммын, темир эмесмин, уктуңбу, эми чыдай албайм! — деп ыйлап кирди. — Сүйөм-күйөм деп алып алып, эми ара жолдо таштагың барбы, мени кордогонуңду качан койосуң, же менден жакшысын таап алсаң жолумду тоспо!- Алмаш, акырын кыйкыр, батирчилер угат, эмне болуп жатканыңа түшүнсөм кудай бар, эсиңди жыйчы!- Акыл-эсим ордунда, мени жеткирип кой, мындан ары бул үйдө туралбайм! — Кой, балам, урушупагыла, айланайын, — деген Дарыйканын сөзү текке кетти.- Кереги жок, мен эми турбайм! — деп булкуна ордунан туруп, кийим-кечесин алды да: — Келе баланы, кетем! — дегенде Элмурат:- Баланы үшүтөсүң, бербейм! — деди. Колунан жулуп алмак болду эле, Элмурат аялын жаакка чаап жиберди. — Эмне, сага бала төрөп алып, күйөөдөн кетиш керекпи, андай болсо жолдон төрөп албайт белең, бул менин балам, өзүмдө калат! — деп ички бөлмөгө кирип кетти.- Ай балам ай, эркек деген ошондой болот, кечигет, кеч келет, түнөп калат, илгертен бардык аялдар ошого чыдап жашап келет, чыдап турсаң баары жакшы болмок.- Кача-ан, качан жакшы болот, балаңыздын келбегенине чыдап күтүп, жашай берейинби? — Отура калып ыйлап жатты Алмаш. Эне көпкө чейин акыл-насаат айтып отурду. Үнсүз ыйлап отурган Алмаш күйөөсүнүн жанына барбай кайненесинин жанына жатып алды. Дарыйка канчалык айтса да болбой койду. Баланы жанына алып, уктап калган Элмурат качан бала ыйлаганда туруп көтөрсө да болбой айласы кетип жатканда гана Дарыйка кирип өзү алды.- Сийип алган го, каралдым, сен уктай бер, балам.- Мейли, — деп кайра жатып алды. Алмаш унчукпай баласы ыйлаганын укса да уктамыш болуп жата берди.Эртеси Элмурат унчукпай кетип калды. Ал кеткенден кийин Дарыйканын ыйлап тоскоол болгонуна карабай Алмаш үйдөн чыгып кетти. Элмурат бир ойго келе албай, кечинде үйүнө келсе Алмаш жок. Дарыйка үндөбөй отура берди.- Апа, кеттиби Алмаш?- Кетти.- Өзү билсин, мен дагы кыйналып кеттим.- Өзүңдү-өзүң кыйнабадыңбы, балам, неберем болпоюп чоңоюп калды эле, тун балаң өзүңдөн алыс өсүп калат эми.- Алып алам.- Бермек беле?- Көрөсүң, алып келип берет.- Эмнеси болсо дагы аман болчу, каралдым, — деп Дарыйка үшкүрүнө дасторкон жайып, чай-тамагын алып келди.- Эмне кылайын, апа, Гүлинанын да көңүлү калып жатпайбы, анын үстүнө эч кимиси жок, апасы экөөнөн башка, аларга карап туруп боорум ооруйт. Гүлина экөөбүздүн ЗАГСыбыз да кыркыла элек эмеспи.- Өзүң азапта калып, кийин балаңдан сынбасаң болду, балам. Мынча ыза болуп кеткен неме балага терс жактарыңды айтып, көңүлүнө уютуп койсо ал бала сени жек көрүп чоңойору бышык.- Чоңойгуча өзүмө алам, апа. — Гүлина кабыл алмакпы, менин болсо канча жашоом калды ким билет, сен бир жаңсыл болуп, көңүлүм тынып калса жакшы болот эле…- Кам санаба, апа, ойдогудай болот, кудай буйруса, фирманын ишин үйрөнүп алсам жашоо ойдогудай жашайбыз, апа. Гүлина жакшы болуп калды, ал мурдагыдай эмес, токтоо болуп баягы ит кыялы калган.- Эми көрөбүз, балам, кайын журтуң да келип калабы…- Эмнеге келмек эле?- Ыйлап-сыктап барса сенден сурап билүү үчүн бир келишет.- Келсе келе берсин, — дегиче болбой эшиктен дарбазанын кагылганы угулду.Элмурат чыга калса кайнагасы, кайнежеси менен жеңеси үчөө кирип келе жатыптыр. Алардын артында Алмаш.- Келиңиздер. — Ийи, баатыр, үйдө белең?- Кайда болмок элем?- Суроосун кара, — деп кекете ичке киришти.- Келээрибизди билген го? — деди кайнежеси Айнаш жаман көзү менен карай.- Эмне болуп кетти, үйүм болгон соң келем, жумушта иштейм, сиздерге эмне болду, келбей жатып, — деди Элмурат дагы жини келе.- Кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп, анан айтып жатканын кара. Кандай бүгүн үйдө болуп калдың? — Алмаш ага үтүрөңдөй карады. Аңгыча үйгө кирип келишти.- Келгиле-келгиле, кудалар, — деп Дарыйка ордунан тура калды.- Келдик, кудагый, буларды ары же бери кылалы деп келдик, — деди агасы Туратбек отуруп жатып.- Эми, айланайын, Алмашта деле күнөө жок, балалык кылып жатышат, жашоо оюнчук эмес, чыдап-күтө бил деп айтып эле жүрөм, — деди Дарыйка күнөөлүүдөй. — Кудагый, бүлөнү да бүлөдөй кылып караш керек, карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет дегендей көрүнгөндөн күйөө балаң тигил жакта жүрөт деп кеп угуп калдык. — Эжеси Айнаш чоюштай сүйлөдү. — Андай кереги жок болсо кордотуп таштап койгудай жалгыз жарым эмес, арка болоор ага-инилери, жөлөк болоор эжеси, аска тоодой болгон ата-энеси, төркүн-төсү бар.- Арка жөлөгү жок деп, анан чогулуп келдиңерби, айланайын, жалгыз болсо да жанында мен бармын, тууган-уругу кудайга шүгүр. Алмашка мен эчтеке дегеним жок, отурган кыз орун табат, унчукпай отура бер, кайда барат эле деп канча айттым. Андай эле баламдын жалгыздыгы күнөө болсо кылаарыңарды кыла койгула! — деди Дарыйка ачуусу келе. — Бүлөмдөй эмес, өз кызымдай эле карап отургам.- Сиз деп жашадым бир жарым жылдан бери, кандай эле билбей калдыңыз, үйгө келбейт, келсе эки-үч күндө бир келет. — Алмаш ый аралаш сүйлөдү.- Элдей болуп базарга чыгаар эч кимибиз жок, күндө май чайнаткан ким, балам, же бир тузуң кемиген күн болдубу? Чалкалап жатып кардыбызды сылагандан башка жумушубуз барбы? Бул иштебесе баланы баксын, сен экөөбүз базарга чыгып соода кылалы.- Кудагый, үй-бүлөсү болгондон кийийн багат да, сиз балаңызды урушкандын ордуна кайра жактап жатпайсызбы? — деди Сабина.- Балам тарбиясыз бирөөлөрдөй болсо айтаар элем, менин балам айттырбай билет. Көп сүйлөбөй силерге кулак төшөйүн, айланайын. Менин кетирген келиним жок, өз оокатын кылам десе мына үй, эчтекеден кемиткен жокпуз, кийем дегенин кийип, ичем дегенин ичип отурат.- Кудагый, — деди Туратбек, — ырас жаш эмеспи, кетсе кеткендир, бирок биз кулак укса курсак кайнаганда келип отурабыз. — Элмуратка карады. — Кана, Элмурат, өзүң эле айта салчы, жашайсыңарбы же бүттүбү?- Мен Алмашка эмне дедим, өзү кеч келесиң деп эле сүйлөнө берет, жумуш ошондой деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бар күнөөм жаакка чаап ийгеним, менден эмес, Алмаштан сураңыз. Жашабайм десе зордоп алып кала албайм, мен аялды алып эле ажырашуу үчүн алган эмесмин, — деди Элмурат жер карай.- Мен жашабайм, күндөп-түндөп иштеп жүрөм деп жүрө берсе мен энесин кайтарып отура беремби? — деп Алмаш айтканда Дарыйканын ачуусу келди.- Балам, сен анда бүгүн келин жоолугун салып алып, кайра эртеси базарга чыгарып, күйөөсү темтейип жумуш таппаган жерге барсаң болмок экен, — деди. — Түшүндүрүп айттым эле го, бул иштебесе акча кайдан болот, эт-аш кайдан болот деп.- Кой, кудагый, болбойт экен кетели, дагы ойлонуп көрүшөөр, сизге да кыйын, түшүнүп турабыз, — деп оозун таптап келаткан Алмашты тыйган Туратбек өйдө турду. — Баскыла кеттик.- Алмаш, ойлонуп көр, — деди Элмурат.- Ойлонуп бүткөм, — деп Алмаш баласын көтөрүп алып, алдыга чыгып кетти.- Балам, ойлонсоң болмок, — деди Дарыйка дагы. Сыртка чыккандан кийин Турабек Алмашка кайрылды.- Сен туура эмес кылдың, кайненең туура айтат, эчтекеден кем болбосоң, үйдө отурсаң балаңды багып, кийген кийимиңди кара. Ал иштеп таппаган неме болсо анда дагы ыйлап жүрмөксүң.- Эми кайра таштап кеткени турасыңбы, кеттик айда, — деди Сабина күйөөсүнө. Алмаш оюнда Элмуратты жалынып-жалбарат деген эле, бирок ал унчукпай койгондо жини келип өкүнүп турду. Ошентип жаңылыштыгына ал өкүнсө, ыр-чырсыз ажырашканына Элмурат сүйүнүп, бирок баласына ичи ачышып кала берди. Эне бала соксоюп көпкө үнсүз отурушту…- Эмне кылайын дейсиң эми, балам?- Келсе ана, келбесе Гүлина менен жашайм, апа. Менин кийинки жашоомдон дагы үмүтүм чоң, чоң фирмада иштеп жатам, андан өткөн бакыт барбы? Байлыкка кызыкчу эмесмин, бирок байлык адамдын жашоосундагы эң чоң жол экенин түшүндүм, мага башка бирөө жол көрсөтмөк беле, Гүлинанын арты менен баарына жетишем — деди Элмурат ишенимдүү.- Эмнеси болсо да бирөө жарымдын зыяны тийбесе экен, аман эле жүрсөң болду, — деп кейий жата кетти апасы. Эми Элмурат апасынан сарсанаа болуп жатты: «Мен келбей калсам үйдө жалгыз калат, апамдын жанында отуруп алсам Гүлина эмне дейт?» Эртеси эрте чыгып, Гүлинага келсе ал уктап жатыптыр. Света менен сүйлөшүп отурду.- Апам үйдө жалгыз калды — деди үңкүйө. — Гүлина бараар бекен?- Эмне болду?- Аялым баламды алып кетип калды.- Гүлинага айтып көр, балам, — деди Света. — Биротоло ажыраша элексиңер да?- Бизде ЗАГС жок, апа, Гүлина экөөбүздүн ЗАГСыбыз бөлүнө элек да.- Аа-а.- Келдиңби, Элмурат? — Гүлина келип Элмурат менен өбүшө кетти.- Келдим.- Элмурат, бүгүн кайда барабыз? — Гүлина жанына отуруп, жаркылдай карады.- Сен каалаган жакка, — деди да, сырттан кирип келаткан Ысманды көрүп, тура калып учурашты. — Ассалоому алейкум!- Алеки салам, кел, күйөө бала.- Келип калдым.- Иштер кандай?- Дурус эле го?- Азамат, ишти жакшы алып кетсең чет жерлер менен тажрыйба алмашууңа жакшы болот. Өнүктүрүүнүн жолдорун бил адегенде, ар бир шаарга ач, бир жерден анча өнүгө албайсың, дүйнө жүзүнө жайылтсаң болот, — деп Ысман чын пейилинен кеңеш берди.- Ошондой кылабыз го, Гүлинанын атынан жасайлы деп жатабыз, анткени баарына ээлик кылчу ушул эмеспи?- Туура кыласыңар, адегенде сорттуулугун арттырышты билгиле, мен врачмын, мындай иштер колдон келбейт, — деп колун жая күлдү. — Бүгүн оор операция болду, жаш келиндин бөйрөгү жарабай калыптыр, абдан оор болду. Чарчадым, Света айым.- Жаш бечарага кыйын болгон экен, бөйрөгүн алып койдуңарбы? — Алынды, албаса болмок эмес.- Кудай күтүлбөгөн оорудан сактасын.- Апа, биз кеттик, — деди Гүлина.- Мейли, балам, бара бергиле, — деп Света аларды узата карап, ойлуу күбүрөндү. — Кандай гана тагдыр күтүп турду экен, каралдым, сен үчүн барымды чачууга даярмын…- Минте бербе да, ой адамды оору гана кылат. Элмурат дурус жигит экен, менимче буга ишене берсек болчудай. Арам ойлуу адамдар ар бир сөзүн аярлап, сактанып сүйлөп, көздөрүн бултактата качырып турушат, — деп Ысман Светанын колдорун кармалай өөп койду. — Биздин балдар мамабызды үйгө алып келбейсиңби деп жатышат, кандай дейсиң, Света айым? — Жылмая жооп күттү.- Ысма-ан, эми мен жаш келин болбосом, отуз-кырк жылдап бирге жашаган күйөөмдүн ордун бекер бастырдымбы деп ансыз деле кыйналып жүрөм, мен сенин үйүңө баралбайм го?- Андай дебе, сен азыр менин никелүү аялымсың, туугандарымдын, досторумдун алдына бир барып кой. Андан кийин өзүң бил, бирок, алтыным, кыз деген жигиттин үйүндө болууга тийиш! — деп сөөмөйүн көтөрө күлмүңдөй караганда Света да күлүп калды:- Ой кокуй ой, балдарыбыздан уялттың, Ысман.- Уялба, байбиче, сен дагы, мен дагы кудайдын буйругу менен өз жарларыбыздан айрылып калып, таанышып, кошулуп отурабыз, бу да болсо пешене.- Ырас айтасың, мен азыр эмне кылаарымды билбей жүрөм.- Андан көрө Элмурат менен Гүлинага үйдү берип, экөөбүз өзүбүзчө жашашыбыз керек, ойлон, алтыным, ойлонуп чеч.- Кыйын абалга калтырдың мени.- Кайын журтуң келсе мага дагы ыңгайсыз болот экен.- Ыңгайсызданба, болчу нерсе болду, мойнубузга алышыбыз керек, ини-сиңдиң менен агаңды жакшылап тосоюн. Билбейм, ойлоноюнчу, Ысман, шаштырба мени, кызымды бир жаңсыл кылып алайын.- Макул, ал эми болчу нерсе, Гүлина өзү жооп бербедиби, эмнесине тартынабыз, — деди Ысман. Экөө кечке сүйлөшүп отурушту. Кечке маал Гүлина үйгө жалгыз келди, жүзү жайдары. Экөөнү бир карап коюп, бөлмөсүнө көтөрүлдү. Света бир аздан кийин анын бөлмөсүнө башбакты.- Гүлү, жалгыз келдиңби, кызым?- Ооба, апа.- Элмуратчы?- Анын апасы жалгыз экен…- Аа-а. — Света кайрылып кетмек болгондо:- Апа, бир нерсени кеңешсемби дедим эле, — деди Гүлина.- Айта гой, кызым.- Апа, Элмураттын апасы биз менен турса кандай болот?- Эмнеге?- Ал жалгыз калыптыр, ал жалгыз болсо Элмурат таштай албайт го?- Өзү эмне деди?- Ага айтканым жок.- Макул болоор бекен?- Айтып көрүңүзчү, Элмурат мени бар дейт, барганда мен бирдеме жасашым керек, апа, эчтеке жасай албайм.- Үйгө жүр дедиби?- Ооба, биротоло жашайлы дейт.- Сенин жашаганга көңүлүң барбы анан?- Апа-а, кызык суроо бересиң да, мен Элмуратты жакшы көрөм, а сен аны эң жакшы билесиң да, — Тултуңдай таарынган болду.- Билем-билем, кызым, ысык сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет дегенди билесиңби, жакшылап терең ойлоп, чечишиң керек. — Света Гүлинаны тиктеп туруп калганда ал жанына келип, ийининен эки колдой кармады.- Апа, Элмурат андайлардан эмес, мен аны сүйөм, апа, ошого жетем деп анан өзүмдү-өзүм кыйнабадымбы. Болду-болду, апа, өткөндү кайталоонун кереги жок. Кыскасы, эгер макул болушса мен аякка барбай, алар бул жакка келишет, демек чогуу жашайбыз.- Жеке чечимиңе Элмурат эмне дээр экен? — деди Света кызынын кадимкидей болуп калганын сезип, мурда ашыкча сүйлөгөндөн чочулап турчу. «Кудайга шүгүр, өзүнө келип эле калыптыр, өзү эле билсин, жашоо ушунуку. Көзүмдүн тирүүсүндө көз салып турамын, банктагы акчаны да өткөрүп коюуга убакыт жеткен экен, кокус бирдеме болуп кетсем билбей калат», — деп ойлоп турду.- Апа, Элмурат башкалардай эмес, ач көздүгү да жок, мени жолго таштап кетчүдөн эмес.- Болуптур, кызым, иши кылса алдыдагы өмүр жолуңду, тагдырыңды өзүң чечкенге акың бар, жыйырма экиге чыгып калдың, кагылайын. — Света Гүлинаны кучактап бооруна кысып, далыга таптап, чекесинен өөп койду. — Эс ала гой, чарчагандырсың. — Ооба, аябай чарчадым, апа, жакшы жат.- Жакшы жат, кызым. — Света кызына мээримдүү жылмая карап, ылдый түшүп кетти. Ал келсе Ысман креслого кыңкайган бойдон уктап калыптыр. Света үстөл үстүндөгү идиштерин жыйнап жууп, Ысманды ойготту.- Катуу уктап кеткен турбайынбы? — деп кериле турду ал.- Чарчапсың да.- Айтпа, жаталы, кемпир.- Кулакка жат угулат экен.- Эмне десем экен, күйөөң кандай эркелетчү эле?- Койсоңчу эми, эркелеше турган убак өтпөдүбү. — Света кылгыра карап калды. Кантсе да элүү беш, элүү алты жаштагы аял анчалык деле кары болбосо керек. Эркектерди тартуучу бир жагымдуулугу али өчпөгөн аял бир кездеги кайниси менен болгон кумарлуу түндөрдөн тапкан кубанычын ар убак көз алдына келтирип алаар эле… Билинбеген убакыт жеңил соккон желдей сызып өтүп баратты. Гүлина айы-күнүнө жетип, уул төрөп алды. Элмураттын кубанычы чексиз болгону менен Алмаш алып кеткен Кутусун эстегенде ичи тыз этип алат. Бирок бул кезде ал дагы эле эки үйдүн ортосунда жүргөн кези болчу. Гүлинаны чыгарып келгенден кийин Элмурат күндүзү аякта, түндөсү апасын жалгыз койгондон тартынып, өз үйүндө болуп жатты. Күндүзү жалгыз отурган Дарыйка дарбазасынын ачылганын эшитип, сыртка чыккан. Келинин, колундагы небересин көрүп, кубанып кетти.- Кел, айланайын, келдиңерби деги? — деп эне небересин колуна ала коюп, эки ууртунан өөп, — Кир, кире гой, балам, — деди келинине.- Апа, мен кайра эле кетем.- Ийи, кокуй?- Кутуну таштайын деп келгемин… — Жер карап турду Алмаш. — Мени кечириңиз, Элмурат өз атасы эмеспи, мен бөлгүм келбеди, — деди да, колундагы баштыкты таштап, талпынып өзүн көздөй колдорун сунуп, апа-апалаган баланы эки бетинен өөп алып, жүгүрүп чыгып кетти.- Ээ, айланайын, бул чыныбы же калпыбы? — деген эне түшү же өңү экенин билбей делдиреп турганда Кутубий ыйлап ийди, чоочуркады окшойт. — Айланайын, жүрө гой үйгө, атаң келет, уулум, — деп жети-сегиз айлык балтыр бешик небереси менен сүйлөшүп, ичкери кирди.Элмурат келип, баласын таштап кеткен Алмашка ыраазы болду. Бирок колу бошобой апасына оор болоорун билип айласы куруду.- Апа, сен кыйналасың го, мен бекер кылдым окшойт?- Эмнеге, ботом, эрмек болбойбу мага, андан көрө өзүң тынч оокатыңды кыла бер.- Жаш бала кыйнайт го?- Кыйнабайт, араба алып алам, анан уулумду бага берем, балам. Сенин балдарың оноо болсо да, үстүмө чыгып алып тебелеп-тепсеп жатса да мен ики дебей калайын, — деп алдында отурган небересине ичи элжиреди.Бирок Элмурат Гүлина менен Светадан эчтеке жашырчу эмес, дароо эле болгонун айтып келди. Ошондо Света келип, Дарыйка менен сүйлөшүп отуруп кетти. Көп өтпөй эле Дарыйканын көржөрүн көчүрүп кетип, үйүнө эки-үч батирчилерди киргизип коюшту. Света болсо Ысман менен бөлүнүп жашап калды. Гүлина эс акылдуу, токтоо аял болуп кайненесин сыйлап, Кутуну өз баласындай кабыл алган мээрман аял болду. Элмурат ишти кадимкидей алып кетти. Уулунун атын Сатыбай коюшту. Элмурат экөө уулун караган сайын Гүлина:- Элмурат, балам мага окшойбу? — деп сурай берет.- Кайсы жери сага окшойт? Өзүмө эле окшош.- Койчу, мага окшоп эле турбайбы? — деп таарына кетет.- Макул-макул, сага окшошуп турат, — деп Элмурат аны капа кылгысы келбейт.Дарыйка үстүңкү кабаттан өзүнчө бөлмөгө небереси экөө жайгашкан. Гүлина Элмуратка айтып, үй кызматчы алдырып келди. Света менен Ысман келип-кетип турушат. Ысмандын эң кичүү кызынын кайнагасы аял алып, чакырышканынан барышкан эмес. Света бир күнү келип, Дарыйканы ээрчитип кетти, көрсө ошол кызынын кайнатасы өлгөн экен. Келин алганда көбүрөөк ичип койгонбу, жаткан жеринен турбай калыптыр. Бата кылганы барып, ошол жерден Алмаш кайненесин көрүп таңгалды. Бет маңдайлаша түшкөндө Алмаш чочуп кетти да, чала-була баш ийкеп, ары басып кетти. Көрсө, жаңы алган келини ошол экен. Аны Света Дарыйкага көрсөтүп, түшүндүрүп жатты. Мындай бири-бирине коошпогон тагдырлар миңдеп саналгандыктан, пендебиз да, эртеңибиз эмнени көрсөтөөрүн ойго албай тирүүлүктүн кызыгына батабыз. Туулмактын өлмөгү, кайгынын кубанычы, таттуунун ачуусу болоорун билип туруп, билмексен болобуз да, өмүрдүн текке кеткенин сезгенде гана өкүнүп калабыз. Ошондуктан көр пендебиз да..

 

 

 

 

 

.Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE