Пример HTML-страницы

Бычак мизиндеги жашоо 18 бөлүм (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 18 бөлүм

 

Учак аэропортко конгондо ойгонуп кеттим. Оор үшкүрүп алдым, бул «оор күндөр артта калды» деген кубаныч жана жеңилденүү эле.

Алдын ала дайындап коюшуптур, учактан түшөрүм менен бир орус жигит тосуп алып ээрчитип жөнөдү. Аэропорттун атайын сыйлуу коноктор, көбүнчө чет элдик делегациялардын өкүлдөрү өтүүчү VIP-коридорунун алдында капкара, айнектери караңгылатылган машина туруптур. Арткы эшигинин айнеги түшүрүлүп, ичинен Арсендин башы көрүндү.

– Секир, каскадёр. Кечир, бул жерде машинадан түшкөнгө болбойт экен,- деп калды. Толуп алыптыр, көздөрү мурункудай эле күлмүңдөп, жүзү жайдары. Баягы мен билген Арсен. Критке жаңы келгенде абалы оор болчу, сакайып чыкканына шүгүр. Унаага отурган соң Арсен менен кучакташа учурашып, божурап өткөн-кеткенди, ал-жайды сурашып бараттык. Арсенди баягы Герик айткан дарыгер айыктырып чыгарыптыр.

«1 айда толук бутума тургузуп койду» деп мактап баратты. Адыл ага бул жакка келгенден бери эс алууда экен. Каныш апа мурункудай эле үй иштери менен алек экенин айтты. Асел жөнүндө негедир унчукпады. Балким, атайын мени сынап жаткандыр.

Үйгө жеттик, Адыл ага, Каныш апа, Асел үчөө дарбазадан тосуп алышты. Адыл ага колумду бекем кысып өзүнө тартып кучактады. Көкүрөк тийгизе амандашып, далымдан таптап койду. Кандай азаптарды башынан өткөрсө да сынын бузбаптыр кайран киши. Дагы эле баягыдай сүрдүү, олуттуу, зыңкыйган бойдон экен. Каныш апа маңдайымдан өөп, айланып-кагылып жатты. Асел да моюнума асылып, бир топко турду. Дасторконго отурган соң Адыл ага сөз баштады.

– Самат, сени биринчи көргөндө эле олуттуу жигит экениңди сезгем. Командама да ошон үчүн кошком. Болбосо, ал кезде менин жаныма анча-мынчалар даай алчу эмес. Сени тандап жаңылбаптырмын. Мени бир эмес, бир нече жолу өлүм оозунда жаткан жеримден сууруп чыктың. Сен болбосоң, азыр тирүү жүрөт белем, бир Кудай билет.

Сөзүнүн ушул жерине жеткенде Адыл аганын үнү калтырап кетти. Карасам, көздөрү жашылдана түшүптүр. Эч кимибиз сөзүн бөлбөдүк, күттүк. Бир саамга токтоло калган Адыл ага сөзүн андан ары улантты.

– Эми мындай, Самат. Сага сый көрсөтүүгө уруксат бер. Акча, байлыктан тышкары ортобузда ага-инилик мамиле сакталып калса дейм. Бир тууган болуп калдык. Кааласаң бул жактан үй алып берейин, жакындарыңды алып келип ал. Кааласаң Кыргызстандан үй сатып ал. Бизнес түптө, керектүү акчаны мен берем. Айтор, эми өз жашооңду башта. Тандоо өзүңдө, шашпай ойлонуп жообуңду айт,- деди токтоо.

– Макул, ойлонуп көрөйүн.

Тамактанып отурдук. Адыл ага өткөн күндөрүн, айрыкча ооруп кароосуз сарайда жаткан учурун толкунданып эскерип отурду. А менин оюмдун баары Аселде болуп жатты. Мурдагыдан токтоо тартып калыптыр, улам көздөрүбүз чагылыша түшүп жатты. Муну жанымда отурган Арсен байкап калыптыр. Акырын мен жакка ыктап, кулагыма шыбырады:

– Жигит, тойго аз калган окшойт?

– Кайсы тойду айтасың?

– Билмексен болбой эле кой, көздөрүңөр эле айтып турбайбы.

– Жөн отур эми, анан сүйлөшөбүз.

Ал күнү түнү менен ойлонуп чыктым. Критте калсамбы же Кыргызстанга кетсемби. Бул жакка келүүгө апамдын көнүшү да кыйын, «кой, балам, бөтөн жер, бөтөн элде басынып жашап эмне азап мага? Кудай өз айылымдан айрыбасын» деп айтары турган иш. Греция эмес, өзүбүздүн Бишкекке барса бир жума араң чыдайт апам. Өткөндө эле сүйлөшкөнүмдө да Кыргызстанга качан барарымды сураган. Апамды айылга таштап, бул жакта кантип жашамак элем? Акыры мекениме кетүүнү туура көрдүм. Адыл аганын көмөгү менен бир бизнес түптөп алсам, калганын дагы көрө жатарбыз. Ушундай ойлор менен алпурушуп жатсам бөлмөмдүн эшиги чертилип калды, Арсен экен. Жүзү олуттуу, жаныма келип креслого отурду.

– Ошентип, Аселди сүйүп калдым дечи?

– Арсен, сенден сыр жашырып мүмкүн эмес го. Ооба, сүйүп калдым, досум.

– Тагдырды кара, мен да сүйөм.

– Кимди?

– Кимди болмок эле, Аселди да.

– Бул тамашаң өтпөй калды, башкасын ойлоп тап,- жүзүнө карасам Арсендин тамашалашкандай түрү көрүнбөйт.

– Ал меники болот, а сен Кыргызстаныңа тынч жөнөй бер.

– Кимдики болорун сен чечпейсиң!- өзүмдү кармай албай калдым, үнүм калтырап жиним келе түшкөнүн билдирип койдум. Арсен каткырып калды.

– Кантер экен десе! Үтүрөңдөп кеттиң го тим эле.

– Кечир, Арсен.

– Эч нерсе эмес, анан кандай пландар?

– Билбейм, Аселге сезимдерим тууралуу айта элекмин. Батына албай жатам.

– Учуру келди анда. Ал деле сага кайдыгер эмес өңдөнөт, жана чай үстүндө байкап калдым.

– Билбейм.

– Билбейм деп отура бер анда! Эртең бирөөнү таап кетсе өкүнүп жүрбө. Жигит деген арыдан-бери болуш керек го. Жардам керек болсо кайрыла бер,- деп күлдү. Ушуларды айтып Арсен бөлмөдөн чыгып кетти. Сөзүндө калет жок эле.

«Эртең» дедим ичимден. Эртең сөзсүз бир айласын табам.

Эртеси кечинде Аселге сейилдеп келүүнү сунуштасам макул болду. Жакын жерде чакан көл бар, кечкисин ал жерде эки-экиден кайыкка түшүп алып ары-бери сүзүшөт. Адатта, сүйүшкөндөрдү көп жолуктурасың. Жергиликтүүлөр бул жерди «Сүйүү көлү» деп аташат. Асел экөөбүз да бир кайыкка отуруп көлдү ортолой сүзүп жөнөдүк. Ар кайсыны айтып тамашалап, бирок сезимим тууралуу айтарда эле тилимди жутуп алып жаттым. Акыры сөздүн четин чыгардым.

– Асел…

– Оу?

– Мен сага көптөн бери бир нерсе айтайын деп айта албай жүрөм.

– Билем,- күлүп койду.

– Эмнени?..

 

– Эмнени айта албай жүргөнүңдү,- деп күлүп койду. Сүйлөшүүбүз мынчалык ачык болот деп күткөн эмесмин. Сөздү эмнеден баштаарымды билбей алдастап, тилим чайналып турганда Асел өзү жардамга келди ушинтип. Мени аядыбы же башка себеби барбы, айтор, сөздү андан ары улантып кетүүгө жол ачылды. Өзүмдү күчтүү деп жүргөнүм менен, алсыз экенимди так ушул учурда сездим. Бул учурду колдон чыгарып жиберсем, анда Аселге экинчи жолукпай калышым да мүмкүн эле. Аны колунан кармап сүйүп калганымды, бирок аны айтууга көптөн бери батына албай жүргөнүмдү, эртеңки жашоомду ансыз элестете албай калганымды, жубайым болсо бир өмүр колума көтөрүп өтөрүмдү айттым. Төрт сөздү айтып бүткүчө кылым өткөндөй сезилип, денем дүркүрөп кетти. Асел кылыктанымыш болгону менен, ал дагы мени жактырып калганын билдирди. Эх, анын оозунан бул сөздү уккан учур менин өмүрүмдөгү эң бактылуу көз ирмем болуп калды. Андан ары сөзүбүз түгөнбөй, таң агаргыча сейилдеп жүрдүк. Аселди алып айылга кетмей болдум. Шаарда төрөлүп, шаарда өссө да “айылга жашабайм” деп кылыктанган жок. Сунушума макул болду, башкысы – ишеним. Экөөбүз тең бири-бирибизге эч качан кыянаттык кылбоого, жалган айтпоого сөз бериштик. Адегенде бул жакта чакан той өткөрүп, анан Кыргызстанга учуп кетүүнү макулдаштык. Менден бактылуу адам жоктой көңүлүм жайдары эле. Биздин чечимди Адыл ага да кубануу менен кабыл алды.

– Мейли, тандоо силердики. Башкысы, бактылуу болсоңор болду,- деди. Кыргызстанга кетебиз дегенибизге гана бир аз кыйылып турду. Кантсе да Асел кичинесинен колунда чоңоюп, өз кызындай болуп калган да. Каныш апа да батасын берди.

– Кайда жүрсөңөр да бактылуу болгула!- деди кубана. Ушул эки адамдын батасынан кийин “өөх” деп үшкүрүнүп алдым. Эгер булар каршы чыгышса, мени канчалык сүйүп турса да Аселдин алардын сөзүн эки кылышы кыйын эле.

Криттеги ресторандардын биринде чакан той кылып, баш коштук.

Тойдо Каныш апанын сөзү көпкө чейин эсимде сакталып калды.

– Самат, уулум, Аселди тырмактайынан тарта чоңойттум. Бой жеткени ойлогонум бирөө гана. Татыктуу бирөөнүн колуна барса деп тилендим. Кудай буюрган экен, боордош Кыргыз элине келин болуп түшкөнү жатат. Сен да менин уулумдай эле болуп калдың. Кызымды сага тапшырдым, силердин бактылуу жүзүңөрдү гана көрөлү. Очор-бачар бүлө болгула!- деди. Кадимки эле эненин кыз узаткандагы сөзү. Бирок Каныш апа бул сөздөрдү башкача бир энелик сезим, үмүт, толкундануу менен айтты. Ылдый тиктеп, сөзүн кунт коюп угуп жаткам. Бир карасам жоолугунун учу менен көз жашып сүртүп жатыптыр.

Тойдун эртеси эле Кыргызстанга учтук. Жөнөөрдө апама телефон чалып, баратканыбызды кабарладык. Апакем кубанганынан ыйлап жиберди, айланып-кагылып бүтпөй жатты. Аэропортко бизди Арсен узатып келди. Ошентип, Алматыдан башталган сапарым Грециядан аяктады. Тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес экен, Адыл агадай бир тууган, Арсендей дос, эң негизгиси, сүйүүмдү таптым. Жол алыс, Асел башын ийиниме коюп уктап баратты. Аны карап ичим элжиреп, ойготуп албайын деп абайлап бара жаттым.

Эх, сулуум менин. Апамдын алтын келини, карындашымдын жалгыз жеңекеси. Тагдыр сени мага жолуктурбаса, билбейм сендей жароокер жанга жолугат белем, ким билет? Билем, жаңы жолукканда сени такыр жактырчу эмесмин. “Байдын эрке жээни” деп мыскылдап күлгөнүм азыр да эсимде. Туура, мен деле сага катардагы бирөө болчумун. Таякеңди курчаган көп жигиттин бири катары мамиле кылып, канча капа кылдың. Баарын көтөрдүм, чыдадым. Билбейм, эмнеден улам экенин, бара-бара өзгөрө баштадың. Убакыт өткөн сайын эркелигиң, кайсарлыгың жоголуп, назик, жароокер жанга айлана баштадың. Муну мен баягы жаздын алгачкы күнү байкадым. Түндө жамгырда сырттан шөмтүрөп суу болуп келсем “суук тийип калат” деп чыйпылыктап кийимдеримди чечип, башкасын бергенсиң. Бара-бара мага мамилең өзгөрө баштады. Сени кантип сүйүп калганымды, бир күн алыска кетсем сени көргүм келип сагынчу болгонумду өзүм да байкабай калдым. Арбап алдың, биротоло өзүңө имерип алдың. Адыл аганын үйүнөн мени Каныш ападан мурун назик, боорукер Асел тосуп алып, ошол адам кайра узатчу болду. Ортобуздагы бул жакындык сен Грецияга учуп кеткенде алоолоп күчөп кетти. Сагындым, кызгандым, үнүңдү уккум келди, бирок аргам жок эле. Алдымда оор милдет – Адыл аганын ишеними турган. Сүйүүгө көп сөздүн деле кереги жок окшойт, бат эле табышып, бат эле өз жолубузду тандадык. Буюрса, көп балалуу болобуз. Өзүңө окшош кыздарды, мага окшош уулдарды тарбиялайбыз. Алардын бактылуу күлкүсүнөн чогуу ырахат алабыз. Жароокерим менин. Сени бир өмүр барктап, сыйлап өтүүгө сөз берем!

Бишкекке жеткенде таң жаңы эле аткан. Андан ары айылга такси менен жөнөдүк. Айылда болсо апам көшөгөсүн илип, тойдун камылгасы менен буту жерге тийбей чуркап жүргөндүр. Баягы мени Алматыга таштап келген таякем эркектердин жумушуна баш-көз болуп өзү тургандыр. Таксиде Кыргызстандын жаратылышына көзү тойбой суктанып бара жатты Асел. Айрыкча Чычкан капчыгайынын сулуулугун көргөндө аябай суктанды.

– Мындай кооз жерди биринчи— көрүшүм,- деди.

– Мындан кем эмес кооз жерлерди али көп көрөсүң,- деп мактанып алдым. Саналуу сааттардан кийин айылга кирип бардык. Көчөнүн башынан бурулганда таксист улам сигнал басып баратты. Жаш балдар кубалаша чуркап, келин келгенин жар сала кыйкырып баратышты. Кичинебизде биз дагы ушинтчүбүз.

Дарбазадан бурулганда тууган, кошуна-колоңдун ортосунда апам колуна ак жоолугун кармап күтүп туруптур. Апамды кучактап калдым, айланып-кагылып ал-абалымды сурап жатты. Апамдын бактылуу жүзүн көрүп көзүмө жаш тегеренди. Анан унаадан Аселди түшүрүштү, тик кароодон ийменип бир-эки кадам таштаганда апам алдын торой басып көптөн бери камдап жүргөн ак жоолугун башына салып, маңдайынан өптү. Асел улам-улам ийилип жүгүнүп жатты. Шашкалактаган апакемдин

 

“Кудай жалгасын!” деген ак батасы угулду.

 

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE