(35-бөлүм.)
Милициялар деле эч нерсе таба алышпады,болгону Жийдештин сурөт-
төрү менен кошо,кичинекей блокнотко
жазылган,Жийдеш жөнүндө жазган
эскерүүлөрү гана бар экен.»Бир жолу
апа деп,айта албаганыма өкүнөм,мен сизди сагындым,чын дүйнө бар болсо,
көрүшөөрбүз» деп жазган экен.Сөөк
коюлганча,сурак жүргүзүп,тынчыңарды
албайлы,зордук-зомбулуктун,маркум-
дун бирөөнү күнөөлөгөн акыркы каты
жок болгондон кийин,сөөк коюлгандан
кийин,өлүмүнүн себептерин теришти-
рүүгө аракет кылалы,жардам берээр-
сиздер деген,милициянын подполков-
ниги Мырза Касиев,кетип бара жатып,
Тургунбекти чекеге чакырды да,маркум
уулуңуз менен мамиледе болгон экен,
сөөк коюлган соң,эч жакка кетпесин.
Аны күнөөлөгөн киши жок,ишти кароо-
го көрсөтмөсү керек деп жүрүп кетти.
Токтосун боз үйдүн капталында,класс-
таштары менен боздоп турду.
«Көзүмө көргөзбөй жоготкула «күчүктү»,болбосо,мууздап коём» деген
Карыптын сөзүнөн улам,Токтосунду
атасы үйүнө араң алып кетти.
Жолду ката Тургунбек:-Экөөңөр таа-
рынышкан жок белеңер балам,деп су-
рады.
— Жок,ата.Элдин көзүнө урунбай жо-
лугушпай,бирге баспай эле коёлу,шаар-
га кеткенче деп сүйлөшкөнбүз.Үңкүргө
да,Наалы апа уулу экөө көрүнгөндөн
бери барбай калганбыз,мектептен да,
сүйлөшчү эмеспиз деп,боздоду.
Ал бөлмөсүнө кирген боюнча чыкпа-
ды.Энесинин тамак ич дегенине да,бол-
боду.Качан гана оозгу үйдүн жарыгы өчкөндө,китеп текчесинен,бир барак
кагаз алды да,»Ата,апа мени кечиргиле,
мен Акмаралсыз жашай албайм.Экөө-
бүздү чогуу койгула,тигил дүйнөдө бир-
ге бололу,эски бейиттеги ак үңкүрдү
«үйүбүз» дээр элек,ошол жерге коюңуз-
дар,мен силерди жакшы көрөм.» деп,
жазды да,эшиктин туткасына кадимки
эле батинкенин боосун илди,ошол учурда анын эмне ойлогонун ким бил-
син,башын жипке киргизди да,тизелеп
олтуруп койду.
Таң эрте Тургунбектин үйү ызы-чууга
толуп,Токтосун асылып өлүптүр деген
сөз,улан шамалдай айылды аралап өттү.
Токтосундун каты,элдин баарын
ый менен ызага муунтуп,айыл ичи
боздоп турду.
(Уландысы бар.)