Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
………….17-БӨЛҮМ………….
Аэропорттон чыгып, эки жакты карап тура берди. Жана чыгып келе жатканда «Замира»-деп жазып алып бир орусча сүйлөгөн түрк аял турган. Олтургучта айласыз олтурганда жанына жанакы түрк аялы келип олтурду.
—Здраствуйте, вы только что приехали да? Вы Киргизка?
—Да…. Сайкал орус тилин жакшы түшүнгөнү менен, жакшы жооп бере албайт болчу. Суроосуна «да»,»нет»-деп эле олтура берди. Көрсө мурун колунда иштеп кеткен аял, ордума бирөөнү жиберем деген экен. Билетине акча салыптыр, ал турсун билеттин сүрөтүн да тартып жөнөткөн экен. Эмнеге келбей калганын билбей турду. Анан тиги түрк аял самалётто сүрөттөгү аял келген, келбегенин сурады. Аялдын аты Нежла экен. Сайкал эч кимди деле карабаганын эптеп түшүндүрүп берди. Үшкүрүнгөн Нежла жиндене кетүүгө камынып калды.
—Сайкал сен кайда барасың? Тосуп алуучулар барбы деги?
—Бара бериңиз, табам азыр..
—Сайкал кыз менде ой бар, Замиранын ордуна иштегиң келбейби? Апамды карайсың.. Сайкал дагы сатылып кетүүдөн коркту, Астанадагы көргөн кордугу эсинде да. Эмне кылышты билбей, ойлонуп туруп калды..
—Мен маакулмун, бирок Натариустан келишим түзүп алалы. Таарынба Нежла, бир жолу сатылып кеткен адаммын туура түшүн.
—Какой разговор!-деген Нежла дароо маакул болду. Апасы ооругандыктан кээде медайымдын жардамы керек боло турган. Нежла жарым жылдык курска окутмай болду. Ошентип Сайкал кемпирди карап, бир жумада үч-төрт жолу курска барып жатты. Тагдыры мындай болбогондо балким, жакшы окууда окуйт белем деп койот. Нежла менен жакшы достордон болуп кетти, айлыкты жакшы алат, жашаган жери соонун, жегени артта, жебегени астыда. Сайкал бул ырыскысына мурунку көргөн азаптарына кудайдан сыйлык катары кабыл алып, шүгүр келтирип жүрдү. Түрк тилин мыкты өздөштүрдү, убакыт таап англис тилин да үйрөнүп баштады. Бир күнү телефонун чукулап олтуруп, сайттардын биринен айылдагы кошунасын таап алды. Эки эски курбулар жакшы сүйлөшүп калышты. Айпери чын жүрөктөн жардам сунуш кылып, таенеси менен сүйлөштүрүп жүрдү. Көп өтпөй, тайенеси катуу экени тууралу кабар келип калды. Кантсе да эне ордуна болуп калган тайнесине таарынычы жок эле, жакшы көрчү. Өзү менен болгондун баарына тагдыр гана күнөөлү деп жүргөн. Айперини ордуна чакырып, өзү Кыргызстанга учуп барды. Айпери өзү үч жылдык медиктин окуусун окуган, оңой эле өздөштүрүп алды. Сайкалдын чөнтөгү калың болуп келген болчу. Тайкесиникине баргысы келбей, түз эле ооруканага өтүп кетти. Оорукананын биринчи тепкичин аттаганда эле тайнесинин жыты келгендей, башкача болуп кетти. Көздөрүнөн жаш чууруп, кире албай кайра артка барып ыйлап алды. Бул деген апасына болгон мээрим болчу. Сайкал ушул адамдардан канча азап чексе да, баарыбир көңүлү калган эмес. Өзгөчө тайнесинен, жүрөгүнүн түбүндө бул адам эң жакыны экенин жана бул адамда өз апасынын жыты бар экенин билчү. Тайнесинин балдарынан көз каранды болуп, Сайкалды айдап жатканда кыйбай араң жибергенин да сезген. Көптөн кийин тайенесинин жаткан бөлмөсүнө түз кирип барды. Кучактап жыгылды, эне бала эми бирин-бири түшүнүп жаттыбы иши кылып экөө тең катуу ыйлашты.
—Айланайын аппагым, күчүгүм, жалгызым. Ак-куумдан калган кумайыгым, мен жиндини кечире көр. Мен билип эле жүрдүм, билем эле канчалык кыйналганыңды. Менин айымдан турмушуң тозоко айланды, күйөөгө тийгениңди да уктум каралдым. Бизге айтпаганыңдан бизден түңүлүптүр дедим. Мени кечирип койчу кызым, апаңдын алдына кайсы бетим менен барам. Тайатаңа эмне дейм? Аманатыңа сийдим дейминби? Кудай үчүн кечирчи мени, кечирчи. Сокур болуптурмун, дүлөй болуптурмун. Сени бир чөйчөк тамака ыраа көрбөй кууптурмун. Мен сени өлүп калсам ара жолдо калбай бышып алсын деген элем. Могу уул сөрөйлөргө кор болбосун дегем, ушулардын тилине киргем.
—Болдучу апа, мен сизди тайене эмес апа дейм. Өз апамдан артык көрөм, мен сизди апам деп тааныгам. Апаларга таарынбайт, апалар балдарына жакшылык гана каалайт; мен аны билем апа. Ишениңиз менин жүрөгүмдө тырнактай да таарыныч жок сизге болгон. Менин таарынычым тагдырыма, жаштыгыма. Жаштыка алдырып көп ката кылдым, мен баарын кечирсем кудай балким менин күнөөлөрүмдү кечиреер. Ойлонбоңуз, мен сизге ыраазымын. Сиз мага бата бериңиз, биринчи жолу алакан жайып бата бериңиз апа.
Ушул жашка келгенче тайенеси Сайкалга бата берелек болчу экен. Балким, ичинен же тилектеринен кээде Сайкал орун алып жүргөндүр. Бирок, алакан жайып, бата бергени ушул болуптур. Негизи эле биринчи алган батасы экен. Тайнесинин оозунан тизилип, бермет сөздөр чыгып жатканда өзүн ушундай бактылуу сезди. Мындан ары тайнеси бата кылгандай жашоо болооруна ишенип кетти. Кучакташып олтура беришип алып келген тамагы муздап кетиптир, кайра ысытып келип тамак жедирди. Шыпылдап бир убакта өзүн бышык сезген Кенже жеңеси келип калды. Чачын көптөн бери жууган эмес окшойт, аябай майланышыптыр. Өйдөгө түйгөн экен, көздөрү тартылып калыптыр. Капкара бетине арзан аппак упаны төрт кабат урган экен, билинип калыптыр. Кара нерсеге кыйнап ак чаптагандай эле, анан өзүн сулуу сезип алганычы. Мойну капкара, башы кирдеген мойну деле анча-мынча кири билинип калган окшойт. Эски түлөгөн кара шымын кийип, бут кийими жээктери сыйрылып кетиптир. Шиш така экен бирок, өзүн асмандан түшкөндөй басканычы. Сайкал карап күлкүсүн араң тыйды, өзүн эстеди. Кыштын кычыраган күнүндө таманы жок бут кийимде жүргөнүн. Ал убакта булар асманда учкан куш эле да. Кирип эле Сайкалды сыдыра карап алды. Нежла жылда жаңы шуба алып кийчү, Нежланын күйөөсү Англиялык бай адам. Бир кийип кийбей баардыгын Сайкалга берип салчу. Бир эле гүрмөсү биздин бир айлыгыбыз болсо керек. Шубасычы жөн эле жүз миңди басат. Кенженин көзү жанып кетти. Качантан бери Сайкалды карап сүйлөбөгөн жеңеси кудуңдап жиберди го..
—Апееей кыз, кайдан? Жок эле болуп кеттиңиз го, сагындык сизди. Ушундай да жоголосузбу? Биздин эле колдо чоңойбодуңуз беле, мен канча тамакты кашык менен жедирип жүрдүм. Чоңойгондо унутмай экен да э, мейли эми бактылуу болсоңуз болду. Тайнеси келинин жаман карап алды. Жакшы көрүнүп, тамагын ачты эле эки картошка менен шылдыраган шорпо кылып келиптир.
—Сизге эмне болду жеңе? Ушул жашка келгенчем тергебеген эми эмне жаныңызга күч келди? Ооба бапестеп чоңойтподуңуз беле, рахмат!-деп нукуп өттү. Жеңеси далдырап аны деле байкаган жок же байкагысы келген жокпу жөн эле жыртайып койду. Тайнеси жаңы эле Ресторандан алынган тамакты жеп алган болчу, Кенже тамак сунганда алып, мурдун чүйрүй коюп койду. Ооз дагы тийген жок.
—Ий апа тиги эт кошсом балдар мен көрбөй калганда жеп салышыптыр, бирок сизге эт болбой экен баарыбир. Ичиңиз, ичип алыңыз апа атайын бышырдым. Үч саат кайнады, билесиз го сиз жакшы көргөндөй мен эле жасай алам. Жеңесин жактырбай турду, Сайкалга да куйду эле ооз тийип көрдү. Памидор туураган экен кичине көктүн даамы билинип турат, чириген окшойт эле анан кайнаган деле эмес окшойт. Жөн эле суудай болуп жатты, муздап да калыптыр. Анан нары жакта турган калың пакеттерди аңтарып кирди.
—Апа, иий муну тиги баягы күндөн бери турабы э? Жебейт белеңиз атайын алып келсе балдарыңыз. Ачыйтко эми, убал убал. Сайкалдын көтөрүнүп келгенин сезбей сүйлөп алды. Оюнда айылдагы байып кеткен кайниси алып келген деп ойлогон. Баштыктан алып чыгып ооз тийимиш болуп жеп кирди. Кенжени карабай өздөрүнчө сүйлөшө беришкени менен жанында жаткандар аябай карашты. Ач калгандай оозуна тыгып жаткан экен. Бир аздан кийин Санжар келип, Сайкал менен учурашпай койду. Аны байкаган Кенже жан-талашып жиберди.
—Санжар, жалгыз жээниң келиптир. Жээн келгиче жети бөрү келсин дейт, сыйла эми. Жакшынакай болуп кетиптир карачы тааныбай учурашпай өтүп кеттиң!-деп күйөөсүн чымчып алды. Ошондо барып араң учурашып койду. Сайкалды үйүнө алып кеткиси келгени менен Кенже, Санжар унчукпай койду. Чакырса деле бармак эмес, жеңесинин акча, кийим сураарын мыкты билип турду. Чыгып баратып да үстүндөгүсүн тойго кийип барып келейин!-деп сураганы жетишти. Сайкал укпамышка салып койду. Айылдагы жеңеси келди эле ал менен жакшы болчу, ал жеңесин шаар айлантып ойнотту. Жасантып, кийинтип жөнөттү. Тайенесинин даарыланууга кеткен каражатын төлөп берди, калган акчасын тайнесине берип кайра кетип калды. Айпериге башка жумуш таап, өзү өзүнүн ордуна кирди кайра. Бир ай өтүп эле жаман кабар келди, тайнеси бул дүйнөдөн өтүп кетиптир. Ушул учурда Нежла башка өлкөдө эс алып жүргөн күйөөсү менен, паспорту ошондо болуп кете албай калды. Бир айдан кийин келди, Сайкалга көңүл айтып кыркына жиберди эле тайкелери байланышып андан көрө акча сал келбей эле деп коюшту. Акчасынын баарын мурунку барганда чачып келген болчу, Нежла жол киресин төлөгөн менен башка акча жок болчу. Кур барса тайкелеринин эмне дешинен заарканып эле барбай койду. Ошол жолдун акчасын салып жиберди, уялбай алышып рахмат да айтышкан жок. Акыркы жолу тайнесине берип келген акча деле бир топ нерсесин көтөргөн болчу. Ошондо Сайкал тайнесин өзү жерге бергендей эле болду, бүт чыгымды көтөрдү. Эки тайке сөрөйлөрү чөнтөктөрүн кооруп эле туруп алышты. Асан кайгылар акчага кыжалат, Сайкал болсо тайнесин өзү узата албай калганына катуу стресске түшүп кетти.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE