Пример HTML-страницы

«АКЫРКЫ КҮН»

https://kyrgyzcha.site/?p=46550&preview=true Кызыктуу окуялар.

«АКЫРКЫ КҮН»

 

 

Адам эч качан акыркы күнүн билбейт. Бир караганда бул бакыт болсо керек. Ал эми ушул жашап жаткан күнү акыркы экенин билгенде адам кандай абалда калат деп ойлойсуз? Бизге келген бул кат өмүрдүн ар бир көз ирмемин баалаганга баарыбызды үгүттөйт деп ойлойм. Каттын ээси Назик муну акыркы күнү жазып калтырып кеткен экен.

 

“ЖАНДУУ-ЖАНСЫЗДЫН БААРЫ ДЕМ БЕРИП…”

– Оору менен алышканыма канча жыл болду?! Өзүмдүн оорум менен гана күрөшүп жашап келем. Канчалык күрөшкөнүм менен, ооруну жеңбей эле, оору мени жеңип келатат. Оорунун жанымды жегенин сүрөттөп айтып бере албайм. Рак! Муну укканда дүйнө аласалып кетти. Дениң сак жаш кезде ден соолугуңа маани бербейт турбайсыңбы. Мен да маани берген эмес элем. Качан оору күчөп чыдабай калганда доктурга кайрылдым. Доктур аябай урушуп, “жаш экенсиң, өзүңдү карабайсыңбы! Эми толук айыктыра алабыз деп айта албайм. Кеч болуп калыптыр” дегенде аябай жаман болдум. Рак менен ооруганымды билгенден кийин мүнөзүм тез эле өзгөрүп кетти. Эч нерсени каалабайм, эч нерсе жакпайт, өзүмдөн-өзүм эле кыжалат болуп жиндене берчү адат таап алдым. Жолдошумдан күчүмдү чыгарам. Ал болсо “жаным, жиндене бербе, ооруңду күчөтөсүң, өзүңдү колго алсаң, ооруңду жеңгенге жакшы. Баары жакшы болот” демиш этет. Анын абалын деле көрүп турам. Мен болсо күнү-түнү ыйлап чыгам. Акыры дүйнөдөн кетериме да моюн сундум. Ооруга чыдабай акырындык менен бул жашоодон эрте эле кетишимди тилеп жүрдүм. Ийне сая турган жерим деле калбай, денем калбыр болуп калгандай.

Балдарымды ойлогондо ушунчалык кыйналам. Өлгүм келбей кетет. “Кантип, кимге таштайм? Кандай күндү көрөт? Мени сагынып ыйлашат го…” дегенде бүт дүйнө астын-үстүн болуп кетет. Бир ууртам суудан башка тамак ичпей калганыма бир жуманын жүзү болуп калды. Жашоодо менин жасала элек көп нерселерим, асыл адамдарым, балдарым, ата-энем, бир туугандарым, сүйүктүү жолдошум калат.

Түндөгү түшүмдөн кийин менин бүгүнкү күнүм акыркы экенин сезип турдум. Түшүмдө мени өлгөн адамдар белгисиз жакка ээрчитип кетишти. Таң сүрүлө электе ойгонуп алып ыйлап жаттым. Башымды көтөрсөм кадимкидей күч-кубат кирип калгандай сезилди. Өзүмө-өзүм таң калып, ордумдан турдум, ичимде кандайдыр бир үмүт да пайда боло түштү. Эмнегедир акырын басып эшикке чыккым келди. Чыгып баратсам кызым ойгонуп кетти. Мени кечке карап, көргөн көзүнө ишенбей:

“Апам айыкты, апам басып жүрөт, тургула, тургула…”- деп ары-бери чуркап баарын бир заматта ойготуп салды. Менин туруп басканыма сүйүнгөнүн айтпа, алдыңа кетейин, кызым. Сыртка чыгып таза абадан моокум кандыра жутуп алгым келди. Айлананы суктана карап алдым. Мага жандуусу да, жансызы да дем берип жаткандай. Жаздын экинчи айы. Жер көгөрүп, алма-өрүк гүлдөп калган тура. Бак-дарактардын жалбырактары колун булгалап жаткандай, көк асманда булуттар бир жакка шашып бара жаткандай, куштар мага акыркы жолу ырдап берип жаткандай туюлду. Жер астынан чыккан таза суудан ичип, жүзүмдү чайкадым. Ичимде бир кызыктай сезимдер пайда болуп, жылаңаяк болуп топуракты, жерди денем менен сезгим келди. Күн да чыгып келе жатты. Мага күндүн нуруна турганга болбойт, бирок мен акыркы ирет нуруна эрип, эркелеп алдым.

 

КОШТОШУУ

– Өзүмчө эле кубанам, эмнеге экенин да билбейм. Ордумда жатып көзүм кичине илинип кетиптир, өңүмбү же түшүмбү, билбей калдым. Мен мурункудай эле күлүп балдарым менен отуруптурмун. Көзүмдү ачсам балдарым чынында эле жанымда экен. Бирок бул ирет ооруган жеримди сезген жокмун. Көптөн бери барбай калган столго барып баары менен отуруп тамак ичейин дедим. Боюмду түздөп ашканага кирип келсем, жакын адамдарымдын баары тең ошол жакта экен, жүзүндөгү кубанычтарын айтууга мүмкүн эмес. Менин акыркы жолу бирге тамак ичип жатканымды менден башка эч ким сезген жок. Мен улам биринин жүзүн тиктеп, тымызын коштошуп жаттым. Ошол учурда көзүмдөн жашым агып жатканын өзүм да байкабай калыптырмын. Эки баламды эки жагыма кучактап, алмак-салмак өпкүлөп жаттым. Убакыт билинбей өтүп, күн кечтеп калган экен, бирок бул жолу күндөгүдөй ийне сайдырбадым. Эч кимдин мени таппай калабыз деген жаман ою болгон жок. Мени жуунтушуп, анан өзүм тырмактарымды алып, чачымды тарамыш эттим, чынын айтсам, алым жок деле калган. Таза кийим кийип, анан барып ордума жаттым. Башымдан өткөн армандуу күндөрүмдү ушинтип чакан кат иретинде жазып жаткан учурум. Кагылайын апа, ата, балдарым, бир боорлорум, жолдошум! Силерге ыраазымын! Менин ден соолугума кам көрүп, шум ажалдан алып калам деп канча ирет талаштыңар. Мен бешенеме жазылган тагдырды жашадым, эми кетер учур да келди окшойт. Балдарымды ыйлатпай жакшы карагыла, баарыңардан суранам!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE