Пример HTML-страницы

Башын айлантып алдың.

https://kyrgyzcha.site/?p=35302&preview=true Кызыктуу окуялар.

«БАШЫН АЙЛАНТЫП АЛДЫҢ»

 

Көзүмдү ачпай жаттым. Көзүмдү ачып жиберсем эле ажылдаган аялдар «биздин уулубуздун башын айлантып алдың. Тиги, бу…» дешкени, эзилип турган жан дүйнөмө кол салып, сөөмөй кезеп кыйкырышканы элестейт. Көп нерсени көтөргөм Рустам үчүн, бирок бул жолкусун көтөрө албайм.

«Дүйнөдөгү акыркы эркек сен болсоң да эмне болуптур. Жетишет!» дейм деп чымырканып күч топтоп жатам. Бирок аста эшик ачылып анын күнөөлүү жылмайган түрүн көргөндө эле шалдайып кайра туткунга түшкөн немистей отуруп берем. Ооба, чын. Анткени мен бул жылмаюусуз жашай албайм. Өзүмдү көп сынадым. Атайы телефон чалса албай, жолуккандан качып, ашып кетсе бир ай чыдайм. Анан кимдир бирөө алкымдан алып муунтуп бараткансып, дем жетпей, ааламым айлангөчөк болуп, кубарып, кумсарып ооруп баштайм. Күн санап, саат санап, секунд санап эшиктин коңгуроосун күтүп думанадай абалга түшүп калганымды айт. Ал дагы келет. А мен кайрадан баш тарта албайм. Оо, көп болду биздин минтип нары кете албай же бери кете албай эки ортодо чайналып жүргөнүбүзгө. Экөөбүздүн болгон күнөөбүз мен түштүктүн кызы, ал түндүктүн уулу. Анан мен андан мурун жан талашып 5 жыл мурун төрөлүп алганым. Аттиң деп алам, эгерде ушул беш жыл кимдир бирөө үчүн аябай маанилүү болсо, тең эле төрөлүп калбай эмне болдук?

Биздин таанышуубуз да кызыктай болгон. Чогуу иштеген кыздын тоюнда мен курбу болсом, ал күйөө баланын жолдошу экен. Өзүм шок, бир орунга тура албаган кыз болгондуктан, анын сыпайы сүйлөп, табышмактуу жылмайганына кыжырым келип отурдум. «Капырай, эркектей эле болбойбу созулбай, Көлдүн жигиттери деги эле ушундай чоюлуп…» деп жактырбай жаткам. Бир кезде эле ыр-бий башталып, баягы менин созулуп отурган кошунам ачылып чыга келсе болобу?! Үнү да мукам экен, ырдап, лезгинка бийлеп төгүлүп чачылып эле болбой калды. Тамашалары «Тамашоунун» жигиттерин артка таштачудай…

– Кымыйып отуруп кылыктын баары сенде тура, ээ…- дедим ал отургандан кийин.

– Ашыкпа, сулуу, дагы далай өнөр бар,- деп жарк эте көзүн кысып койду.

Жүзү тамылжып, жеңишке жетишкендей күлүңдөп турган экен, эч качан көзүмдү тартып албаган жаным алгачкы жолу көзүмдү тартып алдым.

Эртеси жумуштан үйгө келе жатсам, колумдан булка кармап бирөө токтотуп калды. Чочуп кетип кыйкырып жиберсем алдымда Рустам турган экен.

– Ээ, жүрөгүмдү да түшүрүп салдың…

– Менмин.

– Бул жерден эмне жоготтуң?

– Бир кызды. Ал кече күнү жүрөгүмдү колуна кармаган бойдон кетти. Жүрөктү жоготуп көпкө жашай албайт экенсиң. Ошон үчүн аркасынан издеп келдим.

– Кеттим мен. Шашып баратат элем,- деп колумду булкуп алып жөнөй бердим.

Адамда укмуштай энергия болот. Рустамдын да бир түшүнүксүз энергиясы бар болчу. Кызарып-татарып кеткен жүзүмдү колум менен басып жөнөп калдым.

– Абайла, менин жүрөгүм ысык эле, колуң күйүп калбасын. Ошону эскерткени келдим,- деди Рустам артымдан кыйкырып.

«АБАЙЛА, АЯБАЙ «БАБНИК»

Жараткан дилибизге сөздү салып коёт деген чын болуш керек. Чын эле ошол убакыттан бери куйкаланып жүргөнүм жүргөн. Рустам мени таң калтырганын койбоду. Акыры аябай жакын болуп кеттик. «Абайла, ал аябай «бабник», кыздардын башын имерип алат да, кайдан көрдүм кара эшек деп жоголуп кетет. Канча кызды көрдүм, анын аркасынан ээрчип ыйлап жүргөн» деп курбумдун айтканы да көөдөнүмдө. Алгач такыр эле сыртымды салып, жиним келсе айтышып, какшыкташып кетчүмүн. Бара-бара эч кандай деле муз жүрөк, кыз жандуу жигит эмес экенин байкап калдым. Мени менен жүргөндө деле сулуу кыз көрүп калса көзүн албай сынай тигилип калганын байкачумун.

– Эй, мойнуң сынып калбасын,- дейм андайда кызганып кеткенимди жашыра албай.

– Суктанууга жаралган аялзатын кантип карабайм? Аларды сүйүп караган жокмун,- деп калчу.

Ушундай чырмалышкан күндөр өтүп жатты. Биз бактылуу болчубуз. Ортобузда «алам-тием» деген сөз болгон эмес. Ар бир күнүбүзгө бактылуу болуп, кийин эмне кылабыз деген ойду айта албай, ошондон рахат алып көз ирмемдик бактыбызга ыраазы болуп жүрө бердик. Менимче, арты кандай болорун билип туруп эле бири-бирибизди алдадык окшойт.

– Мен сендей кыз көрө элекмин. Мени токтото алган жан жарала элек деп ойлогом,- дечү Рустам.

– Эч бири сени менчелик сүйгөн эмес, ошон үчүн токтото алышпаган,- дейм мен кең көөдөнүнө жүзүмдү катып. Сүйлөшүп маегибиз, кучакташып кумарыбыз тойбой жүрүп 3 жыл өтүп кетти. Биздин ааламга сыйбас сүйүүбүз минтип тез эле адамдардын алаканына сыйып каларын билбеген элем…

Туулган күнүм эле. Рустамды күтүп жасанып отурсам эшиктин коңгуроосу чырылдады. Атып туруп эшикти ачкан жаным алдымда турган бейтааныш төрт аялды көрүп селдейип калдым.

– Кундуз деген сенсиңби?- деди бири өктөм.

– М-мен…

– Ай, кандай ары жок, акылы жок кызсың? Биздин балабыздын башын айлантып, таптакыр эле торпок кылып жетелеп алган турбайсыңбы, ия?!- деп кой-айга келбей кыйкырып кирди алдымдагы аял.

– Кечиресиз, сиз кимсиз?

– Мен Рустамдын жеңеси болом, бул таежеси, апасы жалгыз уулун кара далы, өзүнөн улуу кыз башын айлантып алганын билгенден бери ооруп калды.

– Деги сен тарбия көргөн кызсыңбы?

Айтор, мен айыпкер, алар сот болуп ийне-жибиме чейин, кызматымдан үйүмө чейин талкуулашты. Эжеси, жеңеси дагы далайлар… Рустам бул окуяны уккандан кийин мына эмесе дедиби, мурун жашап жүргөн батиринен көчүп мени менен бирге туруп алды. Баары көзүн карап бөпөлөп турган жалгыз уулдун бул кылыгын актабайм. Өзүмдү апасы жана башкалардын ордуна да коюп көрдүм. Бирок кантели? Айткылачы, бири-бирибизсиз жашай албай калсак кантели?.. Баары бир башка аял алса да жүрөгү мен деп турарына, а меники ал деп турарына көзүм жетер эле. Акыры ал да туңгуюктан жол таба албай чет өлкөгө кете турган болду.

– Кундуз, мен сенден качып кетип жатканым жок. Болгону азыр айрылыша турганыбыз оң.

– Макул, сенин кыйналып жүргөнүңдү көрүү мага да оор.

Кетер күнү экөөбүз үн-сөз жок тек гана кучакташып жата бердик. Көзүмдөн аккан жаштарды улам колу менен аарчып, үшкүрүп «ай, бли-ин» деп ойдолоп кетет. Ага деле мендей эле оор болуп жатканын, эркектик кылып ичине катып жатканын да билип турдум.

– Жүрү, эшикке чыгып келели,- деди бир кезде.

– Жытыңды өзүмө сиңирип алайын, ушундай жата туралычы,- дедим мен.

– Койчу, мен кайра келем. Өзүңө кайрылып келем,- дейт үнү бош.

Менин абалым начарлап, Рустам жанымдан кете албай калды. Кечки сааттарда анын учагы учмак. «Кете бер» десем укпай, кан басымым түшүп кеткен экен, дарыгер жазган дарыларды алып келмекке чыгып кеткен. Ал кеткенден кийин эшик коңгуроосу чырылдап калды. Көңүлүм калып калган эле, титиреп ача албай отуруп калдым. Бир кезде ордумдан туруп аргасыз ачтым. Босогодо жүзүнөн мээрими төгүлгөн ак калпакчан орто жаштагы ата туруптур.

– Кундуз, балам, сенсиңби?- деди ал өмүр бою мени билген адамдай.

– Ооба.

– Мен Рустамдын атасы болом. Үйгө кирели…

Үйгө кирип жайгашып отургандан кийин сөздү жай баштады.

– Балам, сен тууралуу көп уктум. 5 жыл билген адамга оңой эмес. Ошондон бери Рустам экөөң кол үзүшө албадыңар. Жашырганда эмне, чындыгында, башка кызды келин кылууга көздөп жүргөн жайыбыз бар эле. Бел куда болуп коюп ошол сөздөн өтө албай, салттын туткуну болуп калдык. Аялдык кылып апаңар да арадай жерге жыйын куруп жеңелериңди жиберип ийиптир. Сен дагы бирөөнүн чолпондой болгон кызысың. Убалыңдан корком. Рустам эч кайда барбай эле койсун. Мен экөөңө батамды бергени келдим. Апасы деле азырынча көнбөй жатат, бирок эркимден чыгып эч кайда барбайт. Рустам кетем деп телефон чалары менен бул жакка жөнөдүм. Бактылуу болгула, балдарым!

Жардын учунда бутум менен туруп секиргенге бир кадам калганда кимдир бирөөнүн колдору келип сени куткарып алса… Ошол кездеги абалымды ушинтип сүрөттөсөм окшошот

болуш керек. Атам, тирегим, акылманым биздин бактыбызды колдоп берди. Ал никебизди кыйганга катышып, тез арада айылга тойго барып калышыбызды айтты. Мен бактылуумун! Кайыптан кабыл болгон тилегимди, ак сүйүүмдү жүрөгүмө кысып Рустамымдын ата журтуна, менин болочок балдарымдын ата журтуна ашыгып келем…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE