Бүгүнкү байлык эртеңки кедейлик
Бир ыймандуу аял бай соодагерге турмушка чыгат. Ал байдын чоң дүкөнү бар эле жана бул жерде бай кездеме, кийим сатып оокатын кылчу. Ал бай болгону менен абдан сараң адам эле.
Күндөрдүн биринде бай кечинде үйүнө бир тоок алып келип, аялына тоок этинен кечки тамак жасаарын суранды. Тамактанып жаткан убакта дарбазанын такылдаганынан улам бай сыртка чыкты. Дарбазанын жанында абдан курсагы ачып, тамаксыз ачка калган кедей турган эле. Ал байдан бир аз тамак сураганда, бай баш тартып, ачууланып, ага кыйкырып, дарбазасын катуу жаап, тамакка кайтып келди.
Аялы:
— Эмнеге кедейге кыйкырып, анын жүзүнө дарбазаны жаап салдың?
— Сен менин эмне кылышымды кааладың эле?
Аялы:
— Тоок этинин жарымын же бир канатын бергенинде, байкуш кедей аз да болсо ачкалыктан арылмак!
Күйөөсү:
— “Эмне, бир бүтүн канатты беришим керек беле? Сен акылдан азгансыңбы, эмне!” –деп, аялына ачууланды.
Анда аялы: “Жок дегенде жакшы бир жылуу сөз айтып койсоң болмок!”- деди.
Арадан убакыт өтүп бай дүкөнүнө келип, дүкөнүнүн ичиндеги кездеме, кийим-кече баары күйүп кеткенин көрдү. Эми байда эч нерсе калбады. Бай үйүнө капалуу келип, аялына иштин чоо-жайын айтты.
Аялы:
— Маанайынды чөктүрүп, кайгырба! Аллах мунун артынан сөзсүз кубаныч, ырыскы берет.
Күйөөсү: “Ээ, аял, ук мени! Ошол кубаныч келгенге чейин сен төркүнүнө кет, мен сага бир нерсе корото тургандай абалда эмесмин”-деп ачууланды. Ошентип бай аялы менен ажырашты.
Тиги аял өзү айткандай, ак ниет, колу ачык, мээримдүү, кедей ачкаларга жардам берген адамга турмушка чыкты. Күндөрдүн биринде күйөөсү экөө тамактанып отурганда дарбаза такылдап, аялы дарбазаны ачып калды.
— Бир ачка калган кедей адам бир аз тамак берүүбүздү сурап жатат.
-Үйдөгү эки тоок этинин бирөөсүн берип кой. Экөөбүздүн кечки тамагыбызга калганы жетет. Сурап келген адамдын колун бош кайтарган болбойт! –деди күйөөсү.
Аялы: “Сендей колу ачык, ак көңүл адамдар аз!”- деп, тоок этинин бирөөсүн тиги кембагалга алып чыгып берди.
Кайрадан кайтып келип дасторконго олтуруп, аялы көзүнө жаш толуп тамагын жеп жатты, күйөөсү аны байкап калды.
— Сенин ыйлашыңа эмне себеп болду?
— Аябай капалануу менен ыйлап жатам.
— Эмнеге капа болдуң?
— Себеби, жана эле биздин дарбазаны кагып, тамак сураган, сен эт берген кедей менин биринчи күйөөм болчу. Бир жолу ал бай кезинде ачка калып, тамак сурап келген кедейге тамак бергендин ордуна, катуу кыйкырып сүйлөп, кедейдин сунган колун сумсайтты эле.
Күйөөсү: “Ээ, жубайым! Азыр биздин дарбазаны каккан кедей сенин биринчи күйөөң болсо, ошондогу силердин эшигиңерди такылдаткан кедей мен болчумун”-деди.