(17-бөлүм.)
Сүрөттөр аз эле экен,мына Аймаралды бир колу менен кучактап,Акмаралды алдына алып ол-
турган Жийдештин сүрөтү.Кареги жал-
жылдап,жүзүн кубаныч баскан жалгыз
сүрөт,калган үч-төрт сүрөтүндө муң ка-
тылган,жылдыздуу көздөр.»Ушул менин
апам,каап эртерээк билсем эмне,ал Жийдеш чакырганда барбагандыгын,
ал өпкөн бетин,кайра-кайра жеңи ме-
нен аарчыгандыгын,Ракыянын ал ант-
кен сайын,жыргап күлгөнүн эстеди.
Чындыгында,Карып менен Ракыя Ак-
маралды маралдай эле чоңойтушту,
акыркы күндөрдөгү эле жаалы болбо-
со,тамактын таттуусун,кийимдин жакшысын кийгизип,кайда барса жан-
дарында алып жүрүшчү.Айрыкча,Ка-
рып,мойнуна мингизип,түшүрчү эмес.
Эртең менен тура калып,жаздыгынын
алдына кол сойлотуп,таттуу таппаса,
аңылдап коё берчү.Ракыя кагылып,со-
гулуп баштыгы менен карматчу.Айтор,
балалыгы бакыттын кучагында чоңой-
гон.Мектепте мыкты окуду,ойногондо жалаң эркек балдар менен ойноп,Ток-
тосун менен абдан ынак эле,ээрчишип,
эгиз козудай чоңоюшту.Эч качан азыр-
кыдай,жаман сөздөрдү айтуучу эмес.
Мага бул тууралуу айтаар бекен,же
айтпайт болду бекен.Айтпаса,унчукпай
каламбы,тигил киши «атаңмын»деп,кел-
се,эмне кылам.Он жетидеги Акмарал
эси толук чоң адамдай талдады оюн,ал
Ракыя менен Карыпты аяды,кадимки-
дей,эс аягы толуп,чуркап барып,Ракыя-
ны кучактап,мен силердикмин,мен ал
кишиге барбайм,деп айткысы келди.
Сүрөттөрдү ирээти менен койду да,
шаарга алып кете турган чемоданынын
түбүнө экиеттеп салды.
Эмнегедир,Токтосунга жолуккусу келди,кантип жолугам,»үйүбүзгө»бар-
самбы,апам билсе,капа болуп калат го,
ал акырын эшикти жаап,сыртка чыкты.
Атасы менен апасы,үйдүн капталын-
дагы,жоон дөңгөчтүн үстүндө олтуруп,
бир нерсени катуу талкуулап жаткан-
дай,атасынын кабагы салаңдап,колун-
дагы таяк менен,жер чийип,апасы жоо-
лугунун учу менен,көз жашын сүргөнүн
байкап калды.Жандарына жакын келүү
дөн айбыкты да,ууру мышыктай секин
басып,тамдын аркы бетине өттү да,бе-
йит тарапка бет алды.
Апам эмнеге ыйлап жатты болду
экен деп,ойлоду.
(Уландысы бар.)