Пример HTML-страницы

БИР КҮНҮ…

https://kyrgyzcha.site/?p=40200&preview=true Кызыктуу окуялар.

БИР КҮНҮ…

 

Бир күнү Эшим адатынча эле эртең менен эрте тургандан кийин тамактанып алып, шашып ишине жөнөп калат.

—Ой балам, шашпай тамактансаң болмок… Кечинде айткан сөздү укпай кеч жатып, дайыма эртең менен шашып — бушуп, чала тамактанып алып жөнөйсүңөр… Балам, башыңа да баш кийим кийип алганды унутпасаң… Башыңа суук тийип калбасын… — деп баш кийимин сунган апасына:

— Иий апа, мен унаачанмын да. Унаанын ичи жылуу, үшүбөймүн — деп жооп берип баш кийимин кийбестен үйүнөн чыгып кетип бара жатып: «эчак эле чоңоюп, очор — бачар үй — бүлөөлүү болуп канча жашка келип калсам деле апам алигиче мени жаш баладай көрүп, жаш балага мамиле кылгандай мамиле кыла берет…» — деп өзүнчө сүйлөнүп келе жатып, унаасына түшүп, от алдырайын десе, унаасы от албай коёт. Унаасы бузулуп калганына ачуусу келип, жумушка кечигип жаткандыгынан улам кол саатын бир карап алып, коомдук транспорт менен ишине жетип алууну чечип, аялдаманы көздөй жөнөп калат. Өзүнө тиешелүү автобусу келгенден кийин түртүшүп жатып эл менен кошо түшүп, жалаң унаа менен жүрүп көнүп калгандыктан, өзүн абдан ыңгайсыз сезип кетип бара жатты. Бара турган жери узагыраак болгондуктан, автобустун арт жагына түртүшүп жылып отуруп, бошой калган бир орундукка отургандан кийин жаны жай ала түшкөнсүйт. Айланасында отуруп кетип бара жаткандарга бир сыйра көз чаптырып караса, орундуктардын көбүнчөсүндө жаштар уюлдук телефонуна үңүлүп карап отуруп кетип бара жаткандарын көрөт. Туруп кетип бара жаткандардын көбүнчөсү улгайып калган адамдар экенин көргөндүгүндө, бир кызыктай болгон абалда боло түшкөнсүйт… Аңгыча, автобустун ичине бир улгайып калган апа кирип, күйүгө түшкөн демин басканга аракет кылып бет аарчысы менен аккан терлерин аарчып жатып, алды жакта отурган жаштардын бири өзүнө орун бошотуп берээр бекен дегендей үмүттүү көздөрү менен карап туруп калат. Бирок, алды жактагы отуруп келе жаткан жаштардын көбүнчөсү баштарын терезеге жөлөп алышып катуу уктап келе жатышкандай болушса, кээ бири уюлдук телефондон башын көтөрүшпөстөн эч нерсени көрмөксөн, байкамаксан болуп кетип бара жатышкан эле… Апа болсо оор үшкүрүнүп алып, бир колу менен таягына таянып, экинчи колу менен жыгылып кетпейин деп кармагычын бекем карманып кетип бара жатты… Аңгычакты ападан анча алыс эмес жерде катарлаш турган бир эженин автобустун ичиндеги тыгындан деми кыстыга түшкөндөн оор дем алып күйүгүп сүйлөп, жанында камырабай отуруп кетип бара жаткан бир кызга кайрылып:

—Ай чоң кыз, сен деле бир күнү биздей болуп улгайаарсың… Демим кысылып, белим, бутум дагы чыдатпай ооруп кетти… Ой бай болгур, орун бошотуп берип койчу деги жалдыратпай?! — деп эженин нааразыланып кайрылып сүйлөгөнүнө, алиги отуруп кетип бара жаткан кыз да эч кабагым — кашым дебестен:

—Эгер билсеңиз, мен дагы сиздей эле болуп жол киренин акысын төлөгөнмүн! Демек, отуруп барууга менин дагы толук акым бар! Бул жерден кары — жаш деп жашка бөлүүнүн эч кандай кажети жок. Эгерде карып калсаңыз, оорукчан болсоңуз үйүңүздөн чыкпастан темселебей, жөн эле үйүңүздө отура бербейсизби анда? Же болбосо жакпаса, минтип ар кимдин мазасын алып тынчтыгын бузбай, жалданма унаа — такси менен эле жол жүрбөйсүзбү? Бирөөгө тийишип ашыкча кур доомат артуунун эмне кереги бар?! — деп акырая бир карап көздөрүн сүзүп, орой сүйлөп жооп берип коюп, камырабай отуруп кете берет… Бир убакта алиги эже жаш кыздан кагуу жеп калгандыгына ызаланып, ачуусу келип кетти өңдөнөт, өзүнө орой жооп берген кызга дагы бир, эки ооз сөз сүйлөй коёмун деп, балээсине калгандай болот. Келбети келишкен жакшынакай эле назик көрүнгөн жаш кыз бир заматта кубула түшкөнсүп, эжеден да кем калышпай такылдап, эбиреп — жебиреп эженин сай — сөөгү какшап, сыздап кете тургандай болгон ачуу сөздөрүн чучугуна чейин жеткире айтып, жолдо катар айтышып кетип бара жатканын көрүп, угуп келе жаткан Эшимдин оозу ачылып, ичинен: «тобоо кылдым… Иий, балдардын жүрүш — туруш, тарбиясына терең маани берип, көңүл буруш керек турбайбы…» — деп ойлонуп кетип бара жатып, бир убакта чыдамы кетип:

—Ай чоң кыз болду эми… Ушул апаңдай болгон аял менен элди да көзүңө илбестен кайым айтышып кетип бара жатканың уят эмеспи? Сенин деле ушул эжекенин курагында болгон апа, эжелериң бардыр… — дегенине:

—Сен кыпчылбай жөн отурчу?! Барбы, жокпу ал менин өзүмдүн ишим! — деп кесе сүйлөп орой жооп бергенине, жанында отуруп кетип бара жаткан жаштар да кызды коштоп:

—Байке, чын эле сиз дагы кыпчылбай жөн эле отуруңузчу! Жаш кызга теңелип, бирөөнүн баласына акыл үйрөтүп, кайым айтышып кетип бара жаткан тигил аялдын акыл — эси ордунда эмес да?!- деп айткан сөздөрүн укканда, Эшим ого бетер таңданып:

—Ал эмне дегениңер? Деги заман эмне болуп бара жатат айланайындар… Деги каякка бара жатабыз… — деп бир сүйлөнүп алып, ызасына чыдабай көздөрүнөн мөлтүлдөп аккан жаштарын аарчып алып сүйлөнүп кетип бара жаткан эжени карап, боору ооруй түшөт… Бир убакта Эшим ордунан тура калып:

—Эжеке, келиңиз! Мен орун бошотуп берейин, отуруп алыңыз! — дегенин уккан алиги эже:

—Чоң рахмат балам, өмүрлүү бол. Урушуп — талашып келе жатып, бара турган жериме да келип калдым… — деп жооп берип, уялганынан башын жерге салып, түшүп кетет. Эшимдин ачуусу келип алды жакка жылып басып келип, алиги кызды күчкө салып колтугунан кармап, отурган ордунан тургузуп туруп, ордуна автобустун айдаган ыргагында ары — бери чайпалып ыргалып, жыгылып кетчүдөй болуп араң келе жаткан апаны отургузуп жатып:

—Апаке, үйүмдө сиздей болгон менин дагы апам бар. Улууну урматтабай сыйсыз, мерездик, кайдыгер мамиле кылган жаштарды, адамдарды кечирип коюңуз апаке. Бара — бара түшүнүшөөр… Же болбосо турмуш өзү сабак берип үйрөтүп, түшүндүрөөр… — дегенине апанын көздөрүнөн жаштары тегерене түшүп ыраазы болуп, батасын берип жатты… Алиги кыз болсо тынчтанып, уялып калгандын ордуна кайра эки эселеп күүлөнүп Эшимге асылып, болушунча жаман сөздөр менен өзүн мазактап сүйлөнүп келе жатты. Эшим болсо өмүрүндө бул кыздан уккан сөздөрдү эч кимден укпагандыктан бир жагынан төбө чачы тик турса, бир жагынан кыз бала менен калың элдин көзүнчө кайым айтышуудан тартынып, айласы жоктукан башын чайкап коюп унчукпай кетип бара жатты… Анан дагы алиги кыздын өтө эле ачык кийинип, ашыкча боёнуп алып, өзүн укмуштай болуп сезип келе жатканына ичинен кейип: «бул кыз деги тарбия көргөн немеби? Иий, келечекте сен дагы бирөөнүн жубайы, бирөөнүн бүлөөсү болосуң… Сенден кандай бүлөө чыгаар экен…- деп ойлонуп келе жатып, бирок баарынан дагы Эшимдин жүрөгүн эки эселеп эзип кейиткени, бул ошол эле автобуста бул окуяга башынан аягына чейин күбө болуп келе жаткан адамдардын кабагым — кашым дешпестен көрмөксөнгө, укмаксанга, билмексенге салышып, кайдыгер, көңүл кош болуп келе жаткан улуу эле адамдар болду… «Кичине улуураак адамдардын бир, экөөсү кой-ай деп үн катып, жаштарды акылга чакырып коюшса, балким жаштар үчүн да сабак болуп калаар беле…» — деп ичинен ойлонуп келе жатып барчу жерине жакындап калгандыктан автобустан түшүп калып, тиги кыздан кутулганына кулак — мурду тынчый түшүп, кубана түшөт. Жумушуна кечигип жаткандыктан жолдун аркы бетине өтөйүн десе, унаанын агымы да көп болуп, светофор дагы өзүнөн алысыраак чакырымда тургандыктан, шаштысы кете түшөт. Анча алыс эмес жерде турган жөө жүргүнчүлөр өтүүчү-зебраны көрүп калып сүйүнүп басып келип, өтүп кетүүгө ыңгайлуу болгон учурду чыдамы кетип түйшөлүп күтүп туруп калат. Ары — берип зуулдап өтүп кетип жаткан унаалардын зебрадан жолдон өтүүгө камданып күтүп турушкан топтошкон адамдарга да жөндөп токтоп берип өткөрүп жибербестен, тескерисинче унаа айдоочулардын жөө жүргүнчүлөрдөн жол талашышкансып өчөшкөндөй болуп токтобостон, зебрадан катуу айдап кооптуулукту жаратып өтүп кетип жатышканын көрүп, ошондо өзү дагы ошондой болуп өтүп кетип жүргөнүн эстеп кетип, бир жагынан ачуусу келсе, бир жагынан кемчилигин түшүнүп, ыңгайсыздана түшөт. Ошентип, эптеп иштеген имаратына жетип алып, иш күнү аяктагандан кийин үй жагына келе жатса, эшиктин алдында кошуна эжелердин отурганын көрөт. Жандарынан өтүп бара жатып учурашып өткөнүнө арасынан бир апа өзүн таң калып карап:

—Йе балам, сага эмне болгон? Башыңа чач чыккандан тартып деле улуу адамдар менен учурашканыңды көргөн эмес элем… Дайыма көзүңдүн төбөсү менен карап, адамды жөөлөп өтүп кетчү элең го ыя?- дегенине Эшим күлүмсүрөп, башын жерге салып:

—Кечириңиздер… — деп айтып, үйүнө келип эшигин ачып ичкери кирсе, алдынан аталап чуркап чыккан балдарын колуна алып көкөлөтүп көтөрүп, өөп — жыттап жатып, артынан өзүн тосуп чыккан апасынын колдорунан да кармап өпкүлөп:

—Асылым, ырысым, алтыным апакем менин!! Сагынып кеттим силерди! Мындан кийин сөзүңүздү угуп, башыма дайыма баш кийимимди кийип жүрөмүн ээ апоу! — деп апасына айтып жатып, кудум эле кичинекей кезиндегидей болуп эреркеп апасын карап, өзүн ушунчалык бактылуу адам экенин сезип, ыраазы боло түшөт. Иш, жумуш деп күнүмдүк көр оокаттын амалын издеп далбастап чуркап жүрүп, балдарына да такыр көңүл буруп тарбия — таалим берүүнүн аракетинде болгобогонуна кейий түшүп, балдарын эркелетип карап:

—Балдарым! Мындан кийин бир, эки сааттан күндө өзүбүзчө үй — бүлөөлүк тарбиялык сааттарды өткөрүп, бири — бирибиз менен маанилүү болгон жагдайлар жөнүндө баарлашып турабыз ээ? — деп айтып жатканда, ашкана жактан келинчеги чыгып келип:

—Эшим, сени баарыбыз күтүп жатканбыз. Бүгүн кичүү иниң өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызын биз менен тааныштыруу үчүн үйгө алып келет экен. Тезирээк кийимдериңди которуп алып, даяр болуп кал. Келээр маалдары дагы болуп калды… — деп жубайынын айткан сөздөрүн уккан Эшимдин да шаштысы кете түшүп:

—Азыркы жаштардыкы баары башкача… Эми сүйлөшкөн кызын алдын — ала үйгө алып келип тааныштырып отурбастан, өзүбүздүн ата — бабалардан бери келе жаткан каада — салт боюнча эле жол жобосун кылсак болбойбу? Эч тартынбастан таанышканы келип калган кыздарды дагы анча түшүнө бербеймин… — деп сүйлөнүп жатканында, коңгуроо кагылып калат. Кире бериштеги эшик ачылып, иниси бир кызды жетелеп кирип келип, кире бериш жакта туруп калышат. Эшимге кыздын өңү эмнегедир тааныштай болуп жылуу учурай түшкөндүктөн үңүлүп карап жатып, анан барып эстейт. Уялыңкы түр көргөзгөндөй болуп башын жерге салып турган кызды Эшим көзүнөн чанагы чыгып кетчүдөй болуп жакасын кармап алып таң калып карап:

—Мына тагдырдын тамашасы?!Шумдугуң кургур десең?! Ой сенин кубула берген канча түрүң бар деги? — деп Эшим бирде аянычтуу, бирде үнүн өкүмдүү чыгарып сүйлөнгөнүнөн улам, кыз да башын өйдө көтөрүп карап, Эшимди көргөндөн кийин башында чоочуп кетип тайсалдай түшүп, оозу ачылып карап туруп калат. Бир убакта эки бети анардай болуп албырттап кызара түшүп, өзү артка кетенчиктеп басып бара жатып чалынып кетип, кайра боюн түзөп эсине келе түшкөн кыз Эшимди жалт этип бурулуп жаман көздөрү менен бир карап алып, тызылдаган боюнча сыртты көздөй чуркап жөнөйт… Эч нерсени түшүнө бербей таңыркап карап туруп калышкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн суроолуу караган көздөрүнө өзүнчө каткырып күлүп жаткан Эшим да бир саамга суроолуу карап туруп калып, анан эртең мененки автобуста болгон окуяны төкпөй — чачпай айтып бергенден кийин иниси муңайымдуу үн катып:

—Бүгүн унааңыз бузулуп калып, автобуска түшкөнүңүз жакшы болгон турбайбы… Же болбосо, бул кыздын чыныгы жүзүн өз убагында көрбөй, билбей калып, балким алдыда көп катачылыктарды кетирип алмак экенмин… Сиз айткандай бул кыздын кубулуп, үнүнүн катуу чыкканын да уккан эмесмин да… Өзүн дайыма абдан назик, сылык — сыпаа алып жүргөндүгүнөн улам, аны абдан тарбиялуу, ыймандуу, ынсаптуу, адептүү деп ойлоп, баш кошуп алып биргеликте өзүбүздүн кичинекей мамлекетибизди — үй-бүлөбүздү курсакпы деген оюм бар болуп жүргөн… Көзүм эрте ачылып, эсиме эртерээк келгеним жакшы болду, чоң рахмат сизге! — деп инисинин айткан сөздөрүнө Эшим жылуу, жылмайып карап:

—Эгерде өз убагында турмушта болуп жаткан нерселерге маани берип байкай алсаң, ар бир нерсе өзүнчө эле чоң турмуш сабактары болот экен да… Бүгүн жеке өзүм үчүн дагы буга чейин байкабай, баалап — барктабай жүргөн нерселерди байкап, маани берип, түшүнүк келгендей болду. Бул дагы турмуш сабактары да! Эгерде өз убагында туура түшүнүп, келген түшүнүктөрдөн туура чечим чыгара алсаң, демек жыйынтыгы дагы майнаптуу болуп, баары жайында болот деп ойлоймун! — деп Эшим жайылган кулачынын эки жагында кучактап турган апасы менен жубайынын чекелеринен өөп жатып, өзүлөрүн бойтоюп карап турушкан балдарына да жүрөгү эзилип, мээримин төгүп эркелетип карап, жашоосуна ыраазы болуп турду.

 

АЯГЫ……..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE