Бычак мизиндеги жашоо 14 бөлүм
Сегиз күндө шаарды жакшы эле билип калдым. Эртеден кечке басып, үйгө чарчап келем да диванга кулайм. Шаардын өзүндө жашагандар деле менчелик түрө кыдырып чыкпаса керек.
Юлайдан кабар барбы деп күндө эртең менен подъезддин эшигин карайм. Тогузунчу күнү да, онунчу күнү да белги болгон жок. Шаар менен таанышууну улантып жаттым.
Он биринчи күнү кечинде сегиздерде үйгө келсем эшиктин сол жагында «п» деген тамга жазылып калыптыр.
Кат бекитип кетиптир, эч кимге байкатпай алып, үйгө кирип окудум.
«Эртең кечки саат 10до 12-03 сени үйүңдүн артында күтөт, экөөң келе бергиле. Сырт кийимиң, бутуңа кийгениң да кара же көк түстө болсун, жаныңарга ашыкча буюм албагыла. Калганын 12-03 түшүндүрөт» ,- деп жазыптыр Юлай.
Эртеси саат 10до үйдүн артына өтсөм Албан туруптур, Ауди 80 минип алыптыр. Түн ката бир жакка жөнөдүк.
– Ерхандар бир жерде корпоративде экен, 12-01 Ерханды ошол жерден кармайбыз деп жаткан окшойт,- деди бир маалда.
– Алар көпчүлүк болуш керек, кантип кармайт элек?
– Билбейм, дагы бирөөлөр бар окшойт да. Бизди андай иштерге аралашпайсыңар деди эле го. Мейли, бара берели, көрө жатарбыз.
– Башка балдар да барабы?
– Билбейм, аны Юлай эле билбесе.
– Ерханды Юлай бир «умный» жол менен кармайт деп ойлоп жаттым эле.
Албан мени таң кала карап койду да:
– Биз издеп жатабыз, Самат, Ерхан өтө сак экен. «Уюкка» кирип кетип чыкпай жатат. Качантан бери аңдыйбыз, деги бир сыртка чыкканын көрбөдүк. Ерхандын ресторанга келгенинен деле күмөнүм бар. Менин оюмча, Юлай Ерханды «уюгунан» чыгарайын деп эле бир нерсе уюштурду окшойт.
– Балким.
Шаардан сыртка чыгып токтоп, машинаны калтырдык да, он мүнөттөй жөө басып бир токойлуу жерге жетип токтодук. Албан рациядан Юлайга «келдик» деп кабар берди. Юлай тез жетип келди. Үстүндө десанттардын кийими, бутунда берца, үч автомат асынып алыптыр. Жүрөк шуу дей түштү, согушка келгендей эле даярданып келиптир. Албан экөөбүз бири-бирибизди тиктеп алып, кайра экөөбүз тең таңдана Юлайды карадык.
– Сөз мындай, балдар, азыр мен силерди эки жерге коюп кетем. Рациядан «огонь» дегенде асманга бир мүнөттөй автоматтан ок аткылап, анан дароо кетип калгыла. Болду, силердин ишиңер ушул. Ме, кол кап, кийип алгыла,- деп экөөбүзгө ыргытты. Атып бүткөндөн кийин автоматтарды ошол жерге таштап койгула. Манжаларыңардын изи калбасын,- деп катуу дайындады да, экөөбүзгө бирден автомат карматты. Баарыбыз бир жакка чуркап жөнөдүк. Ерхандар токойдун арасында, балык ферманын чакан ресторанында майрамдап жатышат дейт.
Он беш мүнөт токойдун ичи менен басып, Ерхандар отурган жерге жакындап келдик. Мени ресторандын батыш тарабына калтырып, Албанды ээрчитип түндүк тарабына кетти. Токойдун чок ортосунда жыгачтан курулган ресторан экен. Тегереги бүт балык кармаган көлмөлөр. Короодо көп деле киши байкалбайт. Кароолчу окшойт, жашы 50дөн өтүп калган бир киши көлмөлөрдү айланып сууга бирдемелерди чачып жатат. Балыктарга жем берип жатат окшойт дедим ичимден. Дубалдын ары жагынан түтүн чыгып жатат, демек, очогу ошол жакта экен. Ресторанга кире бериште 3 жол тандабас, бир кичи автобус турат. Короонун ортосунда бир ак алабай байлануу.
Бир жоон дарактын артына бекинип, рацияны текшерип, автоматымды даяр кармап отурдум. Беш мүнөттөн кийин Юлай менин жаныма келип, рациядан шыбырап бирөөлөргө буйрук бере сүйлөп жатты. Сүйлөгөнүнө караганда, бул жерде бизден башка балдар көп эле окшойт. Үч мүнөттөй ар кимге ар кандай буйруктарды берип отурду. Бир маалда кулагымдагы наушниктен Юлайдын үнү чыгып калды:
– 12-02, кандай угуп жатасың?
– Жакшы, 12-01.
– Макул, даярдан!- деп коюп эңкейе чуркап жанымдан өтүп кетти.
Он мүнөттөн кийин ресторандын ичинен автоматтын, тапанчанын үндөрү угулуп, ызы-чуу башталып кетти. Кыйкырган, бакырган үндөр, топурап туш-тарапка качкан адамдар. Эмне кыларымды билбей туруп калдым, Юлай мага буйрук берген болсо укпай калдымбы деп рациямды текшерсем иштеп эле жатат. Үч мүнөттөн кийин менден төрт-беш метр арыраак жерден эки автоматчан адам чуркап өтүп кетти. Акырын башымды көтөрүп карасам ресторан тараптан топ караан көрүндү. Жанагы экөөнүн артынан куугандар эле го. Рациямдан «огонь» деген Юлайдын үнү чыкканда, башымды көтөргөндөн чочуладым, жаткан жеримден ресторан тарапка каратып, асманга ата баштадым. Мени менен бир эле маалда ар тараптан, үч-төрт автоматтан ок атылып жатты. Бир магазинди түгөттүм да, жашынып артты көздөй чуркап жөнөдүм. Артты карасам Албан да чуркап келатыптыр. Токойдон чыгып машинага жетип, зуу койгон бойдон шаарга кирип кеттик. Артыбызда куугун жок экенине көзүбүз жеткенде Албан мени үйүмө жакын жерге таштап, өзү андан ары кетти. Коркуп калганбызбы же шашкандыкпы, экөөбүз жолдо бир да жолу сүйлөшкөн жокпуз.
Үйдөн чыкпадык. Эртеси телевизордон жанагы ызы-чуу чыккан ресторанды көрсөтүштү. Анда айтылгандарга таянсак, белгисиз адамдар акчасын алдын ала төлөп ресторанды бир суткага алышкан экен. Бир официант аял минтип сүйлөп берди:
– Кардарлар келишкенде эле таң калгам, ресторанды айлантып куралчан адамдарын коюшту. Чоң залды даярдаган элек, столдорду алдырып салышып жерге төшөк салдырышып, дасторконду да жерге жайдырышты. Биздин тамактарды жешкен жок. Койду өздөрү алып келип союшту. Тамак-ашын да өздөрү даярдашты. Биз болгону алардын айтканын кылып жаттык. Башында жакшы эле отурушкан, кийин байкадым, баары наркомандар экен. Бири-бирине шприц сайып, өздөрүнчө эле бака-шака түшүп жатышты. Чоңубузга айтсам,
“бир күн чыдап койгула, акчасын жакшы төлөштү, силерге да ашыгы менен төлөп берем” дегенинен унчукпай калдым. Булар жергиликтүү жашоочулар эмес, сүйлөгөндөрүнө караганда башка жактыктар.
Саат он бирден өтүп калган, ашканада отурганбыз. Иттер үрүп калды, сыртка чыга калсам маскачан, десанттардын формасын кийген, колдоруна автомат кармаган 2 адам залга чуркап кирип аткылай баштады. Залда жыйырмадан ашык адам отурган. Мен дароо ашканага качып кирип, эшикти ичинен бекитип алдым. Сыртта ондон ашык адамдар жүргөн, тигилер менен аткылашып калышты. Биз ашканада столдордун түбүнө кирип жашынып жаттык. Залда, коридордо тополоң, кыйкырыктар, жардам сураган үндөр угулуп жатты. Айнектер талкаланып, биз отурган бөлмөнүн эшигине да бир нече ок тийди. Анан токтоп турган машиналар от алып, келгендер кетип калышты. Кароолчубуз келип «чыга бергиле, кетишти, эч ким калбады» дегенде гана чыктык. Ресторанда ал атышуудан кийин эч ким калбаптыр. Өлгөндөрдү, жарадар болгондорду, баарын алып кетишиптир.
Бул окуя телеканал, радиолордон түшпөй калды. Окуяны облустук милициянын атайын бөлүмү иликтөөгө киришиптир.
“Окуя эмнеден келип чыкканы, кимдер экени азырынча белгисиз” деп айтылып жатты.
Ошол бойдон төрт күн мага эч кандай кабар болгон жок. Сыртка чыкпай жата бердим. Бешинчи күнү кечки саат алтыларда рациядан Юлай:
– 12-02, кечки саат 10до сени үйүңдүн артынан 12-03 күтөт, калганын ошол айтат,- деп өчүрүп койду.
Кечинде чыксам Албан күтүп туруптур, мени көрүп эле:
– Келдиңби, машинаңды айдап жолго чыгып оңго буруп тур. Мен жашыл Жигулиде жаныңдан өтүп баратып зажигалка жагып тамеки күйгүзүп өтөм. Артта калып калбай артымдан айдай бер. Кечигип жатабыз, тезирээк барыш керек,- деп ары жакка чуркап кетти. Бир маанилүү сүйлөшүү болорун билип турдум.
Жолго чыгып Албандын машинасынын артынан ээрчий айдап жөнөдүм. Шаардын четинде жаңы конуштар бар, токой менен чектешет. Албан ошол токойго жетейин деп калганда токтоду. Мен андан элүү метрдей өтүп барып, бийик өскөн камыштардын жээгине жетип токтодум да, экөөбүз токой аралап жөнөдүк…
– Чочулаба, бул жерде эч ким жок. Балдар карап турушат.
– Каякка баратабыз, эмне болду?
– Юлай күтүп жатат, барганда өзүң түшүнөсүң.
Он мүнөттөй басып, токойдун калың жерине жетип токтодук. Колу-буту байланып, көздөрү таңылган 3 адам жерде жатат. Баарынын кийгени кара костюм-шым, ак көйнөк. Юлай тамеки тартып ары жакта аларды тиктеп отурат. Бизди көрүп бери басты:
– Келдиңерби? Булар…- Бирөөсүнүн бутуна бир тээп: – Ерхандын баш кесерлери. Силерди чакырган себебим, орусча сүйлөй алышпайт экен, силер сурагыла. Калганын анан сүйлөшөбүз. Экөөңөр жакшылап жарга такагыла, анан мага айтып бересиңер. 12-02, сен камерага тартып тур,- деп мага кичинекей видеокамера карматты. Анан Албанга карап баш ийкеди эле, ал тигилердин бирин жакадан тартып:
– Ерхан каякта?- деди жини келе. Тиги унчуккан жок. Албан муштум менен тумшукка бир урду да, кайра жакадан алды.
– Дагы бир жолу сурайм, Ерхан каякта?
– Ерханбек жибек материал чыгуучу эски комбинатта.
– Канча адам кайтарат комбинатты?
– Органдардан он адам. Алардан башка өзүбүздүн жыйырма бала бар.
– Кандай куралданышкан?
– Баарында автомат, үч снайпер… Гранатамёт да бар.
– Бир жакка кеткени жатканын билебиз. Чыныңды айт, каякка кеткени жатат?
– Ерханбек өткөнкү ресторанда болгон кол салуудан кийин кетем деп жатат. Эки күндөн кийин Монголияга учат.
– Саат канчада?
– Түнкү экиде.
– Жаныңды жебе! Монголияга бизден самолёт учпайт.
– Өзүнүн менчик самолёту бар. Ошол күнү чет өлкөдөн учуп келет. Келери менен Ерханбек учат.
Албан тигини ары түрттү да тамеки күйгүздү. Көздөрү кызарып, чекеси тырышып кыжырданганы көрүнүп турат. Колдору да титиреп жаткандай сезилди. Көпкө уктабай, чарчаган адамдын колдору ушинтип билинер-билинбес майда калтырап калат. Булар тыным жок иш үстүндө окшойт деп ойлонуп калдым.
Албан дагы эмнени сурасам дегендей бир саамга ойлоно түшүп, Юлайга тиктеди эле, ал:
– Бизге майда-чүйдөсүнө чейин маалымат керек, сурай бер. Биз 12-02 экөөбүз сүйлөшүп алалы,- деп калды. Камераны Албанга карматып, Юлай экөөбүз ары көздөй бастык.
– 12-02, уктуң да баарын? Мага кыскача түшүндүрүп бер,- деп көзүмө тике карады. Баарын айтып бердим. Юлай жаңы тамеки күйгүзүп, бир топко үнсүз отурду. Оюна эмнелер келип жатты экен? Мен да унчукпадым, оюн бөлгүм келген жок. Бир маалда Албан жаныбызга басып келди.
– Болдубу, сурап бүттүңбү?- деди Юлай.
– Ооба, бизге керектүү маалыматтарды бүт алдым.
– Анда балдарга айт, тигилерди шаарга алып барып мен айткан жерге таштап коюшсун.
Албан баш ийкеп, кайра тиги жаткан үчөөнү көздөй кетип, 10 мүнөттөн кийин келди. Юлай калган маалыматты андан сурады:
– Айт, эмне маалымат беришти?
Албан тигинин берген маалыматын төкпөй-чачпай айтып берди. Менин оюма келбеген суроолорду бериптир, кыйын экен. Юлай унчукпай, сөзүн бөлбөй угуп отурду. Айтып бүткөндө «жарайт» деди да, ойлоно түштү. Бир маалда ордунан акырын турду:
– Анда сөз мындай, биз комбинатка кол сала албайбыз. Эгер Ерхан самолётто уча турган болсо бир жолун тапсак болот. Мисалы, байланышты өчүрсөк… Макул, дагы ойлонолу. 12-03, сен барып эс ал, чарчадың. Эртең саат бирде баягы жерде бол.
Сүйлөшүү ушинтип бүтүп, Албан бир тарапка, биз башка тарапка жөнөп кеттик. Юлай токойдун ичиндеги жолду каяктан билет? Күндө каттаган жолундай шыпылдайт, келген жолубуздан башка жол менен токойдун четине чыктык.
– Колго түшкөндөрдү неге коё берди деп таң калып жаткандырсың. Аларга атайын укол сайылган. Сураган нерсеңди бүт айтып беришет, азыр өздөрүн билишпейт, түшүнүшпөйт дагы эмне болуп жатканын. Аларга шаардын бир четине алып барып, дагы бир укол сайышат. Бүттү, бул жердеги окуянын бирин да эстей албай калышат,- деп күлүп койду.
Экөөбүз коштошуп, үйгө барып жаттым. Оюма ар нерселер келет. Менин түшүнүшүмчө, иштин баарын башка балдар бүтүрүп жатышат. Алар күнү-түнү иштеп жатышканы байкалып турат. Мени эмнеге аралаштырбай жатат? Ушул түшүнүксүз болуп жатты. Мага ишеним артпай жатабы дейин десем, булар шектенгидей эч нерсе кылган эмесмин. Адыл ага болсо эң ишенимдүү кишим деп Юлайга өзү жөнөткөн. Менден шек санашы мүмкүн эмес. Бул жерде башка сыр бар, бирок эмне сыр экенине акылым жеткен жок.
Макул эми, Юлайдын да бир билгени бардыр.
Юлайга таң калдым, өзү жалгыз, өмүрү көрбөгөн жерге келип ушундай иштерди коркпой уюштуруп жүргөнүнө. Шаарда өзүн эркин алып жүргөнү да кызык. Рацияларды бекиттирген жерлерди таап алганычы. Бир жолу рацияны Юлайдын тапшырмасы менен Киров деген чоң көчөдөгү №7 үйдүн үчүнчү терезесинин түбүндөгү тешикке бекиттим. Ал жерге буюм бекитүү эч кимдин оюна келмек эмес. Юлай башынан далайды өткөрүп, ысык-суукту бирдей көтөргөн адам экени көрүнүп турат.
Уктап калыптырмын, түшүмө Асел кириптир. Негедир мага таарынып жатыптыр, мен болсо анын таарынычын жаза албай убарамын. Сезимимди жаап-жашырбай эле эркелете сооротуп жатыпмын. Рациядан келген сигналдан улам ойгонуп кеттим. Юлай экен:
– 12-02, машинаң менен шаардын түштүк трассасындагы парктын башталган жерине тез келип кал. Сага жыйырма мүнөт убакыт, кандай түшүндүң?
– 12-01, түшүндүм. Айтылган дарекке жыйырма мүнөттө барып калам,- дедим да, шашылыш машинаны от алдырып жөнөп кеттим. Паркка 18 мүнөт дегенде жетип бардым. Шаардын чекеси, ээн, кароосуз калган, илгери заводдор жайгашкан аймак.
Юлайдын машинасы көрүнбөйт. Парктын ичине кирип рациядан сүйлөйүн деп жатсам жакын жерден:
– 12-02, түз басып келе бер, биз сени көрдүк,- деген үн чыкты.
Эки адамдын карааны көрүндү алды жактан. Жакын барсам Юлай менен бир бейтааныш бала турат.
– Келдиңби? Макул, сөздү көбөйтпөйлү. 12-06ны кармап кетишти. Он мүнөттөн кийин ушул жол менен алып өтүшөт. Кандай жол менен болсо да куткарып калышыбыз керек,- деп мага тапанча сунду. «ПМ» толук магазини менен экен. Учуна ок атылганда үн чыгарбас тагылыптыр.
Юлай чөнтөгүнөн тамекинин кутусундай, монитору бар аппарат алып чыгып кнопкаларын баскылап калды.
– Келе жатышат, 5 мүнөттөн кийин өтөт. Кандай машинада экенин билбейбиз. Азыр жакын келгенде билинет. 12-02, сен машинаңа барып күтүп тур. Жаныңдан өткөндө мен сага рациядан сигнал берем, көрүп кал кандай машина экенин. Номерин көрүшкө аракет кыл да мага дароо айт. Болду, сөз бүттү!- деди.
Машинага жетип күтүп калдым. Бул маалда кыймыл азайып калат, анда-санда эле машиналар өтөт. Саатты карап, тапанчамды даярдап отурам. Үч мүнөттөн кийин, шаар тараптан бир машинанын жарыгы көрүндү. Башымды ылдый кылып көз салып отурдум, ал машина мен турган жерге жүз метрдей калганда рациядан чыйылдаган үн чыкты. Бул Юлайдын сигналы эле, машина жанымдан өтүп кеткенде карасам жол тандабас экен. Ниссандай көрүндү, кара же көк түстө. Номерин жазып алдым. Булар баягы эски комбинатка баратышат, дагы жыйырма мүнөттө жетишет.
Дароо Юлайга кабар бердим.
– Түшүндүм, 12-02, сен тиги машинага байкатпай артынан айдай бер. Жакын жерде болушуң керек, өзүм кабар берем. Булар комбинатка эле баратышат. Эгер башка жакка бурулуп кетишсе айтам,- деп өчүрүп койду.
Жол паркты айланып өтөт. Юлай машинасын парктын аркы тарабына койгон болушу мүмкүн. Азыр алар жанагы жол тандабастын алдында бараткан болушу да ыктымал. Жол тандабас бурулуштан өтөрү менен артына түштүм. Беш мүнөттөй жүргөндө рациядан:
– 12-02, тез келип кал!- деген Юлайдын үнү угулду…
Уландысы бар…