Пример HTML-страницы

Ак кара 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-кара. 16-болум

Ошол күнү түшүмө кызыктай нерселер кирди. Жолдун жээгин кызыл чүпүрөк менен тосуп коюшуптур, көптөгөн адамдар ошол тосмого тирелип жыйналып алган. Мен дагы ошолордун арасында ары жакта эмне болуп жатканын көрө албай, улам алдыга умтула бердим. Он төрт. Жуп сандагы көптөгөн адамдар жерде кепинде оролуп жатат. Беттери жабык, мен аларды тааный албай койдум. Оо, кудай жакындарым аман болсо экен. Оо, кудай балээден алыс болсок экен деп жаттым. Жердеги жансыз денелерди ак халатчандар жүктөп эле жатышты, же батыраак бүтпөйт. Жанагы тосулган чүпүрөк болсо да, ары өтүү мүмкүн эмес эле. Жанагы толгон элдин арасынан, жагдайды билген бирөөнү издейм. Баары мага окшоп эч нерсе билбей, көрүүгө жулунгандар экен. Жүктөп алып кетип калышты. Жаман түштөн кийин дайыма башым ооруп, денем оорлошуп калат болчу. Бүгүн дагы эртең менен тургандан баштап чарчап жүрдүм. Жумушка Садыр иним келиптир. Түшкү тыныгууга чыгып, чай ичип сүйлөшүп олтурдук.

— Эжеке сиздин жакшы болуп, жашооңуз дагы оңолуп калганы биринчи кезекте мени кубандырат.

— Рахмат бир боорум, мунун баары сенин мээнетиң. Эркек деген эркек экен да, атамдан кийинки аска зоо сен болосуң. Кыйын кезде ичиңден миң ишерилсен да, сынып калбай, кайгыга жол бербей бекем турдуң. Сенин кайратын бизди дагы сынып калуудан сактады. Билесиңби мен сени аябай жакшы көрөм алтыным.

— Мен үй-бүлөм үчүн жашайм эже. Сизге жумуштап келген элем, азыр эле жездем менен сүйлөштүм.

— Кайсы жезден?

— Койчу эжеке тамашаны, мен бир эле Дастанды жезде дейм.

— Мунар эмне анда? (Күлүп)

— Билбейм, ал адам дагы эмес. Бирок ал тууралуу сүйлөшүп маанай бузбай эле койолу э. Акча берсем албайсыз, же өзүңүз сурабайсыз. Жездемди дагы кыйнап салдыңыз, ар бир адам адашат. Кыйнабай болду чогу жашап албайсыңарбы. Дастан жездем жакшы адам, же мен салган үйгө келип биз менен тургула. Жалгыз бала багуу дагы кыйын, тапканыныз жеген ичкенден ашпайт. Ден-соолукту дагы ойлош керек да, жездем дагы ошого кыжалат.

— Ооба, жезден өзү деле айтып жүрөт. Мен ага таарынбай калгам, Аруужан менен Элдар эмне дейт деп унчуга албай келем. Сенин үйүңө барып жашабайм, ошол жеген ичкенге жетсе эле болду бизге. Калганын кудай өзү камдап берет. Билесиңби, көп жылдан бери мен эми өзүмдү бактылуу сезем.

— Аруужан эч нерсе дебейт, мен сүйлөштүм. Жакшы көрөбүз деп эле олтурбайбы. Үмүттү дагы өзүнчө кылбай, бир туугандар чогу болгону жакшы дейм да. Жездеме сунуш киргиздим. Мен дагы бир дүкөн ачайын дегем. Эжекем экөөң иштеткиле десем макул болду. Жездемде дагы акча бар окшойт, азырынча жарым жарымдан иштеп турсак, бара-бара чыккан пайданы мага берип, менин акчамды чыгарып берип, дүкөндү өзүңөргө алып калат элеңер. Кандай дейсиз?

— Келин бала эмне дейт? Койчу, өзүңдү өзүң багып жатканың канча кеп.

— Аны билесиз го, ал андай адам эмес. Кубанып жүрөт, өзү сунуш кылды.

— Иий ак көңүлүм десе, маңдайына ушундай жубай дуушар болгонуна шүгүр. Макул, силер анда аракет кыла бергиле. Мен бул жака эртерээк айтып, ордума бирөөнү тапканча иштей турам.

Иним мага көп убайым тартып ойлонот, «байкушум»-деп боору ооруса керек. Көптөн бери өзүм дагы Дастан тууралуу бир чечимге келе албай жүрдүм эле, Аруужан макул дептир, эми Үмүттү дагы өз колума алууга убак келген тура. Эртең мененки түштүн оор жүгүн, үстүмдөн алып алыс ыргытып салгандай эле болду. Биздин бригадир кызга жумуштан кетишимди айтып койдум. Жумуштан чарчап чыксам дагы, бүгүн Дастан келет экенин ойлоп, дүкөндөн азык-түлүк алып үйгө бардым. Дасторкон жайып, балдарым менен бирге Дастан менен Үмүттү күтүп олтурдук.

— Аруужан, Элдар силер менен сүйлөшүп алышым керек. Бүгүн Дастан менен Үмүт келет үйгө конок болуп, анан алар биз менен чогу жашап калса макул болосуңарбы?

— Апа, Дастан байкеге кече биздин үйгө эле жашагыла десем болбой койгон да. Жашабайм десе эмне болот?

— Аруужан сен мага айтпай чакырдынбы?

— Ооба, күндө келгенде бизге көп нерсе алып келет, бизди эркелетип ойнотот, ал бизди жакшы көрөт да.

— Мага эмнеге айткан жоксуң?

— Келсе эле кет дей бересиң го, дагы урушат дегем апа. Урее, урее Дастан менен Үмүт биз менен чогу жашайт экен. Элдар сүйүнүп жатасыңбы?

—Апа, мен Дастанды ата десем болобу?

— Аны өзүнөн сура балам.

— Сурасам апаң урушпаса дей бер деди.

— Буларды карап кой, мага билдирбей бул жакта былгытып жүргөнүн.

Күлүп олтурсак эле Дастан келип калды, колуна гүл көтөрүп алыптыр. Ал дагы, мен дагы ашыкча сөз айткан жокпуз. Жөн гана жылмайып тамактанып, көздөрүбүз гана сүйлөшүп жатты. Менин көзүм «мен сени канчалык күттүм, сагындым, сени эчак кечирдим»-десе. Анын көздөрү «кечир мени, мен сени сүйөм»-деп жатты. Үчөө дагы болуп көрбөгөндөй кубанып ойноп олтурушту. Кечки шаарга чыгып, оюбузга келген нерселерди алып жеп, өзүбүз дагы үчөөнө кошулуп жаш баладай, чуркап ойноп жүрдүк. Түн жарымда балдардын уйкусу келип, экөө уктап калды. Экөөнү колубузга көтөрүп, Аруужан чыдап араң басып үйгө жеттик. Үчөөнү жаткырып, экөөбүз дагы көпкө сүйлөшүп олтурдук. Эң кызыгы, биз мурунку өткөн жашоо тууралуу эч ооз ачпай, бизди күтүп жаткан керемет келечекти гана сүйлөштүк. Ортобузду ошончо жылдык ажырашуу алыстатып, төшөктү муздатып салган экен. Мен чогуу төшөк сала алган жокмун, ал өзүнчө мен өзүмчө. Бирок бири-бирибизге, оор дем алганыбыз, жүрөктүн шашып сокконуна чейин угулуп турду. Дастан акырын гана, сага рахмат, мен сен канча болсо дагы күтөм!-деп жатты.

Садыр айткан сөзүнө туруп, Дастанга азык-түлүк дүкөн ачууга көмөктөштү. Жарым акчасын өз чөнтөгүнөн чыгарып, акырын төлөп кутуласыз деп койгон. Биз Дастан экөөбүз жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар сыяктуу болуп калганбыз. Ортоду сүйүүбүз андан дагы күч алып, бири-бирибизди жарым сөздөн, көз караштан түшүнүп, айтор жашоонун балын эми татып жатабыз.

 

Апам келип калыптыр үйгө, көп деле каттабай калды эле. Балдарды сагынды го деп ойлоп калдым, кабагы салынып калыптыр.

— Келиңиз апа, атам жакшы олтурабы?

— Жакшы олтурат, атаңдын ден-соолугу жакшы эмес. Же сен алиге чейин таарынып жүргөнүңө кабатыр болуп жатабы, жарым жылдан бери үйгө басып барбай койдуң да. Кандай болгон күндө да ал сенин атаң, өзүң деле жашоодо канча ирет адаштың туурабы? Ал деле адам да, эртерээк барып, Дастан экөөң алдынан өтүп батасын алып келгиле. Бизди эмне түбөлүккө жазып коюптурбу силерге, кийин өкүнүп калба дейм да кызым.

— Өзүм дагы ошону ойлоп жүргөм апа, атам мени кечирсе болду. Кантип сөз баштайм деп бара албай жүргөм.

— Ошол кантип болсун? Балдарыңды дагы бир көргөн боюнча көрө элек, Дастанды көрө дагы элек. Биринчи неберелери болсо, эркелетип жүрсөм дейт да ботом. Өзү билип келеби десем, такыр эле келчүдөй эмессиң.

— Апа, анда бүгүн үйдө калыңыз. Эртең чогу эле баралы.

— Кокуй, кой ай. Өзүңөр араң батып жатканда мен калмак белем. Кетем.

Апамды кал деп көндүрө албай жатсам, Садыр келип калыптыр, апамдын келгенин угуп. Кечинде дүкөндү жаап, баарыбызды өзүнүн үйүнө алып кетти. Келинибиз соодага эле тың эмес, мыкты кожейке дагы экен. Дасторкондо бош жер жок, бардык нерсени коюптур. Бизди аябай сыйлады. Өзү арыктай түшүптүр, боюнда бар окшойт деп калдым. Эртеси Дастанды калтырып өзүбүз айылга кеттик. Дастан кечинде дүкөндү жаап, артыбыздан бармак. Пайдасын эми көрүп жатканда, бир күн жабык болсок дагы артка кетмексиз. Үйгө барсам атам каарый түшүптүр. Мурун байкаган эмес экенмин, балким өз түйшүк өзүмө жетип анча элес албаган чыгармын. Чачтарын ак аралап, дем алуусу дагы мурунку шар жүргөн адамдыкындай эмес. Көзүнө жаш алып алыптыр атакем. Атамды ой каарытып салды. Ошондо түшүндүм, атам менен апам эмне гана ката кетирбесин, биз, балдары аларды эч качан соттоого акыбыз жок экенин. Атамды кучактап, ыйлап кечирим сурадым. Биздин келгенибизге сүйүнүп, көзүнө жаш дагы алып алды. Неберелериме ээнчи деп бээ байлап коюптур, кой союп, биздин үйдө чоң тойдун шааны болуп жатты. Дастандын келишине, боорсок бышып, эт салынып, дасторкон жайылып калган болчу. Биринчи жолу мен өзүмдүн үй-булом менен сыймыктанып турдум. Кудай өзү билет тура, качан, кайсы убакта пендесине дөөлөт берүүнү. Бул дөөлөт бизде мурун болгондо, көзүн май басып, акчадан болок эч нерсе көрүнбөгөн, жан дүйнөсү жарды адам менен өмүр бою жашап калмакмын. Бул дөөлөттү кудай алган күнү, мени эски бут кийимдей гана, баягыдай көчөгө ыргытып кетмек Мунар. Дөөлөттү азыр берип, биздин үй-бүлөнү бириктирди. Мага эң жакшы инсан Дастанды берди. Биздин үй-бүлө биринчи ирээт чогулуп, жыргап, ынтымагыбыз бекемделип турган чагыбыз. Майда балдар уктап, өзүбүз калганда атам сөз баштап калды.

— Балдарым, мен өмүр бою көчөдө жүрүп, жашоонун чыныгы баалуулугу эмне экенин эми билдим. Силер менин эң кымбат адамдарым экенсиңер. Айтаарым эч качан, эч кимди, эч нерсени үй-бүлөдөн бийик койбогула.

— Ата коюңузчу, биз сизди жакшы көрөбүз.

Ошол кезде баарыбыз көзгө жаш алдык, атамдын аксакал болуп, төрдө акыл айтып олтурганы биз үчүн чексиз бакыт эле. Түн жарымга чейин чер жазышып, анан баарыбыз уктаганы жөнөдүк. Ошондо атам, мурун иштеп жүргөн кезде тапкан түштүктөгү достору тууралуу айтып калды. Апам экөө, бул жактагы эки тең туштарын алып, кыдырып келмей болушуптур. Ал тургай Өзбекстанга дагы барышат экен. Баарыбыз колдодук, өмүр бою бизди багып жыргал күндү көрбөгөн, эми тең туштары менен катышып, эч кимден калбасын.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE