2-болум.
Самат бала кезинен эле ичип алып, көрүнгөн менен мушташып, токмоктошуп жүргөн неме болчу. Эне үчүн жакшыбы-жаманбы, баш кесерби, баары бир бала эмеспи. Саматтын атасы өгөй болчу. Ал тургай ал ачуусу менен: «Менин балам эмес» деп койгон күндөрү да болгон. Эне тымызын улутунуп алды: «Карандай амандыгын кудайдан тилеп, багын тилеген эмес экенмин, мындан аркысы жакшы болсо экен, али турмуш жолу баштала элек эмеспи» деп алды оюнда. Ал унчукпай калганда Самат сыртка чыгып кетти. Армияга да барып келди. Ушул Бурулканга үйлөнөөрдө достору менен ичип жүргөн эле. Кызуу кетип баратышса алдынан эки кыз чыкты.
— Чоң кыздар! — деди Самат теңселе.
— Эй, койсончу, кыздарга тийишпе, — аны жанындагысы тыйды.
— Эмне экен, азыр ушу кыздар менен таанышам да, жакканына үйлөнөм! — Самат болбой эле эки кыздын алдын тороду. — Кыз-здар, тта-анышып албай-йлыбы, ыя?
— Эмне сиздей жигиттерге таңсык бекенбиз? — деп бири мурдун чүйрүп кетти.
— Сооңузда таанышалы, азыр жолубузду тоспоңуз, — деп бири токтоп калды.
— Аа-а, сен мага жакты-ың, — Самат жол бошото калып калды. Эки кыз каткыра күлө узап кетишти. Самат жанындагыга: — Эй, ддо-с, көрдүңбү? — деп сөөмөйүн чычайта карап калды. — Эртең сөзсүз таанышам.
— Кеттик, дос, андан көрө жүрү үйгө кеттик.
— Кеттик!
— Сүйөмүн сени, сүйөмүн сени, кара көз! — Самат ырдап кетип баратты. — Сен да мени сүйөөрүңдү айтчы тез…
— Кой, тез кет үйүңө. — Жанындагы Алтыбай ага колун шилтеп койду. — Ичип жүрсөң кара көз кыз эмне кылат сени?
— Сенчи, сен кыйынсыңбы? — Самат аны көкүрөккө түртө омуроолоп калды.
— Омээй, дос, эй, ошо экөөбүздү тең айтып атам да?
— Чынбы?
— Чын айтам, менин катыным бар беле, экөөбүз тең бойдок жиндилербиз го?
— Андай болбойт, экөөбүз үйлөнүшүбүз керек! — Бизге ким тиймек эле?
— Сени билбейм, мен жакында үйлөнөм, Самат колун шилтеп басып кетти. Ошондон он күн өтпөй эле үйлөндү. Бурулкан келин болуп келгенде жакшы эле көрүнгөн, Самат экөө ынтымактуу жашап, үч уулду болушту. Самат дагы токтолгонсуп, туруктуу кеч келет, кээде келбей калган күндөрү да болду. Ошондой күндөрдүн биринде түн бир оокумда келсе үйү бек, ичинен илинүү экен, такылдатты эле Бурулкан көптө барып ачты. Самат эч нерседен капарсыз кирип келип:
— Бурул, кардым ачты, бирдемең барбы? — деди.
— Бар, — деп Бурулкан шашыла тамагын отко коюп, дасторкон жайып жатты.
Бирок ал негедир күндөгүдөй эмес, алдастаган өңдүү. Сүйлөгөн сөзү чар жайыт болуп турганын байкаган Самат, ички үйүнө кирип, үч баласынын уктап жатканын көрдү да, бөлмөнүн ичин кыдыра баштады.
— Эмне издеп жатасың? — Бурулкан үрпөйө күйөөсүн карады.
— Кийимдеримди, эртең эки-үч күнгө кетип жатам.
— Мен деле таап берет элем го?
— Сага айтып отургуча керектүүмдү өзүм таап алайын, — деп Самат шаша-буша бөлмөнүн аркы четиндеги эски кийим салгыч шкафты жакшылап бир аңтарып чыкмак болду эле, Бурулкан:
— Аякта эч нерсе жок, сенин кийимдериң биякта! — деп жетип келип, алдын тосуп калды.
— Тур биякка, менин издегеним ушул жакта, — Самат аны карыдан ала түртүп жиберди да, шкафтын каалгасына колун узатты. Бурулкан анын колун тартып, тызылдап ийди:
— Биякта жок деп атам го, мен таап берем, тамак ысып калды, ичип албайсыңбы? Самат аялынын жүзү кубарып кеткенин байкап: «Мында бир сыр бар, мынчалык эмне тызылдайт, же сабайынбы?» деп ойлоно калды да, артына кайрылып келип, дасторконго отурду. «Ачуу душман акыл дос деген, аягы суюк аялга теңелип эмне кылам, дагы чыдайын, эмне болоор экен» деген ойлорго жетеленип, тамак да жүрөгүнө баспай жатып алды. Бурулкандын жаны жай албай жаман абалда турганын сезди. Кечке чарчаган неме бир аз эс алып алып, жумушка кеттим деп чыгып кетти да, кечинде күүгүм кире өз үйүн айланчыктап жүрдү. «Балким жөн эле күмөнсүп жаткандырмын, ак аялымды күнөөсүз күнөөлөп жүрбөйүн» деген ойдо ары-бери басып эки жакты карап турса, бир караан эки жакты абайлай карап өзүнүн үйүнө кирип кетти. Саматтын адегенде ачуусу келгенинен азыр колуна тийсе экөөнү тең кошоктоп мууздап койгусу келди, бирок апасынын: «Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас, ачууга алдырып жаза басып алсаң оңдош кыйын» деген сөзү кулагына угулуп, көптөн кийин короого кирди да, үйдүн артына өттү. Өздөрү жаткан терезенин бир көзү ачык болчу, таза аба кирип туруусу үчүн ачып койгон. Түнкүсүн үп болгондуктан, дайым ачык тураар эле. Акырын келип, терезе тушуна тура калды, алардын үнү даана эле угулуп турду. «Сени көрүп калат экен деп коркконумду айтпа, бүгүн ал келбейт», деген аялынын үнүн угуп, жини келип кетти. «Балдарың уктай элек го?» деди чоочун үн. «Мен сага деп жакшы тамак жасагам, чогуу тамактанабыз, анан алар уктап калат. Кам санаба, бүгүн коркпой эркин жатабыз» деди Бурулкан.
Буга чейин Самат аялынын төркүндөрүнөн тажап калган. Алып келген тамак-ашы бат эле түгөнүп калчу, эт алып келсе ал сөзсүз, кайненесине, балдызына болуп үчкө бөлүнчү Анан көп өтпөй кайра эле баары толуп алчу. Эми апасы менен сиңдилери кеткенде кылганы бул. Самат акырын босогого келди да, каалганы такылдатты. Саматты келип калат деп такыр ойлобогон Бурулкан дароо эшикти ачып, өңү бозоруп, тили күрмөлбөй туруп калды:
— Ккел-бейм де-дедиң эле го?
— Сенин спектаклиң жакшы коюлуп жаткандыктан, көргүм келди.
Бурулкан үн дебеди, каткан бойдон тура берди. Самат ичкери кирди да:
— Сен үч баласы менен ушуну багып аласыңбы? — деди селейе карап турган жигитке.
— Жж-ок, — тиги неме буйтап качып кетүүгө даярданып, Саматтан боюн ала качып, артка кетенчиктеди.
— Эркексиңби? Менин аялым сага кыз көрүнүп жатса, сен бул үйдө кал, балдарыма карап чоңойтосуң. Эгер бир сөз уксам тирүү калат экемин деп ойлобо?! — деген Самат кийим-кечесин алды да, чыгып баратты. Бурулкан эми гана эсине келгендей ыйлап турду:
— Самат, мени кечир, балдарды таштаба, кечир мени!
— Мурун ушуну ойлогон жоксуңбу, же мени эркектериңдин алдында басынткың келдиби?
— Жок-жок, Самат, балдар менен мени таштаба!
— Эми кеч, мурун ойлош керек эле, балдар аман болсо мени түшүнөт, мен аларга баарын түшүндүрөм, каралашып турам, — деген Самат ылдамдай басып кетип калды. Ошол ошол болду, кайрылып барбады. Балдарына тамак-аш жеткирип коюп кетип калчу…
Самат Саадатка баарын айтып берди. Саадат эч нерсе дебеди. Унчукпай угуп отуруп:
— Баарыбыз эле адам болгонубуз менен тагдырларыбыз ар түрдүү болот тура, меники деле болбогон нерсе, — деп койду. Ал күнү экөө бир болду. Эртеси кетип жатканда Самат ага күлө карап:
— Көрүшкөнчө, — деди эле, Саадат ойлуу кабатырлана минтти:
— Ушинтип кетип каласызбы? Мен андай деп ойлогон эмес элем, сиздин жашооңузга аралашканым дурус болбоду окшойт?
— Антип сарсанаа болбо, балким кудай буйруп, насип болсо дагы жолугуп калышыбыз мүмкүн, үмүтүңдү үзбө.
— Бир түнөп кетип, күкүк эне кылгыңыз келеби, кокус түйүлдүк түйүлүп калса кантем?
— Андан кам санаба, баары бир кайтып келем, анан башкадан кошуп алып, биринчиси сен элең, бала сеники деп жүрбө? — Самат жылмая күлүп, жөнөп кетти. Андан кийин ал жумушуна байланыштуу көпкө көрүнбөй калды. Саадат адаттагысындай эле мантысын жасап сатып, эки күндүн биринде балдары менен күйөөсүнө тамак-аш жеткирип жүрдү. Жанындагы Алмагүл күндө манты жасап чыкканы менен бир ордунда турчу эмес. Шаңкылдап күлүп, кайдандыр тааныштары табылат да, алар менен кафелеп жүрүп, кечинде шериктери сатып койгон мантынын акчасын алып, дагы эки-үчөөнү ээрчитип жатаканасына келишет. Оюн-күлкүнү жакшы көргөн Алмагүл конок тосуп, түндөсү бир бөлмөгө жигити менен жатып алат. Кээде Саадатка бирөө жарымдын көзү түшүп калса, аны көндүрүп салып берип коет. Убакыттын өткөнү менен Саадат абдан кыйналып жүрсө да, бир түнөп өзүнө жылуулук берип кеткен жигитти эсинен чыгарбады.
— Алмагүл, — деди ал бир күнү.
— Эмне болду?
— Баягы классташыңдан дайын болбой калды да?
— Эмне ал сага жагып калдыбы?
— Деги айтам да.
— Эгер көңүлүңө жагып калган болсо, мен аны табам. Ой-бо-ой, тим эле митаамсың эй, сыр билгизбейсиң, мага окшоп болгон сырыңды айта бермейиң жок.
— Эмне демек элем, — Саадат ойлуу отуруп калды. — Манты жасап сатам деп тажап кеттим, балдарымды ойлосом бир мүнөт да тургум келбейт, деги ушул күндөр өтүп кетээр бекен?
— Эч ойлонбо, баары өтөт, бир күнү бутту сунуп үйдө отуруп калганда ушул күндөрдүн баалуу экенин сезесиң.
— Билбейм, ошондой күн келсе кана? — Саадат эртеңки мантынын фаршын даярдап жаткан. Эшик такылдаганда Алмагүл ачканы кетип, шакылдаган үнү угулуп калды:
— Оой, кайдан жүрөсүң ыя, бир көрүнүп коюп дайының чыкпай кетти го, кел эми, үйгө кир!
— Келип калдык, кандай жүрөсүңөр?
— Жакшы, баары жайында, болгону көңүл аччу сендей гана жигиттер жок. — Аңгыча бөлмөгө кирип келишти.
— Кандай, сулуу кыз? — Самат Саадатты көрө жылмая колун сунду. — Күткөн жок белеңер?
— Жо-ок, — Саадат ага кол суна акырын үн катты.
— Мен өзүм күттүрбөй келгенди жакшы көрөм.
Алмагүл менен Саадат болгон тамак-ашын жайнатып, Самат үчөө дасторкондо бирге отурушту. Ушул келиште Самат баарын ойлонуп, эгер макул болсо Саадатка үйлөнмөк болуп келген. Буга чейин келиндер менен далай эле болду, бири жакса, бири жакпай акыры жашоону улантуу үчүн үйбүлө очогу аял экенин сезип, үйлөнүп албаса, тапкан-ташыганы берекесиз жоголо бере турганына көзү жеткен эле.
— Ийи, кандай анан, классташ, иштериң кандай, тапканың жакшы, көңүлүң ачык, келин-кесектер менен жыргап эле жүрөсүң? — Алмагүл Саадатты карап тамашалап койду.
— Айтпа, келин-кесектер толо көңүлгө толгону жок, тапканым кудайга шүгүр, өзүңөрдү эле издеп келип калдым, — Самат дагы тамаша менен жооп кылды. Самат бир бөтөлкө вино, колбаса, майда-барат, конфет менен печеньелерди алып келген. Саадат ичпейт, Алмагүл экөө ичип, сүйлөшүп олтурушту. Самат өз оюн ортого сала минтти:
— Алмаш, мен Саадатка үйлөнөйүн деп жатам, кандай дейсиңер? — деп Саадатты көз кыйыгы менен карап койду.
— Ой, аз-зама-ат, бу оюнуң эмес чыныңбы?
— Эмне менин ойноп сүйлөгөнүмдү көрдүң беле? — Самат кайра суроо берди.
— Жок ай, ошентсе да жакшылап ойлондуңбу дейм да?
— Ойлондум, эгер Саадат макул болсо эртең эле нике кыйдырам.
— Экөөңөр чечесиңер да, «тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт» дегендей жаш бала эмессиңер, үйбүлөнүн жайын түшүнүп калгансыңар, — Алмагүл эмне дээр экен дегендей Саадатты карады. Анткени ал балдарына, күйөөсүнө кийим-кечек, тамак-аш алып барып келип жүргөнүн билет, процент акчам бар деп тигинден-мындан карыз алып кетип жүргөнүн да билчү. Оюнда карызы көп адам менен кантип жашап кетээр экен деп түпөйүл ойдо калды.
Саадат макул десе мен эч иштетпей багып алам, алган акчам кенен жетет, айына, кээде он беш күндө жыйырма миңден алам, ошону сарамжалдай турган аял керек, — дегенде Саадат аны таңгала карап: «Чын айтып жатабы?» дегендей көзүн албай отура берди. Ооба, ал он миңди төлөй албай балдарынан алыстап отурбайбы. «Темир деле иштесе болот эле го, мен алып барган тамак-ашты ичип-жеп жата бербей» деп ойлонуп ийди.
— Саадат, кандай дейсиң ыя, бу Самат сени жактырып калган го, — Алмагүл анын оюн бузуп ийди.
— Эмне дейсиң? — Саадат Алмагүлдү түшүнбөй калгандай элейе карап калды.
— Сен эмнени ойлонуп жатасың, Самат сени жактырып калыптыр, эмне дейсиң? — Алмагүл ага кайталап кайра түшүндүргөн болду.
— Ошончо тезби?
— Эмне болот эле, экөөңөр тең бойдоксуңар жашап кетсеңер болот да?
— Сен бойдок эмессиңби?
— Мени Самат алмак беле? — Алмагүл күлүп койду. — Мени жактырып алам десе, кудай демекмин!
— Койсоңчу?! — Саадат күлүп койду.
— Чын, Самат сага үйлөнөм десе шансты кетирбесеңчи?
— Билбейм ай, төрт балам турат, бирөөнүн балдарын багуу машакат эмес бекен?
— Бала менде да бар, Саадат, ар бир адамдын өзүнчө тагдыры, өмүр жолу бар, балдардын да ырыскысы өзүнчө.
— Эртеңки күнү бир сөз чыкпас бекен, бул адам баласы тоо сымал кечээги айтканын бүгүн унутуп калчу эле, эгер балдарымды колко кылбай турган болсоң мен макулмун! — деди Саадат ойлонбой туруп, анткени анын алдында эки гана чечилбеген маселе турган. Бири карыздарынан кутулуп үйбүлөсү менен жылуу-жумшак өмүр кечирүү, экинчиси ошол кыйынчылыктан чыгуу үчүн күйөө, болгондо да тапканы жакшы эркек керек эле…
— Мына, мына эмесе, тойду качан баштайбыз? — Алмагүл алаканын шак чаап каткырып калды, кичине ичип алганга жүзү албырып, кызып калган. — Самат, ушул эле жерден никени кыябызбы?
— Кайдан болсо баары бир, — Самат ушинткенде Саадат аны элейе карап минтти:
— Кайдан болсо баары бир дегениңер эмнеңер, эли-журтуңуз, тууган-уругуңуз, эне-атаңызга алып барбайсызбы?
— Ал сөзсүз болот дечи, адегенде үйлөнүп, бири-бирибизди билип алып, анан көлгө алып барам да?
— Ой, Саадат, коркпо, Самат жигиттин жигити, буга жетпеген кыз-келиндер толтура! — Алмагүл Саадат байкабагандай кылып көзүн кысып койду. — Туурабы ыя, Самат?
— Ананчы, мени алаар бекен дегендер көп, үйлөнгөндөн кийин тийишкендерге көз жумуп кой, — Самат каткырып койду.
— Ошондойлордун бирин эле көрсөтүп койчу, сынап көрөйүн, эгер менден өйдөрөөк болсо ошону эле ал деп айтам, — Саадат да тамашалай күлдү.
— Мына, бири жанымда отурбайбы? — Самат Алмагүлдү карап койду.
— Жо-ок ай, экөөң антип мени шакаба чекпегиле, ал антпейт, Алмагүлдүн сенден да жакшы табышкер жигиттери бар, сени эле карап калыптырбы? — Саадат муну менен бир аз кызганычын билдиргендей, анын көп жигиттер менен байланышы бар экенин айткандай болду.
— Ошондойбу, мен аныңарды билбейт экенмин, качан келсем экөөңөр манты жасап отурсаңар ойлоп атпайынбы, жакшы келиндер экен деп.
— Болот да бойдокчулукта, кел эмесе, Самат, ушул Саадат экөөңөрдүн денсоолугуңар үчүн, кол кармашып бактылуу өмүр сүрүшүңөр үчүн алып ийели, — Алмагүл винодон куюп Саматка сунду. — Бактылуу болгула Саадат экөөң, эмдиги жылы балалуу болуп, жентек тойго келели.
— Айтканың келсин, — экөө алып ийишти. Саадат баятан бери кайнап жаткан мантыдан салып келди. Мантыны кечкисин жасап бышырып алып, анан күндүзү кечке сатышчу.
— Ох-хо-оо, Саадаттын мантысы абдан жакшы экен, — Самат мактай мантыдан алды.
— Ой, биз манты жегенден тажап калдык, күндө эле бир тамакты жей берсең жегиң келбей калат экен, — Алмагүл мантыны Саматтын алдына жылдырды. — Саадат, сен жакшылап жеп ал, кийин сатып жегиң келип калат, сагынасың!
— Жок ай, менин да жегим келбей калды.
— Самат, кана өзүң ала бер!
— Алып жатам, негедир силердин колуңардан чыккан тамак ширин сезилип атат.
— Ошондой болот, секет, сүйгөн адамыңдын тамагы тузу ачуу же жок болсо да ширин сезилет. Үчөө тең күлүп калды. Көпкө отуруп, анан Алмагүл кызып калып, уктаганы кирип кетти.
— Саадат, кандай дейсиң, үйлөнүп алалыбы?
— Өзүңөр билгиле, эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калат дейт го, менде сөз жок.
— Анда мындай, эртең базарга чыкпа, мен жумушка барам да, кайра келип мечитке барабыз, сени менен Алмагүл барсын, мен достордон ала барам.
— Ма-акул, жигит келсе кыз даяр, — деп Саадат да күлө жооп берди. Ошентип экөө бирге болуп калды. Эртеси Самат айткандай эки жолдош баласы менен келди. Саадат менен Алмагүл да мантыларын базарга барып, шашыла өткөзүп келип, даяр болуп турушкан эле. Мечитке барып, нике кыйдырышты. Кечинде чогуу майрамдап шаңдуу отурушуп, эки жаштын бактысын тилеп, дүйнөдөгү эң бир сонун жакшылыктарды каалап жатышты. Самат менен Саадат бири-бири үчүн өлүмдөн да кайра тартпоого сөз берип, өмүрдүн артына чейин сөз жашырбоого убадаларын аныктап жатты.
Уландысы бар…..










