(6-бөлүм.)
Токтосун Акмаралдардын үйүн этектеп аккан тар суунун чекесинде жалгыз өскөн долононун түбүнө келип олтурду.Акмаралдын кебетесин көрүп,ордунан ыргып турду:-Марал,сага
эмне болду,ал калдастай түшүп,бирин-
чи жолу,анын эки каруусунан кармап,
калтырагы басылбай өзүнө тартты,Ак-
марал да,муну күткөн эмес,эреркедиби,
башын Токтосунга жөлөй,буркурап ый-
лап жиберди.-Жүрү,Марал үйүбүзгө ба-
рабыз,ошол жерден сүйлөшөлү,деген
Токтосун эски бейиттин этегиндеги ак
топурак дөңсөөнү көздөй жетелешип
чуркады.»Үйүбүз» дегендин да жөнү бар,
бул жерде,күлбото бар,айыл эли үйүнүн
сыртын актаганга,шыбакка алып жүрүшүп,үңкүр кылып салышкан,кы-
шында жылуу,жайында салкын,таза,
андан калса,таза жердин жыты жытта-
нып турат.Экөө бул жерге келип,ыр
жатташчу,сүрөт тартышчу.Эч ким көр-
бөйт,бейиттин жаны болгондуктан,мал
да аралатышпайт.Экөө эски бейиттер-
ди карап,эч жазуусу жок,кимдики экени
билинбейт,кимдер жатат болду экен,
деп калышаар эле.Экөө үңкүргө чуркап
киришти да,,ордуларына отурушту.
Экөө үңкүрдүн эки капталына отурушуп
сүйлөшөөр эле.Бул сапар Токтосун Ак-
маралга жакын отурду да:-Марал,сени ким капа кылды деп,суроо узатты.Ак-
марал эч нерсе жашырбады,Токтосунга
апасынын айткандарын төкпөй,чачпай
айтып берди.Бир саамга унчукпай тур-
ган Токтосун,ордунан турду да,эңкейип
Акмаралдын бетинен өптү,селт дей түш-
тү кыз.-Марал,сен мендиксиң,бизге эч
ким тоскоол боло албайт,окууга чогуу
кетебиз.Биз бири-бирибизсиз жашай
албашыбызды билесиңби?Тоскоолдук
тун баарына өзүбүз гана туруштук бери-
шибиз керек,мен сенин көз жашыңды
көргүм келбейт.Мына экзамендерди бе-
рип,кетээрибизге бир гана ай калды.
Биз элдин көзүнө көрүнүп,чогуу баспай-
лы,апабыз бизди жаш,турмушка даяр
эмес деп,кабатырланып жаткандыр,бар
дыгы сиз айткандай болот дегин,эптеп
айылдан суурулуп,чыгып кетеличи,Ток-
тосун Акмаралга үнү кардыга,көп сөз
айткандай болду.Жолукканда «үйүбүз-
дөн» гана жолугалы деп,антташкандай
кол алышышты да,бири бейиттин асты
менен,бири үстү менен үйлөрүнө кай-
тышты.
(Уландысы бар.)