(25-бөлүм.)
Жаңы көрүстөнгө орунду,айыл эли кеңешип,жолдун берки бетине которуш
ту.Биринчи күрөктү Жанаалы өзү салды
эле,кыштын күнү,жер тоң болсо да,сой-
лой түштү,күрөк учу.-Апбаракелде,кагы-
лайын тууган жер,өз койнуңа жектебей
ала көр,пендеңдин билип,билбей кыл-
ган күнөөсүн кечир,бараар жерибиз
өзүңсүң,төшү түктүү кара жер,сен көтөр-
бөгөн эмне бар,кечир бизди деп күбүрөндү да,балдар тездеткиле,эртең жума,бечаралар жакшы күнү жерге тү-
шө турган болушту,түш оодурбай коёлу,
кошумча кол жиберем деп,Айкашкага
шап минип жөнөп кетти.
Ошентип,кейиштин кеби түгөнбөй,
эне-баланы жерге беришкен айыл эли,
көрүстөнгө аяр мамиле жасап,баягы
ээн жайкын коё берген малын да жо-
лотпой,коруп калышты.
Ошол эле жылдын күзүндө,айыл-
дын ак байбичеси аталган,Суракмат
карыянын кемпири каза болду.Бүбү
апаны жашырып,куран окуп жатып,
Мамбет молдо чалкасынан түшүп калат.Кокуйлашып,айылга келген соң,көзүн ачып,келмесин жүз кайтара
окуган Мамбет молдо,куран окуп жат-
канымда,Наалы байбиче,уулу менен
маңдайымда олтурду деп,элдин жүрө-
гүнүн үшүн алат.Наалы энеге,уулуна
куран окутушуп,айыл эли күүгүмдө эмес,күндүз да,ал жакка басышчу эмес.
Ким каза болсо да,ушул жерге биринчи,
Наалы байбиче,уулу менен түшкөн,арт-
тарында эч ким калбады,деп атайын
багыштап,куран окуп кетишет.Жанаалы
га,агасынын мал-мүлкү,там-ташы бүт калып,эскерип куран окутуп жүрдү.Жа-
наалынын көзү өткөн соң,куран деле
окутпай калышкан эле.Сабыркул деген
айылдын чоң уурусу бар,майда жандык
көрсө,койнуна эле катып,алып келип,
союп алат дешчү.Бирок,кармап алба-
гандан кийин,эч ким бетине чыгып айта
алышчу эмес.Сабыркул тоодон келе жа
тып,ичиндеги жинди суу делөөрүтүп,ыр-
дап келе жатса,кемпир тизгинден алат,
ошондон алып качкан ат,айылга кир-
бей,талаалап,заматта соолуккан Са-
быркул,үйүнө келип,түлөө өткөзүп,»экин-
чи ууру кылсам,энемди алайын»деп,ый-
лап карганганын,айылдагылардын бар-
дыгы айтып жүрүшөт.Айтор,мындай
сырдуу окуяларга кабылбаш үчүн,айыл
эли,көрүстөнгө өтө аздек мамиле жаса-
шат.
(Уландысы бар.)