Пример HTML-страницы

БАЛА АРТЫНАН БАКЫТ ТААП

https://kyrgyzcha.site/?p=52228&preview=true Кызыктуу окуялар.

БАЛА АРТЫНАН БАКЫТ ТААП..Адаттагыдай эле Москванын бурчунда, кечки сейилде бакта олтурган болчумун. Ары жактан кыргыз жигит коляска айдап келатыптыр. Кандай гана камкор ата деп, ичимден суктанып алдым. Бирок, жакындаган сайын ыйлаган наристенин үнү угулду, басылайын деген түрү жок. Болбой эле чырылдап ыйлап жатат, энемин да, чыдай албай алдына чуркап бардым. Карасам 3-4 айлык байкуш бала ыйлай берип, үнү да бүтүп калыптыр. — Курсагы ачыпы? — дедим, шаша.- Жок, курсагы ток эле, бул сүттү берсем ичпей жатат деди, ата байкуш.Балким ичи ооруп жатты бекен, же астын курукташ керекпи деп, баланын шымын чечип, көргөн көзүмө ишенбей, чыйылдап бакырып жибердим. Байкуш бала ысыкташып, көчүк-сандары кесилип, кызарып кетиптир. Колтуктары, мойну да кесилип ылжырап турат. Анан кантип бала ыйлабасын. Чоң адам чыдай алгыс бул нерсеге. — Присыпка ( упа ) барбы? — дедим дароо.- Жоок, ал эмне? — деп, жалооруйт.Жакын жердеги даарыканага барып алып келиң, баланын колтуктары ысыкта бычылып кетиптир дедим. Байкуш бала шымы жок, жылуу соккон шамалдын жели ого беттер жагып жатты. Өз баламды бир жылдан бери көрбөй, бала жытына зарыгып турган жаным, көкүрөгүмдү ачып, эмизип ийдим. Кургак эмчекти болушунча упчудай соруп, наристе таттуу уйкуга кетти. Өпкөсү оозуна батпай чуркап атасы келип, уктап калганын көрүп сүйүнүп, эмчегимди эмип жатканын көрүп бир таң калды. Көкүргөмдү оозунан чыгарайын десем, койо бергиси жок. Ансайын каттуу соруп, чопулдатып эмет. — Сүт чыгып жатабы, сүтүң барбы? — деп, күйпөлөктөп суроо салды.- Сүтүм жок. Курук эле эмип жатат дедим. Баса, баланын апасы кайда? Эмнеге кызарган денесин карабайт? Акыркы жолу качан жуунтурдуңар эле? — деп, жиндене суроо узаттым.- Оо күнү квартирадагы бир эже жуунтуп берген деди, башын жерге салып. Аялы менен жашабашын жазбай түшүндүм. — Анда бала баккыч алыңыз. Же апаңызды чакырың, же айылга алып кетиң, баланы караганга аял адам керек дедим.- Ата-энем аялыма үйлөнөөрүмдө каршы болушкан, алардын сөзүн укпай, өз сүйгөнүмө үйлөнгөн элем. Эми аялым мени таштап кетти деп, кантип айтам? Айыптын баары өзүмдө болсо. Аларга эч нерсени айтпайм, билбей турушсун азырынча деди. Сөздү бөлө салып:- Атым Алмаз — деп, колун узата.- Мээрим дедим, кабагымды сала.- Кызымдын аты Сымбат деди.Сураштырып олтуруп бир эле райондо, жакын жерде тураарыбызды билдик. Ал бир курулуш мекемесинде архитектор болуп иштейт экен. Өзү Бишкектин четинен орун алган, Ак- Өргөдөн болоорун айтты. А мен Оштукмун. Алмаз жалооруй карап, мага Сымбатты үйүнө барып, жуунтуруп беришимди өтүндү. Чындыгында, наристени жуунтуруу керек болчу. Ойлонбой макул болдум. Канча баланы тез-тез жуунтуруп турса, бала ошончолук бат торолот эмеспи? Анын үстүнө жайдын ысык күнү болсо. Бөтөн жер болгондуктан үйдө толо эл. Кирип эле, ваннага суу толтуруп, баланы жуунтуруп кирдим. баладай болуп же суудан коркуп ыйлабайт. Унчукпайт. Чагымда суу денесине жагып жаткан го..Жуунтуп бүтүп, бүт денесин майлап, упа койуп, сүтүн берип, уктатып койдум. Бир бөлмөдө Алмаз кызы менен тураарын айтты. Үйгө кетүүгө камынып жатканымда, Алмаз кол телефонумдун номерин сурады. Эгер, кокустук болуп калса чалам да деп, томсорот. Үйгө келип, же уктай алсамчы. эми төрлөгөн наристени бирде сүйүп сагынсам, бирде боорум ооруп, жүрөгүм ооруп чыкты. Таңкы сегиздерде телефонум шыңгырайт. Алсам Алмаз экен. Дароо эле ойум Сымбатка кетип, аны сурадым. — Сымбат кандай?- Ыйлап жатат басылбай. Сүт деле ичпей жатат. Суранам сенден, азыр үйгө келчи деди. Бетимди арыдан-бери жууп, үйдөн атып чыктым. Барсам Сымбат эч нерсеге көнбөй ыйлап жатыптыр. Айлам куруганда, кайра көкүрөгүмдү оозуна салдым. Тып басылды. Курук эмчекти соро берип, көкүрөгүм тызылдып ачышып кетти. Ал эч нерседен бейкапар чопулдатып жатат. Ыйлабаса болду деп, көзүмдү жумуп чыдап турдум. Аңгыча Алмаз: Канча айлык аласың? — деди.- Жыйырма миң рубль дедим.- Мен сага жыйырма беш миң төлөп берем, Сыбатка бала багуучу болчу. Жашаганың, жеп-ичкениң бекер, баары менден. Болгону Сымбатты карап бер — деди, көзүмдү жалдырай карап. Бекер деле карап бермекмин, бирок мен да баламды багуу үчүн иштегени келгем да. Жумуштун жеңилдигине, же айлыктын жакшы төлөп бергенине эмес, Сымбат үчүн макул болдум. Колунан баласын алгычаң, жумушун ал дегендей эле, бала багуу деле оңой эмес. Ошентип Алмаздын бөлмөсүнө көчүп келип, Сымбатты карап, жашап калдым. Ал эрте менен кетет, кеч келет. Ар саатта чалып, кызын сурап турат. Кечинде келээрде эмне бар, эмне жок сурап, азык-түлүгүн алып келет. Катту мээрим койдумбу же жараткандын сыноосубу билбейм, эмизип жүрүп бир күн көкүрөгүмө сүт келди. Адаттагыдай эле курук көкүрөгүм эмип жаткан, бир маалда экинчи көкүрөгүмдө муздак суу агып кетти. Карасам сүт ийип, Сымбат энтигип жутуп жатыптыр. Сүйүнөөрүмдү билбей же, ыйлаарымды билбей дендароо болуп туруп калдым. Кечинде жумуштан келген Алмазга болгон ишти айттым. Анын көзүнө байланган жашты көрүп, мен да ыйлап жибердим. Ушул сүттү өз апасы берсе болбойт беле? Өз апасын эмсе болбойт беле? — деп, ичимден күйүп жаттым. Кандай гана таш боор адам. Мен келгенден бири, бир ооз чалып, же бир басып келип, кызынын абалын сурабаганына таң калдым. Аркы бөлмөдө жашагандардан сурадым, апасы кайда? — деп. Бир жолу Алмаздан сурасам, жооп бербей койгон. Кийин дагы сурагандан тартындым. Апасы шаарда өскөн, бир чоңдун кызы экен. Өтө сулуу жана жаш имиш. Кызын төрөөрдө эле, энелик милдеттен тажап, ээн жүргүсү келип, баласын жакшы карачу эмес дешти. Кийин Алмаз экөө уруша кетип, аялы кийимин алып, кызын таштап үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылбаптыр. Мурдакы сүйгөнүнө кетип калыптыр деген кептер да таркаптыр, чын-төгүнүн бир Кудай билет деп, оор үшкүрдү бөлмөлөш эже. Биз Сымбат экөөбүз керебетте, Алмаз жерде уктайт. Бир үй-бүлөдөй эле жашап жатканыбыз менен, жаздыгыбыз бөлөк. Азада Бегимкулованын ырындай » Аялыңмын тойум болбогон, аялыңмын никем кыйылбаган » — дегендей, аялыңмын эки башка уктаган болуп, Сымбатка мен апа, ал ата болуп жашап жүрдүк. Арадан бир жыл өтүп, Сымбаттын алгачкы тили » апа » — деп чыкты. Болгондо да мени апа деди. Аттиң, өз апасы ушул сөзүн укса бактылуу болбойт беле? Там-туң басып калганда, мен да өз баламды сагынып, ата-энемди сагынып үйгө кетүүмдү Алмазга айттым. Маанайы чөгүп, баламды Москвага алдыртуумду, Сымбат экөөнү ушул жерде карап, иштешимди сунуштады. Көнбөдүм. Ата-энем, туулган жериме кетким келди дедим. Көпкө тартыштык. Акыры ал жумушунан жооп алып, чогу кетээрибизди айтты. Бишкекке учуп кондук. Мен андан ары Ошко учушум керек. Сымбаттан көңүлүмдү үзалбай, Алмаздын бир-эки күн кал дегенине көнбөй, Сымбаттын колун сунуп, ээрчигенине карабай, артымды карабстан ыйлап бараттым. Эгер, артыма бир кылчайып карасам, ошол жерде калып кетүүм анык эле. Ошко сапар алдым. Өз үйүмө келип, балама болгон кусамды жазып, апама болгон иштин баарын баяндап бердим. — Байкуш кызды кыйнапсыңар го? — деп, апам оор үшкүрдү.Эртеси апам кол телефонун берип, сени бирөө сурап жатат деди. Келээримди эч кимге деле айтпадым эле, ким болду экен деп, алсам Алмаз экен. Мени таппай калбайын деп, телефонумдан апамдын номерин жазып калган экен. — Кандайсыңар? — дедим сүйүнгөнүмөн көзүмө жаш алып. Чындыгында мен да эми кайра көрүшпөсөк керек деп ойлогом. — Баары жакшы. Биз.. деп келатып, Сымбат сени сагынган окшйот, кечке эч кимге көнбөй ыйлап жатат деди. Өз балам болбосо да, ак тарап, ак сүтүмдү берип чоңойтподум беле? Жүрөгүм жарыла кетейин деди анын ыйлаганын угуп. Мен да көнүп калганмын, ал менин да кызым го.Үнсүз гана ыйлап тура бердим. Колумдан эч нерсе келчү эмес. — Ата-эенеме болгон ишти түшүндүрдүм. Сага үйлөнүүмө ыраазы болушту деди. Уккан кулагыма ишенбей, сөзүмдү таппай калдым. Бир жыл чогу бир бөлмөдө жашап, мен да ага үйрөнүп, жада калса кандайдыр бир жылуу сезимим бар болчу. Бирок, Алмаз тараптан эч нерсе байкачу эмесмин. Ал сезимин жашырып жүргөн экен көрсө, мени кетип калбасын же Сымбатты мурдагыдай карабай койбосун деген го, сыягы. Алыс экенин билсем да, сезимге баш ийдим. Анан да Сымбатка башка бирөө апа болушун каалабадым. Ал менин кызым. Мен анын апасымын. Ал менин балама ата болуп, балам анын уулу болуп жашап калдык. Биздин үй-бүлөдө эч качан сенин балаң, же сенин кызың деген сөзгө жол берилбейт. Экөөбүздүн балдарыбыз — бул биздики. Буйруса үчүнчү балабыздын жарык дүйнөгө келишин күтүп жатабыз деп, бактылуу жылмайып, каарманым сөзүн бүтүрдү.Төрөгөн эне эмес, баккан ЭНЕ деп, бекер айтылбаса керек..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE