Пример HTML-страницы

Адыл кантип уйлонду?

https://kyrgyzcha.site/?p=40895&preview=true Кызыктуу окуялар.

Адыл айылдагы эн жакыр жашаган уй булолордун биринин улуу баласы.

 

Атасы элдин коюн кайтарып, тапкан акчасына уй булосу жан багышчу. Андан сырткары жакшы суйлой албаган бир иниси бар эле. Ошого мамлекет тарабынан социалдык жолок пул алышат. Апасы уй кожейкеси. Беш баласынын кирин жууп, тамагын бышырып, окууга жонотуп оз ишине тын болгону менен башка аялдардай болуп чеберчилик менен алпурушуп, же дыйканчылык кылып акча тапкандардан эмес.

 

Адыл мектепте окуп жургондо каалаган учурда мектепке барып, кааласа барбай коюп, уйундо уктап жатканды жакшы корот эле. Сабактарын кыйратып деле окубай чала сабат кишидей эле мектепти бутуп кетти. Бул учурда апасы каза болуп калган эле.

 

Классташтары окууга тапшырганы окууга тапшырып, иштейм дегендер алыскы шаарларга ал эле эмес чет мамлекеттерге кетип, айрымдары уй- було кутушту.

 

Адашып, жолдо калгандай Адыл эмне кылаарын билбей калды. Уйундо тушко чейин уктап, карындашы жасаган тамактан жеп, кочого чыгып ары бери басып журуп кун откормой болду. Озуно окшоп айылда калып калган классташтарына же озу тендуу балдарга деле кошулбайт. Себеби ал учун алардын дуйносу жат. Ичимдик ичип, тамеки чекпейт. Кыздарга деги жолобойт.

 

Ошентип озу менен озу болуп жургон кундордун биринде мечитке бараткан бир аксакал аны озу менен кошо ээрчитип алды. Ошол кундон ал мечитке баттан бара баштады. Ал гана эмес алыскы шаарга медресеге окуп дааватка чыгып, эл жер коруп беш жыл уйуно келбей койду.

 

Бир куну ал кайрадан оз кочосундо пайда болду. Уйундо атасы менен эле баягы жакшы суйлой албаган иниси калыптыр. Калгандары шаарга окууга тапшырып, иштеп кетишиптир.

 

Ал дин жолунда коп нерсе угуп, коп билим алганы менен мунозу баягы эле бойдон калган. Кайрадан зеригиштуу кундор башталды.

 

Айылда бата болуп же кимдир бироо жыт чыгарып куран окутса кобунчо аны чакыртышаар эле.

 

Бир куну аны мечитке биринчи жолу ээрчитип барган аксакал ага оз кенешин айтты.

 

— Адыл балам. Сен чон киши болдун. Атан болсо жоош. Дагы деле кой кайтарып талаада журот. Бул жакшы эмес балам. Карып да калды. Эми сен уйлонуп, атанды бак. Эртен атан кокус коз жумуп кетсе, томолой жетим каласын. Ага ден соолук керек. Ата кандай болсо да жанында жургону жакшы. Ата деген бала учун таянган тоосу болот.

 

Ушинтип акылын айтты. Адылдын козуно жаш келди. Атасын биринчи жолу аяды. Ошол туну кирпик какпай тан атырды. Эртеси тушко жакын кочого чыкты. Мектепти жаны эле бутургон беш- алты бала топтолуп кочодо туруп тур. Ошолорго барып учурашып оз созун баштады.

 

— Мен уйлоноюн дедим эле.

 

Баары дуу кулуп ийишти.

 

— Эмне кулосунор? Эмне болбойбу?

 

— Чындап элеби?

 

— Чындап эле.

 

— Эмне ала качыш керекпи?

 

— Ошентиш керек.

 

— Биз даярбыз. Качан?

 

Кызуу кандуу балдарга бул жага тушту. Анын устуно кыз ала качуу алар учун кызык болду.

 

— Билбейм качан?

 

— Эуу балдар давай бугун эле- деди бири.

 

— Кимди алып качыш керек? -деп Адылга карашты?

 

— Билбейм. Ал башын жерге салды.

 

— Кошуна айылда бир эже бар. Мектепти бутконуно уч жыл болду. Ошону алып качпайлыбы? Бироосу ушинтип сунуш киргизди.

 

— Атасы, байкелери кандай, разборка болбойбу анан.

 

— Разборка болсо разборка да. Не коркуп отурабызбы- деди бири кызуулана.

 

— Жок анын атасы да, агалары да жок жалан кыздар.

 

— Анда апасын экоон тен эле алып качыш керек. Аялдуу да апалуу да болуп калат Адыл аке.

 

Баары каткырып калышты. Адыл да кошо жарылды.

 

— Машиначы?

 

— Микинин машинасы бар го

 

— Менин машинам кичине да апасы батпай калат.

 

Дагы дуу жарылышты.

 

— Надыр, сен атанын мерсин минип чыкпайсынбы?

 

— Болду соз жок.

 

— Анда бугун тундо алып качалы.

 

— Мен тойго даяр эмесмин да. Адыл куноолуудой жер карады.

 

— Уай таза жинди го. Анан не уйлоном деп.

 

— Ээ балдар давай кызды алып келе беребиз калганы бир нерсе болор.

 

Ошентип бир чечимге келген балдар кеч кайра чогулуп Адылды алып, эки машина болуп, кошуна айылга жоноп калышты. Мектепте окуган бир баланы Адылдын алысыраак женелеринин бирине чуркатты.

 

— Адыл акелердин уйуно келип даярданышсын де келин алып келебиз.

 

Ал чуркап женесине жетти.

 

— Болунуз тезиреек, Адыл акелердин уйуно барыныз кыз ала качып келет экен.

 

— Эмне дейт кокуй! Качан?

 

— Торт беш саатта келип калабыз дешти.

 

— Кокууй Самат ой Самат.

Ал болгон уну менен аткана жакта жургон куйоосун чакырып калды. Анан кабар айтып келген балага айтты.

 

— Сен турба. Чуркап Жаркынайды, Калбуну, Омурканды, Шарапатты, Чынараны айт Адылдын уйуно тез отсун де. Келин келет экен. Тез барат экенсинер деп айт. Сарайдан биздин атты минип ал. Абайла.

Бала сарайга чуркады.

 

— Самааат. Ой Самат ой баспайсынбы эми келе калбайсынбы- деп дагы бакырды.

 

— Жаагын сынгыр эмне эле кыйкырасын шакылдап. Самат аялынын жанына келди.

 

— Ой молдо укен кыз ала качып келебиз деп кетишиптир. Торт беш саатта келип калат экен. Бол кийине кал акемин уйуно барабыз.

 

— Ой атанын оозун урайын. Биринчи айтып койбойбу кишини акшындатып шаштырбай. Канат оой Канат. Маликаа. Эми Самат кыйкырып калды.

Каякта журот бул балдар. ?

 

— Эмеле журушкон. Болчу эми кийине кал.

 

— Сарай ачык калды. Малдарды сууга апарыш керек. Канаат Маликааа.

 

— Оу ата. Кызы кирип келди. Эмне болду ата? Не?

 

— Теменее, каякта журосунор жоголуп.? Канатты айт малдарды сууга алып, барып, аткананы карап жаап койсун.

 

— Канат акеее! Кызы кыйкырган бойдон жугуруп кетти.

 

— Самат сен тиги кайним эки отузду, золотойду, шоопур акеми айтып аласынбы жолдон.

 

— Ой ата ушу сенин тергегенин куйдурот да куйдурот. Эки отуз дебей эле Алтымыш деп атынан эле айтчы ай кишинин нервин козгобой.

 

 

*****

 

Адылдардын уйуно аялдар биринин артынан бири келип, заматта чогулушту.

 

— Баарынар эле келдинер окшойт а. Биздин бала айтпай дебей эле кыз ала качканы кетип калыптыр. Бир элбиз, бир айылданбыз, тууган дагыбыз. Карап турбайлы. Эч нерсе даяр эмес. Нан боорсокту го жасай коебуз. Калганына кол сунгула.

 

— Ой мейли жардам беребиз.

 

— Ушундайда кол сунбасак, качан кол сунабыз.

 

— Турдалы аке момурайып жакшы киши, булардын бироого жамандыгы да зыяны да жок. Ушинтип ар кимиси оз ойлорун айтышты чурулдашып.

 

— Ой койгулачы ай чоон эле киши болду. Эптесе анан уйлонбойбу? Эптей албаса аялдын балеесин алабы. Салима жактыра бербей суйлонуп калды.

 

— Ой сен суйлобо уктунбу? Суйлобой кал. Бузакы сени ким чакырды.?

 

— Не чычалайсын мен калп айттымбы?

 

— Ой суйлобой кал дейм. Барчы абаны бузбай.

 

— Атмосфераны десениз жене Шарапат кулду.

 

— Ооба атмосфераны. Андан коро Шарапат сен магазининен дасторконго койгонго, конфет, печенье, орук, мейиз, кумшекер, салат жасаганга керектуулорду боорсок салганга май алып келе кал. Кудалар кеткенде баягы жааматтын чогултмайын чогултуп озум карматам сага.

 

— Макул озунуз топтоп бересиз да.

 

— Ой ооба кыжаалат болбо. Мени билесин го. Омуркан силерде тегирмен бар го. Нан боорсоко ак ун сен алдыр.

 

— Данияр эмне дейт экен.

 

— Данияр эмне демек эле акеми айтсан конот бар жоно. Жаркынай эже сиз куда кудагыйлардын кийитин алдырыныз э мен да ала келгем уйдон.

 

— Мейли эми Адыл балам учун берем да.

 

— Калбу сен картошка, сабизин алдыр уйунон мен капуста менен пиязын алдырам. Чынара сен салат вареньенен алып кел мен дагы болгонунан алдырам. Кой анда силер балдардан жумшап, алдырчунарды алдырып тургула мен могу кошуна женеме кирип жакшыраак тошоктордон алып чыгайын коноктордун астына салып отурганга. Уйунорго бара тургандар силер да бирден жер тошок которо келсенер. Ии эсин чыккыр кошого киминерде бар.?

 

— Аркы коншунасына кире келсен Салия эже ошонун уйуно келип алган кызынын кошогосу бар?

 

— Ал ажырашкан го. Ажырашкандын кошогосу болбойт да.

 

— Ии чын эле ай. Кымбат эженин магазининен эле сатылып жатканынан суйлошуп алып келе коебуз.

 

*****

 

Тойдун экинчи куну. Ачуу басарга келгендер кызды отургузуп, никеге катышкан женелер, кийинки куну тойго катышып, шандуу журушту. Кыз алган айыл колдон келишинче кудаларга сый корсотушуудо. Музыка жанырып, ямаха ойнолуп, аккардеон уну жанырып, аны менен катар шандуу музыкага бийлешип той оз шаны менен уланууда.

 

Келин коргону келгендер оздорунчо кубур шыбыр.

 

— Ондуу тустуу бир жакшынакай келин. Отурбай коебу дедим эле. Отуруп калды кудай жалгап.

 

— Кыздын апасы Адылдын уй булосун жакшы тааныйт экен.

 

— Ии де анан.

 

— Ошол тааныганынан кыздын женелеринен кызына айттырыптыр

 

— Ии суйло.

 

— Ошол бечаранын багын ачып, ошол уйду уйдой кылып, атасынын ыраазылыгын алсын. Ошондо менин ак эмгегимди актаган болот. Отурбай койсо топурагымды туйуп берем. Ошентип айткыла дептир.

 

— Акылын кара капырай.

 

— Ошентип айтканын уккан кыз чуу салып жаткан жеринен унчукпай отуруп калыптыр.

 

— Апасын коруп кызын ал дейт. Эстуу аял кызын жакшы тарбиялаган экен да.

 

— Ошону айтпайсынбы. Буйрукту кара. Бактылуу болушсун эми. Копчулук колдоп кетишти.

 

— Бактылуу болушсун.

 

— Бактылуу болушсун. Онуп оссун.

 

— Этегинен жалгасын.

 

— Жакшыгул женесине рахмат! Тойду ошол эле бутурду.

 

Кыз тараптан келгендердин кетээр убагы келди. Уул тарап жол жобосун кылып жакшы узатышты. Женелер кыздын апасынан суйунчу алмака шашып баратты. Бала тараптын го суйунчусуно кошо ыраазылыгын алып, конулдуу кайтышты.

 

 

******

Эки жыл отту.

Кыш озунун аппак тонун жаратылышка жаап койду. Баканды ийинине асып, эки чакага суу которгон Бактыгул уйуно баратып арыда келе жаткан аксакал кемпирди корду. Магазинге бара жатса керек. Баканын тушуруп, чакаларын аярлай жерге коюп, жоолугун ондоп, курткасы менен халатынын этегине жармашкан карды кубуп, кемпирге карап жугунду.

 

— Бактылуу бол айланайын. Алганын менен тен кары.

 

Келин уйуно келип, мештеги отко кон салып, колун жууп келип эркелешип жаткан уулу менен куйоосунун жанына келди. Атасынын ойнотконуна кыткылыктап кулуп жаткан уулун жузунон суйуп, куйоосун карады.

 

— Атам кана?

 

— Жаны эле сыртка чыгып кетти.

 

— Балачы?

 

— Достору менен журот.

 

— Тамак даяр болуп калды. Алып келе берейинби?

 

— Алып келе бер. Мен атамы чакырып келейин. Уулума коз салып тур.

 

— Макул.

 

Адыл сыртка чыгып кетти.

 

Ошол жазда алар огородту толтуруп картошка, ашкабак, сабиз, капуста, бадыран, чеснок, кок чоптун баарын андан сырткары бакка алма оруктун турдуу сорттогу кочотторун отургузду. Бактыгулдун себи уйго толуп, Адылдын мурунку жашоосу унутулуп баратты.

 

Даарат алып, уйунун жанына турган Адыл азан айта баштады. Кырааттуу чыккан бийик ун кочонун баш- аягына жетип элди намазга шаштырды.

 

Уйдо турган Бактыгул азанга кулак тошоп турду да кыймылдап кеткен ичин сылап койду.

 

— Бул биздин атабыз кызым!

 

Ал кийинки перзенти кыз болушун каалады.

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE