Пример HTML-страницы

Өлүмгө даярдык 3 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=36430&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЛҮМГӨ ДАЯРДЫК

3- БӨЛҮМ

 

Бүгүн күндүзү айылдаш бир абышка өлгөн экен. Топурак салганы барып келген. Мындай маркумду коюуга акыркы жолу качан барганы эсинде жок. Бармак деле эмес. Өлгөндөн кийин кандай коёт болду экен, эмне салт-санаасы бар билип, деги эле көрүп коёюнчу деп ойлоп барган.

 

Абышка өзү нечен жыл чоң кызматтарда иштеп жүрүп айылга карыганда келген. Эки эле уулу бар экен, анын бири наркоман болуп түрмөдө дейт. Экинчиси деле оңуп кеткен неме болбосо керек, барган эл жерге түкүрүп күңкүлдөп сөз кылып жатышты. “А-аа, кокуй, “жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок” деген ушул тура. Нечен жыл чиренип эл башкарып, айылдаштарына, туугандарына сыртын салып жүрчү эле минтип өлгөндө жаман уулу союшуна бир жылкы чыгара албай эптеп арык уй сойду. Жыртыш бере албады. Атүгүл кепинине ак мата таппай баланчадан карыз алган имиш. Кокуй, тиги баланчанын балдар-кыздары кыйын экен беш кара союп, килейген күмбөз тургузушпадыбы. Уят эле иш болду. Топурак салганга да эл жарытылуу келген жок. Курусун… курусун… өзү менен кетсин”,-дешип сакалдуусунан жашына чейин түрлүү сөзгө калчап жатышты.

 

Сапарбек сөзгө кошулбаса да бүт кулагын төшөп эсине түйүп олтурган. Мына азыр ошону ой тизмегинен чууртуп таразалоодо. Оор үшкүрүп койду. Үйүн иреттеп бүткөндөн кийин эски диванын өрттөп жиберип жаңысын алган. Анан өзүнө жетээрлик идиш-аяк, жаңы жууркан-төшөк, газ алган. Жалгыз бой кишиге ушул жетет. Көргөндөр деле “жалгыз бой жашаган неме ашык дүнүйөнү башына урабы. Туура эле жашаптыр” дейт да деп койгон. Аталаш тууганы жок, демек, союшуна мал чыгарчу эч кимиси жок. Атүгүл кепинине ак мата апкелер кишиси да жок. Үйдөгү акчасын ичинен эсептесе кепиндикке жетчүдөй, бирок, малга жетпес.

 

Дагы аялы көз алдына тартылды. Чүйрүңдөп, “өз керт башын эле ойлогон неме болчу. Курсагы тойгонуна кубанып жүрүп тартайып өлүп алганын кара. Мунун чыгымын да эми балдарым бар деп мен көтөрөт экенмин да”,-деп итиреңдеп жатканы бир элестесе, кайра “Көмсөңөр көмгүлө, көмбөсөңөр ачык таштагыла. Эч кандай союш-поюшка чыгым боло албайм. Балдарын куурап багып келатканым да жетишет”,-деп тескери бурулуп “керек болсо келип балдарына топурак салдырганыма кубангыла”, -деп элге кошулбай колун чөнтөгүнө салып дулкулдап ары-бери басканы көз алдына элестей түштү.

 

– Алда арыңды дурайын ###### ай, деле мага итиреңдеп коёт. Ме сага… Бармагын салаасынан чыгара бет алдына сунду. – Ушуну жепсиң. Мен деген баарын дайындап коюп кетем. Союшума килкилдеген беш-алты жылкы, кепиним, жыртышымдан бери дайындайм. Тигини… тигини… ушу сенин тилиңди буубасам элеби. Чимкиригиң чыгып ыйлагандай кылбасам элеби. Сен менин түбүмө жеттим деп жүрсөң керек… Жо-ок, мен сага көрсөтөм,-деп бакылдап сүйлөнө кетти.

 

Дайым сүт, айран алып жүргөн келин дарбазадан кирип келатып беркинин кимдир бирөө менен сөгүнүп-сагынып сүйлөшүп жатканын угуп кичине ачып дарбазаны түрткөн боюнча туруп калды да, ким менен урушуп жатат болду экен деп жылчыктан караса короодо жан киши жок. Өңү кубарып кетип кайра артка качты. Эл арасында “Сапарбектен абайлагыла, акылынан айнып калыптыр. Өзүнчө сүйлөнүп жиндеп кетмейи бар экен. Мындай неме кишини майып кылып койсо да жооп бербейт. Анан калса колундагы узанган балталары да жалаңдап тим эле устарадай курч”,-деше турган.

 

Ордунан тура калчылдап, ачуусун араң токтото ары-бери баса баштады. Мурда ушинтип жүрөгү тилине ачуусу келгенде аракты бөтөлкөнүн оозунан суудай жутчу. Ошондо көксөөсү сууй түшчү. Азыр антпейт. Арак ичүүгө убактысы жок. Өлүмтүк камын эртерээк бүтүрүү керек. Шыпылдаган жигиттин сөзү эсине түшүп кайра олтура кетти. Жанагы доллар дегени эмне болгон акча? Канча ойлонсо да түшүнүгү жетпеди. “Түгөнгүр, түшүндүрүп айтса болмок экен”,-деп койду күңкүлдөй. Эми ийини уркуюп башы салаңдай кайра ойго чөктү. “Адамча жашай албадым, жок дегенде адамча өлөйүнчү”,- деп күңкүлдөдү. Жан чөнтөгүнөн саатын алып чыгып карады. Бул маалда сүт, айран саткан келин дайыма жаңы сүт, жаңы айран алып келип калчу эле кечикти го, колу бошобой калса керек. Өзүм эле барып келейин деп ордунан тура жөнөдү. Тери кургап калган башына калпагын кийип алды.

 

***

 

Эх, тирүүлүк ай… өлбөчүдөй болуп жүргөндө жашоодон сынарын билди беле? “Тагдырды өзүм жасап коём. Жашоо жыргалчылыгын тургузуш балтамдын мизинде”,-дечү эмес беле. Ошончолук болгон. Он жылдыкты окуп бүтүп-бүтө электе эле айылга уста атыга баштады. Эл стол, стул жасатууга кезекке турушчу болду. Анан калса бышык да, көркөмдүү да жасачу. Эч убакта шашчу эмес. Эмнени болсо ийнине жеткире жасачу. Түйшүк кичинесинен мойнуна илинди. Согуштан бир бутунан айрылып, бир колу оңдуу иштебей келген атасы сөзү менен башкарбаса ишке жарачу эмес. Эжекеси экөө кичинесинен ички-тышкы жумушту бирдей аткарып таңдан кечке колхоздун жумушунан колу бошобогон апасына бел болуп өсүштү. Мындай түйшүк экөөндө эле эмес согуштан кийинки балдардын дээрлик бардыгынын мойнунда болгондуктан, анда катардагы көрүнүштөй кабылданчу эмес беле.

 

Онду бүтөрү менен борборго жогорку окуу жайына барам, окуйм дебеди. Иштеп кетти. Атасы майып болгондуктан, үйдөгү жалгыз каралашчу эркек катары аскерге да албады. Бүкүр уста атыккан райондун аймагына белгилүү чоң уста бар болчу. Өзү келип мага өнөк бол деди. Онду бүтөр жылы бир жай жардамчы болуп чогуу үй куруп калган жайы бар эле. Карт уста ошондо баланын жөндөмүн байкап калган көрүнөт да. Тим эле чекеден тери куюлуп кубанганын айтпа. Ата-энеси да маңдайлары жарыла сүйүнүп колдошту. Бүкүр уста жөн уста эмес болчу. Райондун аймагындагы эң кымбат уста эле. Ага менмин деген байлар үйүн курууга берчү. Ошого жараша Бүкүр уста да бир курган үйүн экинчисине окшотпой улам түрлөп, келиштире салчу. “Бүкүр устага курдургам”, “Бүкүр уста салган” дегендин өзүнүн эле чоң атак, баасы бар эле. Ушул сөздүн өзүндө эле сапат, кадыр-барк жатчу. Ошентип, Бүкүр уста менен беш жылга чукул иштешти. Күнү-түнү чогуу жүргөн күндөрү болду. Акыры карылыкка алдырып баратканын түшүнгөн устаты өзү үй кармаган чоң иштерди таштап Сапарбекти “Эми өзүңчө устачылык кыл. Сен мага өнөк болбой эле мен сага өнөк болуп калдым. Карылык деген карылык экен, сага карааным эле болбосо жардамым аз тийип, түйшүктүн көбүн сен жеке тартчу болдуң. Рахмат, ушул кезге чейин өз баламдан артык сыйлап, айтканымды эки кылбадың. Мен да сенден бар билген өнөрүмдү аябай үйрөттүм”,- деп батасын берип коштошту.

 

Ишке тойбогон жигит кези. Анан калса бүт табитин, ырахатын усталыкка берип, башканы ойлочу да эмес. Тапкан-ташыганы кеңейип апасы колхоздун жумушун таштап, үйдөгү мал-жанды эрмектегенге өттү. Баласынын тың чыкканына атасы да терисине батпай кубанып, тели-теңтуштарынын арасында золобосу бийик.

 

Ошондо Арген аттуу бай жигит үйүмдү салып бер деп калды. Бул үй Бүкүр устадан бөлүнүп чыккандан кийинки биринчи кармаган үйү болмок. Өзүнчө “салганга жараша баштаганда эле көрүнүктүү үй салайын. Каалаган курулуш материалдарым менен камсыз кылып бере алгыдай чөнтөктүү байлар чыккыча үй курулушун кармабайын. Болбосо “Бүкүр устадан бөлүнгөндөн кийин колунан эч нерсе келбей, катардагы усталардын бири болду” деген сөзгө калам”,-деп сактанып, улам “үйүмдүн курулушун кармап бер” деп келгендердин бир даарына бош эмесмин десе, бирлеринен кымбат сурап качырып, чоң курулушка чыкканга шашпады.

 

Күндөрдүн биринде өзү толук келген, кычырай кийинген жигит аппак “Волга” менен келип түштү. Огородунда алма бутап жүргөн. Саламдашкандан кийин:

 

– Мени сизге Бүкүр уста жиберди. Үй салдырып жаттым эле, ички жыгач жумушун кармап берээр уста издеп жүрөм. Сизди макташканынан келдим,-деди Сапарбекти сынай жүлжүйө тиктеп. “Чын эле ушул жигит чоң устабы? Жаш неме го?”-дегенсип. Минген машинасын, кийген кийимин карап “күткөн кишим келсе керек” деп ичтен жым дей түшсө да сыртынан сыр бербей:

 

– Салса салабыз. Болгону биздин баабыз кымбат. Себеби, сапаты да ошончо болот. Анан биз сурагандай сапаттуу курулуш материалы менен да жабдышыңыз керек,-деди өз баркын көтөрө. Бир чети кантер экен?-деп сынады. Тигил көздөрүн мурдагыдан да жүлжүйтө тиктеп калды. Ичинен “Тигинин дымагын” деди көрүнөт.

 

– Маселе акчада эмес, маселе үйдүн салынышында. Өзгөчө керемет менен буга чейинки курулган үйлөрдүн бирине да окшобогондой кооздолуп салынышы керек. Эскертип коёюн, колумдан келет десең гана карма,-деди кичине үнүн кекерлүү чыгара.

 

Сапарбек ойлонуп калды. Жүрөгүнүн толтосуна бармактай муз тоңо түшкөнсүп, кимдир бирөө “ушул үйдү курганы барбай эле койчу”,-деп кулагына шыбырагансып тарткынчыктай түштү да:

 

– Ойлонуп көрөйүн. Башка да кардарлар түшүп жатты эле,-деди өзүнө-өзү ишенкиребей. Тигил шарт бурулду да “Волгасына” олтуруп зуу деп кете берди. Артынан узата карап “эмне болуп кетти? Алгач келгенде кубанып кетпедим беле? Анан кайра баргым келбей калды. Мындай акчалуу адам эми чыга коёрун Кудай билет, макул дей бербей”,-деп кейип да алды.

 

Ушул кечте эле баягы “күркүл” кайра келди. Бул жолу Бүкүр устаны сала келиптир. Учурашкан соң устаты Сапарбекти өзүнчө чакырып чыгып: “Бул район эле эмес облустагы эң бай жигиттерден. Даярдоо конторунда иштейт. Үйүн сала бер. Өз колуң менен салган биринчи үйүң болот. Эл көзүнө жарк деп көрүнө түшөсүң”,-деди Сапарбектин оюндагыны айтып. Көрсө, тигил Бүкүр устаны “өзүңүз башына туруп бериңиз”,-деп кыстап жаткан экен. “Мен эми карыдым. Ушул жигит менден да ашкан мыкты уста”,-деп Сапарбекти көрсөткөн экен.

 

Ошентип курулушту колуна алып калды. Бир гана жардамчы алды. Ишти баштаганда тез бүтүр деп шаштырбасын суранды. Күндөр сымырап өтүп, мезгилдер алмашты. Сапарбек күнү-түнү үй курулушунда. Үй салган жок. Оюнчук салды. Тим эле терезе кашектеринен баштап эшиктерин, үйдүн чатырын, балкондорун көз ала албай карап эле тургудайсың. Атүгүл башында көп ишенкиребей мамиле жасоочу кожоюн да улам бүткөн иштин жыйынтыгын көргөн сайын оозу ачыла “тобоо, чын эле адам колунан ушундай иштер жаралат тура” дегенсип, тили күрмөөгө келбей чекесинен тери куюлат. Башында “Бул жери мындай, тигил жери тигиндей болсо…”-деп кийлигише берчү эле кийин “өзүң бил, өзүң бил, мага мындай жыгач, мындай краска, мындай материал таап кел деп кой болду, жерден чукусам да табам”,-деп эпилдейт. Курулуш материалдардын көбүн четтен алдыртты. Үйдүн улам бүтүү мөөнөтү жакындаган сайын кожоюндун достору экскурсияга келгенсип көргөнү көп келишет. Бир күнү чыдабай кетип “үй толук бүткүчө эч ким көргөнү келбей турса болот эле”,-деди кожоюнуна. Ошондон кийин көрүүчүлөрдүн аягы тыйылды. Сыртынан караганда суктандырган, ичине киргендин оозун ачырып таңдандырган ушул үйдүн курулушу мына-мына бүтөт деп турганда жолукту. “Өмүрүмдү башка нукка буруучу жан дүйнөмдү берип иштеген ишимден ашкан кымбат нерсе жоктур”,-деп жүргөндү көзүн тике карап терге чөмүлүп кылдын ортосунан балта менен бөл десе так чабуучу колдору калчылдап калуучу абалга жеткирген күчкө жолукту.

 

Демейдегидей узанып жаткан. Жардамчысы үйүнө суранып кеткен болчу. Өзүн бирөө тиктеп турганын сезип, караса босогодо жука, гүлдүү көйнөгү жумуру балтырларын араң жапкан ак жуумал, бакыраң көз, сулуу кыз астына таштаган бир өрүм чачынын учун кармалап тиктеп туруптур. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Жигит биринчи көзүн ала качты. Жонунан чыпылдап тер чыга түштү. Кыз шайдоот:

 

– Саламатсызбы? Кечириңиз, ушуларды сиз кол менен жасадыңызбы? -деди өзү турган эшиктин кооз туткасын кармалап. Жигиттин кекиртегине эт тыгылгансып шилекейин жутканга да жарабай сүйлөйүн деп сүйлөй албады. Атүгүл колунан сүрүп аткан рейкасы түшүп кетти. Кыз:

 

– Мен кармашайынбы? Жардамчыңыз жокпу?-деп шыпылдай басып келип, рейканын бир башынан көтөргөндө жигит экенчи башынан көтөрдү. Экөө дагы тиктеше түшүштү. Жигит мурда мындай сулууну көрбөптүр. Деги эле кыз аттууну көрбөсө керек. Эриндери мөлтүрөп бүлдүркөндөй, мурду кырдач, бакырайган көздөрүнө музоо кирпиктери жарашып ийилет. Көкүрөгү тикчийип, жука көйнөктү тиреп үрптөрү көйнөк сыртынан билинип турганына караганда‑‑‑ жалаң этине эле көйнөк кийип алса керек. Аппак жумуру балтырлары түптүз, шыйрагы шыңга боюнун көркүн арттырып, бели ичке келип, жамбашы жайык.

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE