Пример HTML-страницы

ЧЫНЫГЫ АПА!

https://kyrgyzcha.site/?p=40622&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЧЫНЫГЫ АПА!…периште менен бөбөктүн сүйлөшүүсү.

 

—-Ало, кандайсың? Трубканы койбой турчу…

—-Эмне болду, менин убактым жок.

—-Мен бүгүн дарыгерге бардым..

—-Анан эмне дейт?

—-Кош бойлуу экендигим чын экен, 3 айлык болуп калыптыр. Эмне кылам, алдырганга кеч болуп калды дейт.

—-Менин номеримди унут!

—-Кантип унутам, эмне деп жатасың? Мен кантем?Ту-ут — ту-ут — ту-ут…

 

Арадан үч ай өттү.

—Кандайсың бөбөк?

—-Жакшы, а сен кимсиң?

—-Мен сенин коргоочу периштең болом.

—А сен мени кимден коргойсуң? Мен бул жерде коопсуз абалдамын да…

—-Азыр абалың кандай?

—-Мен жакшымын, бирок апам күндө ыйлай берет.

—-Коркпо бөбөк, чоңдор дайыма ушундай, бир нерсеге нааразы боло беришет. А сен болсо көп укта, күч кубат ал. Кийин сен күчтүү болушуң керек.

——Сен апамды көрдүңбү, ал кандай?

—-Албетте көрдүм, ал аябай жаш анан сулуу. Апаң сени абдан жакшы көрөт. Сен эч кам санабай жакшы уктай бер.

Арадан дагы үч ай өттү.

Жаш эне өзүнчө сүйлөнүп жатты: «Эмне болгон мага, экинчи стаканды төгүп алдым. Бирөө колумдан түртүп жибергенсип… деги менин жашоом ий, эмне болуп баратам

—-Периште, сен бул жердесиңби?

—-Ооба бул жердемин.

—-Бүгүн апам жаман болуп жатат окшойт. Күнү бою өзүнчө ыйлап, сүйлөнүп, өзү менен өзү урушуп жатат. Мен жарык дүйнөгө баруудан коркуп жатам? Мүмкүн апам мени көргөндө мындан дагы жаман болот? Мүмкүн мени көргүсү келбейт?  Мүмкүн мени такыр каалабайт? Себеби, дайыма мен үчүн ыйлап, мен жаралып калган үчүн нааразы болгондой туюла берет мага.

—-А сен ага көңүл бурбай эле кой. Ошентсе да билип кой: апаң сени көргөндө аябай сүйүнөт! Сендей бөбөктү кантип жакшы көрбөсүн? ! Ар бир бөбөк апасына бакыт алып келет эмеспи…

—-Периште, азыр сыртта абал кандай?Азыр кыш мезгили, айлананын баары аппак, абдан кооз!

—-Мм… мен ошол кооздукту көргүм келип жатат. Ошол жарык дүйнөгө барууга даярмын! Мен ошол дүйнөнү, апамды көргүм келет.

—-Макул, анда мен сени бул жактан күтөм!

 

Жаш кыз тар бөлмөдө жалгыз кыйналып, кыйкырып жатты: «Жардам бергиле! Ким баар? Жарда-ам! Апа-аа!… Бөбөк апасын көп кыйнаган жок, башка бирөөнүн  жардамы жок эле жарык дүйнөгө келди.

Бир күндөн кийин көп кабаттуу үйлөрдөн окчунураак жерде апасы баласын жылуу ороп, наристени өөп жатты: «Сен мага таарынба балам. Азыр жашоо ушундай болуп калды. Мен жалгыз эмес, баары эле ушинтип кетип жатпайбы… сени менен кайда бармак элем?…  Экөөбүздү ким батырат? А менин жашоом али алдыда. Сен эч нерсени сезбейсиң. Акырын уктап каласың… кечир мени балам…»

Ысык тамчылар баланы орогон одеалга тамып-тамбай муздап, кичинекей муздун тамчысына айланып жатты.

 

—Периште, апам кайда кетип калды?

—Коркпо бөбөк… ал азыр келет.

—-Периште, а эмне үчүн сенин үнүн башкача чыгып калды?Сен ыйлап жатасыңбы?Сен апамды эрте кел дечи, мен үшүп кеттим.

——Жок бөбөк, мен ыйлаган жокмун. А сен уктабай ыйлап тур, катуу ыйла макулбу. Апаң азыр келет, бат эле.

—-Жок, мен ыйлабайм, апам ыйлаба деп кеткен…

—-Сен ыйлашың керек, апаң кайра сени таап келиш керек, катуу ыйла бөбөгүм!

 

Ошол учурда жакынкы беш кабаттуу үйдүн биринде аялы менен күйөөсү урушуп жатты:

—-Алтыным, укчу, мындай балалуу боло албаган жалгыз биз эмеспиз да. Канчалаган үй бүлө балалуу боло албай жүрүшөт. Багып алабыз керек болсо!.. Сен кайда баратасың? Эшик караңгы, билесиңби азыр саат канча болгонун? Ооруканага жаткандан кийин сен таптакыр башкача болуп калдың. Укчу мени! Мынчалык катуу кетпечи… кайда барасың түндө?

—-Суранам, жылуу кийинип артымдан жүрчү! Азырынча эч нерсе сураба. Мен өзүм да түшүнбөй турам…

Экөө караңгыда белгисиз жакка унчукпай баратты. Алдыда аял, артында күйөөсү.

—-Алтыным, уксаң, сен мурунтан жолду билгендей баратасың го? Айтчы деги, кайда баратабыз?

—-Билбейм, артымдан жүрчү деп жатам. Жүрөгүм сезип жатат, мен ал жакка барышым керек! Мени бирөө жетелеп бараткандай…

—Кайда-а? Ким жетелеп?… Сен мени коркутуп жатасың, доктуруңа чалайынчы азыр…

Бир убакта аял токтой калды:

—-Угуп жатасыңбы?… Бала ыйлап жатат…

——Ооба, тигил тарапта окшойт.

Бөбөк ыйлап жатты.

——Катуу ыйла бөбөк, апаң адашып калыптыр, мына келатат. Катуу ыйла!

——Сен кайда жүрдүң периште? Мен үшүп кеттим.

—-Мен сенин апаңа барып келдим. Эми ал сени эч кайда таштабайт! Ал сени бактылуу кылат, мына келип калды…

Экөө жетип келишти. Аял көздөрүнө жаш ала:

—-Оо кудай, бул наристе турбайбы. Кудай бизге бала берген экен көрдүңбү! Тоңуп калган тура. Балам менин, эми мен сени эч кимге бербейм!!!

 

—Периште, апамдын үнү башкача болуп калган го?

—-Сен буга көнүшүң керек, бөбөк. Бул сенин апаңдын үнү! Бул сенин чыныгы АПАҢ!

 

«Кедейликтен коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө. Анткени, аларга да, силерге да ырыскыны Биз беребиз. Акыйкатта, аларды өлтүрүү – чоң күнөө…» Исра сүрөөсү, 31-аят

Алла жер менен асманды жаратканда жүз ырайым жараткан. Ал жүз ырайымдын бири гана жерге түшкөн. Ал – эненин балага болгон ырайымы. Хадис

Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала. Макал

Балалуу үй базар, баласыз үй мазар. Макал

Сулуулуктан башканы билбеген ургаачынын турмушунан запкылуу турмуш жок.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE