Пример HTML-страницы

Димедрол

https://kyrgyzcha.site/?p=53054&preview=true Кызыктуу окуялар.

Димедрол

 

Түн түгөнбөйт… Дагы бир түндү терезеден карап отурам. Көп адамдар эмнеге түндү жаман көрүшөт?.. Көркү жок дешеби?.. Же жашоонун биз суктанчу кооздуктарын көшөгөсүңө жашырып койгонуна нааразы бекен?.. Бирок, ушуга чейин бирөөнүн оозунан “түндөн тажадым” дегенди уга элекмин. Мүмкүн, мен жашмын. Кийин “башыма жүн чыкканда” мен дагы түнгө наалып баштасам керек… Ким билет? Бирок, бир жерден окудум эле “күндөн өткөн түндөр болот…” дегенди. Азыр мен мектеп курагында болсом да, күн менен түн турмуштун ак менен карасындай дебейм. “Түн бакырдыкы” дегендерге да кошулбайм, “мен түндөсү төрөлүпмүн” деген тааныштарыма суктануу менен карайм. Ушу жерден оюм үзүлдү. Бирөөнүн жаны кейип жатса керек, биздин үйдүн жанынан “тез жардам” машинасы улуп-уңшуп өттү. Аман болгой эле деп камтама боло түштүм. Лейлектин коюу түнү жылдыз учканда атам менин көзүмчө бата кылып: “Жаратканым, жер үстүнөн дагы бир жакшы көргөнүн алып кетти!” деп муңайым үн катчу. Сааты карасам, он экиден ооптур. Колумда бүгүн базар ичиндеги даарыканадан дос балам сатып берген димедрол дарынын эки кутусу. Өткөндө, сабак ортосундагы тыныгууда үч кыз катар отурганбыз. Жыпар айтып калды:

— Алтынай деген кыз бар эле го, ылдыйкы мектепте окучу, спортсмен, аны баары таанычу. Ошо димедрол дарысын ичкен имиш…

Анын жанында отурган Айназ өңгөчүн тартып ийди.

— Эгер димедролду көп ичсе адам өлөт деп уккам. Демек, ошо сөз чын турбайбы…-Аны эшиткен Умида да жөн турбай:

— Эй, а димедрол деген эмне?! -деп, алмак-салмак тиги экөөнү карады.

Айназ күлүп жиберди да:

— Эх, Умида, сен замандан артта калыпсың! Ошону билбейсиңби?!. Димедролду уйкусу жоктор, батырак уктап калыш үчүн ичишет. Менин апам атам арак ичип, мас болуп келгенде башты орутуп кыжылдабасын деп туруп, ичип жаткан арагына 2-3 димедролду эзип туруп, аралаштырып коёт. Аны байкабай калган атакем тынчып дароо уйкуга кетет, -деп апасынын амалына маашырлана күлдү.

Ушундай сөздөрү үчүн мектептеги классташтарым менен көп сүйлөшкөндү каалабайм, мага кызыксыз. Бирок, бүгүн мен өзүмдү башкача кармадым. Аларды угуп отуруп, ойго да чөгүп кетипмин… Анын да себеби бар…

 

***

Таң атпай туруп, күндөгүдөй эле мектепке жөнөп жаткам. Атамдын маанайы жокпу, билбейм, экөөбүз тартышып калдык. Бул биринчи жолу эмес… Ошол күнү атама эртеден кечке ачуум келип жүрдү. Шайтан алгыр, бир убакта оюма классташтарымдын баягы сүйлөгөн сөздөрү биринин артынан бири тизилип, ээрчишип келе баштаса болобу. Анан бир убакта атама болгон ачуумду эки куту димедрол дарысы менен басайын деп чечтим. Мен кичинемин, жетинчи класстын кызына дарыканада эки куту димедролду жөн эле берип койбойт эле. Тааныш дос балам да базарды айланып жүрсөм ошол жерде жүрөт. Ал менен учурашып, сүлөшүп туруп калдык, оюма баягы келе калбаспы:

— Жардамың керек, кошуна эжем мага димедрол дарысын алып кел деп суранды эле, жашсың деп аптекада мага сатышпайт экен… Мага ал дарыны сен алып бере аласынбы?! Акчасын берем.

— Кошуна эжеңеби же сагабы.?! -деп тамашага салды.

— Кошуна эжеме! Тапкан экенсиң! Алып берсең алып берем де, болбосо жөн эле кой! -деп, бир нерсени байкап калбасын деп чечкиндүү сүйлөдүм. Ал дагы күлүп:

— Алсам алып берейин. Мени ушул жерде күт, азыр келем! -деп, кариет, чуркап кетти. Аны күтүп жатып, денем чымырап, ойлогон оюмдан кайта баштадым… Беш мүнөткө калбай, дос балам жетип келди:

— Алып келдим, сен айткандай экини. Мен сага алып бердим, а сен мага эмне кылып бересин?

— Акчасын берем сага! -деп, колумдагы кырк сомду сундум.

Мына, димедролду го алдым, эми муну эмне кылам? Аны колума алар замат, менде коркуу сезими пайда болду. Эки куту димедрол дарысын алганымда апам билип алчудай уйгу-туйгу ой менен уйгө жетип келгенимди байкабай да калдым. Дарыны алыс, бөлмөмдүн бир жерине каттым.

 

***

 

Кеч кирди, апам жумуштан келди, андан көп өтпөй атам да келди. Атамдын бир жакшы адаты бар, жумушка кетип жатканда, анан келгенде менин бөлмөмө сөзсүз кирчү, учурашчу, иши жакшы болгон болсо жүзүмдөн сүйчү. Бирок, бул ирет жүзүмдөн сүймөк түгүл, бөлмөмдүн эшигин да ачкан жок. Жиним ого бетер келди. Бир убакта кечки тамакка чакырышты:

-Тамак ичпейм! -дедим да, али эрте болсо да, төшөгүмө оронуп жатып алдым. Бөлмөмдүн эшиги ачылды. Атам кирди. Бир убакта мени тургузуп, бекерден бекер уруша баштады. Эмненин айынан урушуп жатканыбызды такыр түшүнбөй да калдым. Эми атама катуу таарындым. Атам чыгып кетти узак убакыт бою көп нерселер жөнүндө ойлонуп отурдум. Атамдын өкүнгөнү, апам менсиз кандай.., апам өмүр бою атамды күнөөлөп өтөөрүн, ойлоп, карегиме жаш толуп чыкты, ирмесем эле мөлт-мөлт кулачудай. Түн ортосунан өттү окшойт.

Баягы каткан жеримден, дос балам сатып берген эки куту димедрол дарысын колума алдым. Бир мүнөткө болгон окуяга баштан-аяк ой таштадым да, чечкиндүү кыймыл жасап биринчи кутуну, андан соң экинчи кутуну ачтым. Ар бир кутунун ичинде он эки даанадан дары бар экен. Ал дарынын баарын алаканыма төгүп, суу издедим. Муздаткычтагы сууну бөлмөмө алып кирдим. Баары даяр, эми жалгыз өзүм калдым. Акыркы жолу өзүмө суроо узаттым:

— Даярсынбы?!. Алаканымдагы үч дарыны бир убакта оозума салдым да, суу менен жуттум. Андан соң төрттү суу менен ичтим, кийин экини, андан соң бирди, бирди, бирди, анан ойлогон оюмдан кайткандай токтоп калдым…

Мен эмне кылып жатам?! Жинди болдумбу?! Курбу кызым айткандай, эми мени өлүм күтүп турабы?! Турмушта эч нерсени көрбөй эле кетүүгө даяр элемби?! Жөө тумандай самсыган ойлор… денемди муздак тер басты. Көзүм караңгылашып, башым айланып барып, төшөгүмө жыгылдым. Ушул убакта жардам сураган оюмдагы биринчи инсан атам болду.

— Ата, жардам бериңиз! Ата, келиңизчи!!.

Ата-энем өзүнчө, мен өзүнчө бөлмөдө уктачубуз. Бөлмөмдө өчүрүлгөн жарыкты күйгүзүп, ата-энемдин бөлмөсүнө барайын деп аракет кылдым. Керебеттен жерге сол бутумду таштадым, анын артынан оң бутумду. Жер көчүп жатты. Боюмду башкарууга кубатым калбады. Күчүм денемден чыгып бараткансыды, караңгыда жөрмөлөп болсо да, эшикти ачайын деп аракеттенем, бирок, ал да колумдан келбеди. Ошондо:

— Ата-ааааа! Апа-ааааа!, -деп аларды чакырып жаттым. Менин үнүмдү өзүмдөн башка эчким укпады. Корктум, ата-энемди ушунтип калтырып кетиштен корктум. Бар күчүмдү үрөп:

— Атаа-ааа, жардам бериңизде-ер! -деп, жерди колум менен чаап баштадым. Канча болду, билбейм. Караңгы бөлмөмө жарыктын нуру төгүлдү, жерден башымды араң көтөрүп атамдын мени көрүп чочуган, коркунуч баскан көздөрүнө жаш толгон көздөрүм менен карадым, демимдин күчү калбай бараткан. Атам чуркап жетип, мени көтөрүп алды. Денесиндеги калтырак менин денеме өтүп жатты. Аркасынан апам кирип, бөлмөнүн жарыгын күйгүздү да мени көрдү. Чочуп, коркуп, бакырып, үйдү ичи ызы-чууга толуп чыкты… Мен болсо алсыраган колдорум менен атамдын колдорун араң кысып;

— Ата-а, өлүп калам, жардам берчи!-деген өтүнүчүмдү шыбырап айткансыдым…

— Үндөбөчү, эси жогум! Эрке кызым, жан кызым, азыр врач келет!!. Апаң экөөбүз сенин жаныңдабыз…- Атам колуна жаңы төрөлгөн наристени көтөргөндөй мени аста көкүрөгүнө кысат. Калтырган, ый аралаш доошунан сүйүнүчтүн илебин да сезип жаттым…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE