Бул каргашалуу окуя күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Бүт бардыгы кетменден башталды. Жөнөкөй эле арык чапчы кетмен. Ошол күнү Шыгай арыктарды тазаламак болуп, кетменин издеп чыккан: сарайдан — карайт жок, көмүрканадан карайт — жок. Шыгай ичинен бир сыйра күңгүрөнүп алды да, анан аялынан сурады.
— Ошо жерде турган,— деди аялы.
— Турса анан кана?— деп кыжырланды Шыгай. Эринин кыялын жакшы билген аялы ошол замат үйдөн чуркап чыгып, кетменди кошо издеп калды. Ал дагы бүт аңтарып карап чыкты, кетмен көрүнбөйт.
— Кошуналардан бирөө алып кетсе керек,— деп кобуранды аялы, анан эшикти көздөй жөнөдү. — Алышса кайра жеткирип бербейт… Ал үйдөн үйгө өтүп ар кимдикинен кетменин сурап жүрдү, акырында эч жерден таппай үйүнө кайтып келди.
— Балээ баскан турбайбы! Үйдөн чыккан эле нерсе жоголот, — ал короосунда туруп наалыды.
— Биз силердин кетмениңерге тийген жокпуз! — кыйкырык бийик дубалдын артынан угулду. — Корооңо сак бол, коңшунду ууру тутпа. Шыгайдын аялынын кыжыры келди.
— Ушу силер эле алган болушуңар керек. Дайыма бир нерсе алсаңар, кайтарып бербейсиңер.
Кошунанын аялы да зорго турган экен, ал айкырып жиберди:
— И, биз сенин минеңи алыптырбыз? өзүң көчүгүңү беките aлбай, элден көрө бересиңби? өзүңөр уурдап жүрүп, элдин баарын ууру көрүп калган экенсиңер!
Бул отко тамган майдын акыркы тамчысы болду.
— Мине? —Шыгайдын аялы турган жеринен чыңырып жиберди.— Ким ууру? Биз сенин минеңи уурдаптырбыэ, я? ө-өлүгүңдү көрөйүн, бетбак!..
Андан кийинкисин кошуналардын bардыгы көрдү: эки короодон тең бир маалда чуркап чыгып аялдар бири бирин чачтап калды. Чыңырык-кыйкырык, көйнөктөрдү тытмай, каргап-шилөөлөр. Эшиктин алдында ойноп отурган балдар эмне болуп кеткенин түшүнбөй, ыйлап жиберди. Акырында гана ызы-чууга чуркап чыккан эрлери аялдарын тарткылап отуруп араңдан зорго аларды үйлөрүнө алып кирип кетти.
Ошондон баштап эки үйдү тең караан түн каптады. Бир күнү Шыгайдын тоогу кошунасынын короосуна кирип кетиптир.
— Түт! Карасан булардын тоогу да ууру,— деп угуза кыйкырып, аны көздөй таш ыргытты Жумабектин аялы. Жумабектин баласы Кадыр дайыма кагаздан кайык жасап, сууга агызганды жакшы kөрчү. Ошентип кайыгынын артынан барып калганда дарбаза ачылып, босогодо Шыгайдын аялы көрүндү. Ал баланы бир сыйра жийиркенгенсип карап алды да, жини менен чакчаңдады:
— И, дагы минени уурдаганы келдиң? Бар өзүңүн эшигиңе барып ойно! Бияка дагы келгениңи көрөйүн, бутуну сындырам…
Эртеси Шыгайдын баласы Үсөн теңтуштарынын бирөөсүн чакырьш жаткан.
— Шака-а!.. Шака-а!.. Тигинин апасы чыкты да, ага кыйкырып кирди:
— Бас үнүңдү, эй, бала! Шакан жок үйдө, — анан өзүнчө кобуранды. — Булардын үнү да өчпөйт экен, жубарымбек. .. Үсөн мурдун шыр тартып, таарынган өңдүү көчөнү бойлоп жөнөдү. Ал нарагыраактагы жашыл дарбазалуу үйдүн алдына барып, Шакандын апасы кирип кеттиби деп кылчактап карап алды да, дагы бир шеригин чакыра баштады:
— Жека-а!.. Жека-а!.. Тигил чыгып келди. Анын артынан апасынын үнү угулуп
калды:
— Жекшен, өлүгүңдү көрөйүн, барба аяка!— деп доолуланып жатты апасы.— Беймаалынын баласы менен ойногонуңду кой дебедим беле, шүмшүк! Жекшен шеригин күнөөлүү
карап алды.
— Эртең келчи, Үка, —деди ал, улам артына кылчактап. — Апам урушуп атат… Үсөн унчукпай тескери бурулуп, жолуна түштү. Шамсуддин-бабанын үйүнө жакындаганда, дубалдан ашып чыгып турган алчадан секирип жулуп алды. Бир алча жарылып анын колун чыканагына чейин кызылга боёду. Үсөн калгандарын jалбырактардан тазалап, уучундагынын баарын оозуна ыргытып койду. Оозу-башы кызыл болуп өтүп баратканда, аны карыя Осмон короосунан туруп чакырды. Үсөн токтоп калды: биринчи эле анын ою — качмак болчу, бирок тигил жылмайып турганын көргөндө, эмне кылаарын билбей тура берди.
— Бери кел, Үсөн, — деп кол булгады карыя Осмон. Үсөн жай басып короого
кирди.
— Келе кой, айланайын, —карыя Осмон ага жол бошотуп үй тарапты көргөздү. — Кир, айланайын, кире кой… Чоңоюп калган турбайсыңбы, садагаң болоюн, апаңы ошондо төрөт үйүнө жеткирген мен болчум. Мына, эми сен минтип чоңоюп да калыптырсың. ..
Алар күңүрт далистен өтүп барып төркү бөлмөгө кирди.
— Отур, — карыя Осмон колу менен төрдү көргөздү. —Азыр чай ичебиз, анан мен сага бир кызыкты көрсөтөм. — Мен чай ичпейм,— деди Үсөн.— Мен үйдөн чай ичкем.
— Кой, кокуй, андай дебе… Үйдөн ичкен чайың башка, меникинен ичкениң башка да.
— Улам чай иче берсем, курсагым жарылып кетпейби, — Үсөн тура калып торсойгон курсагын көргөздү. — Андан көрө, мага жана айткан кызыкты көрсөтүңүз.
— Мейли, айланайын, мейли, — карыя Осмон күлүп калды. — Жүр анда месе, сага бир кызыкты көрсөтөйүн.
Алар ээрчишип эшикке чыкты. Карыя Осмон Үсөндү колунан тартты.
— Биякта… Силер экөөңөр тез эле дос болуп аласыңар. Алар сарайдын ичине кирди. Карыя Осмон колу менен бурч тарапты көздөй жаңсап:
— Тигине,— деди. — Бар, ал азыр уктап аткан чыгаар…
Үсөн алдыга кадам шилтеди. Бурчта, калың төшөлгөн чөптүн үстүндө кичинекей күчүк жатыптыр. Баланын дабышын уккан күчүк башын көтөрдү. Ал кичинекей топко окшоп оролуп, жүлжүйгөн көздөрүн караңгыда араң ачып турду.
— Ал, колуңа алсаң, —деди карыя Осмон баланы алдыга түртүп. — Коркпой ле кой.
Үсөн ириде ишенбегенсип чалды бир карап алды, анан эңкейип күчүктү акырын, этияттык менен колго көтөрдү. Күчүк ошол замат анын кучагында жоголуп кетти. Анан бир аздан кийин анын кыңшылаганы угулду.
— Ана, көрдүңбү, — деди чал. — Ал дагы сага кубанып атат… Ал, ала бер, күчүк эми сеники. Бу менин сага белегим. Бала жылмайып чалды карап турду, анан айнып кетпесин дегенсип шашкан бойдон үйүнө жөнөдү. Ошол күндөн баштап Үсөн теңтуштарын дагы унутту. Күнүгө мектептен кайтканда, аны алдынан күчүгү тосуп чыгат. Ал алыстан эле борсулдап үрүп, куйругун шыйпаңдатып келип Үсөндүн бутуна жабышат, бала аны басып албайын деп колуна ала коюп, тумшугунан бир өөп, анан жерге коё берет. Ыраазы болгон күчүк сызган бойдон короону аралап чуркап, жолунан чыккан тоокторду бир сыйра кууп, кайра кожоюнунун жанына келип калчы. Үсөн кээде күчүгүн короонун тээ четине алып кетип, ал жерде аны мойнунан кучактап, андан көптөн бери жүрөгун өйүгөн суроолоруна жооп издечи. Минеге чоң кишилер көп урушат? Минеге алар чатакташса ле, балдарын бир-бири менен ойнотпой коёт? Күчүгү анын бул суроолоруна жооп бербейт, бирок ал баланы түшүнүп тургансып мөлтүрөгөн эки көзү менен аны тиктеп калат. Үсөн ушуга да ырааэы, болбосо аны кээде уга турган да эч ким табылбай калаарын билет.
Уландысы бар….










