Пример HTML-страницы

Бычак мизиндеги жашоо 3 бөлүм. 

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 3 бөлүм. 

 

 

 

Кымбат баалуу тумагын мыжыга кармап алыптыр. Чачы уйпаланып, сары өңү кыпкызыл болуп кеткен. Мени байкаган жок. Жайсаңдын артынан Адыл менен келген жигит чыгып бизди «киргиле» деп, өзү сыртта калды. Бөлмөдө жашы жыйырма беш-отуздун тегерегинде, көз айнекчен орус кыз бар экен. Кагаздарды карап, ручка менен бир жерлерин белгилеп жатат. Адыл ага столдун төрүндө тамеки чегип отуруптур. Биз киргенде бир нерсе эсине түшкөндөй чочуп, терезени ачып кыйкырды:

– Касен аба, кайра кириңизчи, акча эстен чыгыптыр,- деди да, орус кызга кайрылды.

– Лена бүттүңбү? Калганын кеңсеге алып барып кара. Отчёт түзүп столума калтырып кой,- деди. Аңгыча көз айнекчен киши кирип келип, папкасынан бир таңгак акча алып чыкты:

– Кимге берейин?

– Ага, Самат, бул силердин акыңар, түшкөн пайданын жарымы.

Тиги киши акчаны негедир жакын турган таякеме бербей мага берип, бир кагазга кол койдуруп, коштошуп чыгып кетти. Колумда абдан көп суммада акча турду, таякемди карасам көзү жашылдана түшүптүр, сүйүнүп жатат да. Анан кантсин, чет жерде өлүп кетемби деп турганда абал минтип кескин өзгөрүп, көп суммада акча берип жөнөтүп жатышса.

– Ага, сиз бул бөлмөгө кирип акчаны эсептеп алыңыз, Самат экөөбүз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы,- деди да мага карады:

– Самат, кандай деп чечтиң? Иштейм десең кал, иште биз менен. Бизге ишеничтүү, чынчыл, сөзүнө бек, тың балдар керек. Эмгегиңе жараша акы төлөнөт.

– Калам, Адыл байке, айылга барганда деле ылайыктуу жумуш жок.

– Жаш бала эмессиң түшүндүрүп отургудай. Түшүнөсүң да биздин ишти, ызы-чуусу көп. Бирок ошончолук “жашайсың” дагы.

– Ооба, түшүнөм, ойлондум баарын. Эч качан алдабайм, сатып кетпейм, колумдан келгенин кылам, өлсөм да мага тапшырылган иштин аягына чыгам, байке.

Адыл ыраазы боло тиктеп, башын ийкеди. Тамеки күйгүзүп түтүнүн шыпты көздөй үйлөп, креслосуна чалкалай отура кетти. Бир аздан соң ордунан туруп, мага колун сунуп:

– Бүгүндөн баштап бизге кошулдуң, ишиңе ийгилик, иним. Эми калганын иштегениңе карап көрө жатарбыз. Макул бара бер, таякеңди узатасыңбы? Канат билет эмне кылышты,- деп узатып койду.

Таякем коридордо отуруптур, «кеттик» деп сыртка чыктык. Канаттын машинесине отуруп темир жол бекетине жөнөдүк. Таякемдин көңүлү ачык, кудуңдап сүйүнүп алган. Бекетке жеткенче эч ким сүйлөгөн жок. Калып туура кылдымбы же кете бергеним жакшы беле? Ар кандай ойлор келип жатты. Үйдөгү акыбалды ойлогондо

«башка жолум жок, бир нерсенин үстүнөн чыгышым керек» деп өзүмдү сооротом. Кечээги Мерс алган жигитти эстеп, өзүмдүн да ошондой машине минип айылга барганымды элестетип жибердим.

Менин Казакстанда каларымды таякем Канат кассадан бир эле билет алып келгенде билди. Адегенде түшүнбөй калды:

– Йе, эмнеге бир эле билет?- деп мени карады.

– Таяке, мен калам, кичине иштеп барбасам болбойт.

– Ой, Самат, бул акчаны тең бөлөбүз да. Бир машине сатып алып эл ташысаң, он кой алып баксаң деле тирилик өтөт. Ноорузга карата дагы алма алып келгиле дешти. Барып экөөбүз чогултабыз айылдан. Алмурут, өрүк как да жакшы өтөт экен, бааларын көрдүм,- деп дагы бирдемелерди айтайын деп баратканда токтотуп калдым.

– Калам деп койгом, эми кетип калсам болбойт, таяке. Жазга чейин кичине акча иштеп алайын. Апамдарга карап турсаңыз болду. Отунун даярдап келгем, жазга чейин жетет, көмүрү аз. Анан үйдүн сырткы эшигин алып салып, ордуна темир эшик койдуруп коюңузчу. Мен бүрсүгүнү Каныбектердин телефонуна кечки алтыда чалам, апам келип турсун. Өзүм айтып түшүндүрүп коём. Сиз мени базарга күзөтчү болуп ишке кирди деп коюңуз.

Таякем айтканымдан кайтпасымды жакшы билет.

– Макул, барарым менен үйүңө көмүр түшүрүп, жаңы эшик коюп берем. Акчаны тең бөлөбүз, сенин үлүшүңдү эжеме тапшырам. Анан телефон чалып эжем менен сүйлөшүп кой. Этият бол, эжемдин ишенгени эле сенсиң. Эч ким менен урушпа, «макул, сеники туура» деп кутул, андан эч жериң кемип калбайт.

Жүгүн көтөрүшүп кирип, купеге жайгаштырып чыктым. Поезд Бишкекке жөнөп кете берди.

– Самат, бир жерде ашлямфуну жакшы жасашат, жүрү жеп келели,- деп калды Канат. Тамакка кошо арактан жүз грамм заказ кылды.

– Мен рулдамын, тамактын алдынан бирди, тамактан кийин бирди ичип алсаң жеңилдеп каласың,- деди.

Тамактанып чыгып жолдо баратканда:

– Көп ойлоно бербе, баары жакшы болот. Адыл ага чынчыл, жакшы иштеген балдарды тез эле көтөрүп алат. Өзү кыйынчылыкты аябай эле көргөн, эч кимдин акысын жебейт. Иштегениңе жараша акча аласың. Жакшы иштесең тез эле байып кетесиң. Жайсаңды көрдүң го, эмне болду. Келгенине эки жыл болбой жатып кандай жерди ээледи эле. Эч ким билбей калат деген да, эми ким ишенет ага?

Көп нерсе сурагым келди, бирок булар баарын айтышпаса керек. «Мейли, жүрө турсам көрөм да» дедим ичимден.

Бир сааттай шаарды аралап өтүп, беш кабаттуу «хрущёвканын» үчүнчү кабатында бир бөлмөлүү батирге келдик.

– Мына, Самат, азырынча ушул жерде жашай турасың. Шаардын чекеси болгону менен тынч. Бир убакта мен да бул үйдө жарым жыл жашагам. Көптөн бери эч ким жашай элек, өзүң тазалап, иреттеп аласың да. Керектүү нерселерди, бир айга жете турган тамак-ашты кечинде алып келем. Бул аванс,- деп чөнтөгүнөн бир тутам акча алып чыгып столдун үстүнө таштады.

– Мен кеттим, кечки сегиздерде келем. Биринчи кабатта дүкөн бар, күнү-түнү иштейт. Бир нерсе керек болсо ошол жерден ала тур,- деп чыгып кетти.

Батирдин абалы жакшы экен, бирок аял-атпайдын жүзүн көрбөгөнү билинип турат. Раковина толо жуулбаган идиш, чакан казанда качанкы тамак, эмеректердин үстү бир эли чаң. Бөлмөдө чоң диван, үстүндө эки жууркан, жаздык, ортодо стол, бурчта Кытайдын чакан түстүү телевизору, столду айланта үч отургуч турат. Столдун үстүндө чыныларда тамекинин калдыгы, бир бурчунда байпак жатат. Полдо журнал, гезиттер…

Кечке чейин үй ичин тазалап жууп чыктым. Саат сегизде Канат эки жигит менен азык-түлүк таштап кетти.

– Самат, азырынча жетет. Калган майда-чүйдөнү өзүң алып аларсың. Сени Арсендин тобуна кошту, ошо менен иштейсиң, чек арага каттайсыңар. Өзү түшүндүрөт калганын. Азырынча иш жок силерге, чек ара январдын алтысында ачылат, кыскасы, бир жума бошсуң. Бирок эртең менен ондон он бирге чейин телефондун жанында бол, издеп калышыбыз мүмкүн. Калганын Арсен айтат, макул, ишиңе ийгилик. Анан, Самат, эч кимге, эч качан Адылда иштейм деп айтпа, өзүң жөнүндө, ишиң жөнүндө, көргөн-билгендериң жөнүндө такыр ооз ачпа. Арсен да айтат, бирок мен да эскертип коёюн,- деп чыгып кетти.

Эртеси коңшубуз Каныбектин үйүнө телефон чалдым. Апам келип күтүп отурган экен, трубканы алып эле:

– Балам, кандайсың, ден соолугуң жакшыбы? Оорубай жүрөсүңбү, таякең айтты жакшы жумушка орношту деп. Көмүр алып келип берди, эшикти эртең орнотуп берет экен. Акча таштап кетти, ал акчага ун алдык, азык-түлүк алдык…- деп божурай баштады. Апакемдин ушу адаты калбады, сүйлөшүп калсаң суроолорду берет да, жообун укпай кайра өзү сүйлөй берет. Апам сүйлөп жатканда атам унчукпай гезит окуп отура берчү, оо бир оокумда апам сүйлөп бүткөндө гана “макул”

деп койчу. Мен да угуп отура бердим, апам

«Ай, Самат, угуп жатасыңбы?» дегенде «ооба, апа, угуп жатам» деп коём. Кыскасы, он мүнөттө айылдагы бүт жаңылыкты уктум. Апам байкуш мени абдан сагыныптыр, сөзү бүтпөйт. Баары жакшы экен. Ойлоп көрсөм апам көптөн бери минтип төгүлүп-чачылып сүйлөбөй калган экен. Санаам тынчып, көңүлүм көтөрүлүп калды.

Эртеси саат он бирлерде ойгондум, көңүлүм тынчыганга окшойт, катуу уктаптырмын. Өзүмдү жеңил сезип, негедир көңүлүм куунак. Душка жуунуп алып, базарга атайын барып майда-чүйдө алып келип, куйрукка аш демдеп жедим. Телевизордо Жаңы жылга карата ар кандай концерттер, кинолор болуп жатыптыр, телевизордон ар нерсе көрүп жата бердим. 6-январга чейин дүкөнгө эле чыкпасам, башка эч жакка чыкпай жаттым. Телевизордон жадаганда терезеден сыртты карап ар нерсени ойлонуп отура берем. Эч ким чалган да, келген да жок.

 

Жетинчи күнү саат ондордо бирөө “мен Арсенмин” деп чалды. «Жарым саатта барам, даярданып тур, бир жакка барабыз» деп трубканы коюп салды.

Жарым сааттан кийин эшиктин коңгуроосу басылып, орто бойлуу, чымыр денелүү бала кирип келди. Үстүндө булгаарыдан тигилген кымбат кара күрмө, күрөң түстүү жинсы шым, бутунда калың кроссовки. Эски тааныштардай учурашты:

– Кандай, Самат? Үйдө жата берип тажадыңбы? Болду, майрамдар бүттү, эми иштейли,- деди да сурабай-этпей эле ашканага кирип термостон чай куюп ичти.

– Тезирээк бол, караңгы киргенче ашуудан өтүп алалы,- деп муздаткычтагы куурулган этти алып чыгып жей баштады. Бирдемелерди сүйлөп жатты, түшүнгөн деле жокмун. Түшүнүп жаткан кишиче маал-маалы менен “аа, ошондойбу?” деп коюп кийинип жаттым. Аңгыча Арсен чайын ичип бүтүп, ээрчише сыртка чыктык. Опель Кадет маркасындагы боз түстөгү спорттук машинеде келиптир. Арткы орундукта узунунан түшүп бир жигит уктап жатат, эшиктер ачылганда чочуп ойгонуп, учурашып калды. Аты Айдар экенин айтты да, кайра уктап кетти.

– Түндө келишкен, балдар жетишпей мага шерик болуп кайра кетип жатат, эс алып алсын,- деди Арсен мага карап.

Шаарды айланып өткөн жол менен тез эле трассага чыгып, саатына 130-140 чакырым ылдамдыкта чек араны көздөй жөнөдүк. Арсен ичинде кири жок, ак көңүл адам экени көрүнүп турат. Мени карап:

– Адыл аганын балдарын уруп салганыңды угуп, сени башкача элестеттим эле. Мендей эле турбайсыңбы. Келемиш го мейли, Жанарды өзүң жалгыз кантип уруп салдың?

– Шарт ошондой болуп калды,- дедим акырын.

– Туура кылдың, таяк жеп туруп беришиң керек беле? Келемиш чындап эле келемиш экени билинип калды го. Алдасаң бир күнү билинет. Өзү да өтө көөп кетти эле акыркы күндөрү. Бир жолу айылдан досум келип, сыйлап коёюн деп калдым. Башка жер куруп калгансып мен дагы ал караган аймакка барып алыптырмын. Келемиш балдары менен биз тамактанган кафенин алдында турушкан, терезеден карап тургам. Бир маалда бир жаш жигит келинчеги экөө кафеге киргени кайрылып калышты. Эмне болуп кетти билбейм, Келемиш тиги жаш келинди колунан кармап тартып кучактап калды. Жанындагы шериктери күйөөсүнүн жолун тосуп, каткырып жатышты. Тиги бала да жөнөкөй эмес экен, экөөнүн тумшугун канжалата урду. Энеңдурайын шакалдар, тиги баланы көптөп сабап киришти. Кантип экинчи кабаттан түшүп жетип барганымды билбейм. Келемиш келинди коё бербей жатты. Элестет жаңы турмушка чыккан келинди күйөөсүнүн көзүнчө шылдыңдап жатканын. Келемиш мени байкаган жок, четке сүйрөп чыгып тумшуктан ары бир урдум. Керсейген менен кыздай эле назик жаны бар экен, жыгылып түштү. Ошол жерде айдоочулар түнөгөн вагон бар эле, ошонун түбүнө кирип, чыкпай койду. Кирип сүйрөп чыгайын десем кийимим ылай болчудай, берки шериктеринин бири да жолой алышкан жок. Кафенин алдына барсам тиги жигит келинчегин сооротуп жатыптыр. Кафеге алып кирип Келемиштин эсебинен деп аларга тамак-аш буюртма кылдым. Эркек деген сүйлөшкөн кызы же аялы менен бараткан адамга эч качан тийишпейт да. Бул жазылбаган мыйзам го акыры,- деди түтөгөн Арсен.

Ушуну айтты да бир топко чейин сүйлөгөн жок.

– Сени жумушка шеф өзү алыптыр го, ээ?- деди бир убакта.

– Эми жакшы иштесең эле баары жакшы болот. Негизгиси алдабай, таза иштесең тез эле көтөрүп алат. Эми өзүң деле түшүнөсүң да, Адыл агага мындай иште ишеничтүү адамдар керек. Ал деле сатып кетпей турган, кыйынчылыкта таштап кетпей турган жигиттерди топтогусу келет да.

– Түшүнөм, бирөөнү сатып кетүү мага жат нерсе. Сатып кеткендерди көрдүк го акыры.

– Макул эми, кеп мындай. Мен сага кылар ишибизди түшүндүрүшүм керек. Эми экөөбүз бирге иштейбиз, ар төрт күндө Кытайдан фураларда жумуртка, эт, аудио-видео техника, кийимдер чыгат. Биздин иш – жүктү чек арадан тосуп алып, базага аман-эсен жеткирүү. Эки күн барып келишибизге кетет, эки күн бошпуз. Ар бир барып келгенибизге акча төлөнөт. Сага канча төлөйт билбейм, барып келгенде өзүң көрөсүң. Бардачоктун астында кнопка бар, карасаң.

Бардачоктун түбүн сыйпалап билинер-билинбес кнопка таптым.

– Таптым.

– Бас ошону.

Бассам алакандай жер ачылып, «ПМ» маркасындагы тапанча колума түштү. Арсенди таң кала карап калдым.

– Бул сеники, билесиңби эмне экенин?

– Пистолет Макарова, патрон 9х18 миллиметр, эффективная дальность полёта 50 метр, 350 метров сохраняет убойное действие пули, дальность полёта пули 400 метров, боевая скорострельность 30 штук в минуту. Вес не заряженный 0,73 килограмм, с патронами 0,81 килограмм…

– Эй, болду, болду. Түшүндүм. Армияданбы?

– Жок, университетте, аскердик кафедрадан үйрөндүк. Бирок үч эле жолу атып көргөм.

– Сенин келишиң Жаңы жылга туура келип калды. Чек арага барып келели, анан атып көрөсүң.

– Тир барбы?

– Союздан калган полигон бар. Биздикилер ошол жакта машыгышат. Сен да барышың керек. Тажрыйбалуу инструктор бар, бир-эки ай сени үйрөтөт. Жаңы кошулгандардын баары ошонун колунан өтөбүз. Көп нерсе үйрөнүп чыгасың.

– Түшүнүктүү.

– Жолдо ар кандай окуя болушу мүмкүн. Көрүп жатасың, бирин-серин эле айыл болбосо, көбүнчө ээн талаада жүрөбүз.

– Фураларды такай коштоп жүрүш керекпи?

– Сөзсүз. Жолду көрүп жатасың го, ээн жерде ар нерсе болушу мүмкүн.

– Адылдын жүгү десең коё беришпейби?

– Адыл агага окшогондор Казакстанда толуп жатпайбы. Каракчылар жолуңдан тосуп, тээ тиги адырдын артына алып өтүп тындым кылып коюшса сени ким табат?

Тапанчаны жанагы ордуна салып, кайра алып, айтор, шашылышта тез ала койгонго колду көндүрө баштадым.

– Бир немис уста жасап берген. Кыйын киши, биздин куткаруучубуз. Менттер канча тытышты, бир да жолу табышкан жок.

Арсен мага жумуштагы тобокелчиликтерди айтып түшүндүрүп баратты.

– Ушул жол Кытайдын чек арасына алып барат. Шашпай айдасак он беш, он алты саатта жетебиз. Ээн жерлерде этият болушубуз керек. Фураны тонойбуз дегендер ошондой жерлерден тосушат. Самат, эсиңде болсун, экөөбүзгө эч ким жардамга келбейт, товар экөөбүздүн моюнубузда. Ошон үчүн жакшы акча төлөнөт бизге. Азыр мурункудай болбой калды, бирок айтып болбойт. Мурун бир фураны сегиз бала эки машине менен коштоп жүрчүбүз, азыр тынч эле болуп калды.

– Ушул биртке жумуртка үчүн атып салышы мүмкүнбү?

– Биртке эмес да, Самат, жыйырма беш тонна! Билесиңби акчасы канча болот? Фуранын өзү эле канча турат? Эми айтып болбойт, ар кандай шартка даяр болушубуз керек. Бир ай боло элек, Өзбекстандан Орусияга кеткен үч фура дайынсыз жок, бүгүнкүгө чейин кабары чыкпады.

Көзүм илинип кетиптир, машиненин эшиги жабылганда ойгонуп кеттим. Жеткен окшойбуз, Арсен менен Айдар жарыктар күйүп турган тарапты көздөй кетишти. Машинени өчүрбөптүр, демек, көпкө кармалбайбыз. Ары-бери баскан адамдар көп. Терминал экен, тээ алды жактан «Достык» деген жазуу көрүнүп турат. Терминал ээн талаага курулуптур, шамал, ызгаар көз ачырбайт. Машиненин печкасы иштеп жатты, радиону иштетип музыка угуп отура бердим. Бир саат өткөндөн кийин Арсендер келишти, артка кайтып, келген жолубузга түштүк. Терминалдан 300 метрдей алысыраак жерде бир фура токтоп туруптур, айдоочулары окшойт, жанында эки адам турат. Арсен алар менен бирдемелерди сүйлөшүп келди да, фураны алдыбызга салып жолго чыктык.

Тынч эле жеттик Карагандага. Эки жерден МАИ кызматкерлери тосушту, алар менен фуранын айдоочулары өздөрү сүйлөшүп, кайра бат эле жөнөп жатышты. Биз алдыраакта күтүп туруп, фура өтүп кеткенде артына түшөбүз. Карагандада фура бир чоң кампанын дарбазасынан ичкери кирип кетти.

– Болду, биздин иш бүттү,- деди Арсен. Дарбазаны ачкан киши “баары жакшы”

дегендей колун көтөрүп белги берген соң артка кайттык. Сегиз кабаттуу бир үйдүн жанына токтоп:

– Жүрү, Самат, биринчи жолку акчаңды ал. Бизге кошулганыңды жууйлу,- деп күлүп калды Арсен. Үчөөбүз экинчи кабаттагы бир бөлмөгө кирдик. Биринчи Арсен кирип чыкты, андан кийин Айдар, акырында мен кирдим. Өткөнкү окуядан кийин Жайсаңдын кеңсесинен көргөн көз айнекчен Касен аба экен:

– Самат, кел, балам,- деп алдындагы кагазды улам-улам карап, калькулятор менен эсептеп кирди. Анан столдун тартмасынан акча алып чыгып санап мага сунду:

– Ме, балам, биринчи эмгек акың…

 

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE