Пример HTML-страницы

Бир ирмем.

https://kyrgyzcha.site/?p=48385&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бир ирмем.

 

 

-Кофениз?

Столду тейлеген кыздын илбериңки үнүнөн бери бурулдум :

-Рахмат!

Ысык кофеден ууртап, терезеге кайра тигилдим. Жамгырдын тамчылары айнектен ылдый куюлуп,ыйлап жаткан адамды элестетет. Куду мен сыяктуу!

Мен сырттан жылмайганым менен, жан дүйнөм ушул терезе сынары көз жашын көлдөтүп төгүүдө. Эгер адамдын ичиндеги бурганакты ,көздөрүнө карап билип алууга мүмкүн болгондо, азыр адамдар мага боору ооруп, кээ бир көнүлү бош адамдар кошо ыйлап алышмак. Балким андай болбойт эле, деги ким билсин?

Убакыт өткөн сайын , кол саатыма улам карап, өткөн жумада тапшырган анализдеримдин жыйынтыгын алып келмек болгон , дарыгердин келээрин күтүп отурдум. Кабылдамасына эле барайын десем, көнбөй койбодубу? Дагы менин ар дайым кирип жүргөн чакан кафени тандап алганын карасаң?

Бир маалда дарыгер кирип келди.

Кайсалай мени издей келе жатканын байкап, колумду көтөрүп койдум. Күнөөлүдөй тигилип, мандайымда турган столду озуно тарта отура кетти:

-Кечириниз,көп күттүрүп койдум?

-Менин убактым кенен, кофе айттырайынбы?

-Жакшы болмок, жумуштун көптүгүнөн чай ичүүгө да убактым жок.

Экөөбүз кофе ичкенче кобурашып отурдук. Дарыгердин көздөрүнө тике карадым:

-Доктор, ачыгын айтыныз,жашырбаныз суранам?!

-Билесизби мен ..

-Билбейм, бирок баарын билгим келет.

-Мен өзүм божомолдогондой мээдеги шишиктин көлөмү чоң экен, сага кандай түшүндүрсөм?

Алдыртадан ушундай жооп угаарыма даярданып жүрсөм дагы , уккан кулактарыма ишенбей кеттим. Кантип?

-Жашаймынбы?

-Дароо жаман ойду ойлобоңуз, жашайсыз албетте?

-Канча жашайм?

-Так айтуу кыйын, бирок жакшылыктан үмүт үзбөш керек!

Бул сөздөр ого бетер жаман угулгандыктан, каректерими жаш чая түштү:

-Канча өмүрүм калыптыр?

-Так айтуу кыйын, 6 айдан 1 жарым жылга чейин!…

-Аз экен, аз калыптыр ээ?

-Андай дебеңиз, дарылануунун жолдору бар, тапса болот…

Ордуман тура жөнөдүм. Мына! , Жумуштан баш көтөрбөй иштеген күндөрүмүн, сенден башкага көнүл кое албай жүрүп, өткөрүп жиберген жылдарымын акыбети!

Жамгырга да карабай басып кете бердим. Өзү бул шаарга келбей эле койсом болмок, мындан көрө,качан өлөөрүмдү билбей , чет жерде өлүп кетсем, ошол жеңил болмок.

Адамдар улам жөөлөп кетип баратышат. Баарынын колунда кол чатыр.

Кызыл чырактын тушуна келип, аргасыз туруп калдым. Деги биздикилерге түшүнүп болбойт, кызыл чырактын жанып турганына карабай жүгүрүп өтүп баратышат, тообо!

Айланамдагыларды карап туруп, көп оюмдун бири ушул болду.

Эми эмне болот? Али алдыда аткара турган жумуштарым көп болчу, жетишпей калат экенмин да? А сенчи?

Сени ушул бойдон көрбөй каламынбы?

Акыркы ирет да көрүшүүдөн баш тартып, качып кетпедим беле?

Оюма, өлгөн күнүмдөн башка эч нерсе келбей туруп алды. Мындайда кантип жакшы ойду чакырууга болсун?

Чарчанкы маанайым менен эки жакты карап, эми басып баратып, так мандайыман сенин кирдүү кабагын менен, мундуу көздөрүнө , каректерим чагылыша түштү. Ошол, ошол!

Жүрөгүм кабынан чыкчудай согуп жатты. Көздөрүмдү ушалап, кайра карадым. Так өзү!

Баягы жайнаган жүзүн, жоодурай караган коздорундон дайын жок. Сен да менден бетер азап тартып жүргөн сыяктуусун. Байкушум!

Сен да алгач ишенбегендей карап туруп, анан даана көрдүн окшойт. Бүркүт кабагын заматта куушурула тушту. Бул коз караш мен үчүн ары чоочун, ары түшүнүксүз эле. Мен болсо буттарым тушалып калгандай, ордумда каттым. Сен болсо арышынды кере таштап, мени коздой ашыга келе жаттын. Ошондо гана эсиме келгендей, бар кучумду топтоп туруп, артыма бурула калып чуркап жонодум. Канча жерге чейин бардым билбейм, өпкөм көөп, башым тегеренип тизелерим калчылдайт.

Ангыча сенин эч кимдикине окшобогон конур үнүң кулагымды жарып өттү:

-Токто!

Токтобойт элем, эгер дагы бир аз эле күчүм болгондо качып кутулат элем.

Жете келип желкемден булка тартып өзүнө караттың. Ошол көз ирмемдердин күчтүүлүгү ай! Бир чети кусалыкка, бир чети жек көрүүгө, сагынычка толгон коз караш.

-Эмнеге качасын?

-Сен, сен…

-Айтчы, эмне үчүн, эмнеге?

Жулкулдатып жибердин чыдабай. Менде жооп жок. Болгондо деле эмне деп жооп бермекмин? Жөн гана сенин жүзүндү көруп турганыма каниет кылып тура бердим. Бозоргон жузумду коруп , акырын бооруна тарта бердин:

-Сагындым!

Бизди таныркай караган адамдар, көчө толо жүрүп турган унаалар да токтоп калган сыяктуу. Бир гана экөөбүз дем алып жаткандай, баары жымжырт.

-Кое берчи мени?

-Жок.

-Элдер карап турат, түшүнсөн боло?

-Карай беришсин.

-Эмнеге мындайсын?

Жаалын келип, кыйкырып жибердин:

-Кандай экенмин? Сага окшоп коркоктук кылып , артымды карабай качышым керекпи, айт! Дегеле акылдуулугун кара мунун?

Жинин келгенде ар дайым ушундай элен. Сөз укпай калчусун. Азыр да эмне деп токтотоорумду билбей, аргам кетти.

-Макул, сен айткандай болсун, тынчтанчы жаным!?

Жалооруй карадым. Менин конфликттен алыс адам экенимди сыйлайт элен, азыр да боорун ооруп кетти окшойт, колумдан жетелей бастын. Артынан ыргылжын боло, кантээримди билбей турган мага карап:

-Көпкө кармабайм, коркпо! дедин.

Унаа токтотуучу жайда, унаан бар экен. Унчукпай барып,рульга отуруп алдын. Эми кааласан жаныма отур дегенин да?

Айттырбай тушундум, арткы орундукка отурдум.

Багытыбызды билбейт элек. Жөн эле кете бердик. Шаардан бир топ алыстап калганда гана, мандайындагы күзгүнү мага тууралап, кадала тиктедин.

-Өндөн азып кетиптирсин, ооруп жүрөсүнбү ?

Жүрөгүм тызылдап кетти. Билдирбеске аргасыз жылмайдым:

-Сак элемин, ошол сен көргөнүндөй.

-Эмнеге кетип калдын?

-Билесин да коркок жан экенимди?

-Билем, бирок эмнеге сенден көнүлүм калбай, күн өткөн сайын дагы көбүрөөк сүйүп баратканымды билбейм.

-Сен да шордуу турбайсынбы?

-Албетте да, эмне бактылуу деп ойлодун беле?

-Бактылуу болууга милдеттүүсүн!

— Хм! Ооба эми, биздеги акылдын баарын жыйнап, сен чөнтөгүнө салып алсан, биз өз милдетибизди кайдан билели?

Какшык аралаш сөзүнө териккен деле жокмун, жооп ордуна терезеге тигилдим.

Эхх!

Сонун мезгилдер эле ээ? Убагында экөөбүздөн өткөн бактылуу адам жок болчу. Баары ошол досторундун айынан болду. Жок, балким жөн эле мандайыбызга жазылган тагдыр дейинчи? Сенин чөйрөндү мен жактырчу эмесмин. Кайда барбагыла бир иштин үстүнөн чыкчусунар. Канча аракет кылбайын, сени ошол ичкич досторундан бөлө алган жокмун. «Казанга жакын жүрсөн карасы жугат»болдубу, же сен деле чөйрөнө жараша адам белең, айтор ошол кечте дагы бир шойкомдуу иштин үстүнөн чыктыңар. Кыз зордуктады дешип, ишинер сотко ашып кетти. Жанындагы шериктерин акчанын күчү менен акталып, сен калып кеттин. Анткени жесир апандын жалгыз уулу элен, ал сени кандай үмүттөр менен чонойтту дейсин? Ал адам менен да таанышып, эне’баладай сырдашып жүрчүмүн. Аябай боорум ооруду апаңа. Ошол апан ыйлактап жатып, арыз берген адам арызын кайтарып алды, бирок сен ал кызга баш кошууга аргасыз болдун. Муну укканда, жердин астын’үстүн болгонун айт! Башкалар үчүн кандай билбедим го, бирок мага аалам антарылып, жерге кулагандай болду.

Абдан тез чечим чыгарып көнгөн жаным, сенден жөн эле баш тартып койдум. Жок дегенде бир жолугуп коюуга жарабадым. Эгер экөөбүз биргеликте аракет кылганыбызда, ал кырдаалдан деле чыгат белек? Олдо коркок жаным ай!

Жер кезип кеттим. Сен экөөбүз жашаган кичинекей шаарча тургай, бүтүн дүйнө мага тардык кылды. Баарынан качтым, сенден качтым, бирок озумдон кача алган жокмун. Элесинди унутпай жашап келдим. Акыры жүрүп, ушул ооруну таптым өзүмө. Бул нерсеге эч кимди күнөөлөбөйм. Сен болсо кыздуу, уулдуу болуп, ошол адам менен жашап калдың. Ичинден эмне өттү, кандай жашоо кечирдин, ал жагы мага карангы. Мендей кыйналганын чындыр, бирок мендей суйо албадын. Айла жок тагдырга шылтасак да, сенде , мендеги сүйүү жок. Эгер болгондо мени угат элен, жакшы адамдар арасынан орун таап, биз да бактылуу жашайт элек. Көздөрү сеникине окшоп бакырайган кыздуу, мендей ак жүздүү уулубуз болмок? Эмне менде кыял жок дейсинби? Унчукпай баарын ичке жутуп журсом, кенебейт дединби? Мен сага сонун жар болуп бермекмин, ошол сен каалагандай, бир созунду эки кылбаган…

Азыр булардын баарын сага айтканда эмне пайда? Же убакытты артка кайтара албагандан кийин? Деги койчу?!

Сенин жылуу алаканын колдорума тийгенде, оюм чачырап кетти:

-Эмнени ойлонуп жатасын?

-Ары жок ойлор да баягы эле?

-Сагындынбы?

-Жок!

-Алдаба?

-Менден эмне каалайсын эми?

-Жон эле коздорумо карачы!

Саамга тиктеше туштук. Ошол ирмемде эле экообуз тен ойлорубузду окуп жетишкендей болдук. Колумду аяр кысып, эрдине апардын:

-Кечир жаным!

Жай артына бурулдун. Капыстан кездеше тушкон жерибизге келдик.

Унаадан тушуп баратып бир карадым:

-Бактылуу бол!

Ызалуу жылмайдын!

Албетте да,ызаланганынчалык эле бар, эми кайдан бизге бакыт, биз бакыттан кеч калган инсандарбыз. Сен го жок дегенде аталык сезимдин даамын татып кордун, а менчи? Мен эми ачылбай туруп, соолуп калган гүлдөймүн.

Унаан алыстап барып, чон жолго бурулду, мен да жолума түштүм. Жамгыр болсо токтобой жаай берди..

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE